п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Ар тармакка бир собол

Эсте калган эс алуу
Жай мезгилинин аптаптуу күндөрүндө ар ким туш тарапка эс алууга кетип жаткан убагы. Эс алуу учурунда ар кандай окуялар болору талашсыз, биздин атактуулардын кызыктуу окуяларын сурап собол салдык.


Азамат, тамашоучу:
"Арыктын трубасында
аңдып жатам"
Менин жаш кезимдеги жайкы эс алуум эч эсимден кетпейт. Үйүбүз Кара-Жыгач жакта болчу, анан күнүгө балдар болуп Чыгыш-5 кичирайонундагы бассейнге барчубуз. Ошол кезде бассейндин баасы 3 сомдун тегерегинде эле болчу. Ошол акчаны төлөгөндөн качып, кароолчудан бекинип кирип, кийимдерибизди бекитип коюп кечке түшүп кетчүбүз. Бир күнү күн абдан ысып калды, анан балдарды бассейнге барып келели десем, эч кимиси болбой койду. Өзүм барып акырын кирип, кийимдеримди ташка бастырып, сууга кирип кеттим. Сүзүп жүргөм, бир маалда эле бир орус бала менин кийимдеримди көтөрүп кетип баратат, суудан чыга калып эле артынан жөнөдүм. Барып аңдысам кароолчуга таап алдым деп берип койду, ал алып туруп текчесине салып кулптап койду. Кайра барып сууга түшүп, кароолчу бир жакка кетсе, кийимдеримди алып алам деп ойлоп коём. Ошентип, кеч кирип, үйгө кетиш керек болуп калды. Кароолчудан жашырынып чыгып, трусычан үйдү көздөй чуркадым. Чуркап кетип жатсам, "Айнур" заводу жакта бир бала кой кайтарып жүрүптүр да, мени көрүп: "Эй, бала, эмне стриптиз көрсөтүп жүрөсүңбү?"-деп жатпайбы, жиним келип сүйлөбөй эле кетип жатам. Чуркап үй жакка барсам, кечке маал болуп калган да, элдин баары сейилдегени эшикке чыгып алышыптыр. Балдар ойношуп, чоң кишилер сүйлөшүп олтурушат. Аларды көрүп кебетемден уялып, ары жакта арыктын трубасы бар болчу, ошонун алдында жатам аңдып. Ал жерде көпкө жаттым. Качан гана баары үйлөрүнө кирип кетишкенде, үйгө чуркап барып кирейин десем эшик бек. Такылдатсам, эжем ачып: "Эй, кебетең кантет?"- дейт. Үйгө кирип айтып берсем, баары каткырып күлүп жатышат. Кийимдеримди эртеси атам барып алып келген, көрсө, ал киши атамдын таанышы экен. Кийин мен да таанышып алып, күнүгө барып бекер түшүп жүрдүм.

Чынара Капарова, теле-журналист:
"Абруска түшүп кетип..."
Былтыр көлгө баргандагы окуя эч эсимден кетпейт, өзүм чабак урганды билбейм, анан көлдү жээктеп чабак урумуш болуп кетип бара жатып абрус бар экен да, ага түшүп кетип жатпаймынбы? Жанталашып аракет кылам чыгууга, же чыга албайм. Жардам сурап кыйкырсам эч кимиси ишенишпей, жардамга келбей коюшкан. Акырында өзүм эптеп суудан чыгып, баарына күлкү болгом.

Жаңыл Бекбоева, куудул:
"Бачоктун оозунан чыга албай калып..."
Жакында эле эс алып, клип тарттырып келели деп, Кочкор районунун Шамшы айылына барганбыз. Ал жакта көп кызыктуу окуялар болду. Клип учурунда илгерки сүйрөтүп барып пиво саткан машиналардын арткы бачогуна түшүп аткарган жерибиз бар эле, аткарып бүткөндөн кийин мен бачоктун оозунан чыга албай калып, балдар араң тартып чыгарышты. Андан кийин эшекке минсем, эшек басканда эле ооп, чалкаман кетип кала жаздайм. Аягында аркаман эки бала, алдымдан эки бала кармап, араң эшекке минип жүрдүм.

Канат Култаев, продюсер:
"Убакыт өтүп кетет деп уктабай..."
Биз командабыз менен Дубайга эс алганы баргандагы окуялар эсимден кетпейт. Сейилдеп чыгып, чоң супер-маркетке барганбыз, ал жактан ар ким өз кызыкчылыгы менен ар жакка кетип калышыптыр да. Анан бири-бирибизди таппай, көп убакыт издешип жүрүп араң табышканбыз. Дубайдын кооздугуна суктанып, кеч кирсе убактыбыз өтүп кетет деп, уктагыбыз да келген эмес.


Азамат Арыков, актёр:
"Пляжды койдун корголу каптап кетип..."
Мен мурда Ысык-Көлгө атайын эс алганы барчу эмесмин да, иш менен барып, же конокко барган учурда көлгө түшө келейин десем, жаан жаап калып, же кеч болуп кетип жакшы түшө албай калчумун. Мурдагы жылы аябай даярданып, досторумду ээрчитип алып, "жакшы бир эс албасам" деп баргам да. Барып эми чечинип көлгө түшкөнү жатсам, киностудиядан чалып жатышпайбы: "Уурунун махабаты" тасмасына кастингден өттүңөр, тезирээк келгиле",- деп. "2 күндөн кийин барсам болбойбу?"-десем, "Жок, келбесенер, ордуңарга башка бирөөнү тартабыз"- десе, шашкан боюнча келгем. Былтыр да көлгө барып Кажы-Сайдан пляжга түшөлү деп жатсак, жаан жаап, кыян жүрүп, пляждын баарын койдун коргоолдору каптап кетип жатпайбы. Алардын арасында жыланы да, бакасы да бар. Ошол жерден бир бала суу жылан деп кармап алса, ал кара чаар жылан экен да, колун чагып алган. Андан кийин да көлгө 15 күнгө барсам, бир күндөн кийин эле, Р.Жабиров: "Сенде камера бар экен, "Талак" деген кино тартабыз, келе кал",- деп чалып жатпайбы. Шашып келе жатсам, жолдо кырсык болуп машиналар тыгын, элдер көп. Анан баарыбыз түшүп, дасторкон жазып, сүрөткө түшүп майрам кылып жибергенбиз. Ошол жактан таанышкан адамдарым менен азыркыга чейин катташып турам.

Динара Чокоева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??