п»ї

  Делбирим

"Кыялымдагы адамды таптым, азыр жанымда"
Сулуулугу менен көпчүлүктү тамшандырып, чимириле бийлеп, көптөгөн кино, клиптердин көркүн ачкан сулуу бийкеч Элина Абай кызы менен баарлаштык.

- Учурда эмне менен алек болуп жүрөсүң?
- Ооруп 2 жума үйдө жаттым. Жасай турган көп эле жумуштарым бар эле, үйдө жатканга көнүп алып, эч жакка чыккым келбей калды. Телефонума чалгандарга да жооп бербей жаттым.
- "Арууке" бий тобуңар толукталып иштеп жатабы, эмнегедир эл арасында топ тууралуу маалымат аз?
- Бий тобубуз тууралуу азырынча кеңири маалымат бере элекпиз, бирок кыздар толукталган, чет өлкөгө чыгып жатабыз. Жакында эле Стамбул, Анкара, Нью-Йорк, Вашингтонго Роза Аманова, Гүлнур Асанова, Дилшат Кангелдиева, "Акак" комузчулар тобу жана биздин бий топ болуп-жалпы 12 киши фестивалга барып келдик.
- Кыргыз элине кандайдыр бир деңгээлде таанылып калдың. Айрымдар сени таланты менен эмес, сулуулугу менен популярдуулукка жетти дешет, өзүң кандай ойлойсуң?
- Өзүм айта албайм, бул жагын эл билет деп ойлойм. Бирок мага сулуулугум жөнүндө эмес, аткарган ролдорум жөнүндө көп мактоолорду, сын-пикирлерди айтышат.
- Улгайган мырзалар арасында сөз айткандар болду беле жана азыр улуу адамдарга турмушка чыгып жаткан жаш кыздарга кандай карайсың?
- Ал кыздарды сындай албайм, алардын улуу адамдарга турмушка чыгышына ар кандай себептер болот деп ойлойм. Кээ бири каражатка муктаж болсо, айрымдарында чындап эле сүйүү пайда болсо керек. Бир жолу Алматыга барганымда, бир улуу эле адам: "Бул жакка кел, мен сени театрга окутам, жашаганга үй берем",- деп сунуш кылган. Мен "рахмат" деп дароо сунушун четке каккам. Эми түшүнүктүү да, эмнени айтып жатканы. Ошол окуяга туш болгондо абдан таң калгам. Мисалы, байлыгына кызыгып тийип алсаң, социалдык жактан көйгөйүң чечилиши мүмкүн, бирок жан дүйнөң кыйналат деп ойлойм.
- Кумар Жалиев экөөңөрдүн ортоңордогу байланышты четке кагып келесиңер, бирок жакында ачыкка чыкканыңар тууралуу маалымат тарады?
- Айпери эже кече өткөрүп чакырганынан, апам, сиңдим, Кумар болуп барганбыз. Ушул тууралуу эч нерсе дебей эле коёюнчу. Бул менин жеке жашоом, сыр бойдон калсын.
- Чынында, ортоңордо сүйүү бар да, ээ?
- Бул сыр.(Күлдү) Бүгүн мага ушул суроо берилерин билгем.
- Сен үчүн акча эмне жана жашооңдо кандай роль ойнойт?
- Мисалы, чөнтөгүңдө 20 сом болсо, эч жакка баса албайсың. Акча жашообузга абдан керек, тамак ичкенге, кийим кийгенге. Айрымдар: "Ой, акчага кызыкпайм"-дешет, бул туура эмес, акча баарына өзгөчө керек нерсе.
- Улуу муундагы актёрлор азыр билими, кино жөнүндө түшүнүктөрү жоктор киного тартылып, актёрдук кесипти оюн катары көрүп алышты деп жүрүшпөйбү?
- Ооба, андай сөздөрдү мен да уккам. Бир жолу Эрнест агай менен Б. Бейшеналиева атындагы Искусство Институтуна барганда: "Эмнеге билими жокторду тартасыңар?"-дегени мага тиешелүү болгон да. Көчөдөн келген деген туура эмес, мүмкүн, ал адамдын таланты, шыгы бар. Мисалы, билими жок Асема, Гүлнур Асановалар кандай мыкты ойношот.
- Сырттан келип тартылгандар гонорар албай тартылышат дешет, сен бекер тартыласыңбы, же акча төлөп беришеби?
- Айрым адамдар режиссёрго:"Мени киного тартыңызчы, акча төлөп берем",- деп келишет. Алар эптеп эле элге таанылгысы келип, киного тартылышты жеңил катары көрүшөт. Сьемка учурунда кыйынчылыктар көп, ачка каласың, кышында сууга түшөсүң, же жылаңач жүрөсүң дегендей. Негизи, чындап жан дүйнөсү кинону көксөгөндөр акча жагын такыр ойлошпойт. Мен тартыларда алгач сценарийине, режиссёрдун деңгээлине карайм, каражаттын баары купулума толгондо сүйлөшөм. Жеңил-желпи кинолорго тартылып, өзүмдүн беделимди түшүрүп алгым келбейт. Режиссёрлордун да ар кимисинин талабы ар башка. Эрнест агай кийимди өзү алып берсе, башкалардан өзүбүз табышыбыз керек болуп калат. Бирок аларды деле туура түшүнсө болот, каражат аз, тамак-ашка, жолго ж.б. ларга көп каражат жумшашат. Азырынча Эрнест агайдын эле кинолоруна тартылып жүрөм. Жакында "Гу Чжун Пёго кантип турмушка чыгыш керек?" деген кинодо кыскача эпизодго тартылдым.
- Сени менен бирге киного тартылып жүргөндөр ырдап да жатышат, сенин ырчы болоюн деген оюң жокпу?
- Ооба, Асема, Алима, Зарема-үчөө тең ырдап жүрүшөт, менин оюм азырынча сыр бойдон эле кала берсин.
- Шоу-бизнеске аралашып калбадыңбы, кандай жагымдуу жана жагымсыз жактарын көрө алдың?
- "Элге таанымалмын, көчөгө чыга албайм, карай беришет",- дегендерге кошулбайм. Өзүм базарга барам, коомдук транспортко түшөм, эл аралап эле жүрөм. Элдер караса эмне экен, негизгиси, тийишпесе болду да. Анан шоу-бизнестегилердин бирин-бири артка тарта бергендери жаккан жок.
- Элге белгилүү адамдарды ар кандай сөздөр ээрчийт, өзүң жөнүндө ушак уктуң беле?
- Чынында эле, ушул жагы өкүнүчтүү. Мисалы, жакшы тааныш адамдарым жөнүндө ушак уксам, ичим ачышат. Өзүм жөнүндө "Элинаны Эрнест агай башка кинолорго тартылба деп тыюу салат экен" -деген ушак тарап кетиптир, угуп таң калгам. Чындыгында, Эрнест агай мени сапаты төмөн киного тартылып албасын дейт. Бир жолу бир киного сунуш түшкөндө, тартылбай койгом. Кийин ал кино жарыкка чыкканда, Гүлбара Төлөмүшова: "Элина, азаматсың, ырас эле тартылбай коюптурсуң"- дегенде, "Эрнест агайга рахмат айтыш керек",- дегем. Мени алдыга сүйрөгөн Эрнест агай, өзүм уйкучумун,агай чалып:"Тур, мындай кыл, тигиндей кыл",- деп багыт берип турат. Өзгөчө Алматыга кастингге барганда, абдан жардам берет, кээде өзү жол киреми төлөп салып жиберет, баргандан кийин да тез-тез чалып турат. Мага ар дайым колдоо көрсөтүп келет. Биринчи мени көргөндө Эрнест байке алгысы келген эмес, ал кезде мен чачым сарыга боёлгон, шыпылдаган бандит кыз элем. Кино тартып баштаганда мага эч кимиси көңүл бурчу эмес, аларды ээрчип, сүйлөшсө аралаша калып эле жүрчүмүн. Качан гана роль аткаргандан кийин көңүл бурушкан.
- Алматыга кастингге барам деп жатпайсыңбы, киного тартылганы жатасыңбы?
- 3-4 жолу барганымда 70 кыздын арасынан үчөөбүз суурулуп чыкканбыз. Мен дайыма эле 1-2-болуп чыгам, бирок аягына келгенде эле кыргыз экенимди билип четтетип коюшат. Бир жолу:"Казак кыздар, сулуу экенсиңер"- дегенде, мен:"Кыргыз кызымын"-десем, ал киши унчукпай басып кеткен. Кийин да жакшы долбоорго өткөм, каражаты жакшы болчу, образы ажаан кыздыкы эле, жакшы ойноп бергем. Анан алар: "Сен казак кызы бол, Элина Абай кызы эмес, Элина Абаева болсоң тартабыз"- дегенде, мен ал сунуштан баш тарткам. Кыргыз болгонум үчүн басынтып коюшат. Дайыма чакырганда үмүт менен барам, бирок аягында дайыма ошондой болуп калат.
- Качан турмушка чыгайын деген оюң бар жана болочоктогу жолдошуңду кандай адам болсо деп кыялданасың?
- Азырынча турмушка чыгуу тууралуу оюм жок, даяр эмесмин. Турмуш кургандан кийин көп нерсе чектелип калат, ошондуктан, көп нерсеге жетишип алгым келет. Ал эми кыялымдагы адамды таптым, азыр жанымда. Бирок жаңылышкан жокмунбу деп корком.
- Жагымдуу маегиңе рахмат! Ойлогон максатыңа жет!

Динара Чокоева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??