п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Достум, билгениңен биле элегиң көп!
АЙТМАТОВДУН АЙЫМДАРЫ
Жанызак басма
(АДАБИЙ ЧАЛЫШ МАЕК-РОМАН)
(Башы өткөн санда)
Эми байланыштуу болгондо эмине - мисалы, бир фильмдерге тартылып кетип калганда тигинтсе-минтсе, өзүң билесиң, тигинисинин баарын өзүңө жүк кылып көтөрүп жүрөсүң да психологически.. Ошондой деп айтат да, анан эми, чынында баягы, кандай десем, Аселдин өзү менимче бу маселени анча эметпейт да..
- Китебиңди жазып жатканда сүйлөшүп көрдүң беле аны менен?
- Сүйлөшкөм, ооба. Сүйлөшүп көргөм, анан бирок мындай, бу маселени ал четтен карайт да, жакындаткысы келбейт, она так на это четтен карайт, бу биринчиден. Экинчиден, баягы...
- Жоо, өзү билет бекен, сенин баамыңда?
- Өзү-ү, кандайдыр бир деңгээлде билиш керек, кандайдыр бир деңгээлде. Бирок билгени менен жоотпойт да, бу мүмкүн эмес да анын оюнда. Кандай десем.. адамдардын баары айтып атат туш тараптан.. Понимаешь, кептин баары мындай да: элдин баары айтат! Вот в чем вопрос! Любой кишиге айтсаң деле: ой, ал деген Мардын кызы! Ал деген Бейшеналиевдин кызы!.. Анан в конце да концов кимисинин кызы?!.. Ал Имаштын кызы эмес!.. Аны ким билип коюптур Имаштын кызы эмес экенин?!.. Как будто жанагы, жанында чогуу жүрүп, чогуу тургансып!.. Анан мен баягы, изилдеп калганда, достоверно ким билет? - деген сөз чыгат да, ким билет муну? деген. И анан баарынан сурасаң эле: жо, ал Мардын кызы.., жо, ал Бейшеналиевдин кызы.., как будто Бейшеналиев же Мар менен чогуу жүрүшүп, чогуу жаткандай. И анан, ошондо анан как раз эң жакын подружкасы да, тиги ким, Жаркын. Жаркындан сурасам, Жаркын айтат: ничего подобного, Мардын да кызы эмес, Бейшеналиевдин да кызы эмес - конкретно жанагы жумгалдык жигит - аты-жөнүн да билчи экен, эми азыр канча жыл өтүп кетти.. Университетте окуган экен, айтор, качып кетиптир да, кыскасы. Бир колуктусу бар экен, ага жолуктук, эмне кылганы, деп айттык дейт.. Колуктусу болсо вообще жолотпой коюптур.. Анан иши кылып, ушундай окуя да эми. Баягы, ыраматылык Имаш Аселге аябай чоң эме кылды, абдан чоң жардам берди. Абдан чоң эме кылып, баягы, көтөрмөлөп, абда-ан күйдү. Мындай позициядан алып караганда Имаш аны фактически көтөрдү, көтөрдү да. И просто адамгерчилиги.. Карачы, чынында адамгерчилик да, өзүң деле ойлоп көрчү: эгер чын ошондой болсо... Тем более үч айлык боюнда болуп калган дейт Имаш өзү, муногу Ала-Арча ресторанында той өткөрдүк дейт, ошондо үч айлык боюнда бар эле дейт Таттыбүбүнүн... Ошого карабай туруп үйлөндү да. Анан ошондой поступок кылып аткан адам, вообще, бир чети ойлосоң кыйын нерсе да...
- Жертвага барган экен да...
- Ты что! Конечно жертвага барган да...
- Ушерде бир кызык нерсе бар да, Жаныш. Баягүнү "Асабада" (июль, 93-ж) Айтурган Темированын интервьюсу жарыяланыптыр. Айтурган эже: 16 жашымда съемкага бардым., мени бияктан такалап жиберишкен эле тигинтип коёт, минтип коёт деп.. Анан Болот биринчи күнү съемка бүткөндүн эртеси эле келип мага сөз айтмак тургай кучактап туруп, оозуман өөп кеткен, деп айтат да. Ушинтип эле жазылып жүрөт...
- Бейшеналиевпи?!..
- Жоо, Шамшиевчи, "Алые маки Иссык-Куля" дегенин тартпады беле. Анын аты да Болот эмеспи. Кептин кызык жери башкада: бул интервью кыргыз басма сөз тарыхында эң алгачкы апачык интервью да. Бирок ырас, Айтурган эже бир аз лукавить этип, жаш корреспондентке кыйшыгыраак айтып салыптыр, кантсе да сөздүн ачыгы жакшы го. Эми бул ушинтип Айтурган Темирова өзү айтып койгондон кийин эч ким балээ дей албайт да!.. "16 жашымда ал алам деди, мен тием дедим, тийип алдым",-деп жазылып жүрөт, көрдүңбү? Эми ушул өңүттөн алганда, Таттыбүбүнүн өмүрүндөгү айрым кара тактар жөнүндө тагыраак маалыматтар өз кезегинде ачык эле айтылганда, мынчалык күбүр-шыбыр болбос беле дейм да. Биерден Айтурган эжей эрдик кылды. Себеби, боло турган нерсе болду, кантебиз? - дегенчелик алакан жайып койсок ашыкча нервотрепкадан кутулат белек дегеним. Эми, жана сен жазган китепте аппак болуп калган да. Ошону кайра башынан карап чыгайын, таланты талант, башкасы башка, деп тактай турган оюңду кененирээк айтып берсең...
- Эми мындай да, жана айтып атпайсыңбы, биз баарын учурунда айтып койсок, бул нерсе айтылбай калат эле, деп. Балким, айтылбай калат эле, себеби ушак ансыз деле жүрүп атат да. Ушак ансыз деле жүрүп, Таттыбүбүнүн атын жамандашып, мындай эле, ичкич эле, аягы суюк эле, бузулуп кеткен... Имне деген гана сөздөр айтылбайт да, кыскасы. Сен айткандай, балким, ошонун баары бир жолу айтылып калса, балким унчукпай калышмак да. Бу биринчиден. Экинчиден, баягы, этикалык учуру бар да, мисалы. Ушунун баарын айта берсең, мына канча адамдын көзү турат тирүү, маселен, ошонун тегерегинде жүргөн, Таттыбүбүнү жакшы билген, аны менен чогуу иштеген адамдар дейм да. Ушунун баарынын көзү тирүү турат, ушул ишке түздөн түз катышып жүргөн...
- Жаныш, биздин калкыбыз өзү бир кызык: адамдын көзү өткөндөн кийин андай-мындай дебеш керек, деген сөз бар. Анан да көзүнүн тирүүсүндө минтпейли, дегенибизди кантесиң. Эй, анан качан айтышыбыз керек экен?! Же оозубузга талкан куюп алып жүрө берелиби?!
- Бу го, өзүнчө чоң проблема дечи, бирок мына булардан тышкары, кызынын өзү, мисалы. Эми ушунун баары, кандай десем, кантип көтөрө алат деген гана нерсе бар да, болбосо чын-чынына келгенде, сөз жүрүп жатат, жүрүп жатат, ушактар айтылып атат, анын баары бар дечи. Анан эми экинчи жагы мындай, мен бая өткөндө сага бир-эки ооз сөз айтпадымбы, ар бир китептин өзүнүн бир функциясы бар деп. Мисалы, сенин функцияң - Таттыбүбү жөнүндө мындай айтып, мындай жазмай. Болгон чындыкты билгенге аракет кылыш керек. Бо-олгон чындыкты, себеби, эми адабиятта да, искусстводо да бир аз мындай, кооздоп-көркөмдөп дегендей, жымсалдап, оркойгон-оркойгон жерлеринин баарын мындай, кесип-жонуп коюп көрсөтмөй да...
- Ошондо бутак-сутагы жок, жансыз дөңгөч калсын дейсиңби?
- Себеби мындай да, баягы биздин элдин, биринчиден, элдин психологиясы болсо керек дейм, экинчиден, биздин кыргыз вообще мындай нерсеге даяр эмес да, өзүң билесиң. Кыргыздан мурун мына мисалы, орустар деле, жалпы эле ушул жетимиш жылы ушундай коомдо жашаган элдин өзү ушундай бир нерсеге көп даяр эмес го деп ойлойм. Бизде мындай бир, коммунизмди куруучунун моралдык кодекси бар эмес беле, ошол принцип менен жашап келдик да. Бирок экинчи чети, адамдын трагедиясын, адамдын драмасын билиш үчүн баардыгын билиш керек. Ба-ардыгын билиш керек, ба-ардыгын конкретно түшүнүш керек, анан ошондон келип анан бир жыйынтык чыгарсаң болот да, ба-ардыгын изилдеп туруп... Бирок мен ойлойм, ошонун ба-ардыгын билип, бирок баардыгын терип-тепчип айтыштын кереги жок.
- Ошондой дечи?
- Да, мындай да: баардыгын билип туруп, анан резюме чыгарыш керек...
- Ошонун баарын терип-тепчип айтып берип эле койсок, резюмесин окурман өзү чыгарып алса, коомго көбүрөөк пайда болуп жүрбөсүн?
- Эми, бу менин жеке пикирим, ага сен макул болбосоң таңууламак белем.





Айгүл ШАРШЕН
Бакыттын жылмайышы
(Башы өткөн санда)
- Ооба, мен дагы сени сүйөм.
- Алтыным, - деп кызды кучагына кысып, бир топко турду, ээленген эки жүрөктүн адаттан тыш какканы биринен-бирине угулуп төш тээп турду. - Мен бактылуумун.
- Мен дагы, мен сага бирдемени айтышым керек эле…
- Кереги жок, ашыкча сөздүн кереги эмне, сенин колтугумда кыналып турушуң өзүнчө эле бакыт мага, башканын кереги жок.
- Мир… - Калыс Мирсаиддин Марат деп жүр дегенине болбой ушинтип эркелетип чакырчу болгон.
- Болду, мага ушул бакытты тартуулаганыңа ыраазымын!
- Мир, мен сени менен сүйлөшүшүм керек.
- Эмнени сүйлөшмөксүң, сенин мени сүйөм дегениң эле жетет, - деп кучакташа суу жээгинде отурушту. - Менин эки агам, бир эжем, бир карындашым бар, Калыс, апамдын үчүнчү, бирок сүйүктүү келини болосуң, быйыл үйлөн деп кыйнап жатат, атам жок. Апам сени сөзсүз жактырарына ишенемин, биз аябай бактылуу болобуз, - деди Мирсаид. Анан күрмөсүн чечип, ичиркене түшкөн ашыгынын ийиндерине жаап, кучактап отурду. Калыс анын бир сөзүн укса, кээ бирин укпай өзүнчө ойлуу. "Мен кыз эмесмин, эмнеси болсо дагы сага ачык айтышым керек эле, сүйлөтпөй жатпайсыңбы. Эми кубанычка батып турган жүрөгүңдү оорутамбы, акактай таза бойдон ак сүйүүнүн рахатын тата албадым. Кантип үмүтүңдү өчүрөм, өз атам мени зордуктап койгон десем артыңды карабай басып кетериң бышык. Ай, кудай ай, деги эмнеге тагдырымды өз атам талкалады, жек көрөм, жек көрөм ушул жарыктык берген ата-энемди, жашагым да келбейт", - деп жүрөгү канап отурду.
- Мир, - деди бир убакта Калыс.
- Сен сүйлөбө, алтыным, бүгүн мен гана сүйлөшүм керек, сени бир көрүп сүйдүм, кээде өзүмө өзүм таңгалып кетем. Кээ бир кыздар өздөрү сени сүйүп калдым деп кат жазып, бирөөдөн чакыртышса мен таң калчумун, кантип эле сүйүп калсын, ээн баш кыздардан болсо керек деп ойлочумун…
- Мир, таң атарына аз калды, кетели эми.
- Дагы бир аз отура туралычы, - деп Мирсаид кызды бооруна бекем кысты. - Мен сени жан дилим менен сүйөм, Калыс, сенден бир мүнөткө дагы бөлүнгүм келбейт.
- Мен дагы, - деп улутунуп койду Калыс.
- Капасыңбы?
- Жо-ок.
- Өкүнүп турасыңбы?
- Эмнеге?
- Күчкө салып сүйөм деп айттырганыма.
- Жок, андай оюм жок.
- Анда эмнеге?
- Эч нерсе, - деп койду Калыс, баарын жашырбай ачык айтайын дегени менен оозу барбады, унчукпай мелтиреди. - Кетелиби?
- Макул, күндө ушул жерден жолугуп туралы, ээ?
- Жарайт.
- Кеттик, - деп өйдө болушту. Колтукташа чатырды көздөй басып келатышканда таң кылая чыгыш тарап агарып, түркүн куштун сайраганы адамдын кулак кужурун кандыра, таңкы жел жүрөк эргите бетти аймалап турду.
- Жакшы бар.
- Жакшы эс ал.
- Таң атып калдыбы? - деп жылмайды Калыс.
- Ооба, бир сааттан кийин эртең мененки чайды ичип, жумушка жөнөйбүз. Сен мага капаланган жоксуңбу, Калыс?
- Жо-ок.
- Болуптур анда, бир саат болсо да эс алып ал.
- Сен дагы эс ал, бирөөлөр көрүп койбойсун.
- Көргөндөн тартынба, мен сени бул жактан барарым менен алып кетем, - дегенде кыз токтой калды.
- Ошончо эртеби?
- Эмне экен, сени башкага алдырып ийгенден корком, - деди да, Мирсаид кызды өзүнө карата чекесинен өптү. Ошондо кыз жүрөгү зырп этип сайгылашып: "Аттиң, мени ушул жигит аяп жатат, таза, назик, сүттөй ак деп колун тийгизгиси жок. А мени өз атам эчак эле уйпаланган чөптөй кууратып, сабагынан үзүлгөн гүлдөй соолутуп, ушалап таштандыга кошкону качан. Эгер чындыкты билсең кандай абалда калар элең, Мир, ошондуктан мен сенин жашооңдон кетүүгө тийишмин, өз абийиримден качам, чындыктан качам", - деп ойлоно эч нерсени сезбей уктап жаткан кыздарды бир сыйра кыдырата карап алып, өз ордуна келип жатып калды. Бирок кирпиги катып калган өңдүү уйкусу качып, чакчайып жата берди. Аңгыча таң аппак атып, күн желеси тоо кыркаларына чачырап, айланага жан кирип, кыймыл башталды. Кыздар туруп, бир-экиден жуунуп келип жатканда Калыс да турду. Аны көргөн Нуржанат:
- Түндө кайда бардың? - деди акырын.
- Кайда барыпмын?
- Ордуңда жок болдуң, өзүңө сак бол, Калыс.
- Койсоңчу ашыкча сөздү, тур чай ичебиз, - деп Калыс чатырдан чыгып кетти. Жуунчу жерге келсе кыздар аны көрүп шыбыраша күлүп калышты. Айна деген кыз аны карап:
- Калыс, сен бактылуусуң ээ, - деди.
- Эмнеге, баарыбыз эле бактылуубуз.
- Биердеги жигиттердин эң көрүнүктүүсү сени сүйүп калганын айтам да.
- Балким, жөн эле сөздүр, мен эч кимге, ал тургай өзүмө да ишенбейм, - деген Калыс кайдыгер гана арыктагы сууга бети-колун жууп, чатырга келди. Негизи, жети-сегиз кыз, беш-алты келин, он чакты эркек бар.
- Жаштык бар жерде жалын бар деген ушу да, кыздар бир-бирден жигит таап, келечек бактысы үчүн күрөшкө түштү, - деп калды аларды жетектеп келген бригадир Нуралы.
- Ошону айтсаң, биздин мезгил өткөн экен, чарчаганга шалпыйып эле уктап калабыз. Кечке иштешсе да кечинде жигиттер менен көңүл ачып жатышат, - деди отуздардан өтүп калган Роза аттуу келин.
- Мейли, чектен чыгып кетишпесе болду, жаштыктын доорун сүрө беришсин, - деп сүйлөшүп отурушканда шыңкылдашкан кыздар келип, орун алып калышты. Кетерине бир жума калган эле.
Убакыттын аркыраган желге окшогон күндөрү билинбей өтүп, кетерге үч күн калганда Мирсаид менен Калыс күүгүмдө сүйлөшүп турушту. Азыр аларга эч ким көңүл бөлбөй аба менен суудай сезип, үн дебей калышкан. Анткени, адамга эң зарылы аба жана суу эмеспи. Бул экөө дагы бири-бирисиз жашай албай калганын түшүнүшүп, кээси суктана кеп кылса, кээси дагы эле көрө албай зар болуп жүргөн.
- Калыс, мен эртең кетип жатам, жатаканадан издеп табам.
- Макул, - деп кыз жер карай үн катты.
- Бул жерден барарым менен апама кат жазам да, сени алып кетем.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??