п»ї

  SMS болду эрмегим

Урматтуу окурман, эч тартынбай жүрөгүңүздөн сызылып чыккан сагыныч саламбы, көкөй кескен көкүрөктөгү ойбу, боорду эзген күлкүбү, мүмкүн анекдотпу, казан какшыткан какшыкпы, арналган арзуу сүйүүбү, уюган нарктуу сөзбү, кумирге болгон каалообу, жолугушуубу, таанышуубу, алдануубу, бекем ишенүүбү же саргартып санаага батырган издөөбү, айтор, жашообуздун бүткүл кыймылын камтыган ойлоруңуздар болсо бизге SMS жөнөтүңүздөр!..

ОП-175-01. "Обонушкага" салам. Жылдыз
ОП-175-02. Ар бир эле аялзаты бактылуу болууга татыктуу. Ошондуктан, аялдык бакытты ар бир адамзатына каалайм. Биз силерди жакшы көрөбүз жана сүйөбүз. Эрлан.
ОП-175-03. Ар бир ырчынын өзүнчө стили бар. Мен баарынын талантын баалайм. Анара
ОП-175-04. Мага махабат 30дан ашканда келди. 4 балам бар, бирок Аскатсыз жашай алчудай эмесмин. Салтанат
ОП-175-05. Саламатсызбы, "Обон" гезити. Мен Гүлжигит Калыковго салам жолдоп, суроомду берип кетейин. Бул дүйнөдө эмнеге ашыгат да, бул дүйнөдөн эмнени күтөт? Достошуп алсак болобу? Жөн гана достошуу. Жалал-Абаддан Гүлзада
ОП-175-06. "Обон", алга! 0771422ххх
ОП-175-07. 2007-жылы 17-августта Россияга кеткен Кочкордун кайсыл айылынан экенин билбейм, Марат, Россиядан келип калсаң, мага чалып койчу. Жардам бергилечи. Инисинин аты Канат, 1987-жылы 3-июнда төрөлгөн. 0557421142 номерине чалып койгулачы.
ОП-175-08. Казак ырчысы Айкын жөнүндө билгим келет. Ал канчанчы жылкы жана кайсыл жерден болот? Жанара
Аты-жөнү:-Толепберген Айкын Нуртан уулу.
Туулган жери-Казакстан Республикасы, Алматы шаары.
Бою -180 см.
Билими - жогорку. Казак улуттук техникалык университетин бүтүргөн.
Кесиби-инженер-полиграфист.
Курсак бийин көргөндү жактырат. Өзү танго бийин мыкты бийлейт.
Жактырган актёр, режиссёру - Квентин Тарантино.
2000-жылы өзү окуган окуу жайдын "Мыкты мырзасы" наамына ээ болгон. 2006-жылы Юрмалада өткөн "Жаңы толкун" сынагынын катышуучусу.
ОП-175-09. Асман ачык өзгөчө, талдын түбү көлөкө. Чын сүйгөнүң бар болсо, көңүл бурба бөлөккө. 0779875ххх
ОП-175-10. Кетким келет кызыгы жок дүйнөдөн, учкум келет сүйүүсү жок өмүрдөн. Жок дегенде сүйгөнүмө жеткирбесе, ажалы жок өткүм келет дүйнөдөн. Кайткым келет, бирок келбейт ажалым. Жан таттуу да, аны кантип кыямын? Эгер тагдыр мындан ачуу сыноо берсе, мен ошондо жанды кантип кыямын? Айпошка
ОП-175-11. Ак куусуң сен алыстадың ардагым. Рахмат сага, бирок катуу алдадың. Гүлүм сунсам, ырым сунсам мен сага, эч убакта мени сүйө албадың. Намысымды такыр коргоп калбадың. Айпошка
ОП-175-12. Салам "Обон" жана супер СМСчилер. Менин атым Айпери. Казармандан болом. Бардык Казармандыктарга жана А. Абдраимов мектебинин 7-б жана 7-а классына чоң салам. Ар дайым бар болгула. Жайкы каникулда жакшы эс алгыла. Айпошка
ОП-175-14. Мен Неля менен Гүланданы Райхан Абдувалиеванын "Периштем" тобунан чыккан деп уктум. Анда неге алар Райхан эжеге ыраазычылык билдиришпейт? 0773149ххх
ОП-175-15. Аксы районуна караштуу Кербен шаарындагы Дилдебек уулу Медер, мен сени аябай сүйөм. Бирок мен сага кантип жетеримди билбейм, айла таппай жатам. Сырдуу кыз, Таш-Көмүр шаарынан. 0779945ххх
ОП-175-16. Жар-Ооз айылына чоң салам. Өзгөчө 94төрүнө. Эля 95
ОП-175-17. Ак толкун, көк толкун, сүйгөнүңө бек болгун. Бузуку чыгып сураса, мен билбейм деп койгун. Эля 95
ОП-175-18. Светит өмүр каткырык, золотой биздин жакшчылык. Любовь такыр ылгабайт, если калса жактырып. Эля 95
ОП-175-19. "Обон", өзгөчө стили менен таанылган Каныкей жөнүндө маалымат бериңизчи. 0773239ххх

Аты-жөнү- Алымбекова Каныкей.
Туулган жылы -1987-жыл, 16-октябрь.
Туулган жери- Токмок шаары.
Бою -168 см.
Салмагы -48 кг.
Бут кийиминин өлчөмү -37.
Үй-бүлөлүк абалы - бойдок.
Жашаган жери- Бишкек шаары.
Репертуарындагы популярдуу ырлары : "Носонтэ", "Жүрөк сыздайт", "Коё бергин мени кайгы" ж. б.
Учурда - жеке ырчы
ОП-175-20. Саламатсызбы, менин сүйүктүү кумирим. Мен кызымдын атын Кенже койдум. Сизге окшогон таланттуу жана ыймандуу кыздардан болсун. Мен, Эльзада
ОП-175-21. Суранам сиздерден, "Кумир менен баарлашууга" Урмат менен Неляны чакырыңыздарчы. 0771422ххх
"Обондон"жооп: Урматтуу окурман, Урмат менен Неля бул рубрикабызга келишкен.
ОП-175-22. Мен Урмат, Неляны аябай жакшы көрөм. Ар дайым бактылуу болгула, мен силерди сүйөм. Мен силердей бактылуу болгум келет. Күйөрманыңар Фатима
ОП-175-23. Гүлжигит, кандай. "Всё будет хорошо" деген ырыңдын клиби сонун болуптур. 0777783ххх
ОП-175-24. Натали Портман жөнүндө так маалымат бересиздерби?
Натали Портман
Чыныгы аты-жөнү - Натали Хершлаг.
Туулган жылы - 1981-жыл, 9-июнь.
Хоббиси - муз үстүндө бийлөө.
Натали Авнер Хершлаг жана Шелли Стивенстин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы дарыгер, апасы үй кожойкеси. Анда орустардын да каны бар экен. "Портман" деген псевдоним таенесинин фамилиясынан алынган. 1990-жылы үй-бүлө Нью-Йорк шаарына көчүп келет. Жаш актриса АКШ жана Израилдин атуулу. 4 жашынан бийге катышып, жергиликтүү балет труппасында бийлеп жүргөн актрисанын таланты кичинесинен эле байкалган. Актрисадан ата-энеси илимий кызматкерди күткөндүктөн, анын актрисалыкты тандаганы аларды бир топ эле таң калтырган. Бирок Натали искусство менен илимди айкалыштырып үлгүрөм деп ойлоп, илимий сынактын жарым финалына чейин барган. 2003-жылы Гарвард Университетинин психология бөлүмүн аяктаган. Ошондой эле Портман англис, иврит, француз, немис, япон, араб тилдеринде сүйлөй алат.
ОП-175-25. "Обон". Ку Хе Сон жөнүндө маалымат бересиңерби? Кара куу
"Обондон" жооп: Бул актриса жөнүндө маалымат бергенбиз. Сиз окубай калдыңыз окшойт.
ОП-175-26. Салам, "Обон". Мен "Дордой" базарына чоң салам жолдойм. Баарынын соодалары жакшы болсун демекчимин. Маку
ОП-175-27. Саламатсыздарбы, "Обонтайдын" жалпы жамааты. Корея актёру Со Иджон Вубин жөнүндө маалымат берип коюңуздарчы. Алдын ала чоң рахмат. Эля 95
"Обондон"жооп: Урматтуу Эля 95, ал жөнүндө маалымат бергенбиз.
ОП-175-28. Суусуз дарак бүр албайт, сүйүүсүз адам жүрө албайт. Сүйгөнүң менен бир жүрсөң, кээ бир адам көрө албайт. Динара
ОП-175-29. Сапарбеков Анарбек байкемдин бүгүнкү туулган күнү менен куттуктайм. Каалаарым үй-бүлөлүк бакыт, иштерине ийгилик, уул- кыз, келиндин кызматын көрүңүз. Алиса
ОП-175-30. Кымча белиң кара чачың, каштарың, кызыктырат кылыктарың, басканың. Тилегимди билсең экен, түшүмө да кирсең экен, тең кылбайм сага башкасын. Бийле, бийле, гүлдөй ачылып, мен да бийге абдан жакынмын. Сезимдерди кайра ойготуп, жылдыздай бийле чачылып. Бийле, бийле, сулуу кыз, бийиңизге абдан ашыкпыз. Бийиңизди дагы көрсөк деп, дайрадай толкуп, ташыппыз. Айбек
ОП-175-31. Балдарым менин кымбатым, балдарым менин сырдашым. Жаралбай калганда алар, жашамак беле кур башым. Бала деп согот жүрөгүм, бала үчүн жашап жүрөмүн. Бел байлап мындан ары да, бала үчүн өмүр сүрөмүн. Бассам да турсам тилегим, балдарга өмүр тилеймин. Баарынан күчтүү сезим бул, бала сүйүү деп билемин. Анара
ОП-175-32. Күнүмсүң нур чачкан асманда, гүлүмсүң кумарым артканга. Кымбатым тамырым өзүңдө, кыйналам сен түйшүк тартканда. Өкүнбөс өмүрлөр аз экен, өзүң бар көңүлдөр жаз экен. Өткөрүп бактылуу күндөрдү, өмүрлүү боло көр, апаке. Анара
ОП-175-33. Жайнатып обон жазсам да, берметтеп сөздү тапсам да. Жалгызым алтын апам, тең келбейт сага бүт аалам. Гүл кызың болуп өсөйүн, гүлдөрдөн килем төшөйүн. Көңүлүм капа тартканда, башымды катып жөлөөрүм. Өйдөлөп өстү баркыңыз, ак иштеп элге жактыңыз. "Элим" деп күйүп дайыма, эмгектен баар таптыңыз. Сөзүмдө бүтпөс жомогум, төрүмдө сыйлуу коногум. Оорубай узак жашаңыз, арка-бел кубат, жөлөгүм. Анара
ОП-175-34. Мен кыргыз элимдин келе жаткан бардык майрамдары менен куттуктайм. Анткени, элибизде майрамдар көп эмеспи. Баарыңыздардын ден-соолугуңуздар чың болуп, эч качан жамандык көрбөйлү. Зарина
ОП-175-35. Сенсиз кыйналдым, эңсейм өзүңдү. Жүрөгүм сыздайт, асыл жарымсың. Жаным, берекем, күтөм сагынып. Неге жолуктуң, кайра жоготтум. Сенсиз жашоом жок. Жүрөгүмдө чок. Жоготкон сүйүү, артка да жол жок. Сен кайрылбадың, келбедиң. Сен жан дүйнөмдү сезбедиң. Сен чексиз сүйө албадың. Сен жүрөгүмдү сыздаттың. Анара
ОП-175-36. Сейилдеп жай гана жүрөмүн айылымда. Секетим жанда жок, көңүлсүз айлана. Күтөмүн сагынып, сүйүүгө багынып. Күлмүңдөп жылмайган жүзүңө зарыгып. Эргиген ой менен кыңылдай ыр жазам. Жалгыздык жай алып, капалуу айланам. Күтөмүн күү менен, жылдыздуу түн менен. Үн катып койсоңчу, эң назик үн менен. Бүркөлүп булуттай, жамгырдай жаш алам. Бугумду билгизбей, булуттан жашырам. Күткөнүм сезерсиң, сүйүүмдү билерсиң. Бүт сүйүүм толкуса, кечикпей келерсиң. Анара
ОП-175-37. Төк жамгыр. Бирок мени шаштырбагын. Кайдадыр делөөрүтүп азгырбагын. Жууп кет көңүлдү эзген кусалыкты, а бирок калсын жанда жакшы ырларым. Төк жамгыр, төкчү, төкчү нөшөрлөчү. А бирок калсын жанда жакшы ырларым. Төк жамгыр, максатымды сүрөп койчу. Жашоого кошкум келет үлүшүмдү. Жууп кет жакпай турган адаттарды. А бирок жууй көрбө, жууй көрбө үмүтүмдү.Төк жамгыр, төкчү төкчү нөшөрлөчү. А бирок жууй көрбө, жууй көрбө үмүтүмдү. Төк жамгыр, көкөлөтүп маанайымды. Сулуулап сылап койчу саамайымды. Өрөпкүп мен бирөөнү күтүп жатам, а бирок суута көрбө шаабайымды. Анара
ОП-175-38. Ар бир адам сүйүшкө, татыктуу жашашка укугу бар экен. Бирок өлбөй, өмүр бою түбөлүк бул жалган дүйнөдө жашаганга мүмкүнчүлүгү жок. Таң калыштуу, эмне үчүн деген суроо ар бир адамдын оюнда бар. Бирок эч ким ага жооп таба албайт. Мен азыркы убакта ар бир өткөн күнүмө ыраазымын жана ар бир кылган аткарган ишиме сүйүнүп жашап жүрөм. Закирбек
ОП-175-39. Кечээ күнкү күн эч качан эсимден кетпейт. Анткени, башында баары мен ойлогондой болду, аягы маанайым чөгүү менен аяктады. Бүгүн кичине маанай жакшы. Бирок мени алдаган адамдардан тажадым. Ошондуктан, азыр кайра маанайым түшө, чөгө баштады окшойт. Эмнеси болсо дагы сүйгөн адамым бар. Ал үчүн бактылуумун жана ал адам үчүн өзүмдү жакшы карашым керек. 0779398ххх
ОП-175-40. Салам, "Обон". Эмне үчүн убакыт кеч өтүп жатат. Эртең менен турасың, кайра эле жатасың, кызыксыз жашоо үчүн убакыт кеч өтүп жатат болуш керек да. Камила
ОП-175-41. Салам, Гүлжигит байке! Биринчиден, сизге ден соолук каалайм. Бул дүйнөдө эң бактылуу адамдардын ордун толуктап жүрө бериңиз. Мен сиз менен отуруп сүйлөшкүм келет жана талантыңызды баалайм. Ар дайым бар болуңуз. Бакирова Айчүрөк
ОП-175-42. Урматтуу байкелерибиз, сиздердин удаа келген 17-июль туулган күнүңүздөр куттуу болсун. Ылайым өмүрүңүздөр узун болсун. Кутали 21 жаш, Нурсултан 19 жашка толушуңуздар менен куттуктайбыз! Дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалап карындаштарыңыз GilBabу 98, NurBabу 94.
ОП-175-43. Салам аллейкум, агенттеги адамдар. Агенттеги жалган сүйүү, башыбызды айлантты, сүйөм, күйөм дейсиңер, канчаңарда канча жаныңар бар болгон……. +770549хххххх
ОП-175-44. Досторумдун баарын бүтүрүү кечеси менен куттуктайм. 0778930ххх
ОП-175-45. Менин жандай көргөн досторум Казармандын Казарман орто мектебинин 8-в классынын окуучулары Кундуз, Раношка, Айкиси, Сасю, Экуля, жайкы каникулду жакшы өткөргүлө. Мен силерди сагындым. Досуңар Мука
ОП-175-46. Салам, "Обон". Мага ырчы Бекчоро ……… 0779927ххх
ОП-175-47. Салам, мен кайрадан эле силер менен жаңы номер аркылуу чыгам. Айжамал 94
ОП-175-48. Кең ааламда кысылып батпай жатамын. Бактыбыздан айрыган салтка капамын. Эли-журтка уят го эми бара албайм. Кечир деген өзүңдөн бүктөм кат алдым. Кантип айтчы, антыбыз кана биздин? Кантип айтчы, турмушуң тартты тизгин. Бөпөлөп биз өстүрчү бөбөктөрдү, бактына жаратасың эми кимдин? Бүлө куруп бактылуу жашайбыз деген, эч кимде жок ийгилик жасайбыз деген. Коштошо албай, кол сунуп кош дегим келбей, ойдон кетпей өткөн күн, сагына берем. Намыс үчүн бакытты жолго таштадым. Жарымы жок, жалгыздык жашоо башталып. Жаным элең, болдуңбу башканын жаны. Жоодур көзүң жүрөктө калат сакталып. Айбек
ОП-175-49. Телегейим бүгүн тегиз кези. Теңирим мага сүйүү берди. Теребел дагы сүйүп сени термелди. Бүчүрүн байлап бүрдөп багым, бүгүн жаш баары, бүгүн жаңы. Бүт дүйнө жүзү гүлдөп жазга айланды. Жан биргем, аярым. Жароокер ар дайым. Бул жашоодо жалгыз сени тандадым. Карегиң жанганын, кароодон канбадым. Тагдырлашым, бир сени тандадым. Ак жүзүң түсүндөй булуттун. Аруусуң, тазасың, тунуксуң. Сен менен капалыкты дагы унуттум. Бактымдын гүл болуп ашканы, бар жашоо бал татый баштады. Суранам сенден, сүйөм дебе менден башканы. . . Айбек
ОП-175-50. Мен Фарида Карбосова деген ырчыны аябай баалайм. Анын ар бир ыры жүрөктүн түпкүрүндө сактала бермекчи. Ырларын укканда кадимкидей эс алып калам. Мындан ары ага ийгилик каалайм. Бар бол, бай бол. Эч качан артты карап кылчайба. Анткени, алдыга гана кадам таштап чыгармачылыгыңды өнүктүрө берсең, сенден мыкты таланттуу ырчы чыгат деп аябай ишенем. Күлүмкан
ОП-175-51. Сейилдеп жай гана, жүрөмүн айылымда. Секетим жанда жок, көңүлсүз айлана. Күтөмүн сагынып, сүйүүгө багынып. Күлмүңдөп жылмайган жүзүңө зарыгып. Эргиген ой менен, кыңылдай ыр жазам. Жалгыздык жай алып, капалуу айланам. Күтөмүн күү менен, жылдыздуу түн менен. Үн катып койсоңчу, эң назик үн менен. Бүркөлүп булуттай, жамгырдай жаш алам. Бугумду билгизбей, булуттан жашырам. Күткөнүм сезерсиң, сүйүүмдү билерсиң. Бүт сүйүүм толкуса, кечикпей келерсиң. Айбек
ОП-175-52. Сени сүйүп, ашык болгон кезимден, кутулбадым эңсөө деген сезимден. Бир өзүңсүз баарын кечип кетсем дейм, бул жашоодо сага гана берилгем. Анара
ОП-175-53. Ли Мин Хо жөнүндө тагыраак маалымат алгым келет. 0779662ххх
"Обондон" жооп: Урматтуу окурман, бул актёр жөнүндө жазганбыз.
ОП-175-54. Сүлүктү шаарына чоң салам! 0778649ххх
ОП-175-55. Супер СМСчилерге жалындуу ысык салам! Наргиза 95
ОП-175-56. Ким Сан Бомду 7-июль туулган күнү менен куттуктаймын! Наргиза 95
ОП-175-57. Боорсок жасайбыз, заказ берсеңер болот. Тел.: 0(554)81-54-86
ОП-175-58. Омар, чыгармачылыгыңа ийгилик каалайм. Сенин талантыңа таазим. Альбина
ОП-175-59. Мен бардык ырчылардын ичинен Омарды баалайм. Ар дайым ийгилик каалайм. Дагы, дагы алдыга жыла берсин. Бардык ырларына "5" деген баа берем. Альбина
ОП-175-60. "Обон" гезитинин жалпы жамаатына салам жолдойм. Алга, алга жана алга. Мен силер менен биргемин. Альбина
ОП-175-61. Бардык кыргыз калкыма салам жолдойм. Айзирек
ОП-175-62. Аста кармап сабагынан бир гүл үздүм, жан дилимден берилип гүлдү сүйдүм. Мен сенин коргоочуң болом, жаным. А сен мага эң назик, эң аруу кызыл гүлсүң. Бабник 94
ОП-175-63. Жүрөгүң өзгөчө бир сырдуу, жаным. Ишен мага, сөз менен сүйөрүмдү айта албайм. Бирок билем, бир өмүрлүк сенсиң бактым. Бабник 94
ОП-175-64. Бишкек шаарында жашаган эжем Үмүт, сиздин келе жаткан туулган күнүңүз менен куттуктайм. Сизге каалаарым узун өмүр, шаттык көңүл, асмандай тунуктукту, арчадай жаштыкты, музыкадай шаттыкты, сүттөй актыкты жана алдыга койгон ой-максатыңызга жетишиңизди каалайм. Ата-энеңизге кайрымдуу кыргыздын чыгаан кызы болуңуз. Жүзүңүздөн жылмаюу кетпесин,- деп Таш-Көмүрдө жашаган үкөңүз Элдияр.
ОП-175-65. Жаным, мен сени жакшы көрөм. Сени төрөп чоңойтуп, менин өмүрлүк жарым кылууга даярдап койгон апаңа рахмат! Сен бар менде аалам жарык, мен бактылуумун. Мен эки жүздүүлүк, же жөн гана эркектик сөзүмдү берем. Мен сени ар дайым бактылуу кылам, асылым. Биз бактылуубуз, ээ, жаным? Бабник 94
ОП-175-66 . Апа, билесизби, мен кичинекейимде мага көптөгөн акылдарды айтып, мага жашоонун мыйзамдарын үйрөткөнсүз? Ишен, апа, сиздин берген акыл-насаатыңыз менин жүрөгүмдөн орун алган, жаным апа! Бабник 94
ОП-175-67. Мират, сени мен чексиз сүйөм, сен ошону сезчи? Түшүнбөйм, сени эле ойлой берем. Үйлөнсөң дагы эч унута албай койдум. Азор
ОП-175-68. " Дордойдун" (кытай) 9-10-катарында жынсы саткан чоң жигит, сен мага жагасың. 0778000ххх
ОП-175-69. Кымбаттуу "Обон" гезитинин окурмандары, мен бир жигит менен сүйлөшкөнүмө 3 жылдын жүзү болду, жакын доспуз, артымдан көп жигиттер жүрөт. Баарысынан кызганып сүйлөштүрбөйт, неге андай кылганына түшүнбөй жатам! Кандай ойлойсуңар, кеңеш бергилечи?
ОП-175-70. "Обон", мен Нурбек деген баланы сүйүп калдым. 0778800ххх
ОП-175-71. Урматтуу Жонга, эч нерсе кылбаңыз, бирок сиздин жашооңуз ушуну менен токтоп калбайт, бул сиздин тагдырыңыз, балким, алдыңызда сизди эң бактылуу күндөр күтүп турат. Маку
ОП-175-72. Ар бир адамдын сүйгөнү болот. Мен дагы жакында эле сүйгөнүмдү таптым. Азыр бактылуумун. Айпери
ОП-175-73. Ыймандуу, намыстуу, намаз окуп, хиджап кийинген кыздарга салам. 0558211ххх
ОП-175-74. Ильяз Андаш канчанчы жылкы эле, "Обон" гезити? Анарбек
Толук аты-жөнү- Андашев Ильяз Кылычбекович.
Туулган жылы- 1988-жыл, 30-июнь.
Туулган жери- Каракол шаары, Ысык-Көл облусу.
Жашаган жери- Бишкек шаарынын 6-кичирайону.
Репертуарындагы популярдуу ырлары-"Кечикпе", "Кимди сүйөсүң?" ж. б.
Учурда - жеке ырчы.
ОП-175-75 . Мен Акылды өмүрүмдүн акырына чейин сүйөм. Мага кудай өмүрүмдө бир жолу чыныгы сүйүү бергенине сүйүнөм. Асел 77
ОП-175-76. Бардык бүтүрүүчүлөрдүн алдыдагы экзамендерине ийгилик каалайм. Өзүңөр каалаган кесиптин ээси болуп, ар дайым ден соолукта болгула. Кыргызымдын керегине жараган адамдардан болгула. Ар бир өткөн күнүңөр кызыктуу, унутулгус болсун. Ак жол силерге, бүтүрүүчү. Айпери
ОП-175-77. Кубантай, мен сени ушунчалык сүйчүмүн, бирок тагдыр экөөбүздү ажыратып салды. Мен кайгырбаймын, анткени, бул дагы кудайдын буйругу экен да. Сен мени сүйөм деген сөздөрүңдү укканда, эстегенде, жүрөгүм жаман болот. Ал убакта мен жаш элем. Эми сени менен кантип сүйлөшүп жүргөнүмдү элестете албайм. Азыр бактылуумун. Сырдуу кыз
ОП-175-78. Ак жол силерге, бүтүрүүчүлөр. Мен досторума ийгилик каалайм. Бактылуу болгула! Акылай
ОП-175-79. Апа деген эң ыйык зат баарынан, апа деген бул ааламды жарык кылган. Апа деген атыңдан кагылам. Апа деген мээримиңе жалынам. Апа, сиз үчүн баарын жасайм. Апа, сиз үчүн болгон аракетимди жумшап, сыйымды көрсөтөм. Бар болуңуз, апа. Сиз бар үчүн, мен бар. Ден соолукта ар дайым болуңуз. Сүйүктүү жалгыз кызыңыз
ОП-175-80. Бардык классташтарыма салам айтам. Алар- азыр бир кесиптин ээлери. Мен алар менен сыймыктанам. Алар менен өткөргөн кызык күндөр кайда, атаганат. Замир
ОП-175-81. Анекдот: Кыз өксүп, милиция кызматкерине кайрылат. Милиция: -Сизге эмне болду? -Тоноп кетишти. -Ким? -Тата Улан, бет капчан экен. -Бет капчандардын баары эле Тата Уланбы сизге? -Тата Улан болчу, кетип баратып: "Капа болбо, карындаш",-деди. Айбек
ОП-175-82. Анекдот: 2010-жылкы мародёрлуктан кийин Бишкекте "Народный" дүкөндөрүнүн ордуна "Голодный" дүкөндөрү пайда болду. Айбек
ОП-175-83. Ар бир аткан таңым сени менен, "Кыргызстан Обондору" радиосу. Силерге ийгилик каалайм. Гүлкайыр
ОП-175-84. Силер бар, мен бар жакындарым. Ала-Арчада жашаган ата-энемди келе жаткан 31-август майрамы менен куттуктайм! Аларга чың ден соолук, узун өмүр каалайм. Кызыңар Жасмина
ОП-175-85. Жаңыдан популярдуу болуп келе жаткан орус ырчысы Ани Лорак жөнүндө кыскача маалымат берип коёсуздарбы? Каню
Толук аты-жөнү - Каролина Мирославовна Куек.
Лакап аты-Ани Лорак.
Туулган жылы- 1978-жыл, 27-сентябрь.
Туулган жери - Украина, Черновицк облусу, Кицмань району.
Үй-бүлөдө үч уулдун ортосунда төрөлгөн. Бирок ырчы кичине кезинде ата-энеси ажырашып, ата тарбиясына муктаж болуп чоңойгондугун айтып келет. Атасы жогорку билимдүү инсан. Хордун дирижёру болуп иштесе, ал эми апасы радиоберүүнүн алпаруучусу болуп эмгектенген. Каролинадан кийинки иниси төрөлгөндө атасы жубайын төрт баласы менен таштап, башка аялга кетип калган. Анинин жолдошу Мурат Налкакиоглу түрк улутунун өкүлү болгон. Мурат менен 2003-жылы Антальяда таанышкан. Каролина Түркияга гастролдоп барып, Антальядагы мейманканалардын бирине токтойт. Ал токтогон мейманкананын ээси ишкер Мурат Налкакиоглу эле. Мурат сулуу периге бир көргөндө көзү түшүп, ашык болот. Сүйүүсүн далилдеп отуруп, артынан Украинага чейин келип жашап калган. Экөө 2009-жылдын 15-август күнү үйлөнүү тоюн өткөрүшкөн.
ОП-175-86. Салам, "Обон". "Эхо Манаста" иштеген 93-жылкы Элдиярды дос мамиледе жактырам. Номеримди берип коюңуздарчы. Мадина
ОП-175-87. Салам, достор! Менин сүйүүм алсызданып баратат. Мен сүйгөн кызымды мындан 1 ай мурун ата-энеме тааныштырган элем. Досторумдун баары сүйгөн кызымды таанышат. Ал мага эмнегедир көңүлү калгандай мамиле жасап жатат. Мен эми ал кыз менен мамилени кантип мурункудай абалга салсам болот? Эгер ал мени таштап кетсечи, анда мен эмне кылуум керек? Мен досторумдун кеңеш берүүсүн күтөм. 0779740961
ОП-175-88. Биздин сүйүктүү атабыз Уланбекти 2-июль туулган күнү менен куттуктайбыз. Сизге дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайбыз. Уулуңуз Адахан, өмүрлүк жубайыңыз Айтурган.
ОП-175-89. Керемет, Алина эжелер, мен силерди сыйлайм. Бактылуу болгула. Каныкей 95
ОП-175-91. Достор, келгиле, "Обондун" катарына кошулгула! Каныкей 95
ОП-175-92. Бабник 94, СМСти токтотпо, абдан жакшы жазат экенсиң. Каныкей 95
ОП-175-93. Келе жаткан Назира эжемдин туулган күнү менен куттуктайм! Ага чың ден соолук каалайм. Бар болуңуз, аман болуп, бай болуңуз. Зарина
ОП-175-94. Ар бир инсан өз тилин коргоого укуктуу. Акыл байке, окуп кой. NurBabу 94
ОП-175-95. Эрмек Нурбаев, сиз аябай таланттуу инсансыз. Сиз менен биз сыймыктанабыз жана урматтайбыз. Сизди жакшы көрөм! 0779019ххх
ОП-175-96. А паке, мен сиздин коргоочуңузмун жана периштеңизмин. Мен сизди эч нерсеге алмашпайм, апаке, мага ишениңиз. Бабник 94
ОП-175-97. Намысынан кетип кыргыз кыздары, майда жана эрксиз болуп уулдары, улууларда уят, намыс жоголуп, кыргызымда адамгерчилик кыйрады. Жибектей керилген жаш сулууларды оюнчук кылды атасындай эркектер.Алардын да уул-кыздары бар эле го. Мейли эми, кудай тараза, кудай бар. Бабник 94
ОП-175-98. Салам, Кызыл-Кыя! Баамдан Алтынай, Гүлү, Айзат, Угуш, Алыштан Ася, Гүлназик, Ибрагим, Ыдырык - силерге чоң салам! Гули
ОП-175-99. ОП-17-172 абоненти, Назгүл Насиева тууралуу эч нерсе билбей эле, такталбаган ушак сөздөрдү жаза бербе да. Назгүл эжени мына мен абдан жакшы тааныйм. Мен сенин сөздөрүңө таптакыр кошулбайм. Адам менен сүйлөшкөндө гана анын кандай экенин билесиң. А Назгүл эже чыныгы мыкты инсан. Андай иштерди биздин кээ бир саясатчылар да кыла элек, керек болсо. Сөздү сүйлөөрдөн мурун тактап алгыла, адамды жөндөн-жөн эле каралай бергенге болбойт. 0700423ххх.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??