п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

"Жакында ырдап чыгабыз"
Учурда юморду өнүктүрүп, элге күлкү гана тартуулап, көптөгөн күйөрмандырын топтоп, Ак-Өргө конушунун намысын коргоп келе жатышкан таланттуу "ТамаШОУ" лигасындагы эң мыкты команда "Ак-Өргө city" бизде конокто. Тактап айтканда, "Керемет көчтөгү" Актан менен Акылайды катыра аткарышкан Эмил менен Самат сиздер менен сырларын бөлүшөт.

- Силердей тамашакөй балдардын сахнадан бир нерсени туура эмес жасап алган учурлары болду беле?
Самат: - Бир жолу мен тамашаны алмаштырып жибергем. Негизи, эң аягында эң күчтүү тамашаны коёбуз да. Жакшы тамашаны орто ченинен баштап салгам. Бирок эч кимге билгизбей, балдарым оңдоп кетишкен. Анан бүткөндөн кийин аябай урушушкан. Ага карабай ошол күнү жеңгенбиз.
Эмил: - Быйыл 27-28-апрелде концерт койдук. 27-апрель менин туулган күнүм болуп, досторум менен майрамдап уктабай калгам. 28инде оюн болмок. Оюнга келсем, Эрмек Нурбаевдер даяр болгон тамашаларды текшерип жатыптыр. Мен болсо уйкум келип….
Самат: - Сахнага чыгардын алдында тамашалардын баарын Эрмек байкелер текшерип чыгышат да. Анан карасак эле бул жок. Эрмек байке тапшырмаларыңарды көрсөткүлө деп чакырып жатат. 1 саат болду таппайбыз. Телефон чалып жатабыз, 2 саат болуп калды, жок. Ошол имараттын ичинде бир караңгы жер бар болчу. Ал жерден өтүп бара жатсам, бирөө коңурук тартып уктап жатат. Барсам эле Эмил. Көрсө, уйкусу келип, уктап калыптыр да. Ага чейин даярданып, дагы көпкө уктаган эмеспиз.
- Ал эми сөздөрүн унутуп, такалып калган учурларчы?
Самат: - Андай учурлар дагы болот. Бирок биздин команданын тартиби өтө татаал. Бир сөздү унутуп калдыңбы, сахнадан элге уят болгонуңду ойлонбойсуң, сахнанын артында балдар эми урушат деп коркосуң.
Эмил: - Бизге башка команданын балдары айта беришет. Биздин команданын тартиби дагы "Ак- Өргөнүкүндөй" болсо, биз деле чемпион болмокпуз деп. Алар даярданарда бири-бирин чогулта алышпай, "сен каяктасың, келбейсиңби?"- деп чалышып, эптеп табышат. Ал эми биздики болсо "армейский" да. Саат төрттө дедикпи, кечикмей жок. Эгер кечиксе, 5 мүнөт гана уруксат. Биз менен Кубаныч деген "KG 77" командасындагы бала келип даярданып жүргөн. Финал бүткөндөн кийин балдарга барып айтып жатпайбы. "Ак- Өргө" менен репетиция кылсаң, бир жолу кечиксең эртеси күнү кечиккиң келбейт",- деп. Чынында эле бирөө кечиксе, бир саат урушабыз да. Бизди Эрмек байкелер ушинтип тарбиялаган.
- Бири-бириңерден тамаша уурдаган учурлар болду беле? Мисалы, даярданууларына барып калп эле карап дегендей….
Эмил: - Жок, андай болбойт. Болгону окшош болуп калгандар болгон.
Самат: - Бизде андай тартип жок жана антип тарбияланган эмеспиз. Уят керек го. А эгер окшош болуп калса, кимисиники күлкүлүү, кимиси көбүрөөк ошол тамашанын үстүндө иштеп чыкканын териштирип туруп, чечип алабыз. Эгер экөө тең бирдей болсо, анда Эрмек байкелер чечет.
- Калыстар тобунан кимден чочулап, сүрүнөн коркосуңар?
Эмил: - Тата Уландан коркобуз. Тамашаларды кылдаттык менен акырын көрсөтпөсөң, ал баарына көңүл буруп отурат да. Биз бардык калыстар тобун сыйлайбыз. Себеби, баары өз алдынча милдетин так аткарышат. Бирөөнүн көзүн карап баалабайт. Мисалы, башка КВНдерде акчага сатылган калыстар көп эле кездешип жүрөт.
Самат: - Биз, тамашоучулар менен калыстар тобу, бирдей өсүп келе жатабыз.
Эмил: - Алар 3 жылдан бери кайсыл тамашага күлүш керек, кайсыга күлбөш керек экенин билип калышты. Кайсыл туура, кайсыл туура эмес экенин бат эле аныктап коюшат.
- Ар бир тамашаларыңарга "Керемет көчтөгү" Актан менен Акылайды кошосуңар, эмне себептин?
Санжар: - Бул биздин образ болуп калды.
Эмил: - Фишка десек болот.
Санжар: Элдин талабы, көп суранышат жана жагат. Эгер жакса, анда жакшы тамаша, аны дагы коюп бериш керек.
- Эл тажап калат деп чочулабайсыңарбы?
Самат: - Элди тажаткыдай кыла элекпиз. Анткени, ар бир тамашабызда ар кандай өзгөчөлүктөр болуп жатат.
Эмил: - Мисалы, бүгүн ал тамашаны койдук. Элге жагып, эл күлдү. Анда кийинки тамашага дагы аларды кошуп, бирок сапаты жагынан тигил тамашадан 10 пайыз күлкүлүү болуш керек. Эл тажап калбаш үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүбүздү жумшап жатабыз.
- Ар бир ишти аткарарда биринчи финансы маселесине келип такалат эмеспизби. Ошол жагынан колдоо көрсөткөн адамдар барбы?
Эмил: - Ошолор жөнүндө айта кетеличи. Бизге колдоо көрсөтүп келе жаткан "Ак-Өргөдө" улуту татар Володя деген байке бар. Аябай патриот, кыргызча жакшы сүйлөйт. Ысык-Көлгө кетерде дагы аябай көп суммадагы акча берип: "Балдар, жакшы эс алып келгиле",- деп узатты. Андан тышкары, Садыгалиева Лариса деген эже бар. Ал дагы бизди колдоп, колдон келген жардамын берип жүрөт. Аларга ыраазыбыз. Негизи, ушул убакка чейин 3-4 жолу "Ак-Өргөнүн" айыл өкмөтүнө кайрылганбыз. Чынын айтыш керек, жардам бербей койду. Айтпай койгонго болбойт. Ов, ай, жеңилдеп калдым. (Күлдү)
Санжар: - Жардам бербей койду деп туруп ыйлап жибербейсиңби? (Күлдү)
Эмил: - Биз аябай нааразыбыз. (Ыйлап келейинчи деп басып кетти).
- Нааразыбыз деп айталыбы? Нааразымын десем, мен жалгыз таяк жеп каламбы? (Күлдү).
Самат: - Нааразыбыз. Чогуу таяк жейличи, ээ.
- Эрмек Нурбаев жетектеген "ТамаШОУну" сезондорго бөлүп концерт берип келесиңер. Концерттен түшкөн акчадан Эрмек Нурбаев силерге бөлүшөбү?
Самат: - Эми ар бир концерттин өзүнүн чыгымдары бар, түйшүгү көп. Мындай суроону элден көп эле угабыз. Ар бирине түшүндүрүп айтып берип келебиз. Бул дагы эми биздин башыбыздан өтөт го. Анткени, жакында өзүбүз жеке концерт бергени жатабыз. Андай деле эл ойлогондой концерттен акча түшпөйт. Ал эми жеке иштерибиз болсо Эрмек байкеге кайрылабыз, чечип берет.
Эмил: - Бул өзүбүз үчүн PR. Өзүбүздү элге таанылтып, атыбыз чыгып жатат.
Самат: - КВНде акча табуу үчүн эмес, өзүңдүн кызыкчылыгың үчүн ойнойсуң да.
Эмил: - Кээ бир адамдар: "Дос, сен тамаша ойногонуң үчүн акча беришеби?"- деп сурашат. "Жок, бербейт"- десем, "анда эмнеге жүрөсүң, ойнобой эле кой да",- дешет. Биз үчүн акча табуунун башка деле жолдору бар. Мисалы, тойлорго тамада болуп жүрөбүз.
- Бир тамашаны канча жолу эл алдына тартуулагандан кийин эскирип калды деп жарактан чыгарасыңар?
Самат: - Эми ал өзү эле билинип калат. Мисалы, бир тамашаны ойноп жүрөсүң, анын артынан тамашалар чыга берет, тигил артта калып чыкпай калат.
Эмил: - Тамашанын өзүнүн баркынан дагы болот. Кыска-кыска элди уктатпаган тамашалар көп жашайт.
Келсин Мурадил кызы







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??