п»ї

  Күүгүмдөгү сырдашуу

Бул актёрду көргөндө Эмил Балтагуловдун "Ичпечи, апа" клибиндеги жигит эсиме түшөт. Кандай роль болбосун, майын чыгара жеткиликтүү аткарып, элдин алкышына татый турган талант.
"Баңгизаттын айынан апамды зордуктаганга чейин баргам…"
- "Мен дүйнөнү апакемдин көйнөгүнөн тааныгам" демекчи, балалык баёо кезиңизди эстесеңиз?
- Ар бир баланын дээринде талант болсо, ошону андан ары өөрчүтүүгө жаш кезден баштап умтула баштайт экен. Балалык кыялым ишке ашты десем да болчудай. Ошол учурда кыргыз тасмаларын бүт дитим менен берилип көрүп, залкар инсан Сүймөнкул Чокморовдой актёр болгум келчү. Алгач "Туңгуч" театрына келсем, Асылбек Өзүбеков менен Жамал Сейдакматова:"Сенде чоң талант бар экен, театрда окушуң керек",-деди. Жаркын Балыкбаева мени ээрчитип келип, Токтоболот Абдымомунов атындагы Улуттук Кыргыз драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайда окуп калдым. Андан соң, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство Институтун аяктадым. Негизи, жараткан тартуулаган талантты аздектеп кармап калуу да кыйын нерсе. Атак-даңкты көтөрө билүү өтө жоопкерчиликти талап кылат экен.
- Кайсы каармандардан улам ийгилик сиз тарапка жылмайды?
- Драматург Мар Байжиевдин "Узак сапардагы поезд" пьесасын койгон режиссёр КРнын Эл артисти Алмаз Сарлыкбеков эле. Мен жаш лейтенанттын образын ачып бергем. Андан соң Эгемберди Бекболиевдин "Тагдыр" спектаклинен Жалкытайдын образын аткардым. Азыркы жаш балдарга стимул бере турган каарман да. Азыр көпчүлүгү баңгизат колдонушуп, жаман адатка ооп жатышпайбы, ошолордун актуалдык проблемасын козгогон спектакль болду. Менин атамдын образын КРнын Эл артисти Чоро Думанаев ойносо, апамды актриса Айсалкын Осмонова аткарган. Баңгизаттын, куураган кумардын айынан апамды зордуктаганга чейин баргам да. Ал эми КРнын Эмгек сиңирген артисти Шайыр Касымалиева бузуку аялдын образын жеткире ойноп берген.
- "Дем" театрында кандай иш жүрүп жатат?
- 2003-жылы Кыргыз драма театрынын алдында уюшулган "Дем" театр студиясы ачылган. Анан ар тараптуу талант ээлери чогулган. Негизи, мындай студия ачышты Марат Козукеев менен Назым Меңдибаиров 1997-жылы максат кылышкан экен. Буйруса, күзүндө "Дем" театры чоң шоу-концерт берүүгө бел байлап турган учуру.
- "Бышкан ашты жечү көп, тузу начар дечү көп" - дегендей, аткарган ролдоруңузга сын айткандар болгонбу?
- Мен профессионал актёр болгон соң, ушул убакка чейин менин дарегиме сын-пикир айткандарды кезиктире элекмин.
- Актёрдун дагы бир өзгөчөлүгү - анын үнү болуусу шарт. Үндү калыпка келтириш үчүн атайын машыгат белеңиз?
- Сөздөрдү так жана даана айтыш үчүн атайын сабак өтүшөт. Мени ушул даражага жеткирген КРнын Эмгек сиңирген артисти Турганбүбү Бообекованын эмгеги зор.
- "Көнгөн адат калбайт" дегендей, кайсы адатыңыздан арыла албайсыз?
- Уйкучулугумдан арыла албай жатам. Негизи, мен кеч уктайм. Мени дүйнөлүк жазуучулардын классика жанрындагы чыгармалары кызыктырат. Кээде жан дүйнөмдү жаңыртып, ыр чиймелемиш этип коём.
- Дүйнөнүн жарымын басып алган Чыңгызхан: "Мен азгырыктын башкасынын баарына туруктуумун",- деген экен. Сиз да сулуу бийкечтерди көргөндө, өзүңүздү кармана аласызбы же…?
- Китептин эки бети бар сыяктуу, ар бир адамдын оң жана сол тарабы болот. Терс жактарды азайтып, түз жашайлычы.
- "Эч кимге ооз ачпаган сыр сыр эмес, бирөөгө шыбыраган же четке бөлүп барып айткан сыр-жашыруун сыр экен. Сиз сырыңызды ким менен бөлүшөсүз?
- Сыр түпкү жана сырткы болот. Мен, негизи, сырга сараңмын. Оңой менен ички сырымды бирөөгө бөлүшпөймүн.
- Кыялыңыздагы ролуңуз?
- Уильям Шекспирдин "Гамлетин" ойногум келет. Себеби, бул улуу чыгарма.
- Аялзаттын ажары төгүлүп, ак көңүлү кармап турганда, акыл-эске кайылмын дешет мырзалар. Сиздин оюңуз?
- Сүйүү деген жүрөктү эзген оору турбайбы. Сүйүп калсаң айла канча, мейли күйгүнүң алоолонуп, бирок сүйгөнүңө жетпей калсаң, айла канча. Анын сыңарындай, бир сүйүү экинчисине окшошпойт. Сүйүп жашаган адамдар жаш бойдон калат.
- Даанышман ойчул Гоген: "Менин искусстводо айтканым чын",- деген экен. Сиздин да искусстводо өз мыйзамдарыңыз барбы?
- Азыр тасма тартуу оңой нерсе болуп калды. Кээ бир таанылбаган режиссёрлор көчөдөн кармап келип эле тартып жаткандай сезиле берет. Эмне үчүн профессионал актёрлорго кайрылышпайт. Ошондуктан, бизде саны бар, сапаты жок тасмалар жаандан кийин чыккан сөөлжандардай жайнап кетти. Профессионал актёр баары бир башкалардан бөлүнүп, мыкты адис бойдон кала берет.
- Чыныгы режиссёр мыкты актёр боло албайт, мыкты актёр чыгаан режиссёр боло алат дешет.Сиз да режиссёрлукка кызыгасызбы?
- Бул жашоодо өзүңдү-өзүң рамкага салган болбойт. Бир-бирине такыр дал келбеген кесиптер бар. Мисалы, доктор болуп туруп ырдаса болот. Ал эми доктор режиссёр болушуна күмөнүм бар. Театрдагы биздин кыраан режиссёрлорубуздун көпчүлүгү көзү өтүп кетти. Канткен күндө да уучубуз куру эмес экен, алардын жолун жолдогон режиссёрлорубуз Замир Сооронбаев, Эгемберди Бекболиев, Марат Козукеевдер бар. Режиссюранын да өзүнө тиешелүү мыйзамдары бар. Бир гана актёрлор менен гана иштешип тим болбостон, монтажды, оператордук жөндөмдү, гримдегенди билиши керек. Эмне себептен бизде кыргызча тасмалар тартылып жатат, бирок баары эле элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан тасма эмес. Бир эле режиссёрлук кесип менен чектелип калыштын себеби мына ушунда.
- Ошол тасмалар элге сиңимдүү болушу үчүн, балким, бизге киносынчылар керектир?
- Албетте, киносынчылардын бул жерде ролу чоң. Ошол атайын адистер бир тасманы ийне-жибине чейин талдап, ак-караны айырмалоочулар эмеспи. СССР учурунда ар бир тасма көркөм кеңештин сынынан өтчү экен. Ошол учурдагы тасмалар бекеринен кыргыз керемети деп аталбаган чыгар. Ал тасмалар бара-бара классикага айланып калганына журтубуз күбө. Азыркы убакта андай киносынчылар жокко эсе. Ушул мени аябай өкүндүрөт.
- Сизди көбүнчө "Ичпечи, апа" деген клиптен улам таанышат. Кандайча тартылып калдыңыз?
- Эмил Балтагулов менин досум болот. Анын сөзүн эки кылбай, бүт дитим менен аткарып бердим. Мен бул клипте жан дүйнөмдүн дараметин төгүп бергем.
- Сизди бөпөлөп чоңойткон ата-энеңиз тууралуу билсек?
- Алгач мени жарык дүйнөгө алып келген ата-энеме терең таазим этем. Ушул жашка жеткирип, элдин уулу болуп калганым үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Атам-Асылбек, апам-Гүлшара менин теңдешсиз жакындарым.
- Чыгармачыл инсандын жеке жашоосу кандай болду экен?
- Жаркылдаган жубайым-Зинаида менин өйдөдө-өбөк, ылдыйда-жөлөк жүрөгүмдүн ээси. Уулдарыбыз Рамзан жана Адилет-биздин сыймыгыбыз.
- Сизди өкүндүргөн нерсе?
- Бизде өнөр адамдарын анчейин баалашпаганы өкүндүрөт. Алыс барбай эле Казакстанды алалы, же Россияны алсак, ал жакта искусство жааттагыларды укмуш кадырлап-сыйлашат. Алар тасмага тартылса, гонорары жогорку деңгээлде төлөнөт экен. Жүрөгүмдү өйүткөнү маданият жаатындагы инсандардын айлык маянасы өтө төмөн. Ушул жагына жогорку жактагы мамлекет ишмерлери көз салып койсо.
Динара Асылбекова








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??