п»ї
 Таанышуу жарыясы


"Ата Журттан" К. Ташиев президенттикке аттанды
9-июль күнү Бишкектеги А. Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында, республиканын ар кайсы региондорунан шайланган миңдей делегаттын катышуусунда "Ата Журт" партиясынын кезектеги 7-курултайы болуп өттү. Курултайда сөз сүйлөгөн партия төрагасы Садыр Жапаров партиянын тарыхына токтолуп, буларды айтып берди: "Бүгүн биздин партиянын 7-курултайына күбө болуп олтурабыз. Биздин партиянын арбын добуш топтоп, жарышта биринчи болуп келишине партия лидерлеринин Түштүк коогалаңындагы баатырдыгы да салымын кошту деп эсептейм. Ошто улут аралык кагылышуу орун алган биринчи күндөн баштап "Ата Журттун" лидерлери жаңжалдын очогунда болушуп, аны токтотуунун камын көрүштү. Ошол учурда бийлик башындагы бир да адам Ошко басып барган жок. Мен, Камчыбек Ташиев жана Акматбек Келдибеков коогалаңдын биринчи күнүндө шашылыш Ошко учуп барып, абалды өз көзүбүз менен бааладык. Ошол замат Бишкекке келип, Убактылуу өкмөттөн токтоосуз чара көрүп, чатакты ырбап кете элегинде токтотуусун талап кылганбыз. Бирок, бийликтин аты эле бар экен. Түштүк коогалаңы бийликтин коркоктугунан, чечкинсиздигинен чыкты деп айтсак эч жаңылышкан болбойбуз. Согуш отун токтотууга биздин партиянын лидерлери чоң салым кошконун бүт кыргыз эли билет. Айрыкча, "Ата Журттун" түптөөчүлөрүнүн бири, партиялашыбыз Камчыбек Ташиевдин ошол оор күндөрдөгү эрдигин баса белгилеп кетким келет",- деди С.Жапаров. Андан тышкары, Садыр Жапаров сот реформасына токтолуп, андагы кээ бир маселелер тууралуу да сөз сүйлөдү. Курултай эң жогорку деңгээлде өттү десек болот. Жарыш сөзгө келген делегаттардан чыгып, өздөрүнүн сунуштарын, партияга болгон каалоо-тилектерин айтып жатышты. Ахматбек Келдибековго залдан: "Ата Журт" партиясы бөлүнүп жатабы? -деген мааниде келген суроого, "Биздин партия бөлүнгөн жок, биз мыйзамдын негизинде партиядан бир татыктуу талапкерди шайлайбыз. Калган депутаттар президенттик шайлоого барабы, жокпу алардын өздөрүнүн конституциялык укугу", - деп жооп берди. Ал эми Камчыбек Ташиев "Ата Журт" партиясынын ушул күнгө чейинки алып барып келген иштери тууралуу доклад окуп, бардык келген делегаттарга ыраазычылыгын билдирди. Курултайдын экинчи бөлүгү "Дасмия" ресторанында уланып, келген делегаттар даам сызып кайтышты. "Дасмияга" кыргыздын Эмгек сиңирген артисттери: А. Темиров, Р. Маматкулов, Ж. Бобкова, А. Нарбаева, Ч.Төрөбеков, жаш ырчылардан Айгерим Расул кызы ырдап, келген конокторго ыр майрам тартуулашты. Курултайдын соңунда "Ата Журт" партиясынан президенттикке көрсөтүлгөн депутат Камчыбек Ташиев эл үчүн жанын берүүгө даяр экенин билдирген убадасын берди.
"Бийлик элдин ишенимин актаган жок. Элдин турмушунда өзгөрүүлөр болбой жатканын моюнга алышыбыз керек. Парламенттик башкарууну киргизүү боюнча саясий эксперимент өз жемишин бербегенин баса белгилеп койгум келет. Мына ошонун натыйжасында бийлик институттары алсырап, иштебей калды. Борбордун буйруктары аймактарга жетпей калды", - дейт "Ата Журт" партиясынын бирдиктүү талапкери Камчыбек Ташиев. К. Ташиев көрсөтүлгөнү менен, партиянын башка төрт мүчөсү да шайлоого аттана турганы маалым болду. Алар бирок өздөрүнүн талапкерлигин партиянын атынан жылдырбастан, мыйзамдагы өзүн-өзү көрсөтүү укугунан пайдаланышмакчы.





Бекназаров кызматынан бошотулду
Азимбек Бекназаров мамлекет башчынын Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү жана президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Азимбек Бекназаров өзүнүн арызына ылайык кызматынан алынган.
Азимбек Бекназаров - БЭК партиясынын лидери. Ал 2005-2010-жылдардагы ыңкылаптардын жигердүү катышуучусу болгон. 2010-жылдын 7-апрелинен кийин ал убактылуу өкмөттүн сот жана прокуратура органдарын тескеген өкүлү болуп иштеген.

Эсептөө палатасынын кызматкери 5 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды
2011-жылы 9-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүү учурунда Бишкек шаарында 5 миң АКШ доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен 1970-жылы туулган Эсептөө палатасынын Д.М. аттуу кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет. УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин № 304 беренеси боюнча (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана № 313 беренеси (пара алуу) боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган кызматкер УКМКда камакка алынды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Б. Наргозуев губернатор мырзанын бетин кантип карайт?
Кызмат кумары адамдарды эмне гана жолдорго алпарбайт? Жалал-Абад губернаторлугуна экс - "акжолчу" депутат Бегалы Наргозуевдин тердеп-кургап чуркаганы, талапкерлигин өткөзүү үчүн атаандашы Азиз Турсунбаевдин дарегине тескери сөздөрдү айтканы тар чөйрөгө маалым болду (мисал келтиргенде не?). "Чуркагандыкы эмес, буюргандыкы" демекчи, А. Турсунбаев губернаторлук үчүн баш оорутпаса да, аны эл колдоп, Жалал-Абад облусуна көтөрүп алышты. Албетте, бул адамдын маңдайына жазылган оомат да! Ал эми Бегалы аканын жамандаган сөздөрүнө Азиз мырза жылмайып гана койгону эмнени билдирет? Жигиттин кенендигин, майда интригалардан бийик турарын айгинелейт. Эми Б. Наргозуев губернатор мырзанын бетин кантип карайт болду экен?.. - дейт Аламан.kg сайты.


"Ар-намыс" кайра талапкер тандайт
Партиянын IX курултайына катышкан 170 делегат Акылбек Жапаров менен Анарбек Калматовду президенттикке талапкер катары жылдырып, колго сала келгенде А. Калматов - 96, А. Жапаров - 72 добуш алды. Алгач көпчүлүк добушка ээ болгон Анарбек Калматов партиянын атынан бирдиктүү талапкер катары көрсөтүлмөй болгон. Акылбек Жапаров болсо өзүн-өзү көрсөтүү аркылуу президенттикке талапкерлигин коё тургандыгын жарыялаган. Кийинчерээк партиянын лидери Феликс Куловдун демилгеси менен добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды. Ф.Кулов алдыдагы 10 күндүн ичинде "Ар намыс" партиясы жаңы курултай өткөрүп, талапкер тандай тургандыгын билдирди.


Төлөбүбү төлөбөйт
Шоучу айымдардын Чубактын кунундай чубалган чыры дагы уланмай болду окшойт. Айчүрөк Иманалиева бизди, "Обон" гезитин сотко бериптир. Сыягы, Назгүл Насиева менен болгон кайым айтышууга чекитти сот аркылуу коймой болгон окшойт, же өзүнүн аброюна шек келтиргендиги үчүн айып төлөттүрүп, акчага маарып калайын деген ою барбы, азырынча билбейбиз?.. Бирок, биздин Төлөбүбүнүн төлөй турган ою жок, анткени, баарын "жаздырмайына" жаздырып алыптыр да… Свердлов райондук сотуна 19-июлга саат 11ге бизге чакыруу кагазы келиптир. Буюрса, 26-июлдагы "Обон" гезитинин жаңы санынан ушул окуя боюнча жана андан башка дагы Айчүрөк Иманалиева жөнүндө эң кызыктуу, мурда жазылбаган сенсациялуу маалыматтарды күтө бериңиз, окурман!


Бир бүркүм маалымат
Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаеванын Жарлыгына ылайык, Ералиев Нурлан Карымшакович Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынан акча-кредит саясаты жана финансылык мониторинг бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.
Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Акылбек Осмоналиев журналисттерге билдиргени боюнча, азыр Кыргызстанда 5 млн. 504 миң адам жашайт. Анын айтымында, элдин 34%ы шаарларда, калганы элет жеринде жашашат. 2009-жылкы эл каттоонун жыйынтыгы Кыргызстанда аялдар эркектерден эки эсе көптүк кыларын көргөзгөн.
Президент сотторго элдин ишенимин кайтаруу зарылдыгын билдирди. Мындай пикирин мамлекет башчы бүгүн Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушкан учурда билдирди. Ал сот системасы - бийликтин бир бутагы экенин белгилеп, сотторго элдин ишенимин кайтарууга мезгил келип жетти деп билдирди. Бул үчүн системага татыктуу жана чынчыл адамдар иштеп, алардын чыгарган чечимдери адилет жана мыйзамдуу болушу керек деп бекемдеген мамлекет башчы сот системасы тууралуу жаңы кабыл алынган мыйзамдар жана Конституция мурдагыдай процесстерге кийлигишүүгө мүмкүнчүлүк бербейт деп белгиледи.
Чүй прокурорун жана Кара-Балта мэрин кызматтан албоону талап кылышууда. Кара-Балтада шаардын экс-мэри Оомат Казакбаевди кызматында калтырууну жана аны кызматтан бошоткондорду жоопко тартуу өтүнүчү менен бүгүн анын жактоочулары Президент Роза Отунбаевага кайрылуу жолдошту. Ошондой эле бүгүн Чүй облусунун мурдагы прокурору Жунушалиевдин жактоочулары аны кызматында калтыруу талабы менен пикетке чыгышты. Митингге чыккандар менен Баш прокурор Аида Салянова жолугушту. Бул тууралуу "7-апрель" коомдук уюмунан "Азаттыкка" маалымдашты.
БШК күзүндө боло турган президенттик шайлоого көз салуучу эл аралык байкоочулардын ишмердигин, макамын жана ыйгарым укуктарын бекиткен чечим кабыл алды. Боршайкомдун бүгүнкү отурумунда президенттик шайлоого катышуучу талапкерлерден документтерди кабыл алып, текшерүүчү жумушчу топ жана аны түзүү шарттары да каралды. Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы маалымдады.




№3 колониядагы чатактын айынан 4 киши ооруканада
№3 колонияда бир нече кишинин пикир келишпестигинен чатак чыккан, ал өз убагында жөнгө салынган. Басма сөз катчысы бул окуяга байланыштуу кылмыш иши козголуп, күнөөлүү деп саналгандар убактылуу камоочу жайга киргизилгенин маалымдады. Ал эми жабырланган төрт киши түрмөнүн ооруканасына жаткырылган. Ушул тапта кырдаал толук көзөмөлгө алынып, түрмөнү кайтаруу күчөтүлдү, деп билдирди Жазык аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Жолдошбек Бусурманкулов. 10-июлда № 3 түрмөдө чатак чыгып, төрт киши катуу жабыркаган. Айрым серепчилер мындай чатак аталган түрмөдө бир нече жолу кайталанганын, бийлик тарабынан аны токтотуу аракеттери көрүлбөй жатканын айтышууда.


P.S. Маалымат интернет булактарынан алынды




Августта "Дөңгөлөк KG" кинокомедиясы
"Алыскы айылда болгон эле", " Директор же шаардык кызды ала качабыз", "Дөңгөлөк KG" деген аттардын айланасында, белгилүү куудулдар Келдибек Ниязов, Жамбыл Камчиев, Айылчы Орозалиев, ырчылардан Сайкал Садыбакасова жана башкалар катышкан кинокомедияны акырында жаратуучулар "Дөңгөлөк KG" деп атамай болушту. "Мурун маалымдагандай августтун башында, кудай буюрса, кинокомедиянын презентациясы өткөрүлүп, 11-августтан 31-августка чейин Бишкектеги Тарых музейинин кинозалында күнүнө бир сеанстан кечки саат 20.00, ал эми Ош шаарында 31-августтан баштап сентябрь айы ичи филармонияга жаңы кино күлкүсүн тартуулайбыз. Андан ары башка облус, райондорго да кино алпарабыз. Ошондой эле суроолор боюнча 1-августтан баштап 10-августка чейин "Жыйырманчы жаз" фильмибиз Бишкекте Тарых музейинде жана сентябрда Ош филармониясында көрсөтүлөт", - дейт "Алим Токторов продакшн" студиясынын жетекчиси.




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??