п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Курманбек Осмонов:
Жогорку Кеңештин депутаттарынын аксакалы Курманбек Осмонов менен кычык маек курдук.
"Элдин ырыскысына
кол салгандардын катарына кирбейм"
- Президенттикке сиз да ат салышканы жатасызбы?
- Ооба, ниет коюп президенттикке аттанайын деп атам.
- Президенттин иш алып баруусунда анын командасы чоң роль ойнойт эмеспи, өзүңүздүн командаңызга ишенесизби?
- Азырынча команда деп атоо кыйын. Ошентсе да элдин арасында жактоочуларым аз эмес. Бул президенттикке чейинки команда деп коёлу. Команда деген элден куралыш керек. Элдин арасынан кадыр-барктуу, сүйлөй турган сөзү, акыл көрөңгөсү бар адамдардан команда түзөбүз дагы, ал команданы бекемдейбиз. Ал эми президент болуп шайлангандан кийин, президент өзү иштеше турган кызматкерлер башка. Ал кийинки этапта.
- Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз? Канча балаңыз бар, алар эмне менен алектенишет?
- Эки уул, эки кызым бар. Балдарымдын баарысы чоңоюп, үйлөнүп-жайланышкан. Эң кичүү кызыбыз гана өзүбүз менен. Калгандары бала-бакыралуу, өздөрүнчө иштеп, өздөрүнчө жашашат. Жети неберенин бактылуу чоң атасымын.
- Эки уулуңуз бар экен, анан эмнеге балдарыңызды эмес, кызыңызды депутат кылдыңыз?
- Биринчиден, кызымды депутаттыкка мен көрсөткөнүм жок. "Ата Журт" партиясы тизмени каттоого берердин алдында партлидерлер:"Кыздардан болсо жакшы болот эле", - деп мага кайрылып калышты. Кызым тизмеде 78-болуп кирген. Каттоо мезгилинде 78-ден 28-кирип калып, квота боюнча өтүп калган жок. Кызым өзүнүн жаштар командасы менен жаштардын, студенттердин арасында, айрыкча, түштүк региону боюнча жигердүү, жакшы иштеди.
- Балдарыңызды жумушка орноштурууда сиздин жардамыңыз дайыма керек болобу, же буга окшогон маселелерди өздөрү чечишеби?
- Балдарым окууларын бүткөндөн кийин, өздөрү кесиби боюнча эң төмөнкү жумуштан баштап иштеп келе жатышат. Мен сот системасында көп жыл эмгектенген адаммын. Конституциялык сотто жетекчи болуп иштедим, райондук соттон баштап, Жогорку соттун төрагалыгына чейин жеттим. Ошондо бир эле балдарым эмес, башка туугандарымды дагы сот системасына жакындаткан эмесмин. Анткени, "Осмонов жетекчилик кызматынан пайдаланып, өзүнүн туугандарын жер-жерлерге отургузуп атат", - деп сөз болмокпуз. Ош шаардык сотуна төрага болуп дайындалганымда, аялым адвокат болчу. Аялымды адвокат катары сотко келип жүрсөң туура болбойт, кеп болобуз деп нотариуска которуп койгом.
- Азыр ар бир саясатчынын жубайынын жеке бизнеси бар. Сиздин байбичеңиздин чоң бизнеси болбосо да, кичи бизнеси болсо керек?
- Байбичем майда-чүйдө, аялга таандык иштер менен алек болуп отурат. Көбүнесе үйдө болот. Туш кийиз, кыргыздын оймо-чиймелери, кол өнөрчүлүк менен алектенет, кементай, чапандарды тиктирип, эскизин өзү чиет. Бирок бизнестин деңгээлинде эмес.
- Кыргыздын мыкты саясатчыларынын бирисиз, ушул даражага кантип жеттиңиз?
- Асмандан түшө калып эле саясатчы болуп калган жерим жок. Жөнөкөй кыргыз жигиттериндей эле мектепти бүткөндөн кийин иштеп жүрдүм. Андан кийин аскерге бардым. Аскерде кызмат өтөп келгенден кийин окууга өттүм, эл сыяктуу окудум. Эң төмөнкү баскычтардан баштап, акырындан өсүп келдим. Мен партиялык, советтик органдарда Совет доорунан баштап иштеп отуруп, карьерам өстү. Ал убакта адилеттүүлүк бар эле. Билимдүү адамдарга партия тараптан колдоо болуп турчу. Азыр, тилекке каршы, андай нерсе аз.
- Кызыңызды депутат кылыш үчүн 150 миң доллар берген экенсиз?
- Андай сурамак тургай, ал жөнүндө сөз да болгон эмес. Кызым боюнча чоң рекламалык материалдар чыккан эмес. Партиянын лидерлери жана өзүм боюнча, өзүбүз жаныбыздан акча төлөп, чоң плакаттарды жасатканбыз.
- Эмне үчүн кайра мандатын тапшырды, иштей албай койдубу, же Камчыбек Ташиев сизге да муштумун көрсөттүбү?
- Кызым университетти артыкчылык диплому менен бүткөн. Ошол учурда өзү окуган университетте конституциялык укук боюнча сабак берип, салык инспекциясында да иштеп аткан болчу. Кызым өзү ийгиликтүү. Аны билген үчүн партияга чакырышты да. Мандатын тапшырып атканда:"Мурдагы президенттин тушунда түзүлгөн үй-бүлөлүк кландык башкаруудан элдин көңүлү калды. Атамдын репутациясы, өзүмдүн репутациям депутаттык мандаттан кымбат", - деп партияга рахмат айтып, шайлоочуларга терең ыраазычылыгын билдирип, жаңы шайланган депутаттарга ийгилик каалап, мандатын тапшырды.
- Бакиевдин учурунда алардын үй-бүлөлүк коррупциясынын гүлдөп өсүшү үчүн ыңгайлуу мыйзамдарды сизди токуп берген дешет.
- Мен анда мыйзамчы болбосом, кандайча куруп бермек элем. Акаевдин убагында Жогорку соттун төрагасы болуп 2004-жылы шайлангам. Бакиев 2005-жылы мартта келди. Бакиевге болгон элдин үмүтү жана элдин ичинде менин да үмүтүм жакшы болчу. Бакиевдин мага болгон мамилесин өзүңөр билесиңер да. Эски парламент (анда спикер Текебаев болчу) мени кызматыман ала албай коюшту. Анан "Ак жол" парламентке келери менен мени Жогорку соттун төрагалыгынан мыйзамсыз жол менен, президенттин сунушу менен Жогорку Кеңеш кызматтан алган.
- Ош окуясында сизди жүздөгөн тонна унду өз чөнтөгүнөн чыгарып, Оштогу жабыр тарткандарга жеткирди дешет. Өмүр бою сот системасында иштесеңиз, ал акчаларды айлыгыңыздын эсебинен чогулткансызбы, же сиз дагы паракорлордун катарына киресизби?
- Ош окуясы болуп кетет деп биз күн мурунтан билген эмеспиз. Мен ошол Ош окуясы башталганда, 10-июнь түнү уктум. Тынч отура албай түнү менен эле машине менен чыгып кетип, эртеси саат 12де Ошто болдум. Ошол жерде кыргыз балдардын күйүп-бышып, күндүн ысыгында жанагындай коогалаңда, адамдар бири-бирин атып өлтүрүп аткан окуяга күбө болдум. Ошондой учурда колума курал алып согушууга чыкпасам дагы, элим үчүн эмне кыла алам деген ой кетти. Биринчи күнү Оштогу балдарга суудан башка эч нерсе жок, минералдык суу ташыдым. Кара-Суу ун комбинатына барсам, 5 тоннага чукул ун бар экен. Бишкектен балдарыма, кайнилериме айтып, 60 тонна ун алдырттым.
- Азыркы кыргыз саясатындагы аба ырайын өзгөртүүгө жөндөмдүү саналуу эки жүздөй саясатчылардын дээрлик көпчүлүгү мамлекеттик казынага кол салган, элдин акчасын уурдаган уурулар деген сөз бар эл ичинде. Буга сиздин көз карашыңыз кандай? Сиз алардын катарына кирбейсизби?
- Мен бул материалдык, экономикалык сферадан сыртта жүргөн кишимин. Дегеле, ушунча жыл партиялык, советтик, сот, юстиция органдарында иштедим, бирок экономикалык маселелерге терең кийлигишкен жерим жок. Мен дайыма юридикалык, укуктук маселелерди ж.б. саясий маселелерге кийлигишип жүргөн кишимин. Мен элдин байлыгына, элдин ырыскысына кол салгандардын катарына кирбейм. Андай иштерди жасаган да эмесмин. Мамлекеттик чиновниктер, саясатчылар элдин ырыскысына кол салгандарга көз карашым терс. Бирок, бардык нерсе далилдүү жана мыйзамдуу болушу шарт. Далили болбой туруп, божомолдоп туруп жегендердин арасында бул дагы, тиги дагы бар дей бергендин өзү туура эмес.
- Революциядан кийин мурда Бакиевдерге иштеген коррупциялык схемалар кайра эле бийликте турган кээ бир чоң чиновниктер үчүн иштеп жатат деген сөздөр бар. Эгер мындай болбосо, бюджетте тартыштык болбойт эле дешет кээ бир экономисттер.
- Мындай божомол бар. Экономикалык чөйрөгө кийлигишпейм, мен ал боюнча адис да эмесмин. Ал мурдатан түзүлгөн коррупциялык схема кайсы бир деңгээлде кайсы бир жерлерде болушу мүмкүн.
- "Ата Журт" партиясына киргенге чейин сиз Курмантай Абдиевди ээрчитип алып "Ата Мекен" партиясына барганыңызда, Дүйшөн Чотонов менен Өмүрбек Текебаев сиздерди: "Бакиевдин кошоматчыларын албайбыз", - деп "тээп" койгон дешет?
- Бакиевдердин кишилери же кошоматчылары деп четке каккан эмес. Мен Текебаевге конституциянын долбоору жазылып аткан учурда:"Конституция жазууга менин да пайдам тиет болуш керек, эгер мүмкүнчүлүгүң болсо карап көрбөйсүңбү, мен иштеп берейин", десем, "Конституциялык кеңешме түзүлүп калды, балдар жакшы эле иштеп атышат", - деди. Анын партиясына суранып кирип, алар тараптан Бакиевдин кишиси же кошоматчысы деп айткан учурлар болгон эмес. Бул жалган. Алар, тескерисинче, Бакиев мезгилинде Текебаев да, Чотонов дагы мени колдоп жүрүшкөн. Партиянын мүчөсү эмесмин, жеке гана мамилем бар. Дүйшөн Кара-Кулжалык өзүмдүн иним болот. А Өмүрбек Текебаевди илгертен бери эле тааныйм.
- "Ата Мекен" партиясы: "Соттордун айлыгын 500 доллар кылса, пара албай калат", - деп чыгышты. Сотторго акча жетишпегендиктен пара алышабы, же башка дагы себептери барбы?
- Жок, соттор бардык мамлекеттик орто звенодогу кызматкерлерден кем эмес алышат. Алардан жогору деле айлык алышат. Бул жерде комплекстүү чараларды көрүү абзел. Айлыгын көтөрүү менен маселе чечилип калбайт. Таза, тажрыйбалуу, билимдүү жакшы сапаттагы кадрларды тандоо зарыл. Баары адамдын факторунда болот. Соттордун иштөөсү үчүн жакшы шарттарды түзүшүбүз керек. Ал жерде көп жетишпестиктер, кемчиликтер бар. Ал соттордун начардыгынан эмес, экономикабыздын чабалдыгынан. Акча аз бөлүнөт. Мамлекеттин бийлик бутагы катары сот системасы колдоого муктаж.
- Көзү ачыктар келип төлгө тартып кетишет деген сөзүңүз бар. Президенттик шайлоодо ийгиликке жетишериңизди кабарлашкан жокпу?
- Жок, андайлар жок. Дегеле көзү ачыктарга дайыма төлгө тарттырган учурлар болбойт. Турмуштук жагдайларда бир жерде жолугушуп сүйлөшүп калган учурлар да болот. Алардын айткандарын чындык катары кабыл албайм, бирок четке деле какпайм.
- Акаевдин учурунда Жогорку Кеңеште Курманбек Осмонов "кошелёк" болчу деген сөздөр чындыкка жатабы?
- Бул бекер айтылган сөздөр. Бардык нерсе салыштырмалуу билинет. Акаев ким да, Бакиев ким эле? Бакиевдин фонунда Акаев апаппак, алтын киши болуп атпайбы.
- Курманбек Бакиев менен сиздин атыңыз окшош болуп атпайбы. Өткөндө, "Курманбек деген курман болду, өлдү деген маанини берди. Аты эле кара жолтой болчу", - деп жүрүштү эле. Атыңыздын айынан эл шайлабай коёт деп ойлобойсузбу?
- Бул дагы кыргыздын аты да. Курманбек деген кыргыздын чыгаан баатыры болгон. Курманбек деген атты алып жүргөндөр эмне азбы, толуп атпайбы. Журналисттердин, жазуучулардын, саясатчылардын арасында да көп. Мурдагы көзү өтүп кеткен адамдардын арасында дагы бар. Тигил ат жакшы, бул ат жаман деген болбойт. Биздин ата-энебиз азан айттырып койгон аты ушул экен. Бирок, менин билишимче, Бакиевди мурун Закиржан дечү экен. Кайдан жүрүп Курманбек болуп калганын билбейм. Анын аты коюлган мезгил менен менин атым коюлган мезгил бири-бирине дал келбейт. Бул жерде биздин жалпычылыгыбыз жок да.
Төлөбүбү Касымалиева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??