п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Адам баласы бул жарыкка келгенде жараткан ар кимибизге ар кандай тагдырды маңдайыбызга жазып коёт экен да. Ким ойлосун ушул турмушта тагдыры талкаланып, бактылуу күндөрдү артка калтырып, эмне кылсам болот деген гана ойдо жашап каларын. Биздин каарман Жылдыз дагы эч ойлобосо керек, жашоодо жаңылышып, чырмалышкан жиптей болуп калам деп.
"Сүйөм деп өлтүрүп алабы деп корком"
"Нурбек менен кафеде таанышкам"
Мен 1984-жылы Бишкекте төрөлгөм деп аңгемесин баштады каарманыбыз Жылдыз. Мектепте окуп жүргөндө ата-энем ажырашып кетишти. Үй-бүлөдө үйдүн эң улуусу мен болгондон кийин, менден кийинки төрт сиңдимди кароо, апама жардам берүү мойнума жүктөлдү. Үйдөгү түйшүк, акча табуу менен алектенип жүрүп, арадан бир жыл өттү. Анан күндөрдүн биринде биздин жумушка жаңы СБ келди деп кыздар айтып калышты. Ошентип, Нурбек менен таанышып калдым. Нурбекти бир көрүп эле жактырып калдым, анын бой-келбети, өзүн тыкан, таза алып жүрүшү, сүйлөгөнү мени арбап, Нурбекке болгон сезимим күндөн-күнгө күч алып жатты. Кызык күндөр, таттуу түндөрдү башыбыздан өткөрүп жүрдүк. Анан күндөрдүн биринде негедир жүрөгүм айланып, кускум келип кыйнала баштадым. Өзүмдүн кош бойлуу экенимди билип Нурбекке айтсам, ал: "Кантип алып барам, үйгө эмне деп айтам"- деген сыяктуу сөздөр чыгып, экөөбүз уруша баштадык. Ары талашып, бери талашып, акыры көшөгөгө кирип ак жоолук салынып, келин болуп калдым. Күндөр өтүп, ай күнүмө жетип кыздуу болдук. Арадан жылдар өтүп, дагы бир кыздуу болдук. Ошол күн такыр эсимден кетпейт. Мен төрөтканадан чыгар күнү Нурбекти аябай күттүм, бирок ал келген жок. Эмне кылар айламды таппай кайнагама чалып, менин чыгарып кетишин өтүндүм. Кайнагам абысыным менен келип, мени чыгарып кетишти. Дарбазаны ачып босогодон кирерим менен буттарым турган жеримде катып калды. Себеби, биз жаткан бөлмөнүн терезесинен бир келин чыгып бараткан эле. Кантип жетип барганымды билбейм, жаңы эле кармап, асылып баштаганда, Нурбек чыгып калып, мени кучактап алып кирип кетти. Жан дүйнөм ушунчалык жанчылып, жети өмүрүм жерге кирип кете жаздады.

"Бардык жинимди көз жаш менен чыгардым"
Бардык жинимди көз жаш менен чыгардым. Нурбек кечирим сурап, кайра мени жоошуткандын ордуна кийинип кетип калды. Ошо менен беш айга чейин келбей койду. Батирде жашачубуз, анан бир күнү келип алып кечирим сурап, кайра баарын башынан баштоону айтты. Кантсе да жакшы көрөм да, кайра кечирип, жаңы, жакшынакай жашоону элестетип, бардыгын унутуп жашай баштадым. Бирок бул бактылуу көз ирмемдер эки жумага да жеткен жок. Анткени, тиги келин кайра биздин жашоого пайда болду. Түнкүсүн өзү келип, көрүнгөндөн чакырта баштады. Ал келин Нурбектен улуу, колунда бар, күйөөсү жок бардар аял эле. Ал келген күнү Нурбек азыр келем деп чыгып кетип, келбей калган күндөрү көп болду. Бир күнү пайда болот да, үйгө тамак-аш, кыздарыма кийим, таттуу алып келип, колума акча карматып, "мен жумушка кеттим, келбейм",- деп кетип калып жүрдү. Анын баарын мен кийин билдим, тиги келиндин акчасына келген кийимдер, тамак-аш экенин. Аны мага Жаркын кийин өзү айтты. Мындай күндөрдөн тажап, кыйналып, чайналып кеттим, жөн эле ажырашып алууну чечип, кетип калдым.

"Эмне болгонун билбейм, Нурбекти эки жылдан кийин түрмөдөн кезиктирдим"
Бирок Нурбек артыман келип, "сенден кетпейм" деп жашап жүрдү. Дагы деле кеч эмес окшойт деген ой менен аны кайра кабыл алдым. Өзүбүзчө жашап, өз оокатыбызды кылып жүргөнбүз. Анан эле бир күнү кечинде Нурбектин досу келип, экөө сыртка чыгып кетти. Ал чыгып кетери менен мен да артынан чыксам Жаркындын машинасы турган экен. Нурбек барып түшүп жатканда, мен: "Токто" деп кыйкырсам, ал: "Үйгө кир",- деп кетип калды. Ошо менен эмне болгонун азыркыга чейин билбейм,ал эми Нурбекти эки жылдан кийин түрмөдө кезиктирдим. Күндөр улана берди, ал мезгилде мен шаардагы дүкөндөрдүн биринде иштечүмүн. Ошол жактан Санжар менен таанышып калдым. Санжардын мага кылган мамилеси, сөзүнө турган тактыгы абдан жагып калды. Санжар: "Аялым менен ажырашып кеткем, ал азыр Россияда, балдарым менде"- деп айтканынан, мен ал менен мамиле түзө баштагам. Башында баары ойдогудай, көңүлүм тынч, жакшынакай, таттуу күндөрдү өткөрүп жүрдүк. Билинбей арадан бир жыл өтүп, эмнегедир Санжар башкача боло баштады. "Тиги менен бул менен сүйлөшпө"- деп, бир жакка барып кечигип калсам, "сен бир жерде бирөө менен жүрөсүң" деп кызганып, курбу кыздарым менен сүйлөшсөм, "алар менен неге сүйлөшөсүң?"-деп кол көтөрчү болду. Болбогон эле нерселер үчүн чыр чыгарып, себеби жок эле кол көтөрүп жүрдү. Аябай чарчап, тажап да кеттим. Бирок мени коё бербей коркутуп, "сени өлтүрүп салам" деп жүрүп, арадан дагы үч жыл өтүп кетти. Анын ортосунда ал аялы менен ажырашпаганын билип: "Кой, жаша, үч балаң турат" десем, "сен башка бирөөнү таап алгансың" деп кайра мага кол көтөрүп, "ар шылтоону айтпа мага" деп, такыр күн көрсөтпөй, жашоомду тынч койбой азырга чейин келет. Аялы мен тууралуу билип, балдарын таштап кетип калган. Санжардын апасы мага телефон чалып: "Эмне кылганың, бир үй- бүлөнү бузуп, анын балдарын ойлодуңбу?"-деген сыяктуу көп сөздөрдү айтты. Санжарга: "Балдарыңа барчы, экөөбүздө такыр жашоо болбойт"- деп айтсам да болбой, кайра эле баягы тажатма сөздөрүн айтып, коркута баштайт.

"апасынын өлүмүнө мени күнөөлөйт"
Жаңы жылга эки күн калганда, Санжардын апасы кан басымы көтөрүлүп каза болду. Ал үчүн да мен күнөөлүү болуп калдым. "Сен үчүн менин апам каза болду",- деп мага асылып эле калды. Күнүгө уруш-талаш, бир күндө миң жолу телефон чалып, ар кайсыны сүйлөп: "Сен менин башымды айландырып алгансың" деп, башын мыжып эле отуруп калат. Бирдеме десем эле, өлтүрөм деп кирет. Чынын айтсам, Санжарды көргөнгө көзүм калбай калды, тажадым. Анын мага кылган мамилеси зөөкүрлөрдөн айырмасы жок. "Келбе, болду, өз алдыңча жаша" десем, ал: "Сен менин жашоомду талкалап, үй-бүлөмдү бузуп, апам сен үчүн өлдү. Сен анан мени таштап кеткени жатасыңбы? Мен сага тынч жашоо бербейм, өлтүрөм",- дейт. Бир жолу машинасында сүйлөшүп отуруп, ушул тууралуу сөз козгосом, жини келип мени жеп жиберчүдөй карап, унчукпастан машинаны айдап жөнөдү. Чоң Чүй каналына жеткенде: "Азыр ушул жерден сайылып өлөбүз" деп, болгон ылдамдыкта айдап жөнөгөндө, жалдырап ыйлап жибердим. Ушунчалык тажап кеттим, Санжардын сөздөрү мени кыйнап жиберди, кыздарымды ойлойм. Эмне кылып, канткенде кутулам билбейм. Сүйөм деп өлтүрүп алабы деп корком. Эмне кылсам болот? Канткенде кутулам, кеңеш бериңиздерчи?




Асыл Апасова, продюсер:
- Эмне деп айтарымды да билбейм калдым. Кандай кеңеш береримди да билбейм, ушундай да болобу? Ушунчалык чырмалышкан окуя экен. Менимче, сен өзүң күнөөлүүсүң. Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт да. Аял деген амалдуу болуш керек, үй-бүлөсү бар экенин билгенден кийин, башында эле токтотуп коюш керек болчу. Билбейм, кеңеш бере албайм.

Гүлнара Тойгонбаева, ырчы:
- Ар бир адам өз тагдырына өзү ээ, ошон үчүн сен өзүң чечишиң керек. Ал жигитиң кандайдыр бир психикалык оору менен ооруйт окшойт. Менимче, сага жагат ушундай жашоо, жакпаса кетип эле калмаксың. Бул сенин жашооң, жакшылап ойлонуп көр. Башка эч нерсе айта албайм.

Сыймык Бейшекеев, ырчы:
- Эми болор иш болуптур. Жакшылап ойлонуп, жети өлчөп, бир кесип көр, балким, ал жигит сени сүйгөнүнөн улам ушундай иштерге барып жаткан чыгар. Эркек деле жөн эле анча-мынча иштерге бара бербейт. Кайра-кайра жаңыла берген да болбойт. Баарын убакыт көрсөтөт, нике кыйдырып жашап көр. Мүмкүн, өз маалы менен калыбына келип калат.

Мээрим Мураталиева, ырчы, куудул.
- Ал жигит сенин талылуу жериңди билип алган. Аялы балдарын таштап кетип калса, аялына болгон өчүн сенден чыгарып жатат. Ал сени коркутуп, өмүр бою жашай алам деп ойлоп жатабы? Сага күчүм жетет деп эле басынта берген туура эмес. Жакшылап ойлонуп, туура чечим кабыл ал. Эки кызың бар экен, ошолорду бак. Жакшылап оку, же иште өзүң. Күйөө тууралуу ойлонбой эле койгонуң жакшы. Экөөңөрдө эч кандай жашоо болбойт,баары бир. Ошончолук көңүлүң калса, органга кайрыл.

Санжар Бердибеков, куудул:
- Ал эч нерсе кыла албайт, өлтүрөм десе өлтүрүп салат деп коркуп жатасыңбы? Адам өлтүргөн оңой бекен сага? Бул жигит башы менен бир жерди уруп алган го, оорулуу окшойт. Сабырдын түбү сары алтын дейт, сабырдуу болуп, жакшылап ойлонуп чеч.Кызганыч менен эч нерсеге жетпейт ал. Апасы каза болсо, аны ажал дейт, сен күнөөлүү эмессиң, ал кудайдын буйругу. Аны эмне кыласың, мени менен эле жүрүп алчы.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??