п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Интим-интервью

Бул мырзанын келишкен келбети, жүрөккө жалын ыргыткан жылдыздуулугу, тулку бойду өрттөгөн оттуу көз карашы, оюңду уурдаган сырдуу жылмаюусу айымдарды коргошундай куйкалап жиберет го, чиркин. Арийне, табият тартуулаган өзүн сүйдүрө билүүчү касиет бардык мырзалардын насибине туура келе бербейт. Ал эми ушул сапат Эрнест Бөрүбаевге ашыкчасы менен берилгенби же жокпу байкаштырып көрөлү.

"Бирөөсүн да сексуалдуу деп эсептебейм"
- Кызганыч сүйүүдөн чыгат дейт. Бирок сүйүүдөн чыккан күндө деле, ал кудум оттун күлү сымал. Отту оттон чыккан күл, сүйүүнү сүйүүдөн чыккан кызганыч өчүрөт. Сиздин оюңуз?
- Албетте, мен мындай философиялык ой-толгоого толугу менен кошулам. Кызганычтын жеткен чеги-амок деп аталган психологиялык жабыр тарткан оору. Чегинен ашкан да туура эмес. Бирок ошол эле учурда мусулмандар жубайын кызганбаса болбойт деген да түшүнүк бар. Сүйүктүүңдү кызганып коюш мыйзам ченемдүү нерсе, бирок аша чаппастан ошол сезим чеги менен болсо гана.
- Чыныгы сүйүү азыткыга окшош. Ал жөнүндө сөз кылат, бирок көргөндөр чанда дешет. Сиз үчүн сүйүү бул…?
- Сүйүү, чындыгында, азыткы деп ойлойм. Мырзалардын айласын алты кетирген айымдарды акылдан адаштырганга уста деп ойлойм. Ошол эле учурда ай чырайлуу кызды сүйүп калсаң, ал бийкеч сага сүйүү закымы болушу да толук мүмкүн. Ошондо гана өзүңө келип, анын ысык деми менен эриткен эриндери эч эсиңден кетпегендей сезим калтырат.
- Аялзатына көбүнчө эрининен эмес, алкымынан өпкөн майдай жагарын сексопатологдор далилдешиптир. Сиз өнөктөшүңүздү кантип элжиретесиз?
- Ал сүйүктүүмдүн кулагына гана шыбырачу сөздөр, андай жанга жагым сөздөрдү жумурай-журтка жарыялоонун кажети жок.
- Сизди көпчүлүгү актёр катары "Эркектер" тасмасынан улам жакшы таанып калышты. Эгер режиссёр эротика аралашкан эпизод сунуштаса, аткарар белеңиз?
- Мен таамай жооп берейин, андай үрөй учурткан эпизоддор кыргыздын менталитетине туура келбейт. Айрым режиссёрлорубуз мындай "ачык эротика" кадрлардан куру эмес. Алар мындан генийликти жаратып жатам дешсе жаңылышат. Себеби, элибиз мындайды кабыл алмак турсун, тескерисинче, көңүлү иренжийт. Мен андай эпизодго тартылбайт болчумун. Мен мусулман баласымын, алхамдуллилах.
- Атагы таш жарган тарыхый баатырлар ажарлуу айымдарды көргөндө алсыз болушат экен. Сиз оңой азгырыласызбы, же эркиңиз күчтүүбү?
- Эрким күчтүү деп да айтыш кыйын. "Кунаажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзбөйт" деп бекеринен айтпаган чыгар. Кумардуу көз-карашы менен назик жан азгырса, баш ийбешке айла барбы? Ал эми керектүү жерде жакшы эле акылымды башкарганга жараймын.
- Өнөктөшүңүздүн жыпар жытына көңүл бурасызбы же…?
- Ой тобо (күлүп), эми ар бир мырзанын табити ар кандай болот да. Мен тандаган сүйүктүүм кандай атыр себинбесин, мен алгач эликтей болгон узун буттарына көңүл бурам.
- "Айтпаңыз антип жүрөгүм ооруйт дебеңиз" сыяктуу ыр саптарындай жүрөгүңүздү ооруткан кызды сүрөттөп бериңизчи?
- Ал кыз биринчи кезекте ыймандуу, түгөйүн башкага алмашпаган, ата-энесин уят кылбаган, анан, албетте, сулуу кыз болушу керек.
- Шоу-бизнестеги айымдардан кимди сексуалдуу деп ойлойсуз?
- Мерген Турганды (тамаша). Бирөөсүн да сексуалдуу деп эсептебейм. Анткени, баары жасалма экени көрүнүп турат.
- Оо, сиздин айымдарыбызга болгон баамчылдыгыңыз көзгө атар мергенчидей го?
- Замбиректей.
- "Сулуулук дүйнөнү сактайт" деп коюшканы менен сулуулук дүйнөгө согуш ачат. Мисалы, "Троя" тасмасындагы Елена сулууну алалы. Ушул ойго кандай карайсыз?
- "Троя" тарыхый драма жанрындагы тасманы тарткан режиссёр Вольфганг Петерсендин болуп көрбөгөндөй эмгеги болуп кала берет. Бул тасманы мен гана эмес, тасманы терең түшүнгөндөр кайра-кайра көрүүдөн тажабайт чыгар.
- Өмүрүңүздө бир жолу гейлердин "Түнкү клубуна" баш багып көргөнсүзбү?
- Кускумду келтирбечи. Аларды көргөндө кадимкидей мазем качып, итиркейим келе берет. Бирок ойлоп кетем, чындап ошондой жаралгандар бар да. Негизи, ата-бабалардан бери "кыз текелер" болгон экен. Алар да кудайдын жаратып койгон пендеси да.
- Сүрөтчүлөр айымдын ажайып кооз бой-мүчөсүн кисти менен холстко түшүргөндү чыныгы искусство деп түшүнүшөт экен. Сиздин оюңузду билсек?
- Андай кылган күнөө болуп эсептелет, ким туура эмес иш кылса, акыретте жооп берери анык.




  Өзү менен өзү

Мирлан Кулбаев:
"Чиновниктерди уруштуруп, ошондон ырахат алам…"
Журналист журналист жөнүндө дегендей, кесиптештерге суроо узатпастан, жөн гана өзү менен өзүн сүйлөштүрүүнү эп көрдүк. Бүгүнкү коногубузга рубриканы тааныштырсак, бир аз чочулап, анан биздин сунушубузга көнгөнсүдү. Анда эмесе, НТС телеканалынын кабарчысы Мирлан Кулбаев өзү менен өзү кандай маектешерине назар салыңыздар.

Менин мүнөзүм кандай?
Айтканымдан кайтпаган өжөрлүгүм бар. Ачуум мурдумдун учунда, бат келип, ошол эле учурда бат таркайт. Өтө чукул кырдаал болуп калса, өзүмдү кармаганга аракет кылам. Мага келинчегим Назгүлдүн мүнөзү жагат. Акылдуу, оор басырыктуу, бардык нерсеге ойлонуп туруп кадам таштайт. Келинчегим: "Болбогон нерсеге нервиңди коротпочу"-деп калат. Андан сырткары, өтө эле берешенмин, боорукермин, тааныш-билиш адамдар жардам сурап келсе, колуман келген жардамымды аябаймын. Акыркы жеп жаткан нанымды да берип салам.
Мени ойлонткон көйгөй кайсы?
Акча-акча, бийлик-мансап деп жатып, нукура кыргыздын мүнөзү жоголуп баратат. Элим-жерим деген патриоттордун аз санда болуп жатышы кейитет. Калп эле эли-жери үчүн күйүп-бышып көкүрөк каккылаган патриоттордун саны күчөдү. Жумуштагы сапатым: оперативдүүлүктү баалайм. Ызы-чуунун үстүндө жүрөм. Көпчүлүк учурда чиновниктерди чабыштырып, ошондон рахат алам. Атка минерлердин былыгын жумурай журтка жарыялаган материалдарды көп жасайм. Жакындарым, досторум мен үчүн күйпөлөктөп: "Абайла, колу-бутуңду чаап кетпесин!"-дешет.
Иштин көзүн билгенге шашам
Үч жыл КТРдин казанында кайнадым. Алгач "Ала-Тоо" маалымат программасында, анан Эрнис Кыязов менен "Багыт" программасында бир жыл чогуу иштедик. 2009-жылдан бери НТС телеканалында эмгектенип келем. Азыр НТСте чоң өзгөрүүлөр болууда. Алсак, Кыргызстандын регионуна көрсөтүлө баштады. Учурда жаңы укук багытындагы долбоордун үстүндө иштеп жатам. "Ар кимди барып бир мактап, Арзымат ырчы боло албайм". Жетекчисинин койнуна кирип, аны мактап-жактап:"Урматтуу Баланча Баланчаевич, сиз дүйнөдөгү укмуш адамсыз",-деп кошомат кылгандарды жек көрөм.
Кимди жазалагым келет?
Чындыгында, кыргыздын кыздан бешбетер сыланып-сыйпаланган, селкилерден айырмасы жок мырзалары көбөйдү. Келинчегин базарга чык, акча таап кел деген мырзалар чекеден табылат. Үй иштерин кылып, дубалга чырт түкүрүп диванда чалкалап жаткан эркектерден иренжийм. Андай мырзанын барынан жогу жакшы эмеспи. Мен андай мырзанын намысынын жоктугу деп баалайм. "Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын" дегендей эле кеп да. Эркектин орду эшикте, аялдын орду үйдө болушу шарт.
Нукура кыргыз кыздар, кайдасыңар?
Мени көп нерселер ойлондурат. Алсак, азыркы жаштардын кыргыз адабиятына кайдыгер карап, улуу жазуучулардын чыгармаларын билбегени. Кыргыз кыздарынын ыйманынын жоктугу, эми баары деп айтыштан алысмын. Бирок басымдуу бөлүгү. Биз окуп жүргөн кезде кыздар 11-класстан баштап вино, тамеки деген балакетти таанып баштаса, азыркы муун 8-9-класстан тарта бузулду. Кылыктанып, обу жок кыткылыктап күлгөн кыздар көбөйдү. Ошондуктан, Тата Улан деген этно акын ырдагандай, ар бир бала өзүнүн эже-карындаштарына көңүл бурса. Мурда биздин убакта кичине болсо дагы ыйман бар эле. Азыркы кезде сойкулардын көбөйүп баратышы ойлондурат.


Динара Асылбекова








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??