п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Сыр маек

Шоу-бизнеске аралашканына аз убакыт болсо да, кино, ыр дүйнөсүнө сүңгүп кирип, аз убакыттын ичинде элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон кымча бел, сулуу кыз Айпери акыркы жаңылыктары менен бөлүштү.

Айпери
Калыкова:
"Жөн аткарбасаң, кубалап чыгам" деп урушту, сөктү"
"Азат Болотбек экөөбүз дуэт жаздырдык"
Учурда Кыргызстан Эл аралык Университетинин 3-курсун аяктап, практика өтөп жатам. Аны менен катар машыгуу залына барып, спорт менен машыгуудамын. Жакында эле Азат Болотбек экөөбүз дуэт жаздырдык, буйруса, радиолордон бир жуманын аралыгында уга аласыздар. Ошондой эле Кытайдан, Америкадан чакыруулар келип атат. Американын ар бир штатында спорт менен машыккан кыргыз балдар бар экен, алар команда түзүп футбол ойношот экен. Ошол футболдо өтүүчү концертке ырдап бергенге чакырып жатышат.
"Жаңы киного тартылууга чакырышты"
Акыркы тартылган кином "Жубайлар" тасмасы болду. Кинонун режиссёру Назым Меңдибаиров менин "Достор" тасмасына тартылып жүргөнүмдө аткарганымды көрүп: "Сенин билимиң жок болсо да, талантың бар, мен сени бир киного тартам",- деген. Арадан 2 жыл өтүп кинокомедияны тарта турган учур келгенде, башкы ролду мага берди, агайга ыраазычылыгымды билдирем. Себеби, профессионал актёрлордун арасына кошуп, мага ишенип башкы ролду ойнотконуна. Ишеничин актадым деген үмүттөмүн. Ал кинодо жаш келинчектин ролун аткардым. Мен үчүн профессионал актёрлор менен бир киного тартылуу чоң кубаныч болду, бир жагынан сыймыктандым. Кино чыккандан кийин, мени дагы киного тартууга чакырышты, ал кино күзүндө тартылат экен.
"Күйөөм бар, эки-үч айлык боюмда бар"
Киного тартылып жатканда, образга кирип бирөөнү сүйүш керек, же ыйлаш керек болот. "Досторго" тартыларда Султан, Акбар, Урматтардын бирөөсүн да тааныбайт элем. Ал кезде шоу-бизнеске биринчи жолу аралашып жаткам. Сценарийин окуп жүргөм, "Эртең менен сьемкага келгиле"-деди, барып сьемкага 20 мүнөт калганда Султан менен жаңы тааныштым да, экөөбүз сүйүшкөндөрдүн ролун аткарып баштадык. Башында бир аз уялып, андан кийин кадимкидей эле ойноп кеттим. "Жубайларда" бир аз кыйынчылыктар болду, себеби, бойдок болуп туруп турмушка чыккан келиндин ролун аткардым. Ал жерде күйөөм бар, эки-үч айлык боюмда бар. Мен турмуш кура элек болгондуктан, келиндин ролун аткарыш оор болду да. Башында атам дагы: "Кызым, сен турмушка чыга элек кыз болсон, анан кантип келиндин ролун аткарасың? Сага режиссёр ишенип жатат, ошол ролду аткара аласыңбы?"-деген. Мен: "Аткарам. Алдыма максат койдумбу, жетем",- дегем. Колдон келген аракетимди кылдым. Элге жакты деген ойдомун.
"Сүйүү болгондо деле уруш болот"
Киного тартылганда сюжеттеги ошол жашоону жашап өткөндөй болуп, таасирленесиң. Мисалы, "Жубайлар" тасмасынан таасир калтырган нерсе, үй-бүлөдө сүйүү дайыма биринчи орунда турушу керек, бизде азыр акчасына карап үй-бүлө кургандар көп, сүйүү деген жоголуп кетет дешет. Мен сүйүү жоголбойт деген ойдомун, сүйүү болбосо жашоо болбойт. Атам да айткан: "Кызым, колунда бар болобу, жок болобу, кандай адам болсо да акыл-эси, жашоого болгон көз-карашы, анан эң негизгиси экөөңөрдүн ортоңордо сүйүү болсо, ысык мамиле болсо, ошондо гана жашоодо болгон өйдө-ылдый нерселерге бир гана сүйүүңөр жардам берет. Сүйүү болгондо деле уруш болот, көбүнчө кызганычтан",- деп айткан.
"Режиссёр урушту, сөктү"
Кино аткарып жатканда Назира Жетигенова экөөбүз сүйлөшүп жаткан жерибиз бар эле. Ал келип мени сооротуп:"Ой, кой, чыдап жаша"-деп айтып жаткан, менин ыйлагым келип жаткан олуттуу жери эле. Ошол жеринен эмнегедир бири-бирибизди көрүп күлкүбүз келет, аткарып жатып күлүп жиберип 3-4 дубл өткөрүп жибердик. Анан режиссёр бутума чапты: "Айпери, жөн аткарбасаң кубалап чыгам",- деп урушту, сөктү. Күнүгө бир кийим кийип тартыласың, сөйкөңөн бери алмаштырбай. Күндүн башталышында келип аткарайын деп жатканда, сөйкөмү үйгө унутуп калыптырмын, ошондо канча сөгүш уктум. Ак-Өргөгө үйүмө барып алып келгенче режиссёр телефондон урушат, сөгөт, келгенде да сөгөт. Режиссёр шаштырып урушса, баарын унутуп коёсуң.
"Үнүм жок болсо, ырдап чыкпайт элем"
Мени айрымдар үнү жок деп айтышат, бирок менин үнүм жок болсо, ырдап чыкпайт болчумун. Колуман келеби ошону кылам, келбесе өзүмдү кыйнап аралашпайм. Ал эми үнү жок деп айткандар өзүлөрү кандай адамдар, музыкалык сабаты барбы, жокпу билбейм. Менин ырларым уккулуктуу, үнүмдө шире бар.Кудайга шүгүр, элге ырларым жагып жатат, күйөрмандарым бар, ырымды ырдап, чыгармачылыгымды уланта берем. Күйөрмандарым мени колдошот деп ойлойм. Элим үчүн иштей берем.
"Азыр жактырган
адамым бар"
Жигит жандай турган убагым келди. Мен деле сүйүүнүн даамын татып, бирөөнү жакшы көрүп, кол кармашып киного барып, чогуу эс алып, ата-энем менен тааныштырып жүргүм келет. Негизи эле, жаныңда ишенген бир адамың болсо, жардам керек болгондо колдоп турса жакшы го? Тилекке каршы, убактым жок болуп жатат. Азыр жактырган адамым бар, бирок ал менен мамилем жок.
Динара Чокоева







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??