п»ї

  Эненин эрке кызы

Малика:
Балалык чагынан сахнанын даамын татып, ырдап, бийлеп, окуп, баарына жетишкен суйкайган сулуу Малика бүгүн бизде конокто.
"Мен азыр бизнес ачууну гана ойлойм"
- Сахнадан алыстап кеттиң, учурда эмне менен алексиң?
- Негизинен, ыр жаздырып жатам, бирок эч кимге угуза элекмин. Мүмкүн, баарын чогултуп альбом чыгарып калармын. Шоу-бизнеске азырынча көңүл бурган жокмун. Азыр максатым карьера түзүү жана өзүмө таандык салон же дүкөн ачуу. Келерки жылы мектепти аяктасам, чет жерге барып билим алсамбы деген оюм бар.
- Жакында "Бишкек сулуусу" сынагынан жеңүүчү болуптурсуң, сынакка кандайча катышып калдың?
- "Интер-Альянс KG" компаниясы: "Сынак өткөрүп жатабыз, кааласаң катышып көр?"-деп сунуштап калышты. Башында анча көңүлдөнгөн жокмун. Себеби, "Кыргызстандын сулуусу", "Университеттин сулуусу" сынактары адилет өткөн эмес, анан бул сынакта да башкы орундар сатылат болуш керек деп ойлогом. Азыр көп сынактарда коррупция башкы ролду ойноп калды го? Катышкан кыздар көзүмчө эле: "Албетте, Акулованын кызы утат да",- дешип сүйлөшүп жатышты. Менин дагы эмне үчүн катышкым келбеди, себеби, кыздар менен мамилеме доо кетет, баары бир сөздөр айтылат деп билгем. Сынакка арнап атайын формаларды тиктирип, болгон аракетимди жумшадым, баарына калыстар, көрүүчүлөр күбө болду. Ал эми жеңүүчү болгонумду укканда, сүйүнгөнүмдөн өзүмдү жоготуп койдум. Чынын айтсам, жеңишке жетишем деп ойлогон эмесмин, утканга да, утулууга да даяр элем. Көпчүлүк мени сатып алды деп ойлошот, бирок андай эмес. Мага "Бишкектин сулуусу" болуштун кереги деле жок болчу, жеңишке жеткенден кийин эч кандай өзгөрүү деле жок, мурда кандай болсом ошондой элемин.
- Гран-приге татыктуу болгонуң үчүн, кандай сыйлыктар берилди?
- Лондонго бир айлык окууга, Ысык-Көлгө бир жумага эс алууга жолдомо. Америкада өтүүчү сынакка Кыргызстандын атынан катышам. Ошондой эле ар бир катышуучуга салон, такси, дүкөн ж.б.лардын кызматынан пайдаланууга 30 пайызга арзандатуучу карточка.
- Бий боюнча да сынакка катышып жүрдүң эле, жыйынтыгына нааразы болдуңбу?
- Бийге Ринат аттуу бала менен түгөй болуп катышкам, 3-орунду ээледик, себеби, ал сынак калыс өткөн жок. Адамдын жашы чоң роль ойнойт, ал жакка катышуучуларды туура эмес тандашкан. Мисалы, "Инстайлдын" директору менден бир топ эле жашка улуу айым болчу, андан сырткары, 60 жашка чыккан киши да катышты, аларга бизди теңештирип, бир сынакка катыштырышкандары калыстык эмес да. Мен жашмын, тез кыймылдайм дегендей. Жаштар менен улууларды таймаштырып, анан 1-2-орундарды улууларга берип коюп жатышпайбы? Гран-прини Айжан Газиевалар жеңип алышты, бирок мен алардын кандай бийлегендерин көргөн жокмун. "Эл тараза, эл сынчы" дегендей, сынактын аягында элдер калыс өтпөй калды деп нааразы болуп жатышты. Мактангандай болбоюн, бирок "Сен татыктуу болчусуң" -деп көпчүлүктөн уктум. 3-орун деле жаман эмес, мен үчүн биринчи кезекте катышуу болгон.
- Атаң Абдымалик Шерматов менен байланышып турасыңбы?
- Ооба, тез-тез чалып абалымды сурап турат. Бөлөк өсүп калгангабы, менде атама тартылуу жок, чалабы, чалбайбы-баары бир. Башкысы, жанымда апам болсо болду, мен апам менен чоңоюп калгам. Апам мен үчүн баарына даяр, баарын жасайт. Бийге, сулуулар сынагына катышканда, бардык костюмдарымды апам үч күн түнү бою уктабай, өз колу менен тигип берген. Бирок апам тиккен десем эч ким ишенбейт, апамдын колунан баары келет. Үйдөн эч жаны тынбайт, бардык ишти жасайт.
- Досторуңдун аталарын көргөндө, менин да атам болсо деген ой туулбайбы?
- Мага апам менен эле жашаган жагат. Кээде гана айрым курбуларымдын аталарын көрүп: "Эмнеге менин атам мындай эмес",- деген ой келет. Бирок анчалык деле өкүнбөйм, эң башкысы апам бар, ал мага дайыма колдоо көрсөтүп келет. Мени миллионердин кызындай багат, эркеси да менмин. Атамды жамандагандай болбоюн, чынын айтсам, ал алимент эмес, керек болсо окуума да акча төлөгөн эмес. Мени апам өзү гана багып чоңойтту. Канткен менен ал атам, жакшы көрөм, жарык дүйнөгө келишиме салымы бар, ага ыраазымын.
- Бир туугандарың менен катташып турасыңбы?
- Мээрим эжемди гана тааныйм, ал менен катташып турам. Экөөбүздү эки тамчы суудай окшошсуңар деп айтышат.
- Жайында кайда эс алганы жатасың?
- Ысык-Көлгө эле барам, июлдун аягына пландап жатам.
- Чоңоюп калыптырсың, жигиттер сөз айтып жатабы?
- Көчөдө баратсам тийишкен жигиттер бар, бирок мен аларды ойлобойм. Жигиттин мага кызыгы да жок. Мен азыр бизнес ачууну гана ойлойм. Өз алдымча болгонго 6 жашымдан көнгөм. Бирөөнүн көзүн карап, көз каранды болгонду жактырбайм. Менин курбу кызымдын эжеси 3-курсту аяктап калды, ошол апасына: "Мен окуудан чыктым, алып кетиңизчи?"-деп чалат. Мен антип апама айтканча, троллейбус менен эле кетип калмакмын. Мага андайлар жакпайт.
- Бизнес ачкың келет экен, акчага кызыгасыңбы?
- Менден улуу эжем турмушка чыгып кеткен. Азыркы убакта апамдын ишенген кызы мен болсом, анан иштебей олтуруп алсам, апамды ким багат? Апам кечке эле "кызымды багат элем" деп тытынып жүрө бермек беле? Акчага көп деле кызыкпайм, мага баары жетишет. Жөн гана апамдын ханышадай болуп: "Мага кызым кылып берет",- деп олтурушун каалайм. Ал мени кандай кылып бакса, мен да ошондой жооп кайтаргым келет. Мен азыр апама таянам, апам - дүйнөдөгү эң жакшы адам.
- Дээрлик көп сөздөрдү орус тилинде сүйлөйт экенсиң. Кыргызча сүйлөгөндү билбейсиңби?
- Мен орус бала бакчага баргам, орус класста окугам. Эсимде, 2-класска көчкөнүмдө такыр кыргыз тилинде сүйлөй албай калгам, апам урушуп жатып кайра үйрөткөн. Мен үйдөн апам менен кыргыз тилинде эле сүйлөшөм, эмнегедир башка жакка чыкканда эле сөз таппай калам. Апам: "Үйдөн жакшы эле сүйлөйсүң го",-деп урушат. Кыргызча сүйлөшкөн жагат, бирок өзүм канча патриот болсом да, анча сүйлөй албайм.
- Өзүң да элге таанылып калдың, ата-энең да белгилүү адамдар, курбуларыңдын жанында бой көтөрбөйсүңбү?
- Мен дайыма жөнөкөй жүрөм, жаныма БОМЖ келсе да сүйлөшүп тура берем, себеби, ал дагы адам. Эч бир адамды өзүңдөн төмөн көрбөш керек.
- Курбу кыздарыңдын саны арбын болсо керек?
- Жаныңдагы курбуң душманың деген чын. Мени ушул убакка чейин канча кыз капа кылып кетти. Азыр бирөө менен курбу болсом, биринчи апама көрсөтөм. Ал ошол кыздардын жакшысын тандап, мени туура жолго салат. Токмокто менин көп курбуларым бар, алар: "Малика, сен абдан жөнөкөй кызсың",- деп таң кала беришет. Анан көбүнчө өзүмдөн улуулар менен достошом.
- Мода кууп кийинесиңби?
- Апам эмнени сатып келсе, эмнени тигип берсе, ошону кием. Апамдын табити эң жакшы. Бардык мага арнап сатып келген кийимдери купулума толот.
- Отуз уулум болгончо, чалым болсун дегендей, апаң жалгыз, турмушка чык деп айтасыңбы?
- Мен турмушка чыгып кеткенден кийин, апамдын жалгыз калышын каалабайм. Бирок, тилекке каршы, апама татыктуу адам жок. Азыр көпчүлүк кыздар, балдарды ирээнжитип коюшкан да:"Акчасы, үйү, машинасы бар бекен?" -деп жатышып. Бирок байлыкка кызыккан туура эмес.

Динара Чокоева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??