п»ї
 Таанышуу жарыясы


"Денесине татуировка жасаткандар армияга кабыл алынбайбы?"
Татуировка деген термин мурда бизге анча тааныш эмес болсо, бүгүнкү күндө элге кеңири белгилүү болгон убагы. Эмесе, сиздерге татуировканын күңгөй-тескейи тууралуу маалымат бере кетсек.


Адамдын денесине сүрөт тартуу мурунку убактарда абдан эле өөн көрүнүп келген болсо, азыркы убакта бул нерсе модага айланып бара жатат. Татуировканын тарыхына кайрылсак, эң биринчи татуировка 6000 жыл мурда пайда болгон. Ал кезде татуировка сулуулук эле эмес, адамдын жашаган уруусундагы даражасына карап, көбүнчө баатырларга тартылган. Татуировканын кандай пайда болгону эч кимге белгисиз, бирден-бир себеби, аңчылардын денесиндеги тырыктарын билдирбөө үчүн денесине атайын сүрөттөрдү тарта башташкандан келип чыккан. Татуировканын түрүн практика жүзүндө дүйнөдөгү ак денелүү жана кара денелүү адамга тартып көрүшкөндө, ак денелүү адамдарга жарашып, ал эми кара денелүүлөрдүкү шрам сыяктуу көрүнгөн. Татуировканы Европада, Азияда жана түндүк-түштүк Америкада адам төрөлгөндөн өлгөнгө чейин тартышат.

Бир нече жылдан бери адамдардын денесине сүрөт тартып келген Марат аттуу мырза татуировка жөнүндө мындайча баяндап берди:
"кээ бирөөлөрдүн денеси шишип кетип кыйынчылык жаратат"
Татуировка убактылуу жана түбөлүктүү болуп экиге бөлүнөт. Түбөлүктүү татуировканы тартылгандан кийин кетирүүгө мүмкүн эмес. Баасы 120 доллардан өйдө. Ал эми убактылуусунун мөөнөтү ар кандай: жумалык, айлык жана жылдык болуп бөлүнөт. Кардарлар келип кандай размерде тарттыргылары келет, тандашат, ошого жараша тартабыз. Убактылуусу 100 сомдон өйдө. Кардарлар көбүнчө убактылуусун жасатышат. Кээ бирөөлөрдүн денеси ырбаак болуп шишип кетип кыйынчылыктарды жараткан убактар болот. Учурда денесине сүрөт тарттырууну каалагандардын саны арбын. Азыр Ысык-Көлгө барып иштеп келип жатам, эс алуучуларга татуировка тартып.


Тиляев Карим Санакулович, тери оорулар дарыгери:
"Бир ийне менен 14-15 адамга жасашат"
Татуировкага каршымын, себеби, татуировка аркылуу адамдын денесине ар кандай инфекциялар кирип, ырбап, түрдүү оорулар пайда болот. Азыр татуировка жасаткандар абдан көбөйүп бара жатканы өкүнүчтүү. Татуировка кылып жатканда тазалыкты сакташпайт, бир ийне менен 14-15 адамга жасашат, ошондон бири-бирине ар кандай инфекция өтөт. СПИД, сифилис, хламидиоз, грибок оорулары жугат жана тери ириңдеп кетет. Татуировка жасагандарды армияга алчу комиссия өткөрбөйт, алар армияга кабыл алынбайт.


Жоробай, Мусулмандар диний башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн кызматкери:
"Татуировка жасаткан адам
чоң күнөөгө батат"
Шариятта адамдын денесине так калтыруу арам деп эсептелинип, татуировка жасаткан адам чоң күнөөгө батат. Пайгамбардын хадисинде айтылган: "Алла Таала бул нерсеге тыюу салат жана денеге так калтыргандарга наалат айтат",- деген сөзү бар. Ошондуктан, татуировка жасатууга болбойт. Бирок адашып, билбестиктен чектирип алгандар бар, аларга алып салгыла деп айта албайбыз. Себеби, аны кетирүүгө мүмкүн эмес болсо керек. Ал адам шариятта татуировкага болбостугун, арам экендигин билбестиктен жасаган. Эми ал адам жасаган ишине өкүнүп, жаратканга тобо кылсын.
P.S. Адамдын денесине сүрөт тартуу шариятта да, медицинада да туура эмес нерсе экенин жогоруда тийиштүү адистер айтып өтүштү. Негизи эле жараткан ыроологон дене мүчөбүзгө өз колубуз менен так салбай, алты саныбыздын аман экенине шүгүр кылып жашасак туура болмок.





  Көрөңгө

"75 жашка келгенде колума калем кармап, чыгарма жазып калдым"
Редакциябызга Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, бир нече китептин автору Асек Урманбетов аттуу аксакал келип төмөнкүдөй маек куруп берди.

- Өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз?
- Учурда 89 жаштамын. 1941-жылкы согушка катышып, бир бутумдан айрылып келгениме 67 жыл болду. Кесибим боюнча бухгалтермин.
- Чыгармачылыкка качан аралашып, китеп жазып баштагансыз?
- Мурда чыгармачылык менен байланышым жок болчу, китеп жазып калам деген ой да болгон эмес. Биздин акындарды, керек болсо Алыкул Осмоновду тааныбачумун, кесибим башка болгон. Анан, кудай буйруп, 75 жашка келгенде колума калем кармап, чыгарма жазып калдым. Жалпы 5 китеп чыгардым:"Үзүлбөгөн үмүттөр", "Ысык-Көлүм ыйыгым", "Айланып келем шумкарым", "Өрт өчүргөн өмүр", анан акыркы китебим ушул "Адашкан жол" болду. "Өрт өчүргөн өмүр" деген китебим абдан жакшы чыккан, ал китептеги ырлар алтын фондго алынган. Максатым китептеримди элге жайылтуу. Азыркы убакта окугандар жакшы сөздөрүн айтып жатышат.
- Чыгарма жазып калышыңызга эмне түрткү болду?
- Мен көргөн жашоо-турмуштагы окуялар абдан кызыктырды.Негизи, көзүң менен көргөндү жазсаң, бул даана болот, ал эми укканды жазган бул болбогон нерсе деп эсептейм. Менин чыгармаларымда өзүмдүн көзүм менен көргөндөрүм жазылган. Башында ыр жазчумун, андан кийин новелла, повесть жаза баштадым.
- Китеп чыгарганга каражат жагынан ким жардам берди?
- Социалдык фонддо иштеген жигиттер чыгармачылыгымды колдоп жардам берип келишет. Өзүмдүн "Ак жол" деген коомдук фондум бар, ошол аркылуу китепти саткандан түшкөн акчалардан жетим-жесир, багар-көрөрү жокторго жардам берип келем. 21-майда кандын жыты кете электе Бишкектин төрт районунун элине 40 миң сомдук жардам бердим. Азыр да ушул акыркы китебимди сатсам, акчасын кайрымдуулук иштерге жумшайм.
- Согуштагы күндөрүңүздөн айта кетсеңиз?
- 1942-жылы барып, бир жыл Аскердик училищаны окуп, кенже лейтенант деген наам алып, 1943-жылдын май айында кан майданга кирдим. Согушта командир болуп, көп тапшырмаларды аткарып жүргөн убагымда эки бутума тең снайпердин огу тийип, оң бутумду талкалап, сол бутумдун жарым этин алып кеткен. Кудайга шүгүр, бир буттан айрылсам да, аман калгам.
- Согушка катышып көп кыйынчылыктарды көрүп, бир бутуңуздан да айрылыптырсыз, бирок келбетиңиз өзүңүздүн жашыңыздан бир топ жаш көрүнөт экен?
- Бул кудайдын берген касиетинен болсо керек деп ойлойм. Кээ бир адамдар: "Илгери жилигиңде май болсо керек",- деп айтат. Кайдагы жиликтеги май болот, мен бала кезимде нанга тойгон эмесмин. СССР жаңыдан турган кезинде кийим жок, тамак-аш, кант, чай жок. Аны алсак да талон менен алчубуз, аны дагы эгин айдап, бышканда тапшырсак, ошондо беришчү. Менин оюмча, жаш кезди жакшы кармаш керек, учурунда арак, шампан деген толтура болду. Райондо башкы бухгалтер болуп иштедим, дүкөнгө барсам сатуучулар айланайын деп бере беришет. Бирок мен азгырылган жокмун, ичсем жумуштан кийин азыраак ичип койчумун. Кээ бирлер аракка кирип кетип денеси ууланып арактан чыкпай калып, өзүнүн өмүрүн талкалап салды. Жаш курак арак ичүү үчүн эң коркунучтуу убак, ошондуктан, жаштарга айтарым арактан сактанышса.
- Карылыктын кыйынчылыктары байкала элекпи?
- Азыр менде кыйынчылык бар, жалгыз бут, көз көрбөй калды. Бирок мен чөгөлөп калган жокмун.Учурда менин милдетим-жаштарга баскан-турган, сүйлөгөн жагыман үлгү көрсөтүү. Силер кандай суроо берсеңер жооп берүүгө даяр болушум керек, ошондо мен улуулук парзымды аткарган болом. Азыр көп карылар бул касиетти билбейт, ачык кебин да айткандан коркушат. Мен "Айланып келем шумкарым" китебимде өзүмдүн айылымдагы элдин эмгегин жегендерди жазгам. Алар мага таарынышты, мен "таарынсаң таарын, чындыкты жаздым, анан эмнеге элдин эмгегин жейсиң, чын сөзүңөн калпыңар көп, элди жыргатабыз деп коюп, маңдай терин талап жеп кеттиңер"-десем, уялып калышты.
- Учурда кимдин колундасыз, канча балаңыз бар?
- Мага К.Бакиев президент кезинде Жал кичирайонунан үй берген. К. Бакиевдин деле жакшы жактары болгон, өзгөчө согуштун ардагерлерин жакшы сыйлап, жардамын аябачу. Согуш ардагерлерине К. Бакиев киргизген долбоор боюнча 3000 сом стипендия азыр да берилип жатат. Азыр ошол К. Бакиев берген үйдө небере кызым менен жашайм. Балдарымдын баары Бишкекте турушат, 3 уул, 3 кызым, 39 небере, чөбөрөм бар. Жалгыздык деген жаман экен, биринчи байбичем, балдарымдын энеси 1999-жылы дүйнөдөн өтүп кетти. Арадан 6 жыл өткөндөн кийин 2005-жылы Бишкектен согушка катышып келген байбиче алгам. Ал Г.Айтиев атындагы музейде Т. Усубалиевдин аялы менен 30 жыл иштеген. Ал да мендей болуп жалгыз жашачу экен, анан экөөбүз кудайдын буйругу менен баш кошуп калдык. Жакшы жашоодо жашадык, тилекке каршы, 2009-жылы дүйнөдөн өтүп кетип жалгыз калдым. Ошол жалгыз калып кыйналганымды билип
К. Бакиев үй берген.
Урматтуу окурман, эгерде Асек Урманбетовдун китептерин сатып алгыңыз келсе, (0312)695089, 0771 695089 телефондору аркылуу байланышсаңыздар болот.

Динара Чокоева







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??