п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Пайдалуу кеңештер

Ар бир эле мамиле куруп жүргөн жаштар өздөрүнүн түгөйүнүн оюн, каалоосун билүүгө умтулат. Сиздин түгөйүңүз ажарлуу, келбеттүү, тамашакөй, шайыр жана башка дейли. Бирок сиз билесизби, жакын адамыңыз төшөктө сизден эмнени каалаарын?

Эркектин оюн кантип билүүгө болот?

Биринчи каалоосу- көрүү
Албетте, сиз, татынакай айым, көрүүнү каалайсыз. Чындыгында, жөн эле карап эле койбостон, суктангыңыз келет: бою эки метрге жетип-жетпеген, чың денелүү, арыкчырай, келишимдүү келбетти, акактай аппак тиштерди, дегеле бардык жагымдуу эркекти карап турууга. Романтикалуу кече үчүн айымдар баардыгын унутуп коюшу мүмкүн, мындан артык эч нерсени билүүгө тийиш эместей болот. Ал эми эркектер дайыма билгиси келет. Кандай кыйынчылыктар бар?
Оорчулугу: Бул жерде, эркектин көрүү максаты күчтүүрөөк, сиздин назик өпкөнүңүзгө, жылуу сөздөрүңүзгө караганда. Мындайча айтканда, сиздин белиңизден имере бир секундга кучактап турганда эле, эркек оюнда сизге коктейл алып берип, стол астында тизелериңизден сылап, такси кармап, эшигин ачып берип, бут кийимин чечип, сизди чечинтип салып, дагы бир жолу сиз жылаңач кезиңизде түгөйүңүздү көбүрөөк дүүлүктүрөрүңүзгө ишенет. Болгон бардык роман бир секунддун ичинде анын көз алдына тартыла түшөт. Албетте, эркек бул маалда от менен жалын болуп турат. Ал эми айым болсо тамеки күйгүзүп бергенине рахмат айтып жаткан болот. Секс тууралуу айым ойлоп да койгон жок. Себеби, анын алдында дагы канча убакыт бар, өзү жөнүндө айтылган эротикалык мактоолор, дүүлүккөнгө жетишүү уктоочу бөлмөгө жеткенче.
Жолдору: Эркектер үчүн айымдын кумарлуу көздөрүнөн артык эч нерсе дүүлүктүрбөйт. Ал сиз менен жарыкты жандырып алып кумарга баткысы келеби? Чыныгы порнокино көргүсү келеби? Анда түгөйүңүздүн каалоосуна каршы турбаңыз. Түгөйүңүздү креслого отургузуп, бир бокал вино же кандайдыр бир жакшы көргөн ичимдигин берип, стол үстүнө шам жагып, чечинүү бийин бийлеп бериңиз. Стрип-клубдагы шарттай эле түгөйүңүздүн толук акысы бар сизди кармалаганга, эгер сиз уруксат берсеңиз. Бирок фитнес-клубдагы бий курстарына баргандан эринбеңиз. Бир чети ден соолугуңузга пайдалуу, ал эми, экинчиден, илгери айтылып келгендей, айымдын бийлегени сексуалдык жактан жакшы жардам берет. Этегинде сиз өзүңүздү секске даярдап алууга убактыңыз болот, ал эми түгөйүңүзгө эротикалык шоуго күбө болууга шарт түзүп бересиз.

Экинчи каалоо - туюу сезимине баш ийүү
Ден соолугу чың эркек дайыма сексти каалайт. Секс-анын биологиялык муктаждыгы. Айымдарга салыштырмалуу эркектерде гармондук өзгөрүүлөр жүрбөйт. Ошол себептен улам эркектер үчүн секс абадай эле керек.
Оорчулук: Чынында, айымдар өздөрү эркектердин сүйүү оюндарга болгон каалоосун бузуп коюшу мүмкүн. Бир нече күндөн кийин эркектин секске болгон каалоосу күч алат, ошол маалда эркек назик сөз, жылуу мамилени күтүүгө алы келбей калат, жакшы көргөн айымы даяр болгончо. Баардыгы кандайдыр бир убакыттын ичинде болуп кетет да, айым эч нерсени сезбей да, түшүнбөй да калат. Өзүн ыңгайсыз сезип, кечки тамак ичпей калган абалда калат. Ал эми эркек болсо ал тууралуу ойлонуп башын оорутпайт.
Жолдору: Эгер сиз секстен рахат алгыңыз келсе, анда сиз бат-баттан жыныстык катнашка барып туруңуз. Биринчиден,түгөйүңүз сизге көбүрөөк көңүл бөлүп, чыдамкай болот. Ал да сизди эркелетип, дүүлүктүрүп, төшөк кумарына дайындайт. Экинчиден, экөөңүздөрдө төшөк маселеси боюнча жаңы рефлекстер пайда болот. Сиз күнүнө үч маал тамак ичип көнүп калгансыз да,кечки тамак ичпей калсаңыз кандай болсо, секс менен да ошондой акыбалда каласыз.


Үчүнчү каалоо - бардык жагдайды өз колуңузга алуу
Кээде бизге эркектин психологиясына ылайык эместей туюлат. Бирок факт деген факт. Күндүз эркектер жумушта иштешет, сааттап шаардагы авто тыгында турушат, ал эми кечинде жөн эле үйдө эс алып жаткысы келет. Алар жөн эле жумуштан чарчап калып каалоосу жок болуп калбайт, болгону секске алсыз болуп калышат.
Оорчулугу: Ар бир айым жыныстык катнашты биринчи болуп эркек баштоосу керек деп ойлойт. Төшөк маселесин мойнуна алуу эркекке гана таандык деген түшүнүк айымдын мээсине суудай эле куюлган. Эгер эркек чарчаган болсочу? Ал төшөк кумарына батууга каршы эмес, бирок эч кандай каалоосу болбойт, сизди төшөктө эркелеткенге. "Өзү кылсын бардыгын" деген гана түшүнүк болот. Айым болсо күтүп жүрө берет, эркек баштасын деп. Мындай күтүү күндөп, жумалап, айлап кетиши мүмкүн.
Жолдору: Бардыгын өз колуңузга алыңыз! Балким, сизге ханышанын ролун ойногон жагып калат да, түгөйүңүз сизге өзгөчө ачылыш жасап жибериши мүмкүн.

Төртүнчү каалоо-айымга жагынуу
Бир жагынан караганда бул каалоо үстүдөгү айтылган бардык сөздөргө каршы чыккандай. Бирок андай эмес! Мисалы, сиз курсагыңыз ачканда кандай тамак болсо дагы жеп салууга даярсыз. Бирок сиз деле даамдуу тамак жасап, андан кийин десерт жегиңиз келет. Эркектер деле ошондой болушат. Анын жактырган айымына каалоосу пайда болору менен, ал бардык күчүн жумшайт. Күтүүсүз белектер, жагымдуу сөздөр. Ошонун баары сизге жагынуу максатында, анан албетте, төшөк маселеси да чоң роль ойнойт.
Оорчулугу: Эркек үчүн жакшы көргөн айымына максималдуу рахат тартуулоо, бул мина коюлган талаа сыяктуу, ар бир таштаган кадамын ойлонуп иштөөгө туура келет. Албетте, айымдын сексуалдуулугун ачуу үчүн өзүнүн ачкычы бар экенин эркектер жакшы билет.Анан өздөрүнчө ойлонушат, кандай кылса жакшы болот, же мурунку айымдарына эмне жакса, ошону кайталап коюшу да мүмкүн.
Жолдору: Айтыңыз ,кыйкырыңыз, түшүндүрүңүз. Коркутуп алам же жагымсыз болуп калат деп эч коркпоңуз. Баары бир сиздин сексуалдык өнөрүңүз эч кимди таң калтыра албайт. Деги эле түгөйүңүз өзгөчө бир нерсени каалап жүргөн, же иш жүзүндө кылып көргөн. Сиз анын төшөгүнө киргенден кийин, түгөйүңүз сиздин оюңузду толук аткарышы керек, сизге өзгөчө рахат тартуулоо үчүн.


Бешинчи каалоо- сүйүктүүсү болуу
Эркектердин потенциясы алардын эмоционалдык абалына карайт. Алар дагы жылуу мамилени, бирөөнү сүйүүнү же айым аларды сүйүшүн каалашат.
Оорчулугу- бир эмес эки. Биринчиси: күчтүү эркектер сүйүүнү жана сексти эки көз карашта карайт. Алар, албетте, өзгөдөн өзгөчөнү издешет. Мындан тышкары, жашоосунда секс канчалык көп болсо, алар ошончолук төшөктө тажрыйбалуубуз деп ойлошот. Экинчиси, көбүнчөсү айымдар толук эркектерге негедир эч кандай романтика, жылуу сезим керек эмес деп ойлошот. Жыйынтыгында, ден соолугу чың эркектин секске болгон каалоосу жоголот. Ошол себептен улам сүйүшкөндөрдүн потенциясы күчтүү. Жашырганда эмне, кээде айымдар эркектерди акыркы саркечтеги үтүк катары көргүсү келет. Эгер окшошпой калса, айым үчүн ал эркек жөн эле "басып жүргөн маймыл" атка конот.
Жолдору: Ар бир жасаган кадамыңызда, мамилеңизде абайлаңыз. Себеби, айым татынакай мүчөсү, чырайлуу келбети, же кийим кийгенде табиттүүлүгү менен гана чектелбестен, өзүнүн назик мамилеси менен да өзгөчөлөнөт. Белгилүү болгондой эле, эмоционалдык гармония акыры барып төшөккө алып келет.

Алия Ибраева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??