п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Достум, билгениңен биле элегиң көп!

АЙТМАТОВДУН АЙЫМДАРЫ
Жанызак басма
(АДАБИЙ ЧАЛЫШ МАЕК-РОМАН)

(Башы өткөн санда)
- Во! Мына мен да ошону айтып жатпайымбы?!
- ... анан эле бирөө чыга келсе: жогот муногу китепти, тээтиги фильмди курут, бул бузуп атат баарын! - деген сөз оозуңдан чыкпаш керек, эгер сен өзүңдүн моралдык бааңды билсең. Өзүң эмне кылганыңды билсең эмне үчүн сенин оозуңан чыгыш керек?! Унчукпа да андай нерсени! Кете берсин, чыга берсин мыйзам негизинде. Рас сен да моралдык жактан жанагыдай бирөө менен көңүлдөш болсоң, аны менен жүрдүң, турдуң, бастың - анан эле суудан таптаза болуп чыга келесиңби бирөөгө акыл үйрөтүп?! Анан сен келип туруп бирөөгө тыюу салсаң, бул анан накта бетпактык да! Чынында эле ошондой да. Сен унчукпай кой, андан көрө, генийлигиң өзүңдө болсун, мыктылыгың өзүң менен дегендей...
- Мага десең бир батальон катынды койнуңа батырып жата бер, бирок анда акыл үйрөтпө, коомдук иштерге баш бакпа дебейсиңби. Ошентсең сенин төшөгүң менен кимдин жумушу болмок эле...
- ... просто түшүнгүнүң: адамдын жашоосу ушундай, турмуш ушундай да, адам деген ошентет, тигинтет, минтет, аялынан тышкары дагы толтура.. Ии-и, өзү баштап ошентет да анан эле желегин көкөлөтө чыга келет, монахсың да бир паста, тиги, монастрдан жаңы эле түшүп келген, келип туруп айтасың: эй, токтоткула, бу эмне элдин баарын бузуп атасыңар?!... Ой, сенин ким экениңди көрүп туруп, анан билген адам сага кантип ишенет?! Мисалы, мен өмүрүмдө антип айтпайм, айта да албайм, айткым да келбейт, айтпайм дагы. Бу биринчиден. Экинчиден, бирөөнү окутпа. Жүрүш-турушка окутпа, айрыкча. Окутсаң башка бир нерсеге окут, башка практика деген бар. Эмне үчүн сен айтышың керек экен эй, минткиниң, жоготкунуң, талкалагының! - деп?..
- Менин атам белең, десең...
- ... болбойт да бу нерсе. Өзүңдүн ыйманыңды биринчи карап көр да, ыйман деңгээлиң кандай экенин. Анан ошол ыйманыңа жараша иш кылгының да. Андан башка окута турган нерселер жокпу? Кыргыздын мына азыркыдай бечара болуп жаткан нерселерин, ошолорду окутпайсыңбы, эй кыргыз, кокуй адам бол, аракет кыл, билим ал, оку, жантыгыңан жата бербей жанталаш, болбосо бирөөгө токочуңду алдырасың! - деп үйрөткөндүн ордуна,.. тиги фильмди көрсөтүп койсо баары бузулуп кетип калат экен да!.. Фильмди көрбөй эле кыйрап атышат кыргыздар, керек болсо. Окубай туруп эле. Кеп ошодо да, бу жанагы, орустарың жакшы айтат лицемер деп. Эки жүздүү дегениң да анчалык келбейт, лицемер деш керек. Мына, билесиң да, жанагы кимдин, Мольердин "Тартюфучу", ошондогу Тартюф лицемердин образы да. Ханжалар өзү диний адамдардай эле, окуган нерсеси бир бөлөк, жасаганы башка: антпегиле, таза болгула, минтпегиле, тигинтпегиле! А кылганы теңирден тескери. Мольердин кейипкери ошол да. Мындай адам бизге окутуучу боло алабы дейт..
- Во! Алигилер атагы даң салганы менен бизге окутуучу боло алабы?! Алиги "стакандагы" сууну ичирип салып, баарыбызды "бажалантып" жибереби же? Бу шаарды "Бишкек" дебей эле, "Бажакент" деп салалы биротоло...
- ... окутуучу боло албагандан кийин, дейт, эмне кереги бар, дейт андай адамдын? Бул өзү алмустактан келаткан нерсе, адамзаттын алдына эбактан коюлган маселе: өзүңдүн беделиңди бекемдей албай туруп, башкаларды кантесиң?!
- Мына биз, кыргыз, акыры бир күнү ушул маселеге кайрылышыбыз керек эле, ушул маселени ачык талкууга салышыбыз керек, акыры аптарыйкат, кур намыс деген сыяктуу бу кечүүдөн өтүшүбүз керек эле... Атак-наамына карабай, шашпай калчаганга үйрөнүш керек...
- Эми бир дегенде өтүп кеталбайсың да. Мындай ачык сөзгө биздин эл даяр эмес...
- Бирок акыры бир күнү башташ керек эле да...
- Баштасак баштайлы, түшүнсө да, туура түшүнүшөр бекен... Бу жолу Жаныш мени менен кошо чыкты сыртка. Дзержин бульвары менен төмөн бастык. Карыларыбыз отурат эс алып, арасында бирин-экин "генийлерин" да көрүп калгансыдым...
"ТӨРТӨӨЛӨП ТООГО ЧЫККАНБЫЗ"
(Таттыбүбүнүн жан курбусу, актриса Жаркын Балкыбаева менен маек)
- Бу жерде менден артык эч ким билбейт Таттыбүбүнү жакшы.
- Ошон үчүн айтып атам, мен сиз менен маектешейин деп..
- Анан жанагынын баары: Аселя айткан Чыңгыз Айтматов предлагал деп, и анан Мар Байжиев тээтиги тоого алпарган дегениң, анан Дыйканбаевди... Это все вранье, айланайын ай! Ай мындай бир, Таттыбүбү, болуптур эле дейли, сулуулугун чанып кетти, сулуулугун көтөрө албай калды, анан талантын көтөрө албай калды, элдин сыйын көтөрө албай калды, деп ушинтип айтып атышат да. Бирок мен буга каршымын. Не от того, что мен аны... защищать этким келген жок, ал мага муктаж эмес: Таттыбүбүдөй таза, Таттыбүбүдөй таланттуу, Таттыбүбүдөй адамгерчиликтүү, доверчивый, ушунчалык ишенген ар бир адамга, мен бир кишини көрө элекмин мына ушу жашка келгени. Таланты жагынан да, любой жагынан мындай адам, менимче, туулбайт го деп ойлойм...
(Автордон:
Урматтуу окурман! Айрым интервьюларды окуунун өзүнчө ыкмасы бар. Сөздөрдүн ула-ам күчөшү менен, маектин башында айтылгандары орто ченине жеткенде таптакыр башка нукта кетип калышы мүмкүн. Магнитофонду, айрыкча меникиндей калдайгандарын жандырганда сүйлөшүп жаткан адам алгач сөздөрүн кооздоп жасап, атайылап жакшы чыксын деп аракеттенет, ал үнү жазылып жатканын сезет да, анткени. Анан улам сөз кызыган сайын кайран "Электроника" азыраак эстен чыгып кетет да, маектеш адамдын ички көйгөйү оргуштап, айтылган сөздөр улам көбүрөөк чындык жыттана баштайт. Ушуларды эске алып, колуңдагы материалды шашпай калчап окусаң кадимкидей ырахатка батасың... Маяковский айтып өткөн тура: "Из тысячи тонн словесных руд"... деп)
- Мен ойлойм, балким, мен өтүп кеткенден кийин кылымдардан кийин туулуп калышы мүмкүн.
- Мунуңуз эң жакшы сөздөрдөн болду...
- А Чыңгыз Айтматов предлагать эткенин билбейм, бирок Таня айткан билерик подарить...
- Таняңыз ким?
- Тат... Таттыбүбүчү?! Ииэ, билерик подарить этти деп. Анысын да жоготуп койду. Сахнага кирип чыкканча билеригин алып кетишиптир. Менин көзүмчө это было. Билерик подарить эткен. А то что ал колун сурап... Нет, этого не было.
- Эми ошо, сиздин билишиңизче, алар канчалык мөөнөткө чейин жакшы мамиледе болушту? Болжолдоп көрсөк дегеним да жок дегенде...
- Мен анысын билбейм...
- Сүйлөшкөндүрсүз да...
- Мен анысын билбейм, себеби дегенде Таня... Мен ал кезде турмушка чыгып кеттим, Таня ошондо Имаш менен ажырашып кеткен...
- Ии-и, бу жетимиш канчанчы...

(Уландысы кийинки санда)





Айгүл ШАРШЕН
Бакыттын жылмайышы
(Башы өткөн санда)
- Мен дагы ачкамын, чыз-пыз жасадыңбы?
- Жо-ок, эчтеке калбаптыр.
- Ай-ий, жок бекен?
- Ооба, айлык тийгенче аз убакыт калбадыбы, чыдайбыз да.
- Кантип, менде бир аз тыйын бар, алып келе коёюнбу?
- Жолуңа калабы?
- Жетет.
- Анда алып келе кал, меники жолума эле турат, - деп эки кыз ынтымакташа курсак камын көрүп, бир аз тамак жасап, эми чайга отурганда коңшу бөлмөдөгү кыздардын бири баш бакты.
- Кыздар, силерди бирөө издеп келген.
- Качан, кимди издеп келди?
- Калысты.
- Ким экен?
- Атын билбейм, бирок бир жакшынакай жигит.
- Атын айткан жокпу?
- Жок, келгенине он күндөй болду.
- Ким болду экен? - деп Калыс Нуржанатты карады, ал ийинин куушурду.
- Макул, мойнума карыз кылбай айтып коёюн дегемин, - деп ал кыз кайра кетти.
- Он чакты күн болсо, ким болду экен?
- Мен кайдан билем, жигитиң жок беле?
- Ой, жок, мен Мирден мурун дегеле бирөө менен таанышкан эмесмин, анын келгенине төрт-беш күн эле болду да.
- Агаларың жок беле?
- Жо-ок.
- Кызык экен, ким болсо да келер.
- Келет чыгар, - деп Калыс дагы тим болду. Тамактанып отуруп сүйлөшүп, күлүп жатышты. Мындай кезде оюн-тамаша деген жаштыктын жакшы шааниси эмеспи. Таң аткандан кечке Калыс китеп таап алып окуй берет, окусам дегенде эки көзү төрт, бирок канткенде окуп аларын билбей башы маң. Арадан он чакты күн өтсө да Мирсаидден дайын болбой калды. "Кызык, сенсиз жашай албайм, сенсиз жашоомду элестете да албайм деген неме дайынсыз кетти го, адамга кантип ишенсе болот", - деп Калыс ойлоно баштады. Ой менен санааны жүктөнүп алып, китептин бетинен өзүнүн сүйгөнүн көрүп, мээсине эч нерсе кирбей жалгыз отурган. Эшик тыкылдаганын сезбей отура берген экен.
- Үйдө киши барбы? - деген үн угулду.
- Ким бул?
- Калыс деген кыз барбы? - дегенде Калыс тура калып, босогого жетти.
- Сиз кимсиз?
- Мени Кеңешбай аба жиберди эле, издеп жүрөм.
- Калыс деген мен, айта бериңиз.
- Бул сизге, кат менен акча.
- Рахмат, - деп Калыс кубанганынан көзүнө жаш тегерене туруп калды.
- Менин атым Калыбек, таанышып алалы, - деп жылмайды жигит. - Мен силердин тууганыңар болом.
- Жакшы, менин атымды билет экенсиз.
- Ооба, мен мединститутта экинчи курста окуйм.
- Жакшы.
- Жалгыз жашайсыңбы?
- Жо-ок, кыздар бар.
- Мындан ары тааныш болуп жүрөлү, ээ?
- Макул.
- Болуптур, мен барайын анда.
- Нан ооз тийиңизчи, - деп Калыс текчедеги нандан алып келип, ооз тийгизди. - Макул анда, жакшы барыңыз.
- Көрүшкөнчө, - деп Калыбек жылмая карап коюп жөнөп кетти. Калыс узата карап кала берди. "Тууган болсо мен жөнүндө билет тура, күлүп койгону эмнеси, мазактаганыбы?" - деп Калыбекти жек көрүп кетти. Колундагы конвертти ачып, катты алып окуду. "Кызым, ден-соолугуң кандай, окууң жакшыбы, кыйналган жоксуңбу? Биз сени калкалап кала албадык, айла канча, аман болсоң бүт унутасың, кудай бак берсе үй-бүлө күтөсүң. Бизди кечир, кызым, колубуздан келгенин берип ийдик. Аман жүр, айланайын, бетиңден өөп, атаң, апаң", - деп коюптур. "Муну дагы бирөөгө жаздырган экен", - деп ойлоп алды. Жыйырма беш сом экен, бул акча менен бир ай жашаса болот. "Байкуштарым, картайып калсаңар дагы мени ойлоносуңар, силердин колуңарда болгонумда ушул азапты тартмак эмесмин, ушундан көрө төрөлбөй же төрөлөрүм менен өлүп калсам эмне", - деп ойлонуп отуруп, ыйлап да алды. Иш башталгандан тартып шымалана ишке киришти.
- Мирсаидге эмне болду экен? - деп сурады бир күнү Нуржанат.
- Билбейм, ал жөнүндө ойлоого да убактым жок.
- Койчу, Калыс, айтпаганың менен сарсанаа болгонуң көрүнүп эле турат, бир нерсе болгон го, болбосо келмек.
- Унутчу аны, ишиңди кыл, - деп Калыс калп эле жайдарылана күлүп койду.
- Келип калса кубанганыңдан ыйлап иет чыгарсың.
- Болдучу, - деп тултуюп калды эле Нуржанат:
- Койдум эми, колуктунун курбусу болсом деп аябай эңседим эле, келип калар, - деди өзүнчө улутунуп.
- Ишти бүлдүрөсүң.
- Кечир, - деген Нуржанат Калысты карап жылмайып койду да, ийинин куушура ишине киришти. Кечке маал экөө ээрчишип жатаканага жөнөштү, жолдон Калыс майда-барат алды. Экөө көтөрүп алып келсе эшиктин алдында аларды Мирсаид күтүп туруптур.
- Оо, кандайсыңар, кыздар? - Күлүп-жайнап учураша Калысты саамга кучактап туруп калды. - Сагындым сени, Калыс.
- Мен дагы, - деп Калыс шыбырай жооп кылды.
- Ээ-эй, сүйүшкөндөр, киргиле үйгө, - деди Нуржанат эшикти ачып. - Үйгө кирип, калган сагынычыңарды таратып, шашпай сүйлөшкүлө.
- Рахмат, Нуржанат. Кечиккениме капа болдуңбу, Калыс, кечир мени, бир аз иштер болуп калды.
- Кыскасы келдиң да, - деп жалжылдай карады Калыс.
- Келгиле, чай-пай ичип алалы, курсак курулдап жатат, - деп Нуржанат айтканда күлүп келип, чакан үстөлгө отурушту. - Деги менин курбумду унутуп калган жоксуңбу?
- Жок-жок, унутмак турсун саат сайын эстеп, карааны көзүмөн учту го, - деп күлүп калды. Үчөө аркы-беркини сүйлөшүп тамактанышты да, көчөгө чыгышты. Аллеяда кетип баратканда Мирсаид эки кызга балмуздак алып берди, анан парк аралап, кечки Фрунзенин кооздугуна суктанып басып жүрүштү, киного киришти. Кеч келип, өз-өз ордуна жаткандан кийин баягы адатын карматып, Нуржанат эбиреп кирди.
- Ой, тобо-о, бүгүн эстедик эле келип калганын кара, менин деги бирдемени билип коё турган касиетим бар, билдиңби, ыя?
- Билдим, - деди Калыс күлүп.
- Абдан сагынышкан чыгарсыңар?
- Айтпа.
- Качан алып кетет экен?
- Сени менен жүрдүк го, жашыруун сүйлөшкөн жокпуз.










кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??