Билгениң оң

Адамдын колу да дененин сулуулугуна кандайдыр бир салым кошуп турат. Жеке эле сулуулугуна эмес, биздин жашоо турмушубуздун дээрлик бөлүгү колсуз өтпөйт, боо байлаганда, тамак жасап, идиш жууганда, деги койчу, бардык оокаттарды колубуз аркылуу бүтүрөбүз.

Манжалар сүйлөйт
Манжалардын узундугунан адамдын жөндөмүн билүүгө болот
Эгер ортон - 10 см болсо, сөөмөй - 8 см, аты жок - 9 см, а чыпалак - 7 см болуусу шарт. Манжалардын түзүлүшүнө карап, адамдын эмнеге жөндөмдүү экенин билсе болот. Эгерде сиздин манжаларыңыз узун болсо, сиздин өзүңүздүн оюңуз бар, тыкан, кээ бирөөлөргө көп тийишкениңиз болбосо, тез чечим кабыл албай, ойлонуп туруп, анан кабыл алган жагыңыз бар. Сүйүүдө туруксуз болгонуңуз менен, айланаңыздагы адамдардын көңүл чордонунда болгонду сүйөсүз.


Кыска манжалуулар уялчаак болушат
Кыска манжанын ээлери абдан уялчаак, бирок түз жүргөндүктүн белгиси. Мындай манжалуу адамдар акыл менен эмес сезим менен жашашат дагы, тез чечим кабыл алууга жөндөмдүү келишет. Мындай адамдарды сандыкка бекитип койсоң дагы, бир жерин тешип туруп чыгып кетишет. Анан, эң башкысы, өз оюн эч качан бербеген кежир болушат.


Жакын жайгашкан манжалуулар сөз көтөрө алышпайт
Эгерде манжалар бири-бирине өтө жакын жайгашкан болсо, ал адамдын сөз көтөрө албаган сапатынан кабар берет. Булар өтө коркок болуп, жашоонун оор учурларына чыдамы жок келишет. Тескерисинче, эгер манжалар бири-биринен алысыраак жайгашкан болсо, берешен, ачык адамдар дей бериңиз. Мындай адамдар менен сүйлөшкөндөн кадимкидей ырахат аласыз.


Кыйшык манжалар искусствого жакын келишет
Эгер манжалар түз эмес кыйшык болуп турса, бир жерде эле тура бербей, жоктон бар кылган адамдар. Булар көбүнчө искусствого берилишет. Ал эми аябай эле кыйшык болсо, айланадагы адамдарга да жагымсыз сезим калтырат.


Узун манжа көк беттиктен кабар берет
Эң узун манжалар көк беттиктен кабар берет. Мындай манжанын ээлери алдына эмне максат койбосун, көздөгөнүнө жетүүдө ар кандай иштерге бара алышат.