п»ї

  Обон почта

ОП-177-01. Түн бир оокум, сени ойлоп уйкум качты, көз жашым жаздыгыма тамып жатты. Сени ойлоп ушунчалык сагынганда, жүрөгүмдүн кан тамыры сыздап жатты, Мухаммед. Гүлзар 96
ОП-177-02. Урматтуу "Обон". Мага Акыл Жеңишбек уулу жөнүндө маалымат берип коёсуздарбы? Ал канчанчы жылкы жана сүйлөшкөн кызы бар бекен? Аймира
Мен беш бир туугандын үчүнчүсүмүн. Эки эркек, үч кызбыз. 1986-жылы Ысык-Көлдө жарык дүйнөгө келгем. Азыркы учурда "Миң Кыял" радиосунда эмгектенем. Эми сүйлөшкөн кызым бар десем мактанган болуп калам, жок десем актанып жатат деп ойлошу мүмкүн. Ошондуктан, сыр эле болуп калсын. Бирок ар бир адам бул жашоодон жалгыз өтө албайт да. Адам баласын жараткандан кийин, бизди кур койгон эмес. Ар бирибиздин түгөйүбүз бар деп мен толук ишенем. Азыркы убакта ал адамга жолуга элекмин. Бүгүн болбосо эртең, эртең болбосо бүрсүгүнү жолугам деген үмүттөр бар.
ОП-177-03. Салам, "Обон". "Ва Банктагы" Ина жөнүндө так маалымат берүүңүздөрдү суранам. Бермет
"Обондон" жооп: Бул жөнүндө өткөн сандарыбызда маалымат бергенбиз.
ОП-177-04. Баткен облусуна караштуу Үч-Дөбөдөгү алтындай болгон таенеме жана сиңдилерим Сумая, Айгеримге, инилерим Курманбек, Мусурманкулга чоң салам. Мен силерди аябай жакшы көрөм. Гүлзар 96
ОП-177-05 .Беш бармак баары тең эмес, таанышкан жалгыз сен эмес. Таанышып таштап койбостон, жазып тур мага СМС, жаным Мухаммед. Гүлзар 96
ОП-177-06. Кантейин өзүңдөн алыстамын, канат жок сагынганда уча албаймын. Эгер чындап сүйгөн болсоң күтөрсүң, сен да мени таштабастан, мамалагым Мухаммед. Гүлзар
ОП-177-07. Ай артына кайтканда, жылдыз тарап батканда, мен кирейин түшүңө, ширин уйкуң канганча. Мухаммед, мен сени сүйөм. Гүлзар 96
ОП-177-08. Түшүмдөсүң 10%, дилимдесиң 20%, оюмдасың 30%, жашоомдосуң 40%, көздөрүмдө 50%, сөздөрүмдө 60%, жан дүйнөмдө 70%, жүрөгүмдө 90%, мунун баары чын 100%. Мухаммед, сени сүйөм. Гүлзар 96
ОП-177-09. Менин досум Кызылгүлгө чоң салам. Ар дайым бар бол, сүйгөн жигитиңе жет. Гүлзар 96
ОП-177-10. Гүлдөй өс, гүлдөй жайна, өткөн өмүр келбейт кайра. 0779995ххх
ОП-177-11. Президент мен деле боло берем, ойго койсо. Бирок тоодогулар жолотпойт да, сенин Токтайым апчең жетет деп. Бирок өзүм Таластык болсом да Отунбаеваны жаман көрөм. Бакиевди уккум келбейт. Акаевди сыйлайм, себеби, аялына баш ийген, ошол үчүн айткан да, "өзүң каяктык болсоң да, аялың Таластык болсун" деп. Гордая 92
ОП-177-12. Кудай, апамдардын колуна бүрсүгүнү миллион тиет. Байкеме машина алып берет экен. Жок дегенде мага 15 миң берсинчи. Кудай билет … 0779621ххх
ОП-177-13. "Обондун" коллективи, мен силерди жакшы көрүп калдым. Силерчи? 0779621ххх
ОП-177-14. Мухаммед, сени сүйөм. Бир өмүр балмуздагым, баатырым, байлыгым,балыгым, бийлигим,бирдигим, менин шириним, домпогум, сени аябай сагындым. Гүлзар 96
ОП-177-15. Көлдүк Эля, мен сени издейм. 94тө чогуу окудук эле. Анда сен Актан менен жүрчү элең. Мен, досуң Гүлира.
ОП-177-16. Салам, "Обонушканын" жалпы жамааты, супер СМСчилери жана окурмандары, жайкы эс алуу кандай болуп жатат? Накуля
ОП-177-17. Ош шаарында Юракадемияда иштеген Санавар, Маратка турмушка чыгып, менин үч баламдын үстүнөн бакыт кура алышыңа көзүң жетеби? Нураяна
ОП-177-18. Мезгил өтүп, айлар жылга айланды. Унутулбас ушул күндөр өмүрдө достук, курбулук, кыйышпастык терең орноп кала берет. Көңүлдө бул менин досторума. Гүлзар 96
ОП-177-19. Алакан ач, периштелер гүл койсун. Гүлдү жыттап жүрөгүңө күлкү толсун. Алладан тилегениң кабыл болуп, ар дайым жүрөгүңдө бирөө болсун. Мухаммед, мен сени сүйөм. Гүлзар 96
ОП-177-20. Мухаммед, сени аябай сагындым. Качан келесиң? Гүлзар
ОП-177-21. Адам өзү жайнап турган роза гүл. Мезгил өтсө роза гүлдөн түшөбү? Ошондуктан досторго мен айтарым, баёо сезим балалыкта ойноп-күл. Алтышка
ОП-177-22. Субанов Нуржигит, үнүңдү сагындым. Ойлонсом оюмда, уктасам түшүмдөсүң. Мени аячы, мээримиңе муктажмын. Абалым жаман түшүнүп койчу, кыйналдым. Сени сүйөм дале. Айка
ОП-177-23. Мен сени жаман көрүп калдым, анткени, башкага мени алмаштырып кеттиң. Эмне үчүн апаңдын гана сөзүн угасың? Мен сага анча эмне кылдым? 0778932ххх
ОП-177-24. Иса-ырчылардын эң таланттуусу, татынасы сенсиң. Сени жакындан таанып, таанышкым келет. Сага албан-албан ийгиликтерди каалап,- фанаткаң Алинаң.
ОП-177-25. Досторум Акылай, Аида, Жаркынай, Элнура, Бакир, Эркин, Арсен, Бакыт, Адилетке салам. Иштериңерге ийгилик, бар болгула, бай болгула. Гүкүша
ОП-177-26. Салам Адилет, бар бол, бирөөгө эмес бардыгына. Бай бол, байлыкка эмес ден соолукка. Мас бол, аракка эмес махабатка. Гүкүша
ОП-177-27. Фаррух Саипов жөнүндө билгим келет. Наргиза
Фаррух 1984-жылы 25-сентябрда Ташкент шаарында туулуп-өскөн.Тутунган дини - ислам. Жума намазына барып турат.Учурда Ташкент шаарында жашайт.Машинасы - Тойота Камри.2006-жылы Маргалаң телеканалы уюштурган "Жылдын мыкты актёру" наамын жеңип алган.Качандыр бир кезде өз кесиби менен иштеп каларына ишенет.Учкул сөздөр камтылып, адамга таасир калтыра турган китептерди окуганды жактырат."Инсан бир нерсеге ишенип аракет кылса, албетте, жетет" деген көз карашты карманат.
ОП-177-28. Салам,"Обон". Ишиңерге ийгилик. Накуля, чыкпай калдың го. СМС жазбай калдың. Мен, Гүкүша
ОП-177-29. Салам, "Обонушка". Ар дайым алдыда жүрө бергиле, силерге ийгилик. Элмира 96
ОП-177-30. Бул дүйнөдөгү эң кымбат адамым, алтыным апам Жылдызга мен бул дүйнөдөгү жакшы тилектеримди каалайм. Ар дайым биздин маңдайыбызда жүрө бериңиз. Мен сизге ыраазымын жана өмүр бою карызмын. Кызыңыз Гүлү
ОП-177-31. Тогуз-Торо районунун Арал айылында жашаган таенем Аланбаева Калбү, иним Улукм……
ОП-177-32. Москвадан келген Мырза-Акелик Адыл, мага чал. Москвадан келген Айка. Күтөм.
ОП-177-33. Окуганда бул саптарды сен гана. Сен ойлойсуң бул жөнөкөй тек гана. Бирок билбейм тагдырыбыз ар башка. Мен да ырымдай жөпжөнөкөй тек гана. 0773575ххх
ОП-177-34. Билбеймин азыр биз балабызбы. Жашоодо бирге болбой калабызбы. Армандуу адам болуп бул дүйнөдө. Экөөбүз эки адамды тандайбызбы. 0773575ххх
ОП-177-35. Канат байлап алыска учкум келет, ушул сапар сүйүүмдү уткум келет. Жолугуп күндө сени көрбөсөм да, телефондон үнүңдү уккум келет. 0773575ххх
ОП-177-36. Көңүлгө сен сыяктуу толбойт эч ким. Күн-түн деп муңдуу сүйүү суусун кечтим эми. Баары бир ошондо деле көксөөм суубай, көз көргүс бир жан укпас жерге кетким келди. Бул жашоодо жолукпасак мейли, жаным, издебейм мен башка, жаным. Эгерде бул жалганда буйрубаса, акыретте кезигермин. 0773575ххх
ОП-177-37. Саламатсыздарбы "Обон" гезитинин жалпы жамааты, ишиңиздерге ийгилик. 0773575ххх
ОП-177-38. "Биг-банг" группасы жөнүндө жазыңыздарчы. Ийгилик силерге. 0777783ххх
"Обондон" жооп: Урматтуу абонент, мындай группа жок экен. Мүмкүн, аталышын туура эмес жазып алдыңыз. Тактап кайра жазыңыз.
ОП-177-39. Салам, "Обончик". Өмүрбек Жанышовду чакыргылачы, сураныч. Алдын ала рахмат.
ОП-177-40. Иса, "Сүйүү жазы" деген ырың аябай жагат. Айтсаң, акыркы жолу качан мушташкансың? Эмне үчүн? 0777783ххх
ОП-177-41. Мен кыргызга турмушка чыгып жакшылык көрбөдүм. Азыр түрк менен жашайм. Аябай жакшы. Сен жубайыңа кандай жолдош болот элең? Каныкей
ОП-177-42. Саргайып түшөт сары жалбырак, сагынычтан көздөн ысык жаш кулап. Садагам келсе экен деп жалдырап, сен үчүн жаратканга жалынат. 0707689ххх
ОП-177-43. Айбек, сенин ырларың мага жакты, маанилүү жазат экенсиң. Сага ийгилик. Айжамал 94
ОП-177-44. А дамда болбойт экен тыным деген, убакыт алмашылып кылым менен. Куттуктаймын куттуктоонун бири болгон, эртеңки ийгиликтүү күнүңөр менен. Айжамал 94
ОП-177-45. Студент деген сөздү чечмелегилечи. 0779987961
ОП-177-46. Айланайын каралдым, көздөрүңө зар кылдың ай. Сагынып мен күтүп жүрөм, жалгызым деп сүйүп жүрөм.
Айжамал 94
ОП-177-47. ОШТУнун колледжинде окуган ССи СКО9А группасындагы досторум Нуркыз, Ася, Нурила, Эрмек, Искендер, Алтын, Амантур, Кайрат-силерге чоң салам. 0773419ххх
ОП-177-48. Кадамжайдын Көк-Талаа айылында жашаган 94-жылкыларга чоң салам. Айчүрөк
ОП-177-49. Сагындым, сагындым деп айттырба, сагынганымды айтып жалынтпа. Болот го жакында 1 жыл, келбейсиң дагы эле жаныма. 0773419ххх
ОП-177-50. Салам, мен силерди сагындым, достор. Айжамал 94
ОП-177-51. Сезимимди, бүт дүйнөмдү ээлеп алдың, жүрөгүмдүн төрүнө канжар сайдың. Алтыным, эңсегеним, махабатым, тагдырдан тапкан бактымсың. 0773419ххх
ОП-177-52. Салам. Мага Жаным Айзат жөнүндө маалымат берип коёсуздарбы, суранам. Мага чалып койчу, Айзат, суранам. 0773945ххх
Жаным Айзат бала кезинен Мисирге барып эс алууну кыялданат.Таарынчаак, бирок жини тез келбейт.Үйдө улуусу, эки иниси бар.Түрлөп тамак жасагандан рахат алат.Ашыкча боёнгонду жактырбайт.Комуз үйрөнсөм деген ниети бар.Таттууга жок, ачууга өч.Кино жаатында өзүн сынап көргүсү келет."25 жашка чейин турмуш курууга жетишем",- дейт.Кыргыз, орус, англис, немис тилдерин билет.Учурда жеке ырчы.
ОП-177-53. Таш-Көмүр шаарында жашаган алтындай болгон апам Бурул, атам Мадалбекке салам. Силерди сагындым. Жакында барам,- деп Оштон кызыңар Үмүтай.
ОП-177-54. Салам, "Обонушка". Силерге жаңыдан кошулдум. Самара 94
ОП-177-55. Ош областынын Ноокат районуна караштуу Көк-Бел айылына, ата-энеме, бардыгына ысык салам. Бар болгула, ишиңерге ийгилик. Самара 94
ОП-177-56. Менин саламым Ак-Талаа районунун Ак-Талаа айылындагы туугандарыма жана досторум Нурай, Соня, Адинайга. 0771553ххх
ОП-177-57. Көрбөй калсам мен өзүңдү сагынам, сагынычтан азаптарга кабылам. Жүрөгүмдө жалындаган махабат, бул өмүрдө жалгыз сага арналат. Самара 94
ОП-177-58. Деги качан сүйүүм кездешет? Жалгыздык жанга батты. Самара 94
ОП-177-59. Алла Таала айткан: кечиримдүү болгула, мен да силерге кечиримдүү болом деген, ар дайым кечиримдүү болуңуздар. Бирөөнүн көңүлүн оорутуу жаман нерсе.
Алтышка
ОП-177-60. Атам Күлчорого, апам Жылдызга, бир туугандарыма, бактылуу үй-бүлөлүк жашоо жана чын ден соолук каалап кызыңар, бир тууганыңар. Гүлү
ОП-177-61. Билесиңерби, достор. Бул дүйнөдө эң ыйык, таза, тунук жана ар кимдин жүрөгүнө жалын киргизген бул,албетте, сүйүү экен. Сүйүүгө канчалык көңүл бурбасаң да баары бир сени багындырып алат экен. Бул жашоодо сүйүү бар, ошонун сыноолоруна чыдаган гана эки жаш жеңе алат. Алтышка
ОП-177-62. Бугум ичте, жүрөк сыздайт, жанчылат. Жүрөктө муң, көздө жашым тамчылап. Сезимдерим кур калгансыйт түбөлүк. Кайран жүрөк жаңы ойлорго талпынат. Алтышка
ОП-177-63. Иса, каалаймын мен сага бакыт-таалай. Түгөнгүс тунук сүйүү аппак кардай. Турмушта эң бир сонун сен жашагын. Сага да башкалар таң калгандай. Дику
ОП-177-64. Иса Өмүркулов, сенин талантың абдан жагат жана сенин клиптериң абдан жакты. Сага ден соолук жана ийгилик. Бар бол жана аман бол. Эжең Алия жана Алианна
ОП-177-65. Мен 20 жаштагы балдар менен таанышам. 0773-39-17-33
ОП-177-66. Тогуз-Торо районунун Арал айылындагы досторума чоң салам. Оорубагыла. 0779439ххх
ОП-177-67. Кантип арыктоо керек? Жооп берип коюңуздарчы. 0779232ххх
ОП-177-68. Саламатсыздарбы? Күндүн ысыгына байланыштуу вентилятор күн-түнү иштеп турат. Бул 1 жаштагы балабызга зыянын тийгизбейби? Бишкек Самара
ОП-177-69. Салам,"Обон". Мен Омар жөнүндө билгим келет. Канча бир тууган, канчанчы жылкы, кайсыл жерлик. Толук маалымат бериңиздерчи. 0773422ххх
Омар 1988-жылы Бишкек шаарындагы № 3 төрөт үйүндө төрөлгөн. Талас шаарынан болот. Атасы учурда Чүй облусунун экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы. Апасы болсо кесиби боюнча биохимик, бирок азыр тигүүчүлүк өнөрү менен жеке ишкер. Эки бир тууган. Эжеси Аида өлкөбүздөгү банктардын биринде бухгалтер болуп иштейт.Өзүнүн дагы кесиби бухгалтер жана юрист.
ОП-177-70. Менин саламым Казарман айылында жашап жаткан атам Таалайбекке, апам Анарага, эжем Жаркынайга, сиңдим Үмүтайга инилерим Тайлак жана Амирге. 0773404ххх
ОП-177-71. Салам "Обон" газетасы, ишиңерге ийгилик. Дүйнөдө эмне кымбат? 0770433882 Нуриза 95 @mail.ru
ОП-177-72. Алыс жакта жүргөнүмдө сагынамын. Кудайыма сени эстеп жалынамын…… 0558512ххх
ОП-177-73. Жаным Фатима, кайдасың? Сени сагындым жана эмнеге номериңди которуп салдың. Мен сени сүйөм. Жаным, мага чалып койчу,- деп Мирлан.
ОП-177-74. Мен жакында жакшы бир жаңылык уктум. Аны угуп бактылуу болдум. 0778593ххх
ОП-177-75. Замир, мен сени сүйөм. Бирок сен аны билбейсиң. Өзүңдүн бетиңе карап айта албай жатам. Менин көзүмдү карап түшүнөт экен деп ойлосом, сезбедиң. Эми акырындап аракет кылам. 0778593ххх
ОП-177-76. Ай, жаным, ай. Айдай жанып жалындай.Арзып, багыма жаралгандай.Ай, жаным, ай. Айтам дайым жаңылбай.Асыл жарымдай арбадың, ай.Ыйласам да сагына, ыраазымын тагдырга. Ыраа көргөн багыма сени жаным.Сактап сүйүү тумарын, сага арнап турамын. Саамайымдан сылаган күндү эстеп. Анара
ОП-177-77. Сүйгөнүм, сени эч качан унутпайм. Сүйгөнүң
ОП-177-78. Асманда ай жалгыз. А жерде мен жалгыз.Тагдырым, таалайым табамбы? Айга окшоп мен жалгыз каламбы? Учкан куштар сермелишет асманда. Ырларыбыз кайкып учат ааламда.Мен сен үчүн келген окшойм дүйнөгө. Учуп бара жаткансыймын бассам да. Анара
ОП-177-79. Кара-Көл шаарындагы эжем Айнагүлгө салам жолдойм. Бишкектен сиңдиңиз
ОП-177-80. Сүйсөң бирөөнү, сүйбөгүн экөөнү,сүйүп калып үчөөнү, "занит" кылба төртөөнү. Гүлзар 96
ОП-177-81. Сүйөм, сүйөм, сүйөм, сүйөм, Мухаммед, сени бир өмүр. Гүлзар 96
ОП-177-82. "Обон" аркылуу тапкан досторум Эркетай, Айка, Бабник 94, Кызылгүл, Бермет, Али, Маха-силерге чоң салам. Ар дайым бар болгула. Гүлзар 96
ОП-177-83. Бул дүйнөдө менин эң кымбатым, эң ыйыгым, менин жаным апам Гүлназ, ар дайым бар болуңуз. Жалгыз кызыңыздын сый-урматын көрүп жүрө бериңиз. Жүзүңүздөн күлкү кетпей, жамандыктар кууп жетпей, дайыма бар болуңуз менин алтын апам Гүлназ. Кызыңыз Гүлзар
ОП-177-84. Байбеков Дайыр, сени 22-июль 18 жашка чыгышың менен чын дилимден куттуктайм. Билинбестен өтө берет мезгилдер, таңдар атып кайра эле кеч кирер. Жашооңдо эч убакта капа болбо, куласаң да алга карай чуркай бер. Сүйүүдөн жабыркаба, аман бол, алдыда күтөт сени жакшы дагы, жаман жол. Жашоодогу эң оор нерсе-ак сүйүү, сүйүүнү барктай билгин, кадырын бир сезип кой. Бар бол. Бабник 94
ОП-177-85. Эң сулуу ат-Ислам. Эң сулуу китеп-"Куран". Эң сулуу ыр-азап. Эң сулуу инсан-ушул СМСти окуп жаткан адам. Гүлзар 96
ОП-177-86. Көңүлгө сен сыяктуу толбос эч ким. Күн-түндөп муңдуу сүйүү суусун кеч ... 0773575ххх
ОП-177-87. Эх, апаке, жүрөгүм кетет оорусаң кысылып. Акылыма канжар кирип, кан сызылып. Ооруп калсаң эч бир жай ала албай, муң, арманды отурамын ыр кылып. Сен оорусаң жаным абдан кыйналды, бир мен үчүн ушул абалга түштүң окшойт. Кечирим сурап чөгөлөсөм да көксөөм толбойт. Бабник 96
ОП-177-88. Супер СМСчилер, таланттуу экенсиңер. Келгиле эми, таанышып талант жагынан күч сынашып көрөлү? Мүмкүн болсо ыр, СМСиңерди жиберсеңер, сөзсүз. Күтөм. 0773-16-08-16га СМС гана. Бабник
ОП-177-89. Төш көтөрүү мекен коргой алышпастан, өздөрүн кыйын сезип жолдо баскан. Намыс калбай биздей эрксиз жигиттерде, бир гана алсыздарга күчү чыккан. Бабник 94
ОП-177-90. Менин сүйүктүү ырчым Омар, сиз эң жакшы ырчысыз. Талантыңызга баа берем. Талантыңыз ташкындай берсин. Сизге ийгилик. Соmmon.girls
ОП-177-91. Назира эжекемди туулган күнү менен куттуктап коюшуңуздарды суранам. 23.07.1988 мүмкүндүк болсо СМС жазсаңар болот.Номери: 0773-62-53-05
ОП-177-92. Назира эже, бактылуу болуңуз. Бакыт сизден кетпесин. Кайгы- капа сизди кууп жетпесин. Тагдырыңызды терең ойлоп чече билиңиз. Ошондо сиз максатыңызга жетесиз. Туулган күнүңүз кут болсун. Сиңдиңиз Айгуля
ОП-177-93. Салам,"Обон".Накуля, кандайсың? Сендей досту унутуудан кудай сактасын. Кабарлашпаганым үчүн кечиресиң. Сени унутпаган досуң Айгүл.
ОП-177-94. Салам Иса, өзүң жөнүндө кененирээк маалымат берип койчу?Сенин чыгармачылыктан жетишкен ийгиликтериң? Чыгармачылыкка канча жашыңдан баштап аралаша баштагансың? Жашоодогу эң кымбат адамың жана кадырлуу буюмуң? Качан Ошко жеке концертиңди бересиң? Күйөрмандарың сени сагынды го. Шок кыз
ОП-177-95. Салам, "Обон". Мага Гүлжигит Калыков аябай жагат. Силерден сур ...0778540ххх
ОП-177-96. Алаксып башкага тартылсам да, жүрөгүм байланып алды сага гана. Өткөн күндү эстегенде, куса болуп батпай кетем, аягы жок чоң ааламга. Бабник 94
ОП-177-97. Анна Семенович жөнүндө кыскача билгим келет. Наргиза
Анна Семенович 1980-жылы 1-мартта Москва шаарында төрөлгөн. Бирок 2 жашында Анна катуу ооруп жарым жыл ооруканада жатат. Кичинекей болсо да өз жашоосу үчүн күрөшө билген кызын айыгып чыгары менен апасы врачтардын берген кеңештери боюнча спорт дүйнөсүнө жетелеп барган. Жыйынтыгында, муз үстүндө бийлөө боюнча машыга баштайт. Өзүнөн эки-үч жашка улуу балдар менен машыккандыктан, алар менен чогуу окууга да туура келип, болочок фигурист кыз 5 жашында Спорт комитетинин алдында түзүлгөн атайын мектепте 1-класстын окуучусу болууга үлгүрөт. Бир канча жыл спорттун бүл түрү менен машыккан соң Анна тажрыйбалуу спортчулардын катарына кошулат. Алгач белгилүү машыктыруучу Наталья Дубованын кол алдында тарбияланып, кийин жалгыз эмес түгөй менен бийлөө жагына өткөн. Үй-бүлө курганга али даяр эмес экендигин билдирген Анна Семеновичтин быйыл турмушка чыга тургандыгы жөнүндө да кабарлар бар. Муну ырчы өзү тастыктап маалымат бере элек. Ошентсе да кээ бир маалыматтарга караганда, Аннанын жакшы көргөн адамы Орусиядагы белгилүү бир банктын жетекчиси. Ал эми "Муз доору" теледолбоорундагы шериги Вячеслав Разбегаев экөөнүн ортосундагы мамиле тууралуу чыккан сөздөр жалган деп айтып келген.
ОП-177-98. 1987-88-жылы Баку шаарындагы торговый флотто паром: Советтик Арменияда поварь болуп иштеген Чоң-Арык айылынын тургуну Д. Жакшылыкова Венерага кезиксем деп ошол эле паромдо иштеген 4-механик Дүйшөн.
ОП-177-99. Мен 1983-84-жылдары Сочи шаарында "Дружба Магнолия" жатаканасында жашаган кыздарды жана "Космос" жатаканасында жашаган дос балдар-кыздарды издейм. Саламым менен Дүйшөн.
ОП-177-100. Ат-Башы районунун Ак-Талаа айылына салам жолдойм жана алтындай көргөн атам Аалыбай, апам Жумабүбү, балдарыңыздын алдында сый-урматын көрүп жүрүңүздөр жана эч оорубай жүрүңүздөр, жакында барам. 0773575ххх
ОП-177-101. Жүрөк менен жүрөгүңө сүйүү салам. Өчпөс болуп жан дүйнөңө күйүп жанам... 0771546ххх
ОП-177-102. Куса болом жаным сени сагынып, ак сүйүүгө калдым чексиз багынып. Күндөр өттү сагынычым жанга батты, түн да күн да кыскадыр. Жашоодо мага сүйүүгө орун жокпу, айтчы, жаным? 0773575ххх
ОП-177-103. Кыялымда табышмактуу элесиң, жан дүйнөмдү мынча эзесиң? Жалгыздыктан ооруп турат жүрөгүм, жалгызым деп качан мага келесиң? 0773575ххх
ОП-177-104. Салам, "Обонушка". Мен Ысык-Көл обласына караштуу Ак-Суу районунун Зыңдан айылындагы 1990-жылкы Мээрим аттуу кызды издейм. Мурун ушул номерди көтөрчү эле да. 0777723100 билгендер болсо, айтып коё аласыздарбы? Мээрим, окуп калсаң ушул номерге чалып кой. Эски таанышың. 0773575ххх
ОП-177-105. Өмүрүң өтсө келеби, өкүнсөң бирөө береби. От жалында ойноп күл, өчкөн соң эмне кереги? Нуриза, 0770433882
ОП-177-106. "Кыргыз кызы", бул жашоодо бирде өйдө, бирде ылдый болуп турат. Бул кудайдын сага берген сыноосу болсо керек, көп ойлонгондун кажети жок. Андан көрө келечегиңди ойло. Элдияр 90
ОП-177-107. Кенжегүл, мага чалып койчу. Досуң Кундуз. 0773-79-13-01
ОП-177-108. Мен Барпы айылындагы 95 жылкы классташтарыма салам жолдойм. Силерди аябай сагындым. 1-сентябрда жолукканга чейин аман болгула. Төрөбекова Айзада
ОП-177-109. Салам, "Обон". Ишиңиздерге ийгилик. Жалпы кыргыз элиме тынчылыкты жана бейпилчиликти каалайм. Салтушка
ОП-177-110. Досум Набиева Зияданы издейм. 1982-жылы төрөлгөн иниси Жаныш, Апал, Максат, кабарлашкылачы. Айпери





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??