Сыр маек

Фархад Кеңешбек уулу:
"Котормо ырды ырдагандан уялам"
Ата-энеси тууралуу:
Ата-энем Таласта турушат. 4 байкем, 4 эжем бар. Баары үй-бүлө куруп, мени эле күтүп жатышкан чагы. Атамдын 46, апамдын 40 жашында көргөн баласымын. Учурда экөө тең пенсияда ардактуу эс алып, азыр Суусамыр жайлоосунда бээнин сүтүн ичип жатышат. Чыгармачылыгыма башында ата-энем кичине каршы болушкан. Азыр көнүп калышты. Тескерисинче, мага жардам беришип, мен чыккан газеталарды чогултуп, эстеликке сактап сүйүнүп калышат. Аларга арнап "Эң кымбатым-ата-энем" деген ыр жаздырып, клип тарттыргам. Ырларымдын ичинен эң жакшы көргөн ырым десем болот.

- Кичинеңизден бери кыялданган ырчылыкка канча жылдан бери аралашып келе жатасыз?
- Чоң сахнага келгениме быйыл 5 жыл болуп калды. Кичинемде мектепте ырдап жүрчүмүн. Анан чоң сахнага чыгып көрүүнү чечтим. Биринчи жолу "Оштук кызга" деген ырды ырдап чыккам. Ал ырым укмуш деңгээлде популярдуу болбосо дагы элге жеткен деп ойлойм. Андан кийинки ырларымды айтып кетсем, Азиза эже экөөбүз "Бактылуу сүйүү" жана Түгөлбай Казаковдун "Алтын балалык" деген ырын дуэт кылып ырдап чыкканбыз. Андан кийин акырындап, бара-бара тепкичтерди басып отуруп, "Кайдагы сүйүү", "Сулууга" деген ырларды жараттым.
- Азиза эже менен кантип иштешип калдыңыз? Деги эле азыркы убакта кандай мамиледесиз?
- Биринчи тушоо кесүү концертимди берердин алдында бир ыр жаздырып, аны ким менен ырдасам элге жеткиликтүү болот деп ойлоно баштадым. Анан ошол ырымды бирөөлөргө уктурсам, Азизанын үнү сага дал келет, ошо менен ырда деп айтышканынан, Азиза эжеге айтып сунуштасам, бат эле макул болду. Концертимде чогуу ырдап чыктык. Андан кийин радиолордон кете баштады. Ал эми клип тартууга Азиза эже жактан сунуш болгон. Клип дагы, ыр дагы жакшы чыгып, элге сиңип кетти. Аны менен мамилем-эже-инидей. Менден 2-3 жаш улуу болсо дагы, эже деп айтам.Чыгармачылыктан тышкары жакшылыктарда катташып, сый мамиледебиз.
- Мүмкүн, жакында топ болуп чыгып каласыңар?
- Топ болуп биригели деген ойлор жок. Бирок келечекте бир-эки дуэт жаздырып калышыбыз мүмкүн.
- Учурда продюсериңиз барбы?
- Азыр продюсерим жок. Продюсер менен башынан эле иштешкен эмесмин.
- Деги эле ырчыларга продюсер керекпи?
- Эми ар кимге ар кандай да. Кээ бир ырчыларга продюсер керек. Мисалы, чет мамлекеттин ырчыларында продюсери,менеджери, PR- менеджери бар. Ошондуктан, ырчылары ырдаганды жана сахнага чыкканды эле билишет. Иштеринин кыйынчылыктарынын баарын продюсерлери жасашат. Ал эми бизде болсо ырчысың, ошо менен бирге эле өзүңө-өзүң бардыгын уюштуруучусуң. Бара-бара бизге деле ошондой учурлар келе баштады десем дагы болот. Продюсер менен ырчы бири-бирин түшүнүп иштешсе жакшы эле болот деп ойлойм.
- Өзүңүз эмне үчүн продюсер менен иштешкен жоксуз? Эгер иштешсеңиз, мүмкүн, элге батыраак популярдуу болмоксуз?
- Мен өзүм популярдуулукка умтула бербейм. Азыр бир ыр чыгарып, элге жагып калса кыдырып гастролдоп жатышпайбы. Өзүн жылдыз сезип жүргөндөр дагы эл арасында жок эмес. Ар нерсе өз убагында. Негизи эле, ар бир ырчынын өзүнө тиешелүү күйөрмандары бар.
- Эркин жана Баха деген мырзалар "Звездамын" деген ырчыларды сындаган ыр чыгарышпадыбы. Ошого көз карашыңыз кандай? Ал ырды уккан болушуңуз керек.
- Эми ал ырды мен чала-була уккан экенмин. Азыркы жаш ырчыларыбыздын деңгээлин өтө ылдый кылып сындаганы туура эмес деп ойлойм. Анткени, биздин жаш ырчылардын арасынан таланттуулар өсүп жатканы байкалып жатат. Ошол эле Омарды алсак, Россияга барып Пугачёваны, Ома барып Американы таң калтырып келишти. Андан тышкары, Арсен менен Айбек конкурска катышып келишти. Биздин таланттуу тарыхта калган чоң ырчыларыбыз, чынында, жакшы обондорду, ырларды жаратканы менен чет өлкөлөргө барып мындай ийгиликтерди багынта алган эмес. Анан жаш ырчылар калпычы, таланты жок деп айта бергенге болбойт. Баарын бир тегиз таланттуу деп айтуудан алысмын. Бара-бара өзү иргелип кете берет. А экөөнүн ырына көп деле маани берип уккан жокмун. Мүмкүн, бул балдар чынында эле чындыкты айткандыр, дагы бир жолу угуп көрүш керек экен. Бул нерсеге жооп бере албайм.
- Ырларымды кандай кылам, кантем,
Мына силерден жашырып нетемин?
Карап көрөм барактардан,
Сураштырам туш-туш тараптардан.
Бербей койсо тараптар,
Бар го бизде Кудай берген казактар,- деген жеринде ачык чындык айтылып тургандай. Сиздин мындай уурдалган ырларыңыз жокпу?
- Акырын уурдап алайын деген оюм жок. Бирок бир-эки ыр жаздырып көрүп, кайра аларды элдин алдына тартуулагандан уялгам. Себеби, элдин алдында котормо ырчы деген атка конгум келген эмес. Радиого берип, клип тарттырайын деген дагы ойлор болгон. Ыр, негизи, жакшы чыккан. Жөн гана өзүмдүн архивимде сакталып турат. Анча-мынча жерлерден ырдап коём. (Күлдү)
- Келип тургула мен концерт койгондо, чакырып тургула тойлор болгондо,-деген ушул эле ырда саптар бар. Сиз тойлорго барасызбы?
- Ырчы болгондон кийин тойго барам. Негизи, ырчылардын 90 %ы той аркылуу нан таап жашашат. Анткени, мурдагыдай концерт, гастролдор жок. Эми тойго бат-бат бара бербейм. Антип акча табыш үчүн ар бир тойдо жүрө бергим келбейт. Дайыма той менен иштеген ырчыларды көрүп эле жүрөм. Ал эми жакшы чакыруу түшсө барам.
- Башка ырчылар менен ушул убакка чейин Кыргызстанды кыдырып гастролдоп келгенсизби?
- Чынын айтканда, мени менен барып кел деп көп эле ырчылардан сунуштар болот. Бирок мен барган эмесмин. Болгону өзүм туулуп-өскөн жерим Таласка 3-4 күнгө барып ырдап келгем. Башка ырчылардыкына шаардын четтеринде болсо барып жүрөм. Бирок башка областтарга жумуштарыма байланыштуу бара албай жатам. Быйыл аракет кылып жатам, өзүмдүн жеке концертим менен кыдырып чыгам.
- Тойлорго барбасаңыз, гастролго чыкпасаңыз,концерт бербейт экенсиз, чыгрмачылыгыңызга жардам берген бир демөөрчүңүз бар окшойт анда?
- Демөөрчүм бир туугандарым, ата-энем десем болот. Мындан тышкары, өзүмдүн жеке иштерим бар. Ал азырынча сыр бойдон калсын. Кийинчерээк сырларымды ачам.
- Ырларыңызды кантип тандайсыз?
- Өзүм эле тандайм. Андан тышкары, аранжировка, үн жасай турган студия ачкам. Ошол жердеги байкелер менен мага жагып калган ырлар болсо, ушуну кандай кылсак деп, сөзүнө, обонуна карап, алардын кеңешин угуп тандайм.
- Студия өзүңүзгө таандыкпы?
- Ооба, өзүмө таандык. Аталышын "Фаре" деп атап койгонбуз. Кудай буйруса, акырындан эл тааныган студиялардан болобуз деген ойдобуз.
- Анда эмесе, жеке жашооңузду сизге ашык болгон кыздарга ачып берели.
- Ата-энем быйыл үйлөн деп кыйнай баштады. Газеталарга дагы Фархад жакында үйлөнөт экен деп көп чыгып кетти окшойт. Кудай буйруса, быйыл үйлөнсөмбү деген ойлор бар.
- Сыр болбосо кимге?
- Бир адамга үйлөнөм деп токтоло элекмин. Эми сүйлөшкөн кызым бар деп, жок деп дагы айта албайм. Тандоодомун азыр.
Келсин Мурадил кызы