п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Динара
Абдыкадырова:
"Маселени
"төшөк жолу" менен чечпей…"
- Актрисалык чыйыр жолду кандайча аркалап калдыңыз?
- Актрисалыкты тээ бала кезден эле көксөп келчүмүн. Мен мектепти аяктап жаткан учур да Улуу державанын кыйрашына туш келип калды. Орусиядагы театралдык окуу жайга тапшырамын деген үмүтүм өчүп калгансыды. Бирок адам бир нерсени катуу ниет кылса, кудайым колдоп, иш жүзүнө ашат экен. Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз драма театрынын окуу жайында 2 жыл окудум. Устатым КРнын Эл артисти, көрүнүктүү режиссёр Бообек Ибраев болчу. Студент болуп жүргөндө эле чоң актёрлор, актрисалар менен аралашып аткарып жүргөндүн өзүн бакыт деп сезчүмүн. Негизи, биздин курстун балдары абдан таланттуу болчу, азыр көпчүлүгү ар бир театрда талыкпай эмгектенип келишет. Окууну бүткөн соң 2 жылдай ал театрда иштеп калдым. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп, айрым бир себептер менен Орусиядагы театралдык окуу жайга бара албай калдым. Кантсе да сахнанын корифейлери болгон эже-агайлардын таалим-тарбиясын, билимин алып калганыма миң мертебе сыймыктанам.
- Гүлдөп турган учуруңуз кайсы театрдын жүзү болду экен?
- Мен Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык театрда иштегениме 16 жылдын жүзү болуп отурат. Андерсендин "Суук тумшугунда"-эненин, Испанканын, Софоклдын "Эдип падыша"трагедиясында Илкастанын, "Эскерүү менин канатымда" Бугу эне жана Найман энени, "Дүйнө ирмем", "Соңку кеч", "Керез", "Эң жөнөкөй окуя" спектаклдеринде ойнодум. Ар бир режиссёр сахнада өзүнүн көз-карашын көрсөткүсү келет. Чет жерлерден атайы режиссёрлор келип биз менен иштешет. Драматург, режиссёрдун оюн туура бере алсак, оюндагыдай ойносок, ал театрдын ийгилиги.
- Тасмадагы алгачкы ролуңуз?
- "Жоолукчан" тасмасын Нурбек Эген менен Руслан Машрапов тартышкан. Мен анда 19 жашта болчумун. Биз сабакка даярданып коридордо турсак, бир арыкчырай жапжаш бала келип мага роль сунуштаса таң калганымды айтпа. Ушул жаш бала кантип эле кино тартсын деп ойлодум. Көрсө, ал Москвадагы театралдык окуу жайга даярданып жүрүптүр. Нурбек: "Ошончо кыздардын ичинен сиз менин каарманыма ылайык болуп жатасыз",-деди. Панфилов паркында фотопроба, кастинг жүргүзүштү. Бек Борбиев да баш каарман болчу. Эки-үч ырын атайын тасмадагы сюжетке ылайыктап саундтрек кылган болчу. Аян аттуу кыздын ролун жараттым. Ошол жаш режиссёрду колдоп, Замир Эралиев, Мыктыбек Арстанбек КТРге көрсөтүүгө жардам берген.
- Актриса бардык ролго даяр болушу шарт. Сизге селсаяк аялдын ролун сунуштаса, анын образын кандайча ачып берет элеңиз?
- Селсаяктын жашоосу тууралуу пьеса жазыла элек го. Режиссёрлор ошондой роль сунуштап калса, мен алгач ошол аял эмне себептен ошондой акыбалга туш болду, ошону алгач изилдеп чыкмакмын. Биздин кесип детективдердин кесибине шайкеш келет да. Аларда болуп өткөн окуяны аныкташ үчүн кылдаттык менен изилдешет го, биздин актрисалык жол ошол сыяктуу. Биз "Күн чубак" деген спектаклди койгонбуз. Анда ошондой тагдырга кабылгандардын жашоосун келемиштин жашоосуна салыштырып койгон да. Көрсө, келемиштер деле адамдар сыяктуу күндүн нуруна зар болушат тура. Ушундай философиялык терең ой-толгоодогу чыгармаларды түшүнүш оор. Ошондой спектаклдерди биз көбүнчө мектеп курактагы балдарга көрсөтөбүз да. Мындай спектаклди, чындыгында, жаштар эмес, чоңдор да кээде түшүнө албай калышат.
- Сиз театрда гана эмес тасмада да роль жаратып келесиз. Экөөндө тең кыйынчылык болбой койбойт, ошентсе да, кайсынысы сизге жеңилирээк сезилет?
- Ар бир иштин өзүнүн түйшүгү болот да, бул жашоодо оңой эч нерсе жок. Кино-кыйноо дегендей, өзүнүн оорчулугу бар. Тасма тартылып бүткөн соң, кандай тартылсаң ошо бойдон калат. Аны кийин көргөн соң, бул кемчилигимди оңдойт болучумун деп бармагымды тиштеп калам. Ал эми спектаклде бир күн образ жаратсаң, экинчи күнү андан жакшы аткарып маңызын чыгарганга толук мүмкүнчүлүгүң бар. Айырмасы ошол эле.
- Оң каарманга караганда терс каармандын образы оңой ачылат дейт. Сиздин көз-карашыңыз?
- Мен терс каарманга караганда оң каарманды көп ойнодум. Кыргызымдын чыгаан уулу Советбек Жумадылов бирин-экин оң каарманды эсептебегенде, өмүрү өткүчө терс каарманды аткарып жүрдү. Ал киши ошол терс каармандын да жакшы жактарын ачып бергенге аракет кылчу экен. Телегейи тегиз адам жок да бул дүйнөдө. Жаман кишинин да жакшы сапаттары бар дегендей. Ыр дүйнөсүндө деле шайыр-шаттуу ырларга караганда муңдуу, азап чеккен мазмундагы ырлар бизде басымдуулук кылат.
- Билими жок актриса атангандар тууралуу сиздин оюңузду билсек?
- Ар бир режиссёрдун өзүнүн деңгээлине жараша деп ойлойм. Алгачкылардан болуп Актан Арым Кубат каармандарына профессионал эместерди тарткан тасмасы "Бешкемпирден" башталбады беле. Ал режиссёр: "Мага профессионалдар менен иштешкенге караганда жөнөкөй актриса-актёрлор менен иштеш жеңил",-деп айткан. Режиссёрдун көрөгөчтүгү да болуусу шарт. Мүмкүн, Актан байкенин көзү менен караганда, ошол көчөдөн алып келинген актрисабы же актёрбу, анын тасмасын шедеврликке жеткирер. С. Чокморовдун кесиби сүрөтчү экени жалпыбызга маалым. Тарыхыбызда эң алдыңкы актёрлордон болуп калды. "Боз салкында" тартылган Асема дагы профессионал эмес, бирок ажары менен ошол тасманын көркүн ачты.
- Баш каарманды жаратыш үчүн режиссёр менен"төшөк кумарына батуу" аркылуу карьерага жетишкендер жок эмес. Сиздин кыялыңыздагы ролдун тагдыры ушул жол аркылуу чечкенге туура келсе, макулдугуңузду бермексизби?
- Маданияты бар, билими терең чыгармачылык деп күйгөн адам андайга жол бербесе керек. Режиссёр менен ысык мамиледен улам кыялымдагы роль мага бериле турган болсо, мен ал ролдон баш тартмакмын. Өзүмдү ушинтип басынткандан көрө, ал ролум кыялымда гана жашап калганы оң. Эгер ошол ролду ушунчалык көксөп туруп алган болсом, ал маселени "төшөк жолу" менен чечпей, андан көрө өзүм режиссёр болбойт белем. Азыр колунан келсе актриса өзү режиссёр болуп чыгып жатпайбы.
- Жашоодо дискомфорттукка учурагансызбы?
- Акчам жок болуп калса, өзүмү дискомфорт сезип калам.
- Өзүңүзгө жаккан мүнөзүңүз кайсы?
- Өзүмө шатыра-шатман жүргөнүм жагат. Ар бир күндү майрамдай өткөрсөң, жашооң жалаң жашыл түскө айланары бышык. Эгер адам аз кайгы-капага малынбаса, жашоосу узак болот экен. Баскан кадамың да гүлгө оронуп турушу керек. Өзүмдү-өзүм өтө жакшы көргөндүктөн, жакпаган сапатым деле жок экен.
- Иш жүзүнө такыр ашпай турган кыял?
- Космоско барбай калышым болсо керек. (Тамаша) Бир гана мен эмес, адам баласынын ишке ашпай калган кыялы-бул дүйнөдө түбөлүк жашабай калышы деп ойлойм. Эртең эмне болорун, качан о дүйнө салышыбызды эч кимибиз билбейбиз. Жалгыз гана жараткан өзү билет.
- Кайсы фирманын жыпар жыттуу атырларын колдоносуз?
- Мага жакындарым белек кылган атырлар жагат. Мен ооз толтуруп кымбат баалуу атырлардын атын атагым келбейт. Эл көзүндө болгон соң атырды да жытына жараша сезонго ылайыктап тандай билем.
- Күмүшкө жакынсызбы, же алтынгабы?
- Мен күмүшкө жакынмын. Таенемден калган күмүш асем буюмдарым бар. Кыргыздардын улуттук калориттерин башка улуттагылар таң калуу менен суктана карашарын чет жакка чыкканда байкайм. Себеби, кийиминде болобу, же зергер буюмунда болобу, анда түшүрүлгөн оймолоруна өзгөчө көңүл бурушат. Кыргыз элине ушул салттар ыроолоп калышы мени кубантпай койбойт.
- Азыр Орусияда мурунку тасмаларды кайрадан жаңы стилде тартып жатышат. Биздин режиссёрлор да кылым карыткан тасмаларга жаңыча жашоо берсе,кайсы тасмадагы ролду аткармак элеңиз?
- Тарыхый баатыр кыздардын образын жаратыш мен үчүн кыял да. Эгер ошол классика аталган тасмаларыбызды азыркы режиссёрлор кайрадан жандандырып заманбапка ылайыктап тарта тураган болсо, мен Уркуянын образын жаратмакмын. Н. Байтемировдун "Тарых эстелиги" чыгармасынын негизинде гениалдуу режиссёрубуз Т. Океев "Отко таазим" деген тасма тартып элибизге калтырып кетпедиби. Уркуяны Т. Турсунбаева майын чыгара аткарганын ким тана алат. Мен да ушул улуу актрисадай Уркуяны аткарсам арманым жок эле.
- "Мен дүйнөнү апакемдин көйнөгүнөн тааныгам" демекчи, балалыгыңыз тууралуу кеп салсаңыз?
- Мен Жети-Өгүз районунун Балтабай айылында өсүп-чоңойгом. Бал тилдүү балалыгым бактылуу күндөрдү коштогонунан улам төрт мезгил кандай өткөнүн байкабай калыпмын. Балалыгымдагы унутулгус күндөрүмдү эстеп отурсам көп сөз. Атамдын кыраакылыгына сыймыктанам. Тестиер маалымдан баштап "Манасты" түшүндүрүп, окутуп, турмушка "Манас" менен тарбиялаганынан улам балалык баёо сезимим менен турмушту жомоктой кабыл алып көпкө жүрдүм. Кийинчерээк эс тарткан соң, турмушуң жомок эмес экенин аңдап калдым.

Динара Асылбекова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??