Тилеке баатырдын тоюнда Ташиевге күңжилик тийиптир, Султанов боз үйгө батпай калыптыр
Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов Тилеке баатырдын эстелигин Алайга ачып, өлкөдөгү саясий элитанын баарын тегиз чакырып, чоң саамалык иш-чара өткөзгөнү маалым болду. Бирок, бүгүнкү бийлик башындагы Отунбаева, Атамбаев, Бабанов өңдүү эл багарлар мындай тарыхый күндү чагылдырган жерге барбай коюшуп, теңирден тескери кетиштиби? Ал эми буларга караганда бу жактан Байболов, Жекшенкулов, Жапаров өңдүү саясатчылар ал жакка барып, баатырдын арбагын сыйлаганга жарашты. Баса, сый коноктор отурчу чоң боз үйгө Султанов батпай калганы, Ташиевге күңжилик тийгени, ошондой эле Жекшенкулов менен Келдибеков эң сыйлуу уча устуканын алышканы маалымдалды.


Элмурза Сатыбалдиев президенттик шайлоого аттанышы ыктымал
Экс-генпрокурор Элмурза Сатыбалдиев былтыртан бери 7-апрелге байланышкан сот процессине катышып келатат. Күнөөлүүлөр качып кетти, ошондой эле калган айыптуулары бүгүнкү бийликтин бутактарында отурганы жалганбы? Ал эми топурагы жеңил Элмурза сотто! Бул боюнча адилетсиздик канчага дейре созулат болду экен?.. Баса, былтыркы бийлик алмашуудан бери Э.Сатыбалдиев моралдык жактан тазаланууга деле жетишип калды. Ушул күнгө чейин сот анын күнөөсүн айта албай чайналып келүүдө. Мындай шарттан соң, экс-генпрокурор Э.Сатыбалдиев президенттик шайлоого чыгууга ниет кылып, азырынча саясий консультацияларды өткөзүүдө. Балким, кийинки жумаларда Өзгөндүн бычакка сап кулуну күздөгү чоң саясий күрөшкө аттанып калышы ажеп эмес. Эгерде Э.Сатыбалдиев шайлоого аттанса, анда бир топ оюндар өзгөрөт...


Ө. Бабанов мамлекеттин бюджетиндеги миллиондогон долларбайларды кайда жумшап атат?..
Өлкөдө Максим Бакиевдин акча жүгүртүү схемасы дале уланууда. Бирок, азыр Максим эмес, анын ордунда Өмүрбек Бабанов мамлекеттин бюджетиндеги миллиондогон долларбайларды жеке банктары аркылуу жүгүртүп, эки ортодон олчойгон суммаларды таап атканын кабарлашты. Учурда Финансы кредит банк менен АКБда миллиондор айланып атканы, ал акчалар элдики экендиги жалганбы? Бул боюнча дагы журналисттик иликтөөлөрдөн соң, анын чын-бышыгын дагы да ашкерелемекчибиз. Эмне эле Ө.Бабановдун дымы чыкпай, акырын жүрүп калды десе, бул жагынан жайлап аткан турбайбы... Кыргыздар өз энчисине качан ээ болот болду экен? Жыргабай калдык го!


"Ата Мекен" партиясынан Ө. Текебаев шайлоого аттанат!
"Ата Мекен" партиясынан президенттик шайлоого Өмүрбек Текебаев аттана турганы белгилүү болду. Жакынкы күндөрү партиянын жыйыны болуп, Ө.Текебаев жалгыз талапкер катары аламанга ат коёт. Ал эми буга чейин "Ата Мекенден" Кубатбек Байболовдун шайлоого чыгышы айтылып келген. А неге чыкпай калды? Көрсө, Кубат аке шайлоого корой турган акчасын аяп, "Ата Мекен" партиясын уят кыла жаздаптыр. Мындай жоруктан соң, лидер Өмүрбек мырза күздөгү президенттик шайлоого өзү катышарын билдирди. Эң башкысы, Ө.Текебаев реалдуу талапкер катары эл назарында экендигин билебиз. Жетиштүү добуш жыйнай ала турганы да турулуу иш.


Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү уюлдук байланышы жок өзүнчө абакта кармалууда
Президент Роза Отунбаева "Биринчи радиого" (КТРК) интервью берди. Мамлекет башчы өз сөзүндө өлкөбүздөгү коопсуздук маселесине да токтолуп, буларды айткан: "Азыркы күндө, уюшулган кылмыш топтордун 170 мүчөсү жоопкерчиликке тартылып, аларга байланыштуу 70 кылмыш иши сотко өткөрүлдү. Бул адамдар абактагыларга басым жасап, таасир кылбаш үчүн өзүнчө колонияда мобилдик байланышы жок кармалып турушат. Криминалдык түзүмдөрдүн ишкерлерге басым жасап, алардан акча-каражат дооламай кескин түрдө кыскарып, өлкөдө абал өзгөрдү".


Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Казакстандын кийинки президенти болушу мүмкүн
Назарбаев кызматынан капысынан кетип калса, анын күйөө баласы Тимур Кулибаев кийинки президент жана Нурсултан Назарбаевдин багытын улантуучу болушу толук ыктымал. Бул туурасында 25-июлда "Коммерсант" гезити жарыялаган интервьюсунда Казакстандын президентинин саясий маселе боюнча кеңешчиси Ермухамет Ертысбаев билдирген.
"Мамлекет башчысы ишинен капысынан кетип калган өзгөчө жагдай болсо, президенттин стратегиялык багытын Кулибаев гана уланта алат",-деп айтты Ертысбаев.
Ал, Кулибаев Москва мамлекеттик университетинин экономика факультетинин мыкты студенттеринин бири болгондугун, системалуу ой жүгүртөрүн жана башкарууда зор тажрыйбага ээ экендигин баса көрсөттү.
"Ал өкмөттө иштебесе жана областта аким болбосо да, бирок мамлекеттик саясий менеджменттин призмасы аркылуу көрө билген тажрыйбага ээ",- деп белгиледи президенттин кеңешчиси. Ошол эле учурда Ертысбаев мамлекеттин башчысынын ордун басуучу Карим Масимов болору жана ал гана бийлик үчүн күрөшөрү жөнүндө Мухтар Аблязовдун жакындагы билдирүүсүн төгүндөдү.
Президенттин кеңешчисинин пикири боюнча Карим Масимов- Казакстандын тагдырына кайдыгер болбогон адам жана бара-бара сөзсүз боло турган саясий күрөштө өтө активдүү жана чоң роль ойномокчу.

P.S. Маалымат интернет булактарынан алынды