"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Кимсанбаевич Мадумаров:
"Ким кыргыздын бүтүндүгүнө каршы чыкса, чабыш керек"
- Адахан Кимсанбаевич, жаңыдан кабыл алынган Конституциянын чийки экенине эми гана ынангандарга, убагында айткан элеңиз. Буга карата көрө албаганынан айтып жатат деп Сизге оң-терс пикирлер айтылган. Сиздин көз-карашта Конституциянын оң жана терс жактары?
- Туура айтасыз, бул туурасында бир эмес, бир нече жолу ММКда, жыйындарда айтып келгем. Эми азыр экинин бири айтып калбадыбы, ошол Конституцияда бир аз карама-каршылыктар бар экенин. Өкмөттүн ЖКнын ыйгарымдуу өкүлү Данияр Нарынбаев: "Биз кайрадан кеңешме түзүп, ошол кемчиликтерди оңдошубуз керек",-деп айткан. Эмне үчүн айтылган сын-пикирлерди мурунураак угушпайт, мени ошо таң калтырат. Биринчиден, мамлекет болгондон кийин, мамлекет ошол Конституциянын кепили болушу керек эле. Конституциянын кепилдиги жөнүндө ал жерде бир да сөз жок. Кыргыз мамлекетинин тышкы саясатын ким аныктайт да, ким жүргүзөт, ал боюнча да маселе жок. Мына ушундай баш-аламандыктардын кесепетинен бүтүндөй башкаруу системасы аксайт. Ошондуктан, башка мамлекеттер менен өз ара сүйлөшүүлөрдү, макулдашууларды жүргүзүп жатканда, кимдин кандай ыйгарым укугу бар экендигинен кабары жок.
- "Ушул парламентте отурбай калганыма кудайга миң мертебе ыраазымын",-деген сөзүңүз эмнени айгинелейт?
- Шашылыш түрдө президентти жана ЖКнын депутаттарын шайлоо тууралуу Конституциялык мыйзам кабыл алынды. Конституцияны күчүнө киргизүү жөнүндөгү мыйзамда ал дагы референдум менен кабыл алынган. ЖКке шайлоолор Конституциянын, мыйзамдын негизинде жүргүзүлөт. Ал мыйзам иш жүзүнө аша электе эле шашылыш түрдө шайлоо өтүп кетти. Ушунчалык саясий соодагерликке барат деп эч кимдин оюна келген эмес. Биз ошол соодалашуу саясатын көрүп отургандан кийин, коалициянын ичиндеги ыйкы-тыйкы маселелерден гана эмес, ошол жерде отургандардын бири-бирине жасаган ыйкы-тыйкы мамилелерин көрүп отуруп, ал жерде отургандан көрө элдин арасында жүргөндү абийир деп табабыз. Биз ушуга шүгүрчүлүк келтиребиз. Ошондуктан, булардан алысыраак болуп, кандайдыр бир чаң-тополоңго, жаман иштерге аралашпаганыбызга жараткандын буйругу ушул болсо керек деп эсептейбиз.
- "Адахан мырза сүйлөп жатканда, сайрап жаткан булбул жаңылып кетиши мүмкүн",- деп айтып жүрүшөт. Сөзгө чечендигиңиз тубаса талантыңызбы, же турмуш тажрыйбаңыздын жыйынтыгыбы?
- Бардык нерсе жараткандын буйругунан. Эгер көкүрөгүңдө кайнап турган нерсе болсо, сыртка чыгарышың керек. Эгер жан-дүйнөңдү эч нерсе козгобосо, анда тынч, унчукпай отуруп бересиң. Казанга куюлган сүт деле астына от жаксаң, бышкан маалда ашып-ташып төгүлөт да. Анын сыңарындай, кайнап, ичиңдеги батпай турган сөз чыгат. Кайдыгер болуп отуруп алсаң, кымындай да сөз чыкпайт. Убагында депутат болуп турганда, 5 жыл отуруп 5 сөз айта албаган кесиптештерим деле болду. Демек, талкаланып, же өнүгүп-өсүп жатса да баары бир да. Калганына кесиптештер катары сиздердин бааңыздар, ал эми мен өзүм жөнүндө айткым келбейт.
- Коомдук ишмер Исхак Раззаков: "Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот"-дегендей, журт башчысы таза болушу шарт. Президенттикке талапкер катары кайсы атаандашыңызды таза иштеп бере алат деп ойлойсуз?
- Бардык шайланып жаткан талапкерлер президенттикке татыктуу деп ойлойм. Бирок алар, тескерисинче, мүмкүн болушунча 180 градуска айландырып жазышууда. Менин дарегиме ар кандай жалган жалааларды топтоого да жетишип жатышат. Менин үмүтүм, эртеби-кечпи баары бир жакшылыкка барабыз. Милдеттүү түрдө барабыз, ким жакшылыкка баскысы келбеген болсо, бастырыш керек. Ким моюн сунбаса, моюн сундуруш керек. Ким кыргыздын бүтүндүгүнө каршы чыкса, чабыш керек. Ар бир кишинин абийирин өзүнө койдум. Бардык атаандаштарымды президенттикке татыктуу деп билем. Шайлаган эл татыктуусун өзү тандайт деп ойлойм.
- Сиздин: "Каным, жаным, жериме азык болсун, каруум элге казык болсун"-деген сөзүңүз эли-жериңиз үчүн башыңызды сайып коюуга даяр экениңизди тастыктап турат. Ош коогалаңында кайда элеңиз?
- Ош коогалаңы 11-июнда башталса, биз 13-июнда бардык. Ар областтан, дубандардан комитет түзүп, жарым миллиондук суммадагы 10 тонна ун, 2 жарым тонна макарон азыктары жана башка азык-түлүктөр менен жардам көрсөттүк. Ал учурда биз машиненин ичинде жүргөн учурубуз да абдан кооптуу болчу. Биз элдин арасында жүрсөк да, артыбыздан камера сүйрөп жүргөн эмеспиз. Андай популисттикти жек көрөбүз. Соопчулук жасаган болсоң, көкүрөк какпай, байкатпай жасаш керек. Жараткан алдында өзүбүздүн парзыбызды аткардык. Эки ящик суу алпарып, 20 жолу кайра-кайра тартканды да теледен көрүп жаттык. Бирок биздин максатыбыз башка, жараткандын ыраазычылыгы, элдин батасы үчүн жасадык. Ош аэропортуна түшкөнүбүздө эле БТР берип, айылдарды кыдырарда да БТРсиз жүрбөгүлө деген катуу талаптарды коюшкан. Ошол жердин жергиликтүү тургуну, шаардык кеңештин депутаты, биздин партиялашыбыз болгон бир азаматтын коштоосунда жүрдүк. Туура, биздин арабызда да ок атышуулар токтогон жок. Биз ошол учурда кыргыздарды катып тамагын берип отурган өзбек үй-бүлөлөрүн көрдүк. Тескерисинче, өзбек улан-кыздарды, бала-чакасын, абышка-кемпирлерди катып отурган кыргыздарды да учураттык. Демек, кыргыздын касиеттүү айкөлдүгүн көрсөткөн карапайым калк күнөөлүү эмес. Ушунун баарына шайтандын уюгуна кирип алган (бийлик деп айтканга да оозум барбайт) азыркы бийликтин арасындагылар, сепаратисттик көз караштагы азаматтар күнөөлүү.
- Кыргыздын кадыры бийик атактуу инсандарынын бири: "Ата Мекендик согуш учуру болсо, Мадумаров Гестапо болмок. Адамгерчилиги жок. Ал жөнүндө сүйлөгүм да, уккум да келбейт",-деген баасын берген дешет. Буга сиздин оюңуз?
- Эми ким нааразычылыгын берсе бере берсин. Биз бир адамдын жеке ыраазычылыгын алалы деп эмес, калың элдин ыраазычылыгын алалы деп жашайбыз. Негизи, жараткандын ыраазычылыгын алышыбыз керек. Өткөн кеткен ата-бабалардын рухтары ыраазы болушу шарт. Биз ошон үчүн иштейбиз. Гестапо болмок дегенге мен ачык айтам, бүгүн мыйзамды, тартипти катуу талап кылсак, атка минерлердин эч кимиси чыдай албайт. Алар жайлоого чыккандай болуп, ээн-эркин жүрүп көнүп калышкан. Эртеби-кечпи ошондой тартип орнотушубуз керек. Кандай сын-пикир болсо айтыша берсин, тарых өз баасын берет.
- "Үмүтсүз жалгыз шайтан болот" деген сөздү дайым айтып келесиз. Кыргызстанды келечекте кандай элестетесиз?
- Кыргыз баласы өлүм төшөгүндө жатканда дагы "Аксакал, кандайсыз?"-десе, "Жакшы",-деп жооп берет. Эч ким жаман деп айтпаган ушундай касиеттерибиз болгон. Азыр эле жаман болду. Бир жерде сел жүрүп, же көчкү көчүп жатса, тыйын бер деп жардам сурашат. Берүүчү зат-жараткан өзү. Пенде пендеге берип, пендеге жардам көрсөтүп, аны бай кылып көрсөтө албайт. Пенде маңдайына жазып койгон бакытты тартып алып, аны кем кылып коё албайт. Мына ошондуктан, шайтан гана үмүтү жок болот деп айтып келем. Адам баласы болгондон кийин жакшылыкка үмүт кылат. Ооруп жаткан адам да жараткан шыпаасын берсе, жакшы болуп калам деген үмүттө көзү жумулуп кете берет. Өмүр бою максатсыз жашаган адамдан, уя салып жашасам деген куштун ою кымбат. Үмүтсүз жашоо болбойт. Себеби, куш дагы үмүт кылып жатат. Ушул жерде балапан ачсам, анан аларды учурсам деп ал да аракет кылып жатат. Балапанынан кең келечектин эч кандай жардамы тийбейт, бирок ошолор да балапаным деп чыркырап жатат. Ошол максатсыз жашаган адамга караганда куштун ою кымбатыраак деп эсептейм.
- Кыңыр иш кырк жылда билинет" дейт. Акыры элибиз чындыкты тарых барактарынан окуп калат деп ойлойсузбу?
- Сөзсүз түрдө, илгери кырк жылда билинген болсо, азыр кырк саатта эле билинип калат. Заман ушундай тез өзгөрүп жатат. Элибиз эртеби- кечпи баары бир тарых барактарынан окуйт. Окуган мезгилде бүгүнкү чындык кашкайып чыгат. Биздин партия, биздеги саясий ишмерлердин эстелигин ачып жатабыз. Келечек муун ошол инсандар ким экендигин билип алуу максатта. Аларды ким жок кылган десе, баары Сталин дейт. Чындыгында, Сталин аларды тааныган да эмес. Ошол эле жанында отургандар: "Ушуну жок кылсам, анан ордуна мен отуруп алсам",- дегендер. Баягы эле көрө албастык, папке талашмай, ит күлүгүн түлкү сүйбөйт деген саясат, же күлүктөн күлүк чыкса төрт туягы тыбырайт дегендей эле кеп да. Көрө албастык биздин денебизге сиңип, чирип кеткен ириң катарында коомубузду жеп келет. Илгертен бери бул инсандарды келечек муунга окутпай коёбуз, кыргыз тарыхынан булардын ысымдарын түп-тамыры менен алып салабыз деген азаматтардын көзү өтүп кетти. Чыныгы патриот, өз элине кызмат кылгандарды мына эми элибиз таанып-билип жатышат. Сталин да каза болордо: "Менин мүрзөмө эмне деген гана жугундуларды, шыпырындыларды төгөт, бирок улуу тарыхтын шамалы тазалап, баарын орду-ордуна коёт",-дептир. Ошол сыяктуу, эртеби же кечпи баары бир чындык чыгат.
- Немец акыны Генрих Гейне: "Генийди гений жаратат. Алар бир-бирине шыктанып эмес, тирешкен үчүн генийге айланат",-деген экен. Сиздин оюңузча, бүгүнкү күндөгү саясаттын генийлери деп кимдерди атай аласыз?
- Бүгүнкү саясаттын генийлери өтө кедейликтин азабын чегип отурат. Кайсы жерге барбагын бир токоч салып барсаң, ошондо гана жакшы көрүнөсүң. Сенин оюң, акылың көкүрөгүңдөгү сезимдериң эч кимге кереги жок. Тек гана акча башкы ролдо. Ошондуктан, генийди гений жаратат деп бир чети Гейне туура айтат. Эгер ошол генийге тете келген, ошонун ой-жүгүртүүсүн түшүнө билип, ошонун акылына барабар акылы болсо гана. Бир акылман аксакал: "Айылымдан бир сүйлөшөр киши таппай жүрөм",- дейт. Айылында миңдеген кишилер бар, бирок өзүнө тең ой-жүгүртүүчү киши таппай жүрөт экен. Грек философу Диоген Синопе шаарчасында жыгачтан жасап алган бочканын ичинде жашап, адамдарды көргүсү келбей, аны менен тил табыша турган адам издеп жүрүп өтөт. Мына ошол кайгы бизде толтура. Бизде ошондой адамдар экиге бөлүнөт. Кээ бир ошо аңгемелешейин деген кишинин деңгээлине жетип, теңме-тең отуруп сүйлөшкүсү келген кишилер бар. Бирок көпчүлүгү анын бутунан тартып, жерге "талп" эткизип отургузуп коюп сүйлөшөлү дегендер көбүрөөк да. Учурунда өз алдыбызча мамлекет болобуз деген Жусуп Абдыракмановду деле тепкилешип, тарых барагынан чийдирип салабыз дешчү экен. Жадырап-жайнап күлүп жүрүп кечээ эле көзү өтүп кеткен биздин залкарларыбыздын аркасынан мындай кыраандар жүз жылда бир жаралат деп куру кейигенге уста болуп калбадыкпы. Жүз жылда бир жаралса, анда эмне үчүн биз анын тирүүсүндө барктабайбыз? Себеби, биз жылуу сөзүбүздү да алардан аяйбыз. Көзү өтүп кеткенден кийин ал атаандаш болбойт да. Анан кийин эле комуздун коштоосунда: "Кокуй эле кокуй, мындай киши жаралбас, мындай залкар болбос, колумда конгон кушум учту. башымда конгон багым учту",-деп кошок кошуп эле ыйлап отуруп калса боло берет экен да.
- Саясат бул-айыкпас оору сыяктуу, саясаттын даамын бир жолу таткан адам кайра-кайра кумарлана берет дешет. Сиздин көз-карашыңыз?
- Эгер чыныгы саясатчы болсо, таттуусуна караганда ачуусу көбүрөөк болот. Эгер ишкер саясатчылар болсо, булар даамын татышы анык. Жөнөкөй, таза саясатчы болсоң, бүгүнкү күндө элиңе жагыш эмес, өзүңдүн үй-бүлөңө, дос-туугандарыңа жагыш бул-өтө оор маселе. Базарда эки күркөсү бар адам саясатка аралаша койсо эле, аларды саясатчы аташ өтө жаңылыштык. Саясат бул-кесип, ошол кесипти аркалай билишиң керек. Жок эле дегенде элден төрт кадам болбосо да, бир кадам алдыга жүрүшүң керек. Келечекти баамдап көрүп, аны алдын-ала айтып койсоң, сени жек көрүшүп түшүнүшпөйт. Бизде, элибиз башына келгенде гана түшүнгөндө, тилекке каршы кеч болуп калат. Ушундан улам Тоголок Молдонун "Иттин доолдай тиктирем дегени" аттуу чыгармасы эске түшөт да.
- Кандай бийлик болбосун эл түптөйт. Бирок ал бийлик элге далысын салган бойдон кайрылбайт экен. Сиз президент болуп калсаңыз, бул маселеге кандай мүмкүнчүлүк менен караар элеңиз?
- Бийликте болобу же болбойбу адамдын өзүнөн. Биздин залкар Чыкебиз: "Бул жашоодо эң кыйын нерсе адам болуш, бирок күнүгө адам болуу андан да кыйын",-деген таамай сөзүн калтырып кетти. Анын сыңарындай, бийликке жетеби же жетпейби, ички жан дүйнөсүнүн көз карандылыгында. Эмне үчүн кыргызда көргөндөн көрбөгөнүм курусун дейт. Көрбөй жүрүп көрүп калган пенде табияттан анын энчиси болбой турган болсо, ал нерсени көтөрө албайт да. Бийликти, байлыкты көтөрө албай калыптыр деген сөз кайдан чыгат. Ал кишиге табияттан ыроолобосо, ага өзү дагы даяр эмес. Ошондуктан, андайларды көзү май басып калыптыр деп атап келишкен. Эгер эл түптөй турган болсо эл жакшы болот да, бийлик жаман болуп калат. Ошондуктан, эки тарап тең бирдей болуусу шарт.
- Эгер Атамбаев президент болуп,"Сен премьер-министр болосуң"-деп тандем сунуш кылса, макул болосузбу?
- Тандемдердин бир топторун көрдүк го, араба ылайдан өткөнчөлүк кеп да. Илгертен бери каада-салтыбызда келе жаткан шерт деген түшүнүк жок азыр. Шерттешкенден кийин өлүмгө чейин даяр азамат жок. Эгер кыргыз элим үчүн иштешели дешсе, бир эле ал киши эмес, башкасы менен да сүйлөшүүгө даярмын.
- БШКнын курамы бир топ ызы-чуулар менен шайланганын коомчулук билет. Президенттик шайлоого кедергисин тийгизиши мүмкүнбү?
- Бир гана БШКнын курамы эмес, азыр мектептин директорун алмаштырган маселе да ызы-чуулар менен чечилип калбадыбы. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айтайын, БШКнын төрагасы болуп Туйгуналы Абдраимов шайланбадыбы. Бу кишинин кесиби-дарыгер. Бардык тарапта иштеп көргөн тажрыйбалуу ишмер. Акыл калчап иш алып бара турган жигиттин бири. Дарыгер катары таза иштеп беришине ишеним чоң.
- Өзүңүз журналистсиз. Бирок журналисттерди кагып-силкип салган учурларыңыз жөнүндө айтсаңыз?
- Илгерки журналисттер менен азыркылардын айырмасы асман менен жердей. Ал убакта кийген кийиминен баштап, дикциясына чейин өтө көңүл бурушчу. Ж. Кайыпов, С.Жээнбеков, Р. Рыскелдинова, Т.Жаманбаева, Б. Мамытов, Г.Молдоева-кандай гана кыргызымдын кадыр-барктуу дикторлору. Ар бири өз кесибинин чебер устасы болчу. Алардын дүйнө таанымы да кенен, сөз байлыгы кең, сөздү таптап, анын маңызына чыгарып сүйлөшчү. Жогорудагы устаттардын галстугун тагынуу биз үчүн сыймык болчу. Бир программага даярданууда 1 жума даярданып, анан телеге чыгарчу. Суроолорду түзүш да искусство болчу. Эгер чачың өсүп кетсе, Балташ Кайыпов эфирге чыгарбай коё турган. Ал эми азырчы? Тизеси жыртылган шымдарды стилдүү деп чыгарып калышпадыбы. Азыр телеканалдардагы болуп жаткан программаларды деле көрбөйм. Аягына чейин көргүчөктү демим кысылып, кан басымым жогорулары анык.
Динара Асылбекова