п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Жаңылбас жаак болбойт

Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичеби?
Ар кандай себептерден улам, турмушта оту күйүшпөй калган түгөйлөр эки жолду тандап кетишет. Белгилүү инсандардын арасында да ушундай тагдырга туш болгондорго тиешелүү суроолорубуз менен кайрылдык.


Клара Алибекова:
"Бизде чыныгы сүйүү пайда болгон"
Биринчи жолдошум болгон Байыш Момунов экөөбүз сүйүшүп, чыгармачыл адам болгонубуздан кийин бири-бирибизди түшүнөт болушубуз керек деген ой менен баш кошконбуз. Негизинен, Байыш экөөбүздүн ортобузда келишпестик деле болгон жок. Ортодон кайын-журтум тынбай эле кирише берип, бизге жашоо бербей коюшту. Ошондуктан, "сен тараптагылар жашоо беришпейт го?" - деп, экөөбүз эки жакка кеткенге туура келди.
- Бири-бириңерди сүйүп эле үйлөнүптүрсүңөр, ортодогу сүйүү менен кыйынчылыктарды жеңип кете алган жоксуңарбы?
- Бизде чыныгы сүйүү пайда болгон. Бирок башында эле Байыш тараптан да, мен тараптан да бузгандар бар болчу. Байыш эч нерсеге карабайм деген. Мен деле жаштык кез болуп, сүйүүгө арбалып кеткем, көрсө, турмуш деген башкача экен да. Негизи эле турмушта эки жаштын жашоосу көбүнчө кайын-журт жакка көз каранды болот экен. Бала деле баары бир апасынын сөзүн угат экен. Байыш же алар тарапта боло албай, же мен тарапта боло албай ортодо кыйналды. Азыр ортобуздагы балабыз 7 жашка чыгып калды, атасы келип кабар алып турат, бала аркылуу мамилебиз бар.
- Экинчи жолу турмуш курууну качанкыга пландап жатасың?
- Учурда "сүйөм-күйөм" дегендер толтура. "Турмуш куралы" дегендер деле бар. Бирок, албетте, биринчи турмушуң болбой калса, экинчисине барыш кыйын болуп калат экен. Кайра турмуш куруудан абдан чочулайм. Жогоруда айтпадымбы, кайындарымдын айынан ажырашканбыз деп. Экинчи турмушумда көбүнчө кайындарым кандай адамдар болот деп ойлоном. Азыр издеген адамым, эң негизгиси, түшүнүктүү болсо. Апамдар: "Жаш убагыңды өткөрүп жүрө бербей турмуш кур. Биринчиден жолуң болбосо, экинчиден багың ачылар"-десе, бир аз ойлонуп калам. Экинчи турмушумдан жаңылбашым керек. Күйөө деп эле тийип алып дагы кыйналып жүрбөйүн деп. Ошондуктан, жакшылап карайын деп жатам. Биринчи турмушумдан жолум болбогону өкүнүчтүү, бирок, кудайга шүгүр, балам бар, канткен күндө да маңдайыма жазылган экен да.


Сапар Эркебаев:
"Аялымды эстегим да келбейт"
- Жубайың менен ажырашып кетишиңе эмне себеп болгон?
- Биз башында эле туура эмес үйлөнүп алганбыз. Бирок эптеп жашап кетербиз деп аракет кылдым, жашообуз болбой калды. Жаштык болуп адашып үйлөнүп алганбыз, болбосо сүйүү деле болгон эмес.
- Экинчи жолу жубай тандоодо эмнесине карап жатасың?
- Азыр экинчи жубай тандоодо акыл-эсине, кызганбай мени түшүнө турганына карайын деп жатам. Бирок акылы деле бир аз жайында эмес болсун, эң башкысы, мени кызганбаса болду. Аялымдын мени жөнү жок эле кызгана беришин каалабайм.
- Учурда аялың менен байланышып турасыңбы?
- Кызым бар, 4 жашта.Барып жардамымды берип турам. Аялымды болсо эстегим да келбейт, эстебейм дагы.


Назира Жетигенова:
"Таяк жеген күндөр жакпайт"
- Биринчи никеден жол болбой калганда, экинчиге барыш кыйынчылык жаратабы?
- Биринчи турмушуңдан жаңылгандан кийин, экинчисине барыштан коркосуң, мурдагыдай күйөөгө тием деп жулунбайсың. Экинчи жар болчу адамды бардык жагынан сынап көрөсүң. Күйөөм менен 1995-жылы ажырашкам, арадан 16 жыл өттү. Күйөөдөн көңүлүм калып, ушул убакка чейин такыр эле тийгим келбей жүргөм. Бирок быйыл жаздан бери бир жигит колумду сурап жүрөт, мен ойлонуп жатам, жообун бере элекмин. "Топурак менен суу ылай, эркек менен аял-жубай. Ушинтип жаратып койгон турбайбы кудай" дегендей, кыздарым деле чоңоюп, турмушка чыгайын деп калышты. Аял болгондон кийин турмушка чыгышың керек деп ойлойм. Турмушка чыксам күйөөм мени сыйласа, кол көтөрбөсө болду.
- Кыз-жигит болуп сүйүшүп үйлөндүңүздөр беле?
- Биринчи жолдошум мени сүйгөн, мен аны сүйгөн эмесмин. Отурушка алып барышып, ошол жактан алып калган. Азыр күйөөм менен жашап жүргөн күндөрүмдү эстесем, таяк жеген күндөрүм жакпайт.
- Кыздарыңыз атасы менен катышып турабы?
- Ажырашканда алимент сурабайм деп, эки кызымды эле алып кеткем. Ал эми атасына келбе деп тоскоол кылып, жолун тоспойм. Сагынгандабы же ойгонгондобу, билбейм, 3-4 жылда бир келип турат.


Гүлжигит Сатыбеков:
"Ал мени күнөөлөйт, мен аны күнөөлөйм"
- Экинчи үй-бүлө курууну ойлонуп жатасызбы?
- Үйлөнүү тууралуу азырынча оюмда жок. Биринчи турмуш курганда эч нерсени билбей үйлөнөсүң жаш убагыңда. Азыр жашың өткөндөн кийин кыз деле жакпай калат экен. Кыздардын бардык жери көзүңө көрүнүп тура берет экен. Кыялы жакса, буту жакпайт, буту жакса, мурду жакпайт дегендей. Ошондуктан, жаштык убагыңда үйлөнүп, ошол үй-бүлөнү кармап калуу керек экен.
- Анда эмнеге кармап кала алган жоксуз?
- Биринчи никем менен сүйүшүп эле үйлөнгөнбүз. Ортодо түшүнбөстүктөр болуп ажырашып кеттик. Ал мени күнөөлөйт, мен аны күнөөлөйм. Ортодо 6 жаштагы уулубуз бар, айылга барганда уулума барып турам. Алгачкы үйлөнүшүм, балалуу болушум эсимден кетпейт. Негизи эле биринчи нике жакшы болот, кармап калышың керек. Бирок тагдырдан качып кутула албайт экенбиз, адам болгондон кийин ар кандай турмуш башыңа келет экен.
- Мүмкүн, биринчи никеңизге кайра кайрылып барарсыз?
- Жок, эч качан барбайм.
- Бойдокчулук жакшыбы, же үй-бүлө куруп жашаган жакшыбы?
- Экөөнүн тең жаман да, жакшы да жактары бар.


Бүбүсара Рыскулова, "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси, психолог:
"Экинчи үй-бүлөдө бири-бирине кичине аяр мамиле жасаш керек"
Биринчи нике курганда үй-бүлөдө түшүнбөстүк, же зордук-зомбулук болуп, адам абдан кыйналып калса, коркуу сезими пайда болуп калат. Экинчи жолу турмуш курушат, бирок, биринчиден, кандай мамилени көрсөм, экинчиден, ошону көрөм деп ойлошот. Адам экинчи никеге барууну кааласа, улуу сезими болсо, түгөйүнө ишенсе, бир көрүп эле берилип кетпей, байкаш керек. Эгерде коркуп жүрө берсе, өмүр бою жалгыз калышы мүмкүн. Бардык нерсени убакыт дарылайт дегендей, арадан убакыт өтүшү керек. Биринчиси менен ажырашып, дароо же кыска убакытта никеге барса, калыптанып калган сезимдер бузула элек болот. Экинчи турмушта кайра биринчисин кайталап коёт, кайталабаса да түгөйүнөн күтүшү мүмкүн. Адамда улуу сезим пайда болгондо, сүйгөн адамынын жаман жактары көзүнө көрүнбөй калат. "Кыз кезинде баары жакшы, жаман катын кайдан чыгат" дегендей, экөө тең терс мүнөздөрүн көрсөтпөгөнгө аракет кылышат. Турмушка келгенде болду, бүттү деп экөө тең баарын көрсөтө баштайт, анан ошондон чыр-чатак башталат. Ошондуктан, убакыт өткөрүп анан экинчи адам менен мамиле түзүп, эгерде үй-бүлө болуп калсак кандай болот деп ойлонуу керек. Үй-бүлө куруу деген оңой эмес, эки адамды алып келип бир үйгө тургузуп коюу болуп жатпайбы? Ар бир адамдын үй-бүлөдөгү модели башка. Экинчи нике кургандар, экөө эки башка үйдүн тарбиясын көргөн, эркек өзүнүн эрежесин алып келет, аял өзүнүкүн алып келет. Ошондо кыйын болот, алар жаңы жашаганда бир жыл кичине бири-биринен уялышат. Арадан убакыт өткөндө башталат, аял бул туура эмес десе, эркек тигил туура эмес деп. Биздин тажрыйбада кездешкендей айрымдар биринчисин кайталап калышат. Ошондуктан, үй-бүлө түзгөндө чыдамкайлык керек, улуу сезим болсо абдан жакшы. Үйлөнгөндөн кийин эле сүйүүбүз бүттү деп калат, ошондуктан, ал сүйүүнү багыш керек, аздектеш керек. Экинчи үй-бүлөдө бири-бирине кичине аяр мамиле жасаш керек.

Сюита Сексенбаева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??