Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат
Алексей Филатов:
Өзү жаш болсо дагы, көптөгөн жаш таланттарды тарбиялап , уясынан учурган жигит Алексей Филатов менен маек.
"Зарина Хасанова менен жакын мамиледемин"
- Кандайсың? Акыркы учурларда гезит беттеринде көрүнбөй калдың, эмне менен алектенип жүрөсүң?
- Жакшы, рахмат. Азыр долбоорлордун үстүндө иштеп жатам "Жаңы ысымдар", "Моделдер мектеби", "Ари-Ури", "Ералаш","Жылдыздар кесибин алмаштырат". Жакында жаңы долбоорду ачканы жатабыз, азырынча кандай аталышта болору белгисиз. Күзгө жакын белгилүү болот деп ойлойм.
- Долбоор демекчи, ушул ачып жаткан долбоорлоруңдун идеялары өзүңдүкүбү? Жаңы долбоор ачууга сага ким жардам берет, демөөрчүң барбы?
- Долбоорлордун идеясын өзүм жана өзүмдүн командам менен ойлоп чыгарабыз. Кээде жөн эле көчөдө кетип баратып бир нерсени көрүп каласың, ошондон улам идеялар пайда болот. Ал эми демөөрчү тууралуу айтсам, менин эч кандай демөөрчүм жок. Биз өзүбүздү өзүбүз камсыз кылабыз.
- Кайрымдуулук акцияларын жүргүзөсүңбү?
- Кайрымдуулук акцияларга дайыма эле катышып турабыз. Мисалы, кечээ жакында "Баңгиге каршы күрөшүү күнүнө" карата болгон акцияга катышып келдик. Балдар үйүнөн же башка жактан чалып чакырып калса сөз жок барабыз. Өзүбүз атайын чалып биз сиздерге баралыбы деп суранбайбыз, балким, ал жак биздин келишибизди каалабайт, же кандайдыр бир себеби бар. Бирок 99 % чакырган жерден калбайбыз деп айта алам. Ал эми 1 %, балким, биздин өзүбүздүн жеке концертибиз болуп калып баралбай калышыбыз мүмкүн.
- "Жаңы ысымдар" долбооруна көптөгөн жаш таланттар катышат, бирок өтө популярдуу боло алышкан жок. Эмне себеп? Аларга жардам бербейсиңби?
- Андай эмес деп ойлойм. Долбоордон мисалы үчүн, Атай Өмүрзаков, Алкамиль, Дархан жана көптөгөн таланттар чыкты. Жардам тууралуу айтканда эгер биринчи орунду алып андан ары улантам десе, албетте, жардам беребиз. Негизи, "Жаңы ысымдар" долбоору бул жаш таланттар үчүн биринчи кадам десем болот. Эшик ачып беребиз, андан кийинкиси өздөрүнүн каалоосуна жараша болот.
- "Жаңы ысымдар" долбооруна катышкан балдар акча төлөшөбү?
- Жок, төлөшпөйт. Биздин долбоорго катышуу бекер, кээ бир учурларда кандайдыр бир ырды сатып ала турган болсо, анда төлөгөнгө туура келет. Акчасы жокторго жардам беребиз.
- Дархан менен эмнеден улам иштешпей калдың?
- Дархан менен эки жылга түзүлгөн келишим бүтүп иштешпей калдык. Ал азыр өзүнчө иштеп жатат. Алдыга умтулуп келе жатканына кубанычтамын, киного тартылып бүттү. Балким, бир-эки жыл ичинде Дарханды биз ырчы катары эмес, таланттуу, белгилүү актёр катары таанып калабыз деп ойлойм.
- Алкамиль менен дагы деле иштешип жатасыңбы, эмне үчүн көптөн бери чыкпай калды?
- Алкамиль үй-бүлө күтүп башка жолду тандап кетти. Ошол себептен улам азырынча иштешпей турабыз. Бирок жеке концерт беребиз деп пландаштырганбыз, убактысы келгенде сөзсүз беребиз деген ойдомун.
- Алкамилден тышкары, Микаэль менен иштешчү элең, экөөңөрдүн чыгармачыл адам катары мамилеңер кандай эле?
- Микаэль менен бир кездерде иштешип калганбыз, бирок ал Нурлан Мамакеевдин алдында тарбияланган жигит болчу. Анан бир жолу Нурлан айтып калды, ушундай жигит бар, көрбөйсүңбү деп. Ошентип иштешип калганбыз. Микаэль менин көп эле долбоорлорума катышып калды. Аябай жакшы жигит болчу, мен ал тууралуу эч кимден жаман сөз уккан жокмун.
- Зарина Хасанова менен мамилең кандай?
- Аябай жакшы мамиледемин. Зарина менен теледе иштеп жүргөндө таанышкам. Беш-алты жылдан бери жакшы мамиледебиз. Заринанын жакшы сапаттары көп, абдан жакшы кыз десем болот. Экөөбүз болгону дос катары гана сүйлөшөбүз.
- Жеке жашооң тууралуу эмне айта аласың? Кыргыз кызы менен сүйлөшчү элең, азыр мамилеңер кандай? Качан үй-бүлө курсам деп жатасың?
- Жеке жашоомдо жымжырттык. Мен өзүм абдан талапты катуу койгон, тандаган адаммын. Бир жолу бир кыз айтты эле: "Сени сүйгөн бүтүндөй оор сыноо",- деп. Балким, туура айткан, менимче, мен өзгөчө адам болушум керек. Өзүмдүн ханышамды издеп жүрөм. Бирок үй-бүлө курууга эч шашкан жокмун, дайыма эле отуздан ашып үй-бүлө курам деп айтчумун жана ошол пландарым алмашкан жок. Ооба, кыргыз кызы менен сүйлөшкөм, ал менен төрт-беш жыл жолугушуп жүрдүк окшойт. Анан убакыттын өтүшү менен экөөбүз экиге бөлүнүп кеттик. Чынын айтсам, менин кыздарым, досторум кыргыздар болгон. Азыр деле мени эс алып жүргөндө кыргыздар, дегеле азият улутундагылар менен кезиктирсеңер болот.
Алиса Сапарбекова




Курмангазы кызы Нурайым турмушка чыгат
Жаш, таланттуу кызыбыз Курмангазы кызы Нурайым жакында жаңы ыр жаздырып, ошол ырына клип тарттырып бүтүп калды. Мындан тышкары, 29-августта турмушка чыгып той бергени жатат. "Той бүтөрү менен ошол эле түнү улуу байкем менен Екатеринбургга кетем. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө карата чоң майрам болот, ошого эки жарым сааттык программа Кыргызстандын атынан дайындап жатабыз. Россиянын элчилеринен чакыруу алып, уяттуу коноктордун алдында өнөрүбүздү тартуулайбыз. Программабызда музыкалык фольклор, джаз, дүйнөлүк классика жана эстрадалык ыргакта концерт коюуну пландап, ишеничин актап келебиз деген ойдобуз. Ошондой эле Түштүк Кореяга сентябрь айларында Улуттук аспаптар сынагына Кыргызстандын намысын коргоп келгени атам экөөбүз катышабыз",-дейт Нурайым.

Замир Сабитахунов концертке даярданып жатат
Курбуларын сагынып ырдап жүргөн таланттуу жигитибиз Замир Сабитахунов "Кыргызстан" деген ырына клип тарттырып жатат. Жаңы ырларды жаздырып, жаңы форма тиктирип концерт берсемби деп сценарийлерди жазып, кызуу даярданып жаткан маалы. Эс алууга убакыт таппай чуркап жүргөн учуру.

"Жоролор" көлгө кетишет
"Кызыл өрүк" деп ырдап чыккан жигиттерибиз-"Жоролор" тобу 24-25-июль күндөрү концерт коюшту. Шаңдуу өткөн концерттен кийин Ысык-Көлгө гастролдоп кеткени жатышат.

Роза Шакирова клип тарттырып жатат
Ырчы кыздарыбыздын бири Роза Шакирова август айы келгенче жаңы ыр жаздырып, "Жүрөгүм" деген ырына клип тарттырып бүтүп алып эле Ысык-Көлгө барып эс алып келсемби деп жатат. Ойлогон ою ишке ашып, Роза эжебиз кереметтүү көлүбүздө жакшы маанайда эс алып келет деген ойдобуз.