п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Балам - бактым

Гулнара
Калдарова:
"Эне болушту, чындыгында, көп күттүм"
- Учурда балаңызды бапестеп багып, жыттап олтурган убагыңыз, эне болуу бактысы кандай экен?
- Аял болуп жаралганыңдан кийин, аялдын бактысы-сүйүктүү жар, эне болуу. Эне болушту, чындыгында, көп күттүм. Жараткан бала берерин ушул күнгө буйруптур, шүгүр кылам, татынакай наристе берди. Баланы 9 ай көтөрүп, төрөгөндөн кийин жытын жыттаган бул сөз менен айтып бүтө алгыс сезим экен. Эне болгонго чейин баланын жыты кандай экенин билбейт экенсиң, баланын жытына тең келе турган дүйнөдө эч нерсе жок экен. Кызымдын ар бир күнү кылган кыймылын, көзүн ачканын, күлгөнүн карап олтуруу эле чоң бакыт. Дүйнөдөгү бардык байлыктардан, эне болуу бактысы жогору турарын билдим. Көңүлүм чөгүп турса кызымдын күлгөнүн бир карап алсам, бардык нерсе унутулуп калат.
- Кош бойлуу убагыңыз кандай өттү?
- Бул убакка чейин бир жолу кош бойлуу болуп, тилекке каршы, ал наристем боюмдан түшүп калган. Андан кийин абдан эле чочулап калат экенсиң. Бул кызым боюнда болгондо эч кимге жарыя кылган жокмун, кыргыздын ырымдарын колдондум. Чынында эле биздин ырым-жырымдар туура экен. Кайненем да: "Элге жарыя кылып айтпай, көп көрүнбөй тур. Бул биздин көптөн күткөн наристебиз, өзүң да эл тааныган кызсың, элдин көзүнөн алыс болуп тур",- деп айткан. Мен макул болуп бул нерсени ичиме катып, сахнада ырдап жүрүп, жаңы жылдан кийин ичим билине баштаганда үйдө олтуруп, айым жеткенде аман-эсен көз жарып алдым.
- Төрөт убагында кыйналган жоксузбу?
- Төрөт убагында кыйналдым, өзүмдүн да жашым 33кө келип калганда биринчи төрөтүм болду. Жашым бир топко барып калды деп коркком. Кыздын толгоосу абдан ачуу дешет го, чындыгында эле толгоом абдан ачуу болду. Кызымдын салмагы кичине эле болуп төрөлдү, бирок абдан кыйналдым. Кыйналып жаткан учурда апамды, дегеле бардык айымдарды эстедим. Баары ушундай кыйынчылык менен төрөшөт турбайбы деп. Апам шаарга келейин дегенинен келтирбей койгонбуз. Оштон телефон чалып "кыйналган жоксуңбу" деп ыйлады. Ошондо: "Сиздин баркыңызды эми билдим",- деп айттым. Негизи, кыйынчылыкты өз башыңа келмейинче билбейт экенсиң.
- Жолдошуңуз төрөтүңүзгө катыштыбы?
- Жолдошум жанымда болуп мага абдан колдоо көрсөтүп турду, ал жок болгондо билбейм эмне болмокмун. Негизи, ал абдан боорукер адам, бирөө ооруп жатса карап турганга чыдай албайт. Төрөт убагында мени көрүп ушунчалык жаман болду. Төрөгөнүмдөн кийин бетимен өөп: "Азаматсың, мен сени өмүр бою баалайм, сыйлайм",- деп ыраазычылыгын билдирди.
- Жолдошуңуздун кубанычы койнуна батпай жатса керек?
- Кыздуу болгондон кийин, чындыгында эле, башкача болуп өзгөргөнүн байкадым. Жумуштан бат-бат телефон чалып, кызын сурап, "телефондон кызымын үнүн угузуп койчу" деп турат. Кызым азыр чоңоюп калбадыбы, дайыма байкайм, эртең менен атасы жумушка кетип жатканда ойгонот. Атасы жыттап: "Кызымдын жыты мага дем берет, мен ушул дем менен көп ийгиликке жетишем",- деп калат. Кечинде да атасы жумуштан кеч келсе ойгонуп күлүп калат, бала баарын сезип турат экен. Кызым мага караганда атасына жакын. Атын да Аяна деп атасы койду.
- Кыз күттүңүз беле, же уулбу?
- Мен көбүрөөк уулду жакшы көрчүмүн, биринчи уул төрөгүм келчү. Бирок кыз болобу, уул болобу, эң негизгиси, ден соолугу чың, жакшынакай бала төрөлсө экен деп жүргөм. УЗИге түшсөм, "кыз" деп айтышканда, кыз күтө баштадым. Жолдошум биринчиси кыз болсо деп күткөн, эми уулдуу болсок дей баштады.
- Жолдошуңуз бала багууга жардам берип жатабы? Алгачкы күндөрү ким жардам берди?
- Эшикке сейилдеткенге мага караганда атасы көп алып чыгат. Мурда кандай ата болот экен деп ойлончумун, аталык милдетти жакшы аткарып жатат. Түндө да кызым ыйлаганда менден биринчи туруп калат. Мен төрөгөндө кайненем өзү карап, абысыным жардам берип жатты. Чындыгында эле кичинекей баланы караш оңой эмес экен. Сааты менен тамак бересиң, жуундурасың, ушулардын баары эне үчүн жагымдуу нерсе экен. Кичинекей бала күн сайын өзгөрүп турат экен, жакындарым чоңоюп калыптыр десе сүйүнүп жаттым. Кыркы чыкканча жеңем экөөбүз бактык.
- Келечекте дагы канча балалуу болгуңуз келет?
- Кудай буйруса, 4 балалуу болсом: 2 кыз, 2 уул. Эже-сиңди болуп сырдашканга эки кыз болсо, уул болсо иниси менен. Өзүм көп бир тууган болгонду жакшы көрөм, үй-бүлөбүздө да 7 бир тууганбыз: 6 кыз, 1 уул. Азыр кыздар сырдашып турабыз, ал эми иним жалгыз болуп: "Апа, мага деле шерик төрөсөңүз болмок",- деп калат. Ошондон ойлоп калам, балага деле, кызга деле шерик керек экен деп. Азыр 4 баланы кудайдан тилеп жатам.
- Бала багууда кимден кеңеш алып жатасыз?
- Китептерден окуйм, эжемдерден, досторумдан, жеңемен, кайын-сиңдимен сурайм. Өзүбүздүн да үй-бүлөлүк дарыгерибиз бар, андан да ар кандай кеңештерди алып турам. Кыскасы, кеңеш берчүлөр көп.
- Көпчүлүк ырчылар балалуу болгондо ага арнап ыр жаздырып ырдашат. Сиздин да кызыңызга арнап ыр жаздырып ырдап чыгуу оюңузда барбы?
- Албетте, эне болгондон кийин жан дүйнөңөн чыккан ырларды ырдагың келет. Кызым үчүн ырдайм. Бирок клип тарттырбай турам, себеби, сиңдим Мунара балалуу болгондо Темир ырдап клип тарттырбады беле. Өткөндө мага Мунара:"Эже, кызыңызды кичинесинде клипке тарттырбай эле коюңуз, биздин кызыбыз клипке тартылгандан кийин аябай катуу ооруду"-десе, мен да ойлонуп калдым, чоңойгончо тарттырбай эле коёюн деп.
- Сахнаны сагындыңызбы, канча убакытка чейин бала менен олтурайын деп жатасыз?
- Албетте, сагынасың, бирок жакшы эле элге кызмат кылып жатабыз. Буйруса, дагы чыгармачылык менен иштейм. Ал эми азыр кызымды мүмкүн болушунча көбүрөөк өзүм карайын деп жатам. Кызыма 5 ай болуп калды, дагы бир аз чоңойсо, чыгармачылыкка көбүрөөк көңүл бурайын деп жатам.
- Музыканын үнү угулганда кызыңызда кандай реакция болуп жатканын байкадыңызбы?
- Боюмда бар кезде ырларды жаздырып, сахнага чыгып ырдап жүргөм. Азыр кызым көбүнчө музыка менен уктайт. Чоңоюп үн чыгарып калбадыбы, кээде кыңылдап калса апамдар үнүн меникине окшоштурушат. Ыйлаганда катуу ыйлайт, үнү да ничке. Бирок мен ырчы болушун каалабайм. Хобби катары ырдай берсин, бирок башка эле кесипке ээ болсо дейм.

Динара Чокоева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??