п»ї

  Махабат майданы

- Бир жумада канча жолу интимдик катнашта болосуз?
- Төшөктө өнөктөшүңүз кандай болушун каалайсыз?
Жылуу сөз айтып, кулагыңызга назик шыбырап, жагымдуу, татынакай өнктөшүңүз жаныңызда жатса, каалоо сезими күч алат эмеспи. Өзүңүздүн бардык аракетиңизди жакшы көргөн адамыңызга жумшап, бир түндө бир нече жолу интимдик катнашта болсоңуз да, каалооңуздун чеги болбойт. Ал эми биздин белгилүү инсандарыбыз төшөктө кандай экенин билүү үчүн суроо узатып көрдүк.


Ильяз Агыбай уулу, куудул:
"өнөктөшүмдүн маанайына жараша болот"
- Ммм… Канча мүмкүнчүлүк болсо, ошончо. Эми ар кандай болуп калат да, мүмкүнчүлүккө жараша болот. Жумасына мынча жолу деп айта албайм. Бир жумада кээде 6-7 жолу, кээде 9 жолу, кээде такыр эле болбой калат. Эң жок дегенде 2-3 жолу болот. Бардыгы өнөктөшүңдүн чеберчилигине, маанайына жараша болот.


Назира Бердигулова, актриса:
"Күнүнө бир жолу интимдик катнашта болуп туруу керек"
- Оме-ей. Таппаганыңар жок силердин, ха,ха,ха… Төшөк мамилеси жөнүндө алганда медицинада күнүнө бир жолу интимдик катнашка барып туруу керек экен. Эми жумасына 3 жолу болуп калат. Өнөктөш жөнүндө айтсам, күйөөм турганда башкаларды каалабайм, жолдошум мени канааттандырат.


Жакут Сыдыков, куудул:
"Ким менен десең?"
- Ким менен десең? Адамды уялтасыңар да, башка суроо бергилечи. Мен мындай суроолорго жооп бербейм, уялам, кыйын суроо экен.


Мирлан Жетигенов, ырчы:
"Бир айда 2-3 жолу"
- Мен эми бойдок болгондон кийин, бир жумада мынча жолу, же күнүнө мынча деп айта албайм. Меники бир жумада эмес, бир айда 2-3 жолу болуп калат. Өнөктөшүмдүн төшөктө мен каалагандай болушун каалайм, мага алсыздар жагат.


Назира Айтбекова, алып баруучу:
"Жолдошум мени толук канаттандырат"
- "Ужас", эмне деген суроо? Журналисттер, төшөгүбүздүн астына чейин кирип кетмейиңер бар да. (Күлүп) Эми бул эки адамдын ортосундагы ыйык нерсе да. Күйөөсү менен аялынын ортосундагы боло турчу иш, эми ар кандай эмеспи. Саны убакытка, жагдайга жараша өзгөрүлүп турат, кээде көбүрөөк, кээде аз болуп калат. Өнөктөш дегенде бир эле күйөөм бар да, күйөөм мен каалагандай, оюмдагыдай, мени толук канаттандырат.


Жолдош Жанжигитов, актёр:
"Айтсам мага кызыгып калышат да"
- Ой, шумдуксуңар, башка суроо бергилечи? Ким менен интимдик катнашка барам? Мен айтпай эле коёюнчу, айтсам мага кызыгып калышат да. Эми сен канча жолу болсоң, ошончо жолу боло берем да. Тамаша. Бир күндө 2-3 жолу.


  Секс Тууралуу

Турмушта
1) Секске эң ылайыктуу орун бул-керебет.
2) Экинчи орунда болсо авто унаа турат.
3) Статистика боюнча тамеки чеккендер 2 эсе аз интимдик катнашта болушат, тамеки чекпегендерге салыштырмалуу.
4) Ар бир 5 секунд сайын дүйнө жүзүндө 2778 адам интимдик катнашта болушат
5) Эркектердин спермасында 30га жакын кошулмалар бар.
6) Эки буттуулардын арасынан эң чоң алиги адамдыкы. Ал эми шимпанзелердин жумурткасы чоң болот.
7) Аялдардын 85%на төшөк маселесинде секстин узакка болуусу жагат.
8) Орто эсеп менен айымдын гардеробунда 11 эмчек кап жана 22 ич кийим болот.
9) Акыркы жылдарда ар бир үчүнчү айым эң сонун секс тууралуу кыялданат.
10) Эркек түш көрүп жатканда 9 эрекцияны сезет, кандай түш көрүп жатса да айырмасы жок.
11) Жумуртка клеткага жетүү үчүн эрендик 7,5 ден 10 смге чейин жол жүрөт жана 2,5 секунд убакыт коротот.
12)Эрендиктин орточо ылдамдыгы 45 км/с жүрөт.
13) Эркектердин 73%ы 70 жашында тукумсуз болуп калбайт.
14) Эгер эркектер күнүнө 1,5 литр ананас ширесин ичсе, анын эрендиги таттуу болуп калат.
Медицинада
Татынакай болуп калат, жүрөк ооруга пайдасы чоң, адам арыктап кетет да, бардык жагынан ден соолугу чыңдалат. Секс деле физикалык көнүгүү. Бир жолку интимдик катнаш 200 калорияны түшүрөт, сиздин 15 минуттук чуркооңузга барабар болот. Адам рахат алар алдында анын организминде беш эсе окцитоцина көтөрүлөт, анын кадимкисине салыштырмалуу. Айымдар үчүн депрессияны чыгарууга жардам берет. Адам баласы үчүн секстин канчалык көп болгону ошончолук жакшы. Бирок медицинада күнүнө бир жолу интимдик катнашта болуп туруу керек. Ар бир эле инсан өзүн секске даярдап алып, анан кумарга батса, күнүнө бир эмес, бир нече жолу кумарга батууга болот. Сексте, негизи, эки тарапта тең каалоо сезими болушу зарыл. Бирок сиздин организмиңизге канча керек болсо, ошончо кумарга батсаңыз болот. Адамдын темпераменти ар кимдики ар кандай болот. Албетте, курагыңыз дагы чоң роль ойнойт. Жаш жигиттен карып калган адамдыкындай, же болбосо, тескерисинче, карып калган адамдан жаш жигиттин сексин талап кылып көрүңүзчү, кандай жыйынтык берерин өзүңүз байкайсыз. Эскертип кетүүчү нерсе, эгер секс сиздин ден соолугуңузга пайдасы тийсин десеңиз, анда жакшы көргөн адамыңыз менен кумарга батыңыз. Көңүлү жок адамдан көрө сизди каалап турган адам менен төшөк кумарына батуу психикалык жактан да пайдалуу.
Динде
Ислам дининде күнүнө же жумасына мынча жолу деп кандайдыр бир сан бөлүнбөйт. Интимдик катнашты канча жолу кааласа, ошончо жолу кумарга батса болот, эгер никеси бар болсо. Бирок интимдик катнаштан кийин сөз жок кусул дааратын алуусу зарыл. Куранда кумарга батуу боюнча эгер никеси жок болгон гана учурда тыюу салынган никеси жок кумарга батуу зина деп аталат. Зина кылган адам чоң күнөөгө батат. Бир жолу зина кылган адам бир шаардын элин кырып салуу менен барабар.
Алия Ибраева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??