п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  жылдыз төлгө

2-августтан
9-августка чейин
Кой
Кой жылдызынын астында төрөлгөндөр бул жумада иши илгери жүрүп, ити чөп жейт. Кандай гана пландарды алдыңызга койбоңуз, баары сиз ойлогондой болуп, көңүл сүйүнтөрлүк болот. Ал эми жеке жашоого кайрыла турган болсок, жуманын экинчи жарымы жаңы таанышуулар менен коштолот.
Букачар
Букачарлар бул жумада бир топ чебелектеп барып, акыры өзүнүн кыялындагысын орундатышат. Сизге келген сунуштарды четке какпай, жакшылап ойлонуп көрсөңүз, шаршемби күнү алыс сапарга аттанышыңыз мүмкүн. Дем алыш күндөрү эч кандай чечим кабыл албай турганыңыз оң.
Эгиздер
Эгиздер үчүн базардан буюм сатып алууда ийгиликтүү жума болот. Иш жаатында бир топ маселелерди эч кимден жардам сурабастан өзүңүз гана чече аласыз. Ден соолугуңузга карап, эс алганды да унутта калтырбасаңыз жакшы болот. Жуманын экинчи жарымында Ысык-Көлгө эс алганы кетишиңиз ыктымал.
Бөйөн
Бул апта бөйөндөр үчүн бейкапар өтөт. Анткени, буга чейинки кылган эмгегинин үзүрүн көргөнгө убакыт келди. Дос, туугандардын үйүнө конокко баруу менен гана күн кечирип, азырынча иш дегенди токтотосуз. Жума күнү көңүл сүйүнтө турган кабар угасыз.
Арстан
Арстандар дайыма биринчи болгондуктан, бул жумада да башка жылдыз белгилеринен эң алдыда жүрүшөт. Буга чейинки пландап жүргөн пландарыңыздын көбү аткарылып, үй-бүлө тууралуу маселелерди да чечкенге жетишесиз. Акча маселесинде өтө сак болуңуз, алдамчылардын торуна илинип калышыңыз мүмкүн.
Бийкеч
Созулган бийкечтер көзүн сүзүп жүрүп, көп нерседен куру жалак калышы ыктымал. Ошондуктан, өз билгениңизди башкалар менен бөлүшө билиңиз. Буга чейин таарынышып жүргөн адамдарыңыз менен табышып, аптанын экинчи жарымы шаңдуу өтөт.
Тараза
Таразаларга бул жума ар тараптуу сунуштар түшөт. Алардын арасынан өзүнө мыктысын гана тандап, ошого макул болуп чогуу иштешсе, капчыгы калыңдайт. Аптанын экинчи жарымынан тарта иш билгилигиңиз артып, жетекчиликтин ыраазычылыгына арзыйсыз.
Чаян
Чаяндар орозо айында иш боюнча көп ойлонбой көп эс алышат. Кандайдыр бир жаңы ишти баштайын деп турсаңыз, коркпой эле баштай берсеңиз болот. Анткени, баштаган ишиңиз көп киреше алып келет. Аптанын аягында жагымдуу кеченин коногу болосуз.
Жаачы
Жаачылар бул жумада көп иштейт. Жеке жашоосунда бир топ өзгөрүүлөр болуп, жакшы жаңылыктарды угуп сүйүнөсүз. Жеке жашооңузда жаңылануулар болуп, жаңы жан шерик таап, күз айларында баш кошуп калышыңыздар мүмкүн. Аптанын экинчи жарымы тынч өтөт.
Текечер
Текечерлерге окуяга бай жума болот. Өзүңүздүн кыялыңыздагы иштерди аткарууга убакыт келди. Сиз тарапка айтылган сөздөргө кейибей, тескерисинче, өзүңүздүн билгениңиз боюнча иш алып барсаңыз, баары сиз ойлогондой болот.
Суупери
Сууперилер акча табуу жагынан алдыга озот. Себеби, бизнестеги атаандаштарыңыздын иштери начарлайт. Ал эми жеке жашоого кайрыла турган болсок, бардыгы жайында болот. Аптанын экинчи жарымы үй иштери менен алек болуп өтөт.
Балыктар
Балыктар иштеши гана керек. Иштеген ишиңиздин үзүрүн көрүүчү мезгил келип жетти. Болгон күчүңүз менен аракет кылсаңыз, иштен бир тепкичке жогорулайсыз. Аптанын экинчи жарымынан баштап жаңы идеялар пайда болот.


Алия Ибраева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??