п»ї

Достум, билгениңен биле элегиң көп!
АЙТМАТОВДУН АЙЫМДАРЫ
Жанызак басма
(Башы өткөн санда)
- ... жетимиш үчүнчү жылдары. Анан ошентип эле айтты: Жаркын, Чыңгыз Айтматов киного, фильмге тарттырам деп атат деп бир ооз айтты. Анан мени ухаживать этти, мага сөз айтты мени алам деп... нет, этого ал айткан эмес, андай болгон эмес,.. Просто предлагать этти, Жаркын, момундай фильмге түшүрөм деп атат, заграницадан режиссёрлор келиптир, ошолор менен тааныштырып коёюн деп атат деп гана бир ооз айтты. А так, мындай эчтеке болгон эмес.
- Эми мен нейтральный кишимин да, кызынын айтканын бирөө айтты.
Анан Аселянын айтканы... Ал Аселя деген баягы бирөөлөрдүн.. Ай, Аселя деген - ай кокуй, ал ичинде жүргөндө, Таттыбүбүнүн ичинде жүргөндө, канча жигиттер Таттыбүбүгө сөз айттырды эле.. Аселя каяктан билет Таняга кимдер сөз айтты, кимдер сөз айткан жок?! Зачем она такие вещи.. Кызы болгондон кийин мен билбейм мамамды, деп коюш керек эле да...
- Вообще то мейли, бу маселе кетсин дейли. Биерде мындай да: билем-билбейм деген мененчи, ээ, жанагы сөз элдин арасында өлгүдөй жүрүп жатат да, оңбогондой ушак сөздөр. Мен тиги, Жанышка барган себебим, ал Таттыбүбү жөнүндө китеп жазбады беле, аерде бүт баары аппак болуп калган да, ал эми элдин арасында...
Эми мен, кечирип кой, минусовой оттеноктор, Таттыбүбүнүкү, билесиңби эмне кылышкан убагында?! Роль бербей коюшкан! Басып баратып момундай эле кыйшайып кетсе: бу мас экен! - деп чыгарышкан. Үйүндөгү, үйүндөгү... айланып кетейин, атың ким?
- Жаныбек...
- ... Жаныбек, үйүндөгү таракандарынан бери собранияга салышкан! Анан ким күйбөйт буга?! Кандай гана кылышты Таняны... Раматылык Муратбек өлүп калды, болбосо кандай гана ыйлаткан Таняны! Комсомольская премияны беребиз деп жатканда ушул Рыскулов каршы чыккан! Рыскулов каршы чыккан, кечирип койсун арбагы, айланып кетейин...
- Мени кызыктырган бир эле маселе да: кайсы моменттен баштап Таттыбүбү тая баштады? Жаныш айтат да, Имаш акенин айтымында Таттыбүбү тээ институтта окуп жүргөндө эле анча-мынча эркинирээк болчу дейт бу жагынан...
- Эч качан! Эч качан андай эмес. Таттыбүбү экөөбүз бир бүткөнбүз...
- Калп дейсизби муну?
- Эч качан андай болгон эмес, Тат...
- Болот Бейшеналиевич да бир аз ухаживать эткени?..
- Болот ухаживать эткен...
- Анан Имаш аке...
- Ошондо эми Таня жаш да, ал Имашты жакшы көрүп калган. Айтты эле өзү, Имашты жакшы көрүп калдым деп. Анан Имаш ортодо жүрдү, же Болот жолдош баласы экен - аны да кыя албайт, жолдош баласынан тартып алганга ага дагы ыңгайсыз болду окшойт, ошон үчүн Имаш да унчукпай жүрдү. Иши кылып, бу жерде туура эмес түшүнүктөр болуп калды дагы, анан Таттыбүбүнү кийи-ин, уже поздно, кеч болуп калганда Имаш үйлөндү Таттыбүбүгө...
- Кеч болуп калганда дегениңиз кандай, боюна бүтүп калгандабы?
- Иийе...
- Ошентип, дегендей эле сөз да, туурабы?
- Ооба...
- Эми ошо кезден эле, мына, өзүм билемдик деген сөз да: бирөө менен жүрүп калып, анан боюна бүтүп калып, ну, айла жокто...
- Айла жок эмес эми, может Имаш алам деп, жер жамандап барбасын, алам деп ортодо тигил ушактын сөзүн угуп, бул ушактын сөзүн угуп албай жүргөндүр, билбейм анысын. Бирок мен Таттыбүбүнү мындай-тигиндей деп айталбайм...
- Туура деңизчи, бирок мындай да: биз арбактар алдында өткөн-кеткенди жамандайын деп отурган жерибиз жок, тек болгон окуянын тарыхый чындыгын гана башка бир жүрүп жаткан ушактарга караганда тагыраак чечмелейин деген аракет. Антпесек жанагы илээшме дегениң, илээшмечи, илээшип кете берет да.
Анын сыңарындай, Таттыбүбүнүн таржымалы биз сиз экөөбүз каалайбызбы-жокпу, же аке-туугандары жер сабап кокуйлашабы-кыйкырышабы, эл оозунда айтылып калды. Бири билип айтат, бири билбей айтат, айтор, минтип чыгармачылыктын оозеки түрүндө ушак-айың багытында кете берсе, жыйырма-жыйырма беш жылда Дездемона, Джульетта, "Кызыл алма", "Уркуя" биякта калып, Таттыбүбүнүн турпаты таптакыр башка нукта айтылып калышы мүмкүн. "Көзү тирүүсүндө айтса болбойт, көзү өткөндөн кийин айткан уят" дей берсек, чын-төгүнүн качан талдайбыз?! Ошондуктан болгон окуянын тикелей катышуучусу катары сиздин оозуңуздан чындык сөздү угуп-жазып албасак, бурмалап сүйлөгөндөрдүн күнү тууйт да айла жок, анда эле курбуңузга кылган жакшылыгыңыз кайсы, анын арбагын сыйлаганыңыз кайсы таламайга таштап койсоңуз. Маселени ушул өңүттөн алып караганда канчалык жаныңыз кашайбасын, мүмкүн болушунча чындыгын айтып берсеңиз, ошол чындык аркылуу маркум курбуңуздун сөөгүн тазарткан болор элеңиз. Антпегенде Таттыбүбү эже жөнүндөгү уламыштар улам жүрүп отуруп...
- У-укмуш эми! Угуп отуруп кээде өзүм да таң калып кетем кантип айтышат деп. Шумдук, это бул, эл арасында дегеле бир болбогон сөздөр айтылып жүрөт. Мен ушу отурган жерде, беш-алты киши отурган жерде, обычно аялдар да, ушундай бир туура эмес сөздөр айтышат да! Ушу, Таттыбүбүнү менден артык билген, менден көбүрөөк билген... Менден артык эч ким билбейт Таняны... Коё тур! Мен мунун жаман жагын вообще көргөн жокмун. Мен аны таптаза ичкен жок деп айталбайм...
- Анан таптаза да эмес...
- Таптаза да эмес деп айталбайм! Ага түрткөн көпчүлүк...
- ...чоңдор...
- ...мен чоңдор деп айталбайм...
- Ким анан?
- Өзүбүздүн эле кыргыздар...
- Кыргыздар болгондо ким анан?
- Мен аны.., өзүм көзүм менен көрбөсөм кантип айталам мен аны?
- Жанагы эпизодчу... Ошондо жаңы эле бүтүрүп келген экенсиңер дагы, биерде корутунду спектаклди койгон турбайсыңарбы. Анан Мар Байжиев менен Дыйканбаев-режиссёр силерди талаага коноктоп келген экен го?
- Тоого чыктык, барып кайра келдик, чё там, ничего не было.
- Ошондо тиги моминтип убада берип, тигинтип убада берди беле?
- Не-ет, он вообще... Мар антип убада берген эмес...
- Жоо, бирок тоого чыкканыңар чын да?
- Чын, вместе сидели, кайра вместе келгенбиз, менин көзүмчө эчтеке деп анткен эмес. Эжемин үйүндө жатчыбыз мына Аламүдүндө, өзүмүн бир тууган эжем... Бирге бардык, бирге келдик...
- Ошо кезде турмушка чыкты беле?
- Жок, чыгалек болчу, мен да чыга элек болчумун...
- А канчанчы жылы...
- ...алтымыш алтынчы жылдары, алтымыш алты-алтымыш жетинчи го.
- А Мар агай минеде иштечү? Же окучу беле?
- Аны билбейт экем каякта иштеп, каякта окуганын, мен аны менен жаңы таанышканбыз.
- А спектаклдер, ролдор кандайча, же Мардын колунда беле?





Айгүл ШАРШЕН
Бакыттын жылмайышы
(Башы өткөн санда)
- Аа-а, кечир, силерди ээн-эркин койбой эле ээрчип алганымды кара, сагынышып калган эки жашты сүйлөштүрбөй койгон экенмин да.
- Койчу ай, сенден жашырып эмнени сүйлөшмөк элек, анын сырын жакшы билесиң го, айта турганын ким болсо ошол болсун ачык айтат.
- Билем, бирок жашыруун сөз болушу мүмкүн эле, - деп Нуржанат Калысты сынай карады.
- Нуржанат, ал жашырса дагы мен жашырбайм сенден.
- Рахмат, курбум, биздин дагы убакыттар аз калды окшойт. Эртеби-кечпи сен дагы кетесиң, бирге жүргөн күндөр гана эсте калат, биздин жаштыгыбыздын элестери, баскан жолдорубуз, күлгөн жакшы мүнөттөрүбүз калат. Келерки жылы окууга тапшырып өтүп калсам, кайрадан жатаканада жашайм.
- Кой эми, кайгырба, мен эми эле кетип жаткан жокмун, - деп Калыс кайра күлүп калды.
- Баары бир, улгаябыз биз дагы, тагдыр буйруган тарапка кетүүгө туура келет, бөлүнүп кетебиз…
- Жашоо ошонусу менен кызык экен, курбум.
- Түшүнөм дечи, бирок жаштыктын тез эле өтүп кетишин каалабайм.
- Каала-каалаба баары бир өз өкүмүн жүргүзчү тагдыр деген сыноо бар, башкысы ошол сыноодон тайгаланбай өтүшүбүз керек. Токтоолук, туруктуулук, кечиримдүүлүк менен мээримдүүлүк көп нерседен сактап калат, биз кечиримдүү болууну эч качан унутпашыбыз керек.
- Жез кемпирдей эле барсың, курбум.
- Деги айтпа, мен сага акыл айтканым жок, сен менден үйрөнө турган кыз эмессиң, менден акылдуу, менден сулуу кызсың, Нуржан. - Эки кыз көпкө чейин сүйлөшүп жатты. Бир убакта Нуржанат:
- Чынында, сага жетиш кыйын, көп жашап койгондойсуң, көптү көргөндөй токтоосуң, чынында көп жагынан мен сендей боло албайм, - деп Калыстын уктап калганын сезбей кобурай берди. Башын көтөрүп, - Калыс, сен мени угуп жатасыңбы? - деди эле үн-сөз жок, эңкейип караса бышылдап уктап атат. Өзүнчө улутуна ары карап жатып алды. Эртеси кыздар жумушка кеткенде Мирсаид келип таппай калды. Коңшу кыздан сурап билмек болду:
- Чоң кыз, мында жашаган кыздар сабактан келише элекпи?
- Кимдерди сурайсыз?
- Нуржанат менен Калыс.
- Алар окубайт, комвольныйда иштешет.
- Аа-а, - деп Мирсаид ойлонуп калды, - демек, окуйм дегени жалган экен да. - Өзү менен өзү сүйлөшө ары-бери басып күтүп калды. - Кыздардын көбү жалган айтарын билчүмүн, бирок Калыстан күткөн эмес экенмин, - деп башын чайкай көпкө күтүп турду. Кечке маал эки кыз жумуштан келди, Мирсаид аларга укканын айтпады.
- Кандайсыңар, кыздар?
- Жакшы. - Экөө жарыша жооп кылды.
- Көпкө күттүңбү? - деп Калыс аста сурады.
- Ооба, түштө келгем.
- Кечир, жумуштан кеч чыгып калдык.
- Сабакты таштагансыңбы? - Мирсаид Калысты суроолуу карады.
- Аа-а…
- Ооба-ооба, окуш үчүн көп каражат керек экен, анан таштоого туура келди, - деп Нуржанат жооп берип койду.
- Жаман болуптур.
- Кир үйгө.
- Жок-жок, Калыс, мүмкүн болсо бир аз сүйлөшсөк кантет?
- Макул.
- Жүрү, мындай чыгалы, - дегенде Калыс унчукпай кошо басты.
- Кандай сөз?
- Калыс, мен үйдөгүлөр менен сүйлөшүп камынтып койдум, бизди күтүп жатышат.
- Качан?
- Бүгүн жолго чыгышыбыз керек, жол алыс.
- Мен…
- Эмне, бир иш барбы?
- Жо-жок, айлыкты эртең берет, алып алсамбы дедим эле…
- Келгенде аласың, мен баарын дайындап койгом, машина күтүп калды, - деп жер тиктеген кызды ээгинен тарта өзүнө каратты. - Каршы эмессиңби?
- Жок-жок…
- Кийинип чык, жөнөшүбүз керек, Калыс.
- Макул, мен азыр, - деп Калыс жүгүрүп бөлмөсүнө кирди. - Нуржанат, мен эми эмне кылам? - деп кийимдерин чачып жатты.
- Сага эмне болду?
- Мир, Мир азыр алып кетем дейт.
- Азырбы?
- Ооба, менин дурусураак көйнөгүм дагы жок, эми кантем?
- Кийимден таанымак беле, алдагы көйнөктөрүң деле жакшы жарашат, - деп Нуржанат делдейе туруп калды. - Мен сени менен бирге барайынбы?
- Өзүң бил, мен кийимимдин жупунусунан уялып жатам.
- Менде бир көйнөк бар, аны мен кийген эмесмин, курбума ошону белек катары, турмушка чыгып жатканын куттуктап берсем болор, - деп Нуржанат өз чемоданын аңтарып, жашыл түстүү жаңы модада тигилген көйнөк алып чыкты. - Бул сага жагат деп ойлойм, кана, кийип көрчү.
- Ай-ий, жакты, рахмат, курбум, - деп Калыс кийип көрүп, ары жак-бери жагын каранып, чачын оңдоп түйүп, бутуна туфлисин кийди да, Нуржанатка кайрылды.
- Жарашабы, ыя?
- Со-онун жарашты, тим эле манекеншица болуп калдың.
- Ыраспы, курбум? - Калыс курбусун жадырай карады.
- Ырас айтам, мени кара эми, мен дагы кийимимди сынатайын, жарашат бекен? - Койкоңдой ары-бери басты.
- Жакшы жарашты, эми чачыңды иретке келтирсең эле койкоюп каласың, - деп эки кыз бири-бирин сынап жатканда эшик такылдады.
- Мына, биз даярбыз!
- Бол эрте, кеч кирип кетет.
Алар чыкканда Мирсаид аларды көрүп, селдейип туруп калды да:
- Силер жөн эле укмушсуңар го ыя, бириңен бириң өтүп, супсулуу болуп калыпсыңар, - деп күлүп калды.
- Кеттикпи, Мир, Нуржанат менин курбум эмеспи, ошол үчүн мени менен бирге барат.
- Жарайт, абдан жакшы болот, - деди Мирсаид. Алар тез эле такси токтогон жерге келишти, күткөн такси башка бир жакка кетип калыптыр. Ошко чейин кайра башкасын жалдап, жолго чыгышты, аңгыча эки дос баласы келип калып, чогуу жөнөштү. Калысты Мирсаиддин ата-энеси, туугандары жакшы маанай менен тосуп алышты. Кайненеси аппак жоолугун салып, көшөгөгө алып кирип отургузганда да байкуш кыздын жүрөгү элеп-желеп болуп турду. Алдыда чоң сыноо тургандай жан дүйнөсү сыздап, үшүгөн коёндой бүрүшүп, эмне кылар айласын таппай отурду. "Эми эмне деп айтам, чындыкты айтсам эмне болот, неге мурун айтпадың дейт го, неге макул болдум экен? Өз тагдырым менен өзүм күрөшүп, сынап көрөйүн дебедимби, түндө сыртка чыгарып койсо канттим? Нуржанат баарына айтат го, ай кудай ай, канттим эми?" - деп миң түрлүү санаа менен отурганда, келин көргөн аялдар кирип-чыгып, жанына майда кыздар отуруп калышты.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??