п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Билгениң оң

Ким эле өзүнүн жарымын тапкысы келбесин? Болгондо да мамилелери келишип калса, абдан эле сонун болот да. Илимдин өнүгүшү менен жаныңдын жарымын ар кандай жолдор менен тапсаң болот. Мисалы, психологдор, астрологдор, нумерологдордун жардамын алсаңыз болот. Буга чейин кандын тобуна, жылдыз белгисине карап болочок жолдошуңуз ким болсо жакшы жашаарыңыз тууралуу айтып келсек, бул жолкусунда көзүңүздүн өңү боюнча болочок жолдошуңузду аныктап бермекчибиз.

Көзүңүздүн өңүнө карап жан шерик тандаңыз
Көгүш көз - көгүш көз (аба - аба)
Сиздер бири-бириңиздерди бир көз караш аркылуу түшүнө аласыздар. Ошондуктан, бул жерде кандайдыр бир комментарий берүүнүн деле кажети жок. Кандай гана маселе болбосун бири-бириңерди колдоп, ооруңарды колдон, жеңилиңерди жерден алган түгөйлөрдөнсүңөр. Көгүш көздүүлөр көбүнчө эс алуу учурунда бири-бирине өтө жакын болуп кетишет. А эгер күндөрдүн бир күнүндө ажырашууну туура көрсөңүздөр, жөнөкөй эле эч кандай өч алуусуз ажырашасыздар.

Көк көз - жашыл көз (суу - жер)
Экөөңөрдүн союзуңар жашыл көздүү башкарса гана бекем болот. Эгер көк көздүү жашыл көздүүнүн сөзүн уга турган болсо, бул жашоодо көп ийгиликтерге жетишет. Өзүм билемдик менен эч бир ийгиликти багынта албайт. Эгер суу баш ийбесе, анда жаңжал да чыгып кетиши мүмкүн.

Кой көз - көк көз (өрт-суу)
Сиздер башталышында каршылаш болушуңуздар керек. Анткени, суу жана өрт бири-бири менен душман. Өрт сууну кайнаткандай эле кой көздөр көк көздөрдү алдыга сүрөп, ичиндеги чыкпай жаткан таланттын чыгышына чоң өбөлгө түзүшөт. А суу өрттү өчүрүп коёт эмеспи, эгерде кой көздүү жоошураак болсо, көк көздүү өнөк бат эле башына чай кайнатып алат. Ошондуктан, жаныңыздын жарымы көк көз болсо, өзүңүздүн бар экениңизди билдирип, кыялыңызды кээде көрсөтө жүргөнүңүз да жакшы.

Кой көз менен кой көз (өрт - өрт)
Сиздер бири-бириңиздерди өтө тез түшүнүп, тез тил табышып кете аласыздар. Бирок, кээ бир жерлерден өзүңүздүн жеке кызыкчылыгыңызды да ойлоп кетип, жуурканды өзүңүзгө тартып кетишиңиз мүмкүн. Ошол эле учурда болочок жолдошуңуздун да ушуга окшош кыялын байкай аласыз. Бул жагынан экөөңүздөр тең окшош болосуздар. Бирөөңүздөрдүн башыңыздарга күн түшүп калса, экинчиңиздер сөзсүз түрдө жардамга келесиздер. Эгерде сиздердин каардуу каршылаштарыңыздар экөөңүздөрдүн ортоңуздарды бузганга аракет кылса, сүйүүңүздөр көп убакыт сакталып, ошончолук бекем болосуздар. Эгерде атаандашыңыз алсызыраак болсо, мамилеңиздер да салкын болушу ыктымал.

Көгүш көз - жашыл көз (аба - жер)
Сиздер ар башка адамдарсыздар. Бириңер жактырганды башкаңар сүйө бербейсиздер. Эгерде бирге болсоңуздар чыныгы сүйүү гана кармай алат. Эгерде көк көз жашыл көздүүнү башкарам деген ою болсо, экөөнүн мамилеси алыс узабай айрылышат.


  Мына, кызык!

Кытайлык Ван 26 кг аарыны денесине жабыштырды
Кытайда аарычылар арасында сынак жүрүп, ким бал аарыларын денесине көп жабыштырган болсо, ошол оюнчуну жеңүүчү деп табышмак. "Синьхуанын" билдирүүсү боюнча аталган сынак бир саатка созулуп, болгону эки адам гана мындай кордукка чыдоо максатында эр жүрөктүгүн көрсөтүп катышты. Сынактын жеңүүчүсү болуп 42 жаштагы Ван Далинь аталды. Ван Далинь бери дегенде эле 26 килограмм аарыны денесине жабыштырып тура алды. А атаандашы Лю Кунцзян 23 килограмм аары жабыштырып Данилден жеңилип калды. Сынактын катышуучулары денесине аары жабыштырууда аарынын уюгун жабыштырып алышкан. Аарылар чактыбы же жокпу билине элек. Денесине аары жабыштыруу боюнча дүйнөлүк рекордду Америкалык Мурак Бьянканьелло 1998-жылы 39,4 килограмм аарыны денесине жабыштырып койгон.


Оптимизм инсульттун алдын алат
Америкалык окумуштуулар оптимизм инсульттун алдын алат деген чечимге келишти. 50 жаштан өткөн 6 миңге жакын адамды изилдегенде, оптимист адамдарда инсульт оорусу катталган эмес. Ал эми кайгырып, жашоодон үмүтүн үзгөн адамдардын дээрлик 80 пайызы инсультка чалдыгышкан.


Жыпар жыттуу шамдар өлтүрүүгө чейин алып барат
Аялзаты жыпар жыттарга жакын келет эмеспизби? Ар кандай гүлдөрдүн жыттарын тим эле тамшанып жыттап калабыз. Караңгыда жарык кылчу жыпар жыттуу шамды үйгө жагып алмай көптөрдүн адатына айланган. Бирок, жакында эле Америкалык окумуштуулардын изилдөөсүнөн улам төмөнкүдөй жыйынтыкка келишти. Көрсө, алардын жыты тамекинин жытынан да эки эсе ден соолукка өз кедергисин тийгизет экен. Айрыкча, көбүнесе түнкүсүн уктаардын алдында аталган шамды күйгүзүп уктап калышат. Бөлмөдөгү абанын аздыгы, жана жыпар шамдын жыты астма, экзема, тери ооруларына алып келет.


81 жаштагы Ивана Краскону жаш аялы чанып кетти
Актёрдун аялы өзүнөн 47 жашка кичүү, 10 жыл чогуу өмүр сүргөндөн кийин актёрду таштап кетти. Иван Красконун аялы эки баласын багып жатат. А актёрду өзүнүн мурунку сүйгөнүнүн айынан таштоого туура келди. Чанып таштап кеткен келинчегине актёр нааразы болбостон, ойлонгон да жок. Актёрлордун үй-бүлөсүнүн эки жакка карап кетиши Санкт-Петербург театрынын коомчулугун ойго салууда. Сыртынан үлгүлүү үй-бүлө көрүнүшчү."Мен аны жаман көрбө-йм, экөөбүздүн мамилебиз мурун кандай болсо, азыр деле ошондой", - дейт 81 жаштагы актёр Иван. Азыр экөөнүн балдары кааласа атасыныкына барса, кааласа энесинин үйүндө жашап жатышат.


ЖашооДогу кызыктуу
фактылар:
Альберт Эйнштейн өзүнүн телефонунун номерин такыр эле жаттай албай жүрүп көз жумган.
Таза карга караганда кир кар тез жаайт.
Гитлер боюнда бар кезде апасы доктурга аборт кылдырайын деп барса, доктур болбой койгон.
Леонардо Да Винчи Мона Лизанын эриндерин 12 жыл тарткан.
Төрт жаштагы бала күнүнө 400 суроо берет.
Жылмайыш үчүн 40 булчуңду иштетиш керек.
"Guinness" күнүнө 7 000 000 стакан сыра сатат.
Көбүнчө миллионерлердин жубайлары - мугалимдер.
Адамдар жол чырактын жашыл түсүн күтүп, жашоосунун эки жумасын сарпташат экен.

P.S. Маалымат интернет булактарынан алынды.


Сайра Сопушева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??