п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Обон пресс

ОП-178-01 Салам "Обонушканын" жалпы жамааты, супер СМСчилери жана окурмандары. Жайкы эс алуу кандай болуп жатат? Накуля, 07786752хх
ОП-178-02 Сүйөмүн, бирок айта албаймын, сагынам, сагынычымды жаза албаймын. Айлуу түн кечинде уктабастан, алтыным, сен жөнүндө ойлоп жатам. 07776715хх
ОП-178-03 Иса Өмүркулов жөнүндө маалымат алсам болобу? Марал, 07738980хх
ОП-178-04 "Обондон" жооп: Иса Өмүркулов кийинки саныбызда "Кумир менен баарлашууга" келет. Ошондо келип, өзүңүздү кызыктырган сурооңузду берип алсаңыз болот.
ОП-178-05 Салам, "Обон", мага Pitbull жөнүндө маалымат берип коёсуздарбы, сураныч. Марал, 07738980хх
Pitbullдун чыныгы аты-Армандо. 1981-жылы 14-январда Майамиде туулган. Ал өзүнүн музыкага биринчи дебютун 2002-жылы "Lil Jon" альбомуна ачкан. 2004-жылы түштүктө рэп өнүгө баштаганда Майамиден келген жигит Pitbull өзүн көрсөтүүгө убакыт келгенин билип, бардык күчүн жумшайт.Ал өзүнүн күчүн басска көп жумшагысы келген жана басс музыкасын өнүктүрүүгө милдеттүүмүн деп эсептеген. Pitbullдун ата-энеси колунда бар, бардар болушкандыктан Pitbullга Кубанын маданияты тууралуу окутуп үйрөтүшкөн. Мындан тышкары, кубалык поэт Ж. Maртунун чыгармаларына көбүрөөк басым жасаткан. 2004-жылы биринчи "M.I.A.M.I" аттуу альбому жарык көргөн. 2005-жылы "Money Is Still жана Major Issue" деген трек жарык көрүп, анын эң кирешелүү ыры болгон. Ошол күндөн бери Pitbullдун төрт альбому жарык көрдү.

ОП-178-06 Бактыгүл, мени кечир, мен кыйналып кеттим, сени сүйөм, сенден суранам мени кечир, мага чалчы. Шайыр, 07797175хх
ОП-178-07 Деги качан сүйүүм кездешет, жалгыздык жаныма батты… Самара 94, 05547771хх
ОП-178-08 "Обондун" башчысына: Аллахым сизге берсин ден соолук. Биз жүрөлү "Обон" менен бир болуп. Арчадай узун болсун өмүрүңүз. Ишиңиздерге ийгилик! Ырысбек 91, 07704147хх
ОП-178-09 Эр жигит бирди сүйөм деп коёт, эртеси койчу ошол кызды деп коёт. Кыйшалаңдап дагы бир кызга барып, эй, карындаш, сен мага жагып калдың деп коёт. Нурбек, 07775342хх
ОП-178-10 Арал айылындагы досторум Кенжегүл, Саадат, мен силерди жакшы көрөм. Кундуз 94, 07737913хх
ОП-178-11 "Обончик", мен сени жакшы көрөм. Сен бар мен сүйүктүүмдү таптым, сага рахмат. Айко, 07799415хх
ОП-178-12 Айлананы карап турсаң, адамдар эмне болуп баратышат? Заман бузулдубу, же адамбы? Жаш кыздар турмушка чыгышып, бир жумадан кийин төркүнүнө келишет. Келгиле, жашоону билели. 07799415хх
ОП-178-13 Салам, "Обон"! Кандайсыңар, достор? 07731585хх
ОП-178-14 Жүрөгүндө кайгы-муңу бар окурмандар, дегеле жарандар, келгиле, күйүттү күлкү менен, кайгыны каткырык менен жеңебиз жана албетте, "Обон" менен бирге!!! 07738447хх
ОП-178-15 Ош шаарында иштеп жаткан жездем Майрамбек, эжем Толгонай, иним Бексултанга чоң салам. Самаш 95, 05514495хх
ОП-178-16 Саламатсыңбы Иса, мен сенин талантыңа таазим кылам. Сенин бул дүйнөдө эң чоң тилегиң эмне? Сени жактырган кыз Нуриза. 05529008хх
ОП-178-17 Москвадан бир адам бир даана тамекини Кыргызстанга чейин чегип келет? Кантип, достор? Бегимай, 0554500895ке жазгыла.
ОП-178-18 Менин "Обонго" арнаган ырларым бар, кантип СМС жөнөтөм, эгер көп болсо? 05550164хх
"Обондон" жооп: Ырыңызды алып редакцияга келиңиз.
ОП-178-19 Дайыр Исмадияровго: Дайыр, сага Кайыргүлдөн башка кыз түгөнүп калыптырбы? 07737834хх
ОП-178-20 Салам, Чекилдек. Жаку, 07796747хх
ОП-178-21 Салам "Обонтай". "Бейне" тобундагы Адилет жөнүндө маалымат жазгылачы. 07789879хх
ОП-178-22 Салам, СМСчи. 07799972хх
ОП-178-23 Салам, "Обон" газетасы. Ишиңерге ийгилик каалайм. Салам СМСчилер, сырдаш дос издейм. 0770433882, Нуриза 95 KG
ОП-178-24 Салам, "Обон". Урмат менен Неля жөнүндө маалымат берип койгулачы. Бурул, 07792764хх
ОП-178-25 Сүйүү деген бакта бышкан кызыл алма, кызыгып кызылынан бирди сүйүп, бирди танда. Кызыгып беш-алтоону жулуп алып, аттиң ай, бышпаптыр деп таштап салбагыла. 0778611381, чын дос
ОП-178-26 Салам, кыргызым. Жаштар, айткылачы, сүйүү чынбы? Чын болсо эмне үчүн бизди кыйнайт? 10-б классын аяктагандарга жана 8ди аяктагандарга чоң салам. Айнара, 07733840хх
ОП-178-27 Чекилдекке ысык салам. Чекилдек-супер. Жаку, 07796747хх
ОП-178-28 Ысык - Көлдө эс алып жаткан жигиттер, чогуу эс алалы. 0559901693кө СМС күтөм. 05599016хх
ОП-178-29 Досторум Жазгүл, Жадырага салам. Жадыра, куш бооң бек болсун. Элизат, 07787112хх
ОП-178-30 Ассалому алейкум, мусулман бир туугандар, кирип келген Рамазан айы маарек болсун, жасаган сооп иштериңиздер кабыл болсун. Аллахым жергебизге тынчтык, биримдик, ынтымак берсин. Самаш 95, 05514495хх
ОП-178-31 Балбылдап көздөрүң карагат, басчу элең жүрөктү жаралап. Бактылуу боло көр, кош эми, балалык сүйүүм аманат. Айгерим 11.05.94, 05529060хх
ОП-178-32 Жаралган жалгыз жүрөк, ал жүрөк бирди тандап, бирди сүйөт. Ошондой жалгыз жүрөк менде да бар, ал жалгыз жүрөк сени тандап, сени сүйөт. Айгерим 11.05.94, 05529060хх
ОП-178-33 Урматтуу "Обон" гезити, мага кыргыздын этно акыны Тата Улан жөнүндө маалымат бергилечи жана "Кумир менен баарлашууга" качан чакырасыңар? Алдын ала рахмат. Асель, Токмок, 05540356хх
ОП-178-34 Исанын логинин алып бересиздерби? 07797681хх
"Обондон" жооп: Иса кийинки саныбызда "Кумир менен баарлашууга" келет. Ошондо келип өзүңүздү кызыктырган суроолорду берип, логинин өзүнөн алып кетсеңиз болот.
ОП-178-35 Менин жаным Ули, эч качан оорубачы, сен ооруба, мен ооруюн, жаным. Бусурман, 07794390хх
ОП-178-36 "Обон" гезитинин маалыматтары абдан жакты, мен да эми "Обон" гезитинин окурманымын. 07703001хх
ОП-178-37 Сени сүйгөм, неге мынча кыйнадың, күткөм сени, неге мынча сыздаттың? Жалгыз мага таш боор болдуң тагдырыма жазылган, сага да жолуксун таш боор адам. 07703001хх
ОП-178-38 Салам, "Обонушка". Мен Тоң районунун Эшперов айылындагы М. Догдуров атындагы орто мектептин 6-б классынын окуучуларына ысык салам жолдойм. Жакшы эс алгыла жана эртерээк 7-класста жолугалы, силерди абдан сагындым,- деп классташыңар Турдукожоева Айдана. 07796358хх
ОП-178-39 Үйүбүздөн эртең узап кетерсиң, үйдөн учсаң келбесиңди сеземин. Жаман көрүп капаланба сөзүмө, байкеме эмне болгон дебегин. Азыр кетчүдөй туюласың, асылым, алмашпаймын бакыт-таалай-баардыгын. Бакытты табыш оңой, бир билип кой, бирок сени таба албаймын, жакыным. Бабник 94, 07731608хх
ОП-178-40 Азамат жана Умар байкелерге чоң салам. Даткайым Кундузай
ОП-178-41 Ыйык туткан менин боордош карындашым, балалыгың түгөнбөсүн, арыбасын. Билгин сени ар дайым жакшы көрөм. Эгер билсең сен менин таба алгыс байлыгымсың. Апакем жакшы тилек, максат менен бизди баккан, атакем келечекти кең болсун деп бизге ачкан. Ортодогу бир туугандык мамилебиз таза болсун асмандагы аппак кардан. Бабник 94, 07731608хх
ОП-178-42 Бейтааныш кызга жүрөк арбалып, көздөрүм калды сага кадалып. Көздөрүңдүн өзгөчө бир сыры бар го, калтырдың арбап мени терең ойго. Алдымдан байкоосуздан сен жолуктуң, жүрөктү жипсиз байлап тоорудуң. Өкүнбөйм ал жактыруу сезимдерге, бирок жүрөккө чокту салып коюпсуң. Бабник 94, 07731608хх
ОП-178-43 Мен 46 жаштамын, бетиме эрте эле кара тактар түшүп калды, тазалатсам болобу? 07794646хх
"Обондон" жооп: Азыр косметологиянын өнүккөн маалы. Сулуулук салондоруна кайрылсаңыз, тазалап беришет. Азыр тазалатып, кышында пилинг жасатып алсаңыз болот.
ОП-178-44 Салам, "Обонушка!" Казармандык алтындай болгон 92-жылкы Бегимайга чоң салам жана Абдыбековдорго да салам жолдойм,- деп Бишкектен Бегайым 94. 07794414хх
ОП-178-45 Кандайсыз? Биринчи сүйүүңүз болду беле? Болсо качан болгон жана ал кызга сүйүүңүз жөнүндө айттыңыз беле? Азыр сүйлөшкөн кызыңыз барбы? Айдана, 07793385хх
ОП-178-46 Жаным менин Уулбү, мен сенсиз жашай албайм. Мен сени гана сүйөмүн, билип кой, жанысы. 07794390хх
ОП-178-47 Салам, "Обонушка". Мен ыр жазат элем, эмне кылсам болот? Ырчылардын номери болсо берип коюңуздарчы, сураныч. Назира, 07791088хх
ОП-178-48 Салам, оозго чыккан учуктан кантип арылса болот? Алдын ала рахмат. 07796046хх
ОП-178-49 Салам, "Обон". 07791845хх
ОП-178-50 Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылындагы 92-жылкыларга чоң салам. Ардак, 07739376хх
ОП-178-51 Салам, Иса байке, сүйлөшкөн кызыңыз барбы? Бар болсо аты ким? Жаку, 07796747хх
ОП-178-52 Урматтуу Гүлзар, эгер сүйүп калсаң сезесиң. Жаку, 07796747хх
ОП-178-53 Б. Бекбоеванын анкетасын жазып коюңузчу. Какус, 07792764хх
ОП-178-54 Гүланда жөнүндө маалымат бериңиздерчи. Жаку, 07796747хх
ОП-178-55 Атайын келип мен көрдүм, адырдын кызыл гүлдөрүн. Катарлаш бирге басалы, кайдасың келчи, сүйгөнүм. А….а. 07730401хх
ОП-178-56 Эх! "Обон" гезити эң мыкты гезит турбайбы. Алга! Ийгилик силерге. Самар, 07789879хх
ОП-178-57 Апама, атама, эжеме, сиңдиме, жеңеме, агаларыма салам. 05545515хх
ОП-178-58 Салам, Иса, хиджап кийип жүргөн мусулман аялдарына көз карашың кандай? 05567722хх
ОП-178-59 Менин сүйүктүүм Гүлжигит Калыков тууралуу маалымат берип коюңуздарчы. Бегимай, 05545008хх
"Обондон" жооп: Урматтуу Бегимай, Гүлжигит тууралуу өткөн сандарыбызда бергенбиз.
ОП-178-60 Бугум ичте жүрөк сыздайт, жанчылат. Жүрөктө муң, көздө жашым тамчылап. Сезимдерим кур калгансыйт түбөлүк , кайран жүрөк жаңы ойлорго талпынат. Алтышка, 07737565хх
ОП-178-61 Билесиңерби, достор, бул дүйнөдө эң ыйык, таза, тунук жана ар кимдин жүрөгүнө жалын киргизген бул, албетте, сүйүү экен. Сүйүүгө канчалык көңүл бурбасаң да, баары бир сени багындырып алат экен. Бул жашоодо сүйүү бар, ошонун сыноолоруна чыдаган гана эки жаш жеңе алат. Алтышка, 07737565хх
ОП-178-62 Атам Күлчорого, апам Жылдызга, бир туугандарыма бактылуу үй-бүлөлүк жашоо жана чын ден соолук каалап,- кызыңар, бир тууганыңар Гүлү. 07715530хх
ОП-178-63 Аллах таала айткан: кечиримдүү болгула, мен да силерге кечиримдүү болом деген. Ар дайым кечиримдүү болуңуздар, бирөөнүн көңүлүн оорутуу бул-жаман нерсе. Алтышка, 07717565хх
ОП-178-64 Салам, "Обонушка!" Менин Кыргызстандагы эң жакшы көргөн тобум "Дельмар" жөнүндө жана бул топтун солисти Азат Райымбердиев жөнүндө маалымат алгым келет. Сураныч, кененирээк болсо. 05594005хх
ОП-178-65 Кубаныч Сатаев, чал. 05569826хх
ОП-178-66 Менин сүйүктүү кумирим, алчы суранам. 05569826хх
ОП-178-67 Менин саламым Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылындагы туугандарыма жана досторум Нурай, Соня, Адинайга. 07715530хх
ОП-178-68 Салам, "Обон", силерден сураныч "Тумар" радиосунун ди-джейи Лейла Рахимованын сүрөтүн чыгаргылачы, аны көрүшкө аябай ашыкмын. Сырдуу жигит
Лейла Рахимова:
-Талас областына караштуу Шекер айылында туулгам. Чыңгыз Айтматовдун айылдашы болгонум үчүнбү, чыгармачылыкка, тил жагына аябай шыктуумун. Ошондуктан, учурда Кыргыз Түрк Манас Университетинин гуманитардык факультетинде билим алуудамын. Ата-энем Таласта жашайт, 6 бир тууганбыз. Мен үйдүн эң кенжесимин. Ага-эжемдердин баары үй-бүлө күтүшкөн, очор-бачар. Мен эле калдым,- дейт ди-джей кыз.

ОП-178-69 Көрбөй калсам мен өзүңдү сагынам, сагынычтан азаптарга кабылам. Жүрөгүмдө жалындаган махабат, бул өмүрдө жалгыз сага арналат. Самара 94, 05547771хх
ОП-178-70 Ош областынын Ноокат районунун Көк-Бел айылына, ата-энеме, бардык Шерматовдорго ысык салам, бар болгула, ишиңерге ийгилик. Самара 94, 05547771хх
ОП-178-71 Салам, "Обонушка", силерге жаңыдан кошулдум. Самара 94, 05547771хх
ОП-178-72 Салам, мага Жаным Айзат жөнүндө маалымат берип коёсуздарбы, суранам . Мага чалып койчу, Айзат, суранам. 07739459хх
ОП-178-73 Асан Пердишев жөнүндө маалымат берип коюңуздарчы. Шок кыз 94, +770549240хх
ОП-178-74 Сезимимди, бүт дүйнөмдү ээлеп алдың, жүрөгүмдүн төрүнө сен канжар сайдың. Алтыным, эңсеген махабатымсың, тагдырдан тапкан бактымсың. 07734194хх
ОП-178-75 Салам, мен силерди сагындым. Айжамал 94, 07734194хх
ОП-178-76 Сагындым, сагындым деп айттырба, сагынганым айтып жалынттырба. Болот го жакында бир жыл, келбейсиң дагы эле жаныма. хх73419444
ОП-178-77 ОШТУнун колледжинде окуган ССиСКО 9А группасындагы досторум Нуркыз, Ася, Нурила, Эрмек, Искендер, Алтын, Амантур, Кайрат-силерге чоң салам. 07734194хх
ОП-178-78 Айланайын каралдым, көздөрүңө зар кылдың, ай. Сагынып мен күтүп жүрөм, жалгызым деп сүйүп жүрөм. Айжамал 94, 07734194хх
ОП-178-79 Кадамжайдын Көк-Талаа айылында жашаган 94-жылкыларга чоң салам. Айчүрөк, 05519094хх
ОП-178-80 Саргайып түшөт сары жалбырак, сагынычтан көздөн ысык жаш кулап. Садагам келсе экен деп жалдырап, сен үчүн жаратканга жалынат. 07076890хх
ОП-178-81 Мен кыргызга турмушка чыгып жакшылык көрбөдүм, азыр түрк менен жашайм, аябай жакшы. Сен жубайыңа кандай жолдош болот элең? Каныкей, 0773338247хх
ОП-178-82 Иса, "Сүйүү жазы" деген ырың аябай жагат. Айтсаң акыркы жолу качан мушташкансың? Эмне үчүн? 07777835хх
ОП-178-83 Салам, "Обончик", Өмүрбек Жанышовду чакыргылачы сураныч, алдын ала рахмат. 07777835хх
ОП-178-84 Саламатсыздарбы, "Обон" гезитинин жалпы жамааты, ишиңиздерге ийгилик. 07735752хх
ОП-178-85 Көңүлгө сен сыяктуу толбойт эч ким, күн-түн деп муңдуу сүйүү суусун кечтим. Эми баары бир ошондо деле көксөөм суубай, көз көргүс бир жан укпас жерге кетким келди. Бул жашоодо жолукпасак мейли, жаным, издебейм мен башка, жаным. Эгерде бул жалганда буйрубаса, акыретте кезигермин. 07735752хх
ОП-178-86 Канат байлап алыска учкум келет, ушул сапар сүйүүмдү уткум келет. Жолугуп күндө сени көрбөсөм да, телефондон үнүңдү уккум келет. 07735752хх
ОП-178-87 Билбеймин азыр биз балабызбы, жашоодо бирге болбой калабызбы? Армандуу адам болуп бул дүйнөдө, экөөбүз эки адамды тандайбызбы? 07735752хх
ОП-178-88 Окуганда бул саптарды сен гана, сен ойлойсуң бул жөнөкөй тек гана. Бирок билбейм тагдырыбыз ар башка, мен да ырымдай жөпжөнөкөй тек гана. 07735752хх
ОП-178-89 Москвадан келген Мырзакелик Адыл, мага чал, Москвадан келген Айка, күтөм. 07735755хх
ОП-178-90 Бул дүйнөдөгү эң кымбат адамым алтыным апам Жылдызга бул дүйнөдөгү жакшы тилектерди каалап, ар дайым биздин маңдайыбызда жүрө бериңиз. Мен сизге ыраазымын жана өмүр бою карызмын, деп кызыңыз Гүлү. 07705793хх
ОП-178-91 Салам, "Обонушка", ар дайым алдыда жүрө бергиле, силерге ийгилик. Элмира 96, 07733584хх
ОП-178-92 "Обон", мага актёр Келсинбек Атабеков жөнүндө маалымат бересиздерби, суранам. Нурайым, Түп, 07783972хх
ОП-178-93 Салам, "Обон", ишиңерге ийгилик. Накуля, чыкпай калдың го,СМС жазбай калдың го. Гүкүша, 07733175хх
ОП-178-94 Таш-Көмүр шаарында жашаган алтындай болгон апам Бурул, атам Мадалбекке салам, силерди сагындым, жакында барам. Оштон кызыңар Үмүтай. 07795583хх
ОП-178-95 Салам Адилет, бар бол, бирөөгө эмес баардыгына, бай бол, байлыкка эмес ден соолукка, мас бол, аракка эмес махабатка. Гүкүша, 07731756хх
ОП-178-96 Досторум Асылай, Аида, Жаркын, Элнура, Бакир, Эркин, Арсен, Бакыт, Адилетке салам, ишиңерге ийгилик, бар болгула, бай болгула. Гүкүша, 07731756хх
ОП-178-97 Иса ырчылардын эң таланттуусу, татынасы сенсиң. Сени жакындан таанып, таанышкым келет. Сага албан-албан ийгиликтерди каалап,- фанаткаң Алина. 07733341хх
ОП-178-98 Москвада жүргөн Субанов Нуржигит, сени ойлоно берип эзилип бүттүм го. Азыр ойлончу, кийин кеч болот. Жашоом сенсиз тозокко айланды. Чырагың Айка. 07735755хх
ОП-178-99 Субанов Нуржигит, үнүңдү сагындым. Ойлонсом оюмда, уктасам түшүмдөсүң. Мени аячы, мээримиңе муктажмын, абалым жаман түшүнүп койчу, кыйналдым, сени сүйөм дале. Айка, 07735755хх
"Обондон" кеңеш: Нуржигит, кызды сүйдүрүү эрдик болсо, ага жооп берүү дагы эрдик. Ойлонуп көр. Балким, сен көк шибер арасынан асыл таш таап алып, аны айнек деп жүрөттүрсүң. Кызды кыйнабай, бир чечимге кел. Айканын СМСин окуп алып, биздин жүрөгүбүз ооруп жатат.
ОП-178-100 Адам өзү жайнап турган роза гүл, мезгил өтсө роза гүлдөн түшөт бүр. Ошондуктан, досторго мен айтарым, баёо сезим балалыкта ойноп-күл. Алтышка, 07737565хх
ОП-178-101 Иса, кандайсың, мен сени жакшы көрөм, сен кайсы жерден болосуң? 05511146хх
ОП-178-102 Ак кайыңда да кара темгилдер бар. Култегин, 05528550хх
ОП-178-103 Сен үчүн күйүп-жанып кайгыланам, капалуу жүрөк жанып жалбырттаган. Айымсың, өмүрүмсүң турмуштагы, алдымда чырагымсың жаркыраган. 05528550хх
ОП-178-104 Рыспайдын нак кыргызча аты-жөнү Ырыспай Абдыкадыр экен. 05528552хх
ОП-178-105 "Обон", салам, "Сүйгөн жүрөк", "Асылзат", "Жүрөгүм" деп ырдаган Нурмат Садыров тууралуу маалымат берип коёсуздарбы, анын ырлары мага абдан жагат, өзү тууралуу билгим келет, сиздерге чоң рахмат! Салтанат, 05548787хх
ОП-178-106 Иса, үй-бүлөң тууралуу айтып берсең? Зымрат , 07797840хх
ОП-178-107 Салам, "Обон", мага Нурлан Насиптин номерин бериңиздерчи, суранам. Бере турган болсоңуздар, ушул номерге СМС жиберип коюңуздар. 07799911хх
"Обондон" жооп: Ырчылардын номерин бере албайбыз, кечирип коюңуз.
ОП-178-108 Сагынычтан саргайып барат жүрөк, келет деп үмүт үзбөй сени күтөт. Сагынган адамымды дагы канча күтөм? j@ku_92 07076890хх
ОП-178-109 Сүйөм, сүйөм асылым, мен өзүңдү, ак сүйүүмдү дале сезбей жүрөсүңбү? Бирге ойноп бак аралап баскым келет, күтүп келем ал бактылуу күндөрүмдү. Gulu 95, 07731608хх
ОП-178-110 Тажрыйбалуу электрик. Телефону: 0773-71-34-17 (Бишкек)







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??