п»ї

Күлкү - ден соолуктун мүлкү
"Чынында, "жылдыз" оорусу менен баарыбыз ооруганбыз"
Элге жагымдуу тамашаларын тартуулап, "ТамаШОУнун" ар бир фестивалында алдыңкы орундарга ээ болуп келген "IUK"("Аю кей") командасы бүгүн бизде конокто.

- Командаңардын тарыхы тууралуу айта кетсеңер, кандайча түзүлүп калган?
Мадина: - "IUK" (Аю кей) командасы 2008-жылы түзүлгөн, ал кезде курамы такыр башка эле. Учурда командабыз 7 адамдан турат: Бакыт, Айбек, Милан, Кутберди, Адилет, Эрлан жана мен.
- Командаңардын атын эмнеге "IUK" (Аю кей) койгонсуңар?
Мадина: - Биз Кыргызстан эл аралык университетинин студенттерибиз жана "ТамаШОУга" ошонун атынан катышабыз. Университетибиздин англисче аталышынын башкы тамгаларынан алып "IUK" деп атап койгонбуз.
- "ТамаШОУнун" максаты кыргыз тилин өнүктүрүү деп келесиңер, анан эмнеге командаңарга кыргызча ат койгон жоксуңар?
Кутберди: - Бакыттын чоң атасынын кличкасы "IUK"(Аю кей) болгондуктан койгонбуз (Күлүштү).
Бакыт: - Кеп аталышта эмес болуш керек, кеп тамашаларды кыргыз тилинде аткарып, кыргыз тилинде сүйлөгөндө деп ойлойм. Бизден башка деле аты кыргызча эмес толгон командалар бар. Мисалы: "KG 77", "No name", "Юрский период" ж.б.
Мадина: - Биз биринчи орусча КВНде ойночубуз, кийин "ТамаШОУга" келдик. Анан мурдагы атты өзгөртпөй эле чыга берели деп, "IUK" бойдон калганбыз.
- Тамашаларыңарды жашоодон алып жазасыңарбы? Силер көбүнчө митинг, пикет жөнүндө тамашаларды аткарасыңар, саясатка жакынсыңарбы?
Бакыт: - Негизи, көпчүлүк эле тамашалар жашоодон алынып жазылат да. Бизде жаманбы, жакшыбы саясат бар. Менин оюмча, тамаша болгон бардык эле жерде кандайдыр бир деңгээлде саясатка сын айтылат. Себеби, саясатта ар кандай кырдаалдар болуп турат. Барып эле жамандай берген болбойт, ал эми тамаша аркылуу бергенде жеткиликтүү болот. Эми митингдин түрлөрү бар да, жөндүүсү бар, жөнсүз эле чыгып алганы бар. Ошол жөн эле митинг, пикет деп жүргөн адамдар уялып чыкпай калышабы деген ой. Анткени, биз аларды жакшы жагынан көрсөтпөйбүз да. Кээде саясатка тийишип коёбуз, бирок чеги менен.
- Кайсы командаларды өзүңөргө атаандаш катары көрүп, чочулап турасыңар?
Мадина: - Менин башынан эле корккон командаларым: "Ак өргө city" менен "Достук" болчу. Себеби, алар катуу даярданып жатышкан.
- "ТамаШОУнун" көп командаларында жалаң балдар ойношот, силер эмнеге араңарга бир кыз кошуп алгансыңар?
Бакыт: - Бизге чачтарач боло турган бирөө керек болгонунан алганбыз. (тамаша) Мадина - эң мыкты оюнчу, бир канча оюндарда "Мыкты оюнчу" деген наамга татыктуу болгон. Менин оюмча, бир командада бир кыз болушу керек. Кызы жок командаларда кыздын ролун балдар аткарышат, ал деле жакшы, бирок кыз аткарса андан да мыкты болот деп ойлойм.
- Быйылкы финалдан баш байгеге жетпей калышыңарга эмне тоскоол болду?
Бакыт: - Мен "ТамаШОУда" 7 жылдан бери ойноп келем, баарын бир гана калыстар тобу же аткарган тамаша чечпейт, тарбия, маданият да эске алынат. Мисалы, "Ак өргө city" командасындагы балдар тартиптүү, ыймандуу, жаш болгондору менен бирин-бири сыйлап, угуп турушат. Болгондо да бир райондо жашашат, даярданганда да биз коомдук транспорт токтоп калат деп кечки 9да эле тарасак, алардын үйлөрү жакын болгондуктан каалаганча даярданышат. Ошондуктан, алардын даярдыгы да жакшы болду, өзүлөрү да башкы байгеге татыктуу команда болчу. Ал эми биз экинчи орунду алганыбызга ыраазыбыз, туура эле бааланды.
- Көпчүлүк командалар демөөрчү издеп калышат, силерде демөөрчү жагы кандай?
Бакыт: - Университет материалдык жактан да, моралдык жактан да жардам берип турат. Мурда фирмалар менен иштешчибиз, быйыл жалкоолонуп алар менен да иштешпей койдук. Азыр университет берген акчага кийим, өзүбүздүкүнө самсы, пирожки сатып алып жаныбызды багып жаттык.
Кутберди: - Негизги демөөрчүбүз - ата-энебиздин чөнтөгү. Мадина экөөбүз демөөрчү табабыз деп көп эле аракет кылып, ондон ашык демөөрчү тапканбыз. Баары: "Биз демөөрчү болобуз, силердин командаңар жагат"-деп лапшаларды кулагыбызга толтура илип коюшуп, коёндун сүрөтүн тартып качып кетишет, аттарын атабай эле коёлу, ошол адамдарга капабыз.
- Командаңарда алдыңкы оюнчулар кимдер?
Кутберди: - Командадагы балдардын баарынын өз орду бар. Бакыт- башчысы, Айбек- актёр, Адилет- ыйлаактын ролун жакшы аткарат, Милан- ар кандай ролдордо ойнойт, Мадина- кыздын, мен- эптеп айылдык кыргыз баланын ролун аткарам. Эрлан экөөбүз командабыздын эң кичүүсү болуп, баарына сый-урмат көрсөтүп турабыз. Булар эми пенсияга чыгып, баарын бизге тапшырып кетип жатышат. Кудай буйруса, Эрлан экөөбүз команданын ишин улантып кетебиз. Келгениме 2 жыл болду, ушул убакытта командабыздагы ак сакалдарыбыздан сахнада кандай ойнош керек, тамашаны кантип жазыш керек, ж.б. акыл-насааттарды алдык, үйрөндүк.
- Сахнада тамаша аткарып жатып жаңылганда, кырдаалдан кантип чыгасыңар?
Кутберди: - Негизи, "ТамаШОУнун" балдары турган жеринен эле бир нерсени ойлоп таба коюшуп, кырдаалдан оңой чыгып кетишет. Тамаша ойноп жатканда кээ бири өзү айта турган сөздү айтпай, оюнан чыгарып башка эле сөздү айтып коюп, тамаша абдан кызыктуу болуп калган учурлар болот. Бир жолу бир тамаша аткарып жатканбыз, анда эки ковбой (Ковбой-Түндүк Америкада малды атчан кайтаруучу адам-койчу, уйчу ж.б.) жолугушмак, бири экинчисин атканда шляпасы ыргып кетмек. Биз болсо шляпасын жип менен байлап койгонбуз, аткан жеринде тартып жерге түшүрөбүз деп. Айбек шляпаны кийип алып чыгып баратса, бурчка илинип калып түшүп кетип жатпайбы, кайра башына кийип алган. Сахнага чыгып берки ковбойго жакындаган сайын эле башынан түшөт, анан айла жок жипти алып койдум. Берки атканда калп эле башын шылкыйтымыш болуп, шляпаны ыргытып койду.
Бакыт: - Бир жолу Россиянын Екатеринбург шаарына барганда толкунданганымданбы сахнадан жыгылып кеткем. Кээде сахнанын артынан шашып жатып: "Чыкпайсыңбы? Чык-чык",- деп сүйлөгөнүбүз элге угулуп калган да учурларыбыз болгон.
- "ТамаШОУ" аркылуу эмне таптыңар, эмнеге жетиштиңер?
Кутберди: - Мурда менден башкасынын баары орусча сүйлөшчү. Булар жалаң орусча сүйлөп жатса, мен да кээде сүйлөп жиберейин деп, бирок туура эмес сүйлөп алсам каткырып күлүшөбү деп уялчумун. Азыр болсо булар кыргызча үйрөнүп, мен орусча үйрөнүп калдым, булар менден уялып башташты. Андан сырткары, "ТамаШОУ" аркылуу дос таптык, жакын адамдарды таптык.
Бакыт: - Негизи, кеп сахнага чыгып элди күлдүргөндө эле эмес. Бул сыяктуу конкурстар адамды достукка, жамаатта иштегенге, тартипке, өзүн алып жүрүүгө, лидер болууга, талантты өөрчүтүүгө үйрөтөт. Ошондуктан, жаштардын баарын "ТамаШОУга" чакырмакмын.
- "ТамаШОУ" эл арасында абдан популярдуу болуп кетти, "жылдыз" оорусу менен оорудуңарбы?
Бакыт: - Балдар калп эле ооруган жокпуз дей беришет, мүмкүн, байкабай калышкандыр, бирок, чынында, баары ооруган. Бир гана Айбек деген балабыз ооруган эмес. Анткени, ал абдан уялчаак бала, бирөө таанып калса уялып, бети кызарып кетет. Мен "Студенттик кечтер" деген конкурста ойноп, "Баракелде" долбоорун алып барып жүргөн убагымда 2007-2008-жылдары "жылдыз" оорусу менен ооругам, эл таанып карап турганы жаккан да. Эми ал кезден өткөм, азыр жөнөкөй болуп жүргөн жагат. Жалпы "ТамаШОУнун" балдарынан деле ооругандар көп.
- Бакыт, сен чет жерде өткөн КВНдерге катышып жүрөсүң, кыргыз командасы эмнеңер менен өзгөчөлөнүп турасынар?
Бакыт: - Биз абдан "красавчикпиз". Чындыгында эле казак кыздары бизди абдан күтүп, сүрөөн менен тосуп алышат. Россияга барганыбызда СНГдан 31 команданын арасынан 2-орунду алганбыз. Себеби, классикалык КВН командалар бири-бирине окшош, ал эми биз улуттук калоритке көп көңүл бургандыгыбыз менен өзгөчөлөнүп турабыз, ошондуктан, бизди жакшы кабыл алышат.
Динара Чокоева







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??