п»ї
 Таанышуу жарыясы


Дарика
Жалгасынова
"Классика бул-түбөлүктүү искусство"
Айтылуу композитор Жумамүдүн Шералиевдин "Албырып шаттык жүзүңдө" аттуу ырын эшиткенде, көз алдыма хрусталь сындуу үнү бар Дарика эже келет. Ат менен чаап баратып ырдагандай абдан шаңдуу ыр эмеспи. КРнын Эл артисти, опера жанрынын жылдызы Дарика Жалгасынова:

"Үндүн диапазону, ритми болушу шарт…"
1957-жылы Талас шаарындагы №1 кыргыз мектебинде окугам. Өздүк көркөм чыгармачылык ийримине катышып жүргөм. Баяндан сабак берген музыкант Николай Алагуша деген мугалим менин ырчы болушума зор салым кошкон. Ал менин үнүмдүн диапозону кең экенин байкап, андан ары да өөрчүтүүгө мүмкүнчүлүк берген. Казак, өзбек, украин, чех жана башка улуттардын ырларын жаттаттырып ырдатчу. Азыр ойлоп көрсөм ар бир элдин ырын ошол тилдегидей кылып ырдаш үчүн угуусу күчтүү, үндүн диапазону, ритми болушу шарт экен. Мектепти бүтүп музыкалык окуу жайга тапшырып окуп калдым. Андан соң Москвадагы консерваторияга тапшырдым. Мен барганда Кайыргүл Сартбаева, Хусейин Муктаров, Аманбек Нуртазин, Кубанычбек Арзиевдер акыркы курсунда окуп, дипломдук иштерин тапшырып жүргөн убагы экен.

"Окуп жүрүп эле үйлөнүп алдык"
Жайлообек Жалгасынов Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды бүтүп, билимин андан ары улантканы Москвадагы консерваторияга келип тапшырыптыр. Анан мен да артынан барып, экөөбүз тең бир курста окуп калдык. Ошентип, экөөбүз эгиз козудай, бир туугандай болуп эки жыл ээрчишип жүрдүк, ушинтип жүрө беребизби деп экинчи курста эле үйлөнүп алдык. Бир көрүп сүйүп калуу болдубу же жокпу, айтор, бассам-турсам дайыма Жайлообек жанымда. Анын үстүнө үйгө барган сайын апам да: "Кызым, күйөөгө чыгып алсаң жакшы болот эле"-дей бергендиктен, 21 жашымда турмуш куруп, Кара-Балтадагы Эркин-Сай деген айылына келин болдум.

"Мени өз кызындай кабыл алды"
Кайненем 9 бала төрөгөн экен. Жайлообек эң улуусу болгондуктан, эң улуу келини болдум. Кайненем чоюлган, көп сүйлөбөгөн, камырабаган киши эле. Балдары футбол тээп ойноп терезени талкалап жатса да урушчу эмес. Ал мени өз кызындай кабыл алды. Экөөбүз эне-кыздай мамиледе элек. "Апа, анекдот айтып берейинби?" -деп, аны күлдүрүш үчүн айтып берип койсом, ал "ии, уят го" деп уялып калар эле. Кийин оорукчан болуп калды. Ооруканада жатканда барып калсам, мени тиктеп күлмүңдөп койду. Ошол элеси акыркы көрүшүүбүз экен. Кайнатам да абдан жакшы киши эле. Басып-туруп кыңылдап ырдаганды жакшы көрчүмүн. Бир жолу камыр жайып жатып, ичимден кыңылдап атып, катуу берилгендиктенби, айтор, үнүм катуу чыгып кеткен окшойт. Кайненем менен кайнатам мени артымдан эшиктен шыкаалап карап, тыңшап калышыптыр. Сезип калып, аларды бир жалт карап алып, уялып ырдабай калсам, экөө тең "ырда, ырдай гой" дешип күлүп калышты. Мына ушундай жакшы жерге туш болгонмун.

"Ошол адатым дагы эле бар"
- Жоолукту артыма да эмес, астыма салынып алчумун. Мага жүгүнүү деген салт абдан жакчу. Жүгүнүү - кыргыздын жакшы салтынын белгиси. Аны да образга кирип алып, абдан ийилип атып жүгүнчүмүн. Тагыраак айтканда, жүгүнгөндөн ырахат алчумун. Айылдагы улуу адамдардын баарына жүгүнө берчүмүн. Алардын көбү ыраазы болуп, "ыймандуу келин" экенсиң деп батасын беришчү. Өзгөчө суу көтөрүп келатканда маңдайыман киши келатса алардын астынан кыя өтчү эмесмин. Тээ алыста келатса да күтүп туруп, жакындаганда жүгүнүп койсом, аябай ыраазы болушчу. Улууга урмат, кичүүгө ызаат кылган келин болгом. Ошол адатым дагы деле бар. Көчөдөнбү же үйдөнбү, улууларга жол бошотом.

"Сахнада жолдошум менен…"
- Экөөбүз келерибиз менен борборубуздагы Опера жана балет театрына солист кылып кабыл алышты. Адегенде үй жок болгондуктан, жатаканада жашадык, турмуштан бир аз кыйналдык. Ар бир кесиптин кыйынчылыгы болот эмеспи. Жети жыл чогуу иштеп, кайда барбайлы бирге жүрчүбүз. Экөөбүз сахнада да чогуу ролдорду ойнодук. Ал менен сахнада роль ойногондо өзүмдү эркин сезип, жакшы ойночумун. Себеби, У. Гаджибековдун: "Аршын-Мал-Алан" музыкалык комедиясында Гүлчахра менен аскер жигиттин кучакташа турган жери бар да. Ошол эле партияны ыраматылык Сейдакмат Токтоналиев менен сахнада ойноп калдым. Ал кучактаганда, өзүмдү ыңгайсыз сезип тартынып калчумун. Ал ачуусу келип урушуп баратканда, мен: "Агай, сиздин курсагыңыз чыгып турса кантип кучакташам?" десем, күлүп калар эле. Анын бою менден пасыраак, курсактуу киши эле. Негизи, жолдошум менен жакшы ойночумун.

"Жайлообек оор басырыктуу болчу…"
- Жайлообек 62 жашында каза тапты. Ага арнап "Жайлообекти эскерип" деген ыр жазгам. Ырларымдын жыйнагы 2001-жылы жарык көрдү. Жайлообек обон жазчу. "Таалайым сенде" деп мага арнап жазган ыры бар. Менин чыгармачылыгыма көп жардамын көрсөттү. Анын кан басымы жогору болчу. Мүнөзү созулган, оор басырыктуу абдан жакшы жигит эле. Ошондонбу, айтор, биздин үй-бүлөдө уруш-талаш деген болгон жок. Үч балалуу болуп, аларга жакшы тарбия берип өстүрдүк.

"Балага ат коюу да өзүнчө чоң роль ойнойт тура…"
- Үчөөнүн тең атын өзүм койгом. Улуу кызымдын аты-Бермет. Кичүү кызымдын атын Зулайка деп койдум. Ал кезде мен "Ажал ордуна" музыкалык драмасынан Зулайканын партиясын ырдагам. Ал 1916-жылдагы кытай жеринде бир чака жүгөрүнүн унуна сатылган кыргыз кызынын кейиштүү тагдыры чагылдырган. Бул образ менин жүрөгүмдүн тээ түпкүрүнө кирип алып мындан ары кыргыздын кыздары бактылуу болсун деген ниетте кызымдын атын Зулайка койдум. Уулумдун атын Күлчоро деп койдум. "Айчүрөк" операсындагы эң сонун баатыр жигиттин образы. Менин түйшүктүү ишимди түшүнүп, апам балдарымды багып чоңойтту. Балдарыма жөө жомокторду айтып, таалим-тарбия берип өстүрүүдө апамдын салымы зор. Апам Күмүшай 95 жашында кайтыш болду. Көзү өткүчөктү турмушка абдан тың болчу.

"Искусствонун тарыхы жөнүндө…"
- Мен Асанкан Жумакматов атындагы Академиялык Чоң симфониялык оркестринин солисти болуп иштейм. Ал эми ырдаганымдан бөлөк радиодо 2004-2006-жылга чейин "Мезгил жана музыка" деген көзү өтүп кеткен профессионал ырчыларыбыздын өмүр баяны жана искусствонун тарыхы жөнүндөгү берүүнү алып барам. Бүгүнкү күндө ошол берүүнү кайталап угуздуруп жатат.

Маэстронун айкөлдүгү өзгөчө
- Мага эмне себептен Асанкан Жумакматовду маэстро деп атайсыз деген суроолор менен көп кайрылышат. Ооба А. Жумакматов-мен үчүн маэстро. Себеби, маэстро деген музыкалык тил менен улуу окутуучу деген сөз. Маэстро А. Жумакматов бул-кыргыз профессионал искусствосунун тарыхы деп айтсак болот. Ошондуктан, аны маэстро деп атайбыз. Мен 1966-1978-жылга чейин Опера жана балет театрында көптөгөн ролдорду ойноп, ырдап келдим. 1978-жылдан тартып Симфониялык оркестрдин солисти болдум. Ушул жерден 1983-жылы КРнын Эл артисти деген ардактуу наам алдым. СССРдин Эл артисти наамына көрсөтүлгөм, бирок СССР кыйрагандан соң ишке ашпай калды. Маэстро менен 30 жыл бирге иштештим. Эрте менен ишке чогуу келип, кечинде чогуу кайтабыз. Бизде иштеген карапайым ишчилер экөөбүздүн дайым ээрчишип жүргөнүбүздү көрүшүп жубайлар го деп түшүнүшчү.

"Кыргыз Эл акындарын барктайм"
- Соңку 10 жыл ичинде "Замандаштарга эстелик" жана"Күмүшай" деген эки ыр китебим жарыкка чыкты. Булардын чыгышында Кыргыз Эл акындары Сүйүнбай Эралиев, Эрнис Турсунов жана Гүлсайра Момуновалар баасын беришти. Алар менен чыгармачылык байланышта болуп келем. Жыл сайын Эрнис Турсунов өскөн жери Ысык-Көлдүн Жаркынбаев айылына эс алууга барат. Ар жылы Г. Момунова, К. Сартбаева жана мен Эрнис аганын ал-акыбалын сурап барыш салт болуп калгансыйт. Быйыл да Гүлсайра экөөбүз барып конок болуп эс алып кайттык. Улуу акынга "Быйыл дагы бара жатам" деген ыр арнадым. Акын-жазуучулар үчүн шаардын сыртында "Арашан" эс алуу үйү бар. С. Эралиев, С. Жусуев жана башка акындарыбыз дарыланышат. Сүйүнбай аганын ал-акыбалын сурап койгону акын Гүлсайра экөөбүз барып келдик. Менин китебимдин баш сөзүн С. Эралиев жазган. Бул инсанды мен абдан кадырлайм, сыйлайм. Мындай улуу акындар менен карым-катнашта болуш чоң сыймык деп эсептейм.

"Опера ырчысы аталыш оңой эмес"
- Ырчылык кесиптин да өзүнчө көйгөйү, түйшүгү бар. Баарынан да классикалык опера ырчысы аталыш оңой эмес. Азыркы муундун опера ырчыларынын арасында да таланттуу жаштар көп. Буларга өкмөт тарабынан сөз жок колдоо керек. Классика бул-түбөлүктүү искусство.

Динара Асылбекова




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??