Отуз күндүк орозо, ой тазартар жол ошо

Бишкек шаарынын имам хатибинин биринчи орун басары Анаркулов Мухаммад:
"Ысык-Көлдө кадыр түн" деп, шаан-шөкөт, ыр-күлкүгө айландырып жүрүшөт…"
Орозо айы жакындаган сайын кудайдын кулу экенин жүрөгү менен кабылдап, акылы менен аңдаган ар бир мусулмандын жүрөгү өзгөчө согуп толкунданып жаткандай. Орозо тутуу - сүннөттөрдүн бири. Орозо кармаган адам, Алла таала кулу, ар бир секунд жаратып жаткан өмүр байлыгынын, ырыскынын кадырына жетет, эң сонун адеп-ахлакка ээ болуп, периштелик даражага жогорулайт. Башкаларга мээримдүү, камкор, сабырдуу жана чыдамкай боло баштайт. Саламаттыгын чыңдап, ден соолугунун камын ойлоону үйрөнөт.

- Рамазан айы Аллах тарабынан качан буйрулган? Куранда кайсы аят менен буйруйт?
- Мындан 1428 жыл илгери мусулмандар Аз Пайгамбарыбыз (с.а.в.) менен биргеликте Алланын амирине баш ийип, Мадина шаарына ыйык көч (хижрат) кылышкан эле. Анткени, ошол убакта Меккелик бутпарастардын мусулмандарга кылган зулумдугу өтө күчөп кеткен. Мына ошол ыйык көчтүн экинчи жылында Рамазан айында орозо кармоо парз кылынды. Бул тууралуу Алла таала кереметтүү Курандын "Бакара" сүрөсүнүн 183-аятында мындай деп буюрат: "Эй, ыйман келтиргендер! Орозо силерден мурункуларга парз кылынгандай эле, силерге да парз кылынды. Балким, коргонуп сактанарсыңар".
- Орозо парзы тууралуу билсек?
- Орозо бизди бул жалган дүйнөнүн жамандыктарынан, ал эми акыретте болсо, тозок отунан сактаган, күнөөлөрүбүздүн кечирилүүсүнө себепкер болуучу динибиздин беш шартынын бири жана өтө чоң мааниге ээ ибадат болуп эсептелет. Ааламдарга ырайым катары жөнөтүлгөн эң акыркы Алланын Элчиси, сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафанын (с.а.в.) жалпы үмөтүнө айткан мындай сүйүнчүсү бар: "Кимде-ким ишенип жана сыйлыгын жалгыз Алла тааладан күтүп, Рамазан орозосун кармаса, анын мурдагы күнөөлөрү кечирилет". Ошондуктан, Аз Пайгамбардын (с.а.в.) сөзүнө кулак салып, сүйүнчүсүнө көңүл буруп орозо кармаган адам канчалык бактылуу, ал эми Орозо айына күбө болуп, бирок, бул куттуу айдан кабарсыз жашаган адам канчалык бактысыз адам.
- Орозо тутпагандарга кандай жаза берилген?
- Орозонун сыйлыктарына караганда жазасы катуу берилген. Орозо тутпаган адамдар 2ге бөлүнөт:
1. Орозо парз экенин танып, тутпайт, ал каапыр болуп кетет.
2. Жалкоолонуп тутпайт, ал чоң күнөөкөр болот. Күнөөсүн жууш үчүн кафарат дегенди төлөйт.
- Эгер орозону бузуп алса, кантип күнөөсүн кетириш керек?
- Эгер орозо кармап жатканда кокусунан оозун ачып алса, анда орозосу бузулбайт. Ал эми атайын чыдай албай оозун ачып алса, ошол адам 60 күн орозо тутууга мажбур болот.
- Кафарат деген эмне?
- Орозо айында орозо тутпаса, бир күн ачып алса, ал кафарат деген жазаны аткарыш керек.
1. Кул бошотуу.
2. 60 күн үзбөй орозо кармоо.
3. Бечаралардын курсагын тойгозуу..
- "Кадыр кечеси же кадыр түндү" кантип тосуш керек?
- Орозо айы ыйык жана кут берекелүү ай болуп эсептелет. Алла таала Куранда айтат: "Албетте, биз аны (Куранды) кадыр түнүндө түшүрдүк. (Эй, Мухаммад) Сен кадыр түн эмне экенин билбейсиң. Кадыр түн миң айдан да жакшы. Ал түндө Рух (Жебрейил) менен башка периштелер, Раббилеринен уруксат алып, ар түрлүү буйруктар менен жер бетине түшүшөт. Бул түн таң атканга чейин сак-саламаттыктын түнү.
Ыйык Курани Карим түшүрүлө баштаган ай, миң айдан дагы кайыр-сооптуу кадыр түн катылган ай экендиги шексиз. Куттуу жана берекелүү айды он эки айдын төрөсү, мырзасы деп атайбыз. Ал эми азыр кээ бир мусулман бир туугандарыбыз "Ысык-Көлдө кадыр түн" деп, шаан-шөкөт менен ыр-күлкүгө айландырып жүрүшөт. Бул туура эмес, кадыр түндү жакшы тилектер менен бир күн уктабай таравих намазын окуп тосушу соопчулукка барабар болот. Кадыр түндүн убактысы рамазан айынын акыркы он күндүгүнүн так күндөрүндө. Туурараагы рамазандын 27-түнү.
- Битир( садага) боюнча түшүндүрүп кетсеңиз?
- Битир(садага) - негизги муктаждыктардан башка белгилүү байлыкка ээ болгон бардык мусулмандардын өзү жана үй-бүлөсү үчүн кедейлерге берүүгө милдеттүү болгон материалдык жардам. Битир кедей-кембагалдарга жардам, орозонун кабыл болуусуна, жамандыктардан жана кыйынчылыктардан арылуу үчүн берилет. Битир садаганын негизги сыры, бей-бечералардын айт намазына көңүлдүү келишине себепчи болуусунда. Битир садаганын чен өлчөмү ошол өлкөнүн экономикалык абалына жана дин иштер башкармалыгынын белгилөөсүнө жараша болот. Битир Рамазан айынан баштап, айт намазына чейинки күндөрдүн бирөөсүндө берилет. Берилген садага сөзсүз кедейлерге берилүүсү керек. Ата-энеге, жубайга, бала-чакага, неберелерге садага берилбейт. Айрыкча, битир мусулман адамдарга берилиши керек.

- Рамазан айыңыз кут болсун! Орозо кармайсызбы?

Гүлзат Байзакова:
- Жок, мен орозо кармай албайм. Ден-соолугума байланыштуу орозону такыр кармап көргөн эмесмин. Себеби, менин кан басымым жогору. Жолдошум да орозо кармабайт, балдарым болсо али жаш.

Эрнест Абдыжапаров:
- Жок, мен кесибиме байланыштуу кармай албайм. Өмүрүмдө орозо кармап көргөн эмесмин. Орозо кармаган жакындарымды, досторумду ифтарга чакырамын.
Айжан Газиева:
- Ушул убакка чейин орозо кармап көргөн эмесмин. Быйыл орозо кармасамбы, билбей турам.
Бакыт Мамаев:
- Мен орозо кармабайм. Себеби, ашказаным ооруйт. Бул жылы да орозо кармай албайм го.

Рысбек Жабиров:
- Буйруса, орозо кармайм. Мусулман болгон соң, орозо кармаган да парздарыбыздын бири. Таравий намазы жамаат менен окулса дагы жакшы болот. Чыныгы мусулмандын максаты-Аллахка ибадат кылуу.
Нурзада Жолдошева:
- Бул суроого жооп бериштин өзү эле туура эмес го, менимче. Кармаса ар бир адамдын өз ниети. Кармадым деп даршан кылуу милдет кылгандай болуп калат.
Данияр Эрматов:
- Орозону кармап көргөм, бирок толук эмес. Мында орозо кармай албайм, себеби, "Экинчи кадам" аттуу тасмага тартылып жаткан учурум.
Айпери Кулбаева:
- Ниет кылып кармаганы жатам. Өзүм кичине чыдамым жоктугуна байланыштуу күндүн ысыгында ошончо саат чыдаймынбы, чыдай албай каламбы деп кичине чочулап турам. Орозо кармоо мусулмандын беш парзынын бири эмеспи. А парзды мусулман баласы аткарууга милдеттүү.

Динара Асылбекова