п»ї
 Таанышуу жарыясы


"Жылдыздардын" билими кандай?
Азыр көпчүлүктүн арасында "Муз обо" телеберүүсүнө жаш ырчылар Арсен менен Айбек Замир уулу конокко келгенде, быйылкы жыл Курманжан датка жылы экенин жана Курманжан датканын күйөөсү ким? деген суроолорго жооп бере албай коюшкандары байма-бай айтылып жаткан учуру. Биз да айрым "жылдыздарды" интеллектуалдык жактан сынап көрүү максатында бир нече суроо менен кайрылдык.


1. КРнын гимни канчанчы жылы жазылган жана авторлору кимдер?
2. Алиппенин автору ким?
3. Быйыл Курманжан датканын канча жылдыгы белгиленип жатат?
4. Манастын энеси Чыйырдынын өз аты ким болгон?
5. Таш-Рабат Нарындын кайсы районунда жайгашкан?

Д. Исмадияров: "Таш-рабат Жалал-Абадда болуш керек"
1. 1991-жыл болуш керек, авторлору эсимде жок.
2. Касым Тыныстанов (И-ий, ушундай суроолорду да бересиңерби?)
3. 50 жылдыгы.
4. "Манасты" окугам, бирок билбейм.
5 . Таш-Рабат Жалал-Абадда болуш керек, билбейт экемин.

А. Салахидинова: "За рулем" кетип жатканда жүдөтөсүз да…"
1. 1991-жыл, авторлору Н. Давлесов менен Ж. Садыков.
2. Билбейм (И-ий, эже, "за рулем" кетип жатканда жүдөтөсүз да).
3. 200 жылдыгы.
4. Билбейм.
5. Ат- Башы жакта.

Гүлназ Бакир кызы: "Өлдүм, ээ?"
1. 1991-жыл, 5-март, Кулуев, Давлесов, Садыков, Молдобасанов.
2. Касым Тыныстанов.
3. 100 жылдыгы.
4. Бүжүм беле?
5. Ат- Башыда ( Күлүп) -Өлдүм, ээ?).

Добр: "Билбейм…"
1. 1992-жыл, 18-декабрь, сөзү: Жалил Садыков, Шабданбай Кулуевдики,
Обону: Насыр Давлесов, Калый Молдобасановдуку.
2. Билбейм.
3. 200 жылдыгы.
4. Билбейм.
5. Тянь-Шань району жакта.

Нурзат Токтосунова: "Рахмат, "ужасно"
1. 1992-жылы, Молдобасанов, Кулуев, Давлесов, төртүнчүсүн унутуп калдым.
2. Касым Тыныстанов.
3. 200 жылдыгы.
4. Каныкейдики Санирабига, оо кокуй, Чыйырдыныкы да башка болгонбу, ээ?
5. Ат-Башы районунда (Рахмат, ужасно).

Кундуз Канатбек кызы: "Жооп бербей эле коёюнчу?"
1. 1991-жылы, автору Жалил Садыков.
2. Билбейт экемин.
3. Билбейт.
4. Билбейт (Жооп бербей эле коёюнчу?).
5. Билбейт.

Туура
жооптору:
1. 1992-жыл, 18-декабрь.
Авторлору: Сөзү: Ж. Садыков, Ш. Кулуевдики,
Обону: Н. Давлесов, К. Молдобасановдуку
2.Ишенаалы Арабаев. 3.200 жылдыгы белгиленүүдө.
4.Шакан.
5.Ат-Башыда.

Сюита Сексенбаева






  Ыр маек

Тата Улан:
Этно акын аталып, өзгөчө имиджи, патриоттук ырлары менен башкалардан айрымаланып келген Тата Уландын жакында чыккан "Не керек?" аттуу ыры көпчүлүктүн арасында катуу талкуу жаратып жаткан убагы. Биз ушул ырдын негизинде Тата Уланды сөзгө тарттык.

"Аянттагы сойку кыздын жоголгонуна абдан кубандым"
- Бул ырыңыз абдан курч чыгыптыр, мындай ырдын жаралышына эмне түрткү болду?
- Болгону көзүм менен көрүп жаткан нерсени жазып койгом. Мен элдин арасында көп жүрөм, көп маектешем, эл эмнени ойлойт, кабарым бар. Бул ырда бүгүнкү күндүн чындыгы жазылган. Негизи, өзүбүз эле коомду бузуп коюп жатпайбызбы, теле баш болуп батыштын кино, жарнагын кайра-кайра көрсөтүп. Негизи, теле, гезиттер чагылдырып жаткан маданиятсыз материалдарга эл каршы, болгону колунда барлар, акча үчүн жаштарды туура эмес жакка буруп жатышат. Ырым элдерге жакшы таасир берсе, дегеле, элибизге ыйман келсе, балдарыбыз ыймандуу болсо деген тилек да ар бир адамда. Негизи, адам өз турмушун жаман жакка өзү буруп алат да.
- "Жыйырма жылда эмне бердиң,
Мамлекет балдарга.
Билим сатып бизнес кылдың,
Билими талаада",-деген саптарыңызга токтоло кетсеңиз?
- Билим берүү системасында паракорлук болгон соң, балдарга жакшы тарбия, дегеле, кыргызым деген патриоттук духту, жүрөктөрүнө ыйман жагынан да, билим жагынан да эч нерсе бере алышкан жок. Эптеп пара алып, диплом берип коюшту, а бирок ошол балдар кийин кайсыл кесиптин ээси болот, аны менен иштери жок да. Эми окуткан ошол мугалимдер картайгандан кийин, окуткан балдары мамлекет башкарып, бийлик башына келет, анан сазайын берет деп ойлойм.
- "Кыргыз тилде так сүйлөсө,
Баары аны "мырк" дейт.
Орус тилин түшүнбөсө,
Жабылышып "мырк" дейт",-деген саптарыңызда тилдин бүгүнкү күндөгү абалына токтолуптурсуз. Дегеле, кыргыз тилинин ушул абалга кептелишине ким күнөөлүү деп ойлойсуз?
- Кайра эле мамлекет, 20 жылда кыргыз тилди өнүктүрбөстөн, орус тилине статус берип койду. Мисалы, коом, эл күнөөлүү эмес, болгону мамлекеттин башында тургандар күнөөлүү. Эгер алар тилди ойлогондо, "кой, кокуй, кыргызбыз, тилди бекемдейли" дешмек. Негизи, Кыргызстандагы орус мектептерди жоюп, кыргызча билим берип калганда,жанагы улуттун ичиндеги улутчулдук дегендин баары жоголмок. Себеби, башка улуттар дагы кыргызча сүйлөп калганда бири-бирин сыйлоо мамилеси пайда болмок. Мисалы, орус кыргызча сүйлөсө, жакшы кабыл алабыз го, жакшы көрүп. Кыргыздын баары таза сүйлөгөндө, бөлүнмөй адаты жок болмок. Бизде азыр оштук, нарындык, таластык деп бөлүнүп жатышпайбы, негизи, элди бөлбөй байлап турган бул-тил. Ошто да, Таласта да диалекти бар, ошолорду жоюш үчүн кыргыз тилди бүт аймакка таратуу керек да.
- Элди каргап жасаганбы,
Аянттагы эстелик.
Канаттуу бир сойку кызды,
Элден бийик секирттик"
Аянттагы эстелик алынып жатат, мүмкүн, сиздин ырыңыз кандайдыр бир деңгээлде түрткү болгондур?
- Эми анны кудай билет. Аяттагы эстеликти жоготушту мен эле каалаган жокмун да, буга канча деген ак сакалдар, тарыхчылар бары каршы болушту. Себеби булл чынында эле тура эмес нерсе, Калмактардын кыргыздарга болгон каргышы да. Мен үчүн бүгүн өтө чоң майрам, аянттагы канаттуу сойку кыз жоголгонуна абдан кубандым. Чынында эстеликти эстеп туруп, Оруссияда, Казакстанда канча деген кыздар денесин сатып жүргөнүн эстеп койсоңор, ошол эстеликке шайкеш келет. Анын канаты жеңил ойлуулук, чачы кыска кесилгени, жылаңач турганы бул-кыргыз кыздын бузулуп кеткенин билдирет. Алматыда, Москвада канча кыздар сойку болуп иштеп жүрүшөт, ошолорду эстеп ичим ачышат.
- "Бул ырымды койбойт эми,
Радиодон, теледен.
Себеп айттым мен чындыкты,
Чөгүп жаткан кемеден".
Ырыңызды радио, телелер кабыл албай жатышабы?
- Чынында, азыр кичине коюп калышты. Мындан мурун, 2010-жылы эки ыр жаздым эле, бир да радио койгон эмес. Анан эле: "Сиз прессага ушинтип айтыптырсыз",- деп таарынышат. Мени бул радио коёт деп айта албайм, көбү эле койбойт. Теле жагын айтсам, кудайга шүгүр, НБТ, ЭлТР коюшту, болбосо ачуу чындыкты жаздым, койбой коюшат го деп ойлогом.
- Эмнеге мамлекеттик теле-радиого кайрылган жоксуз?
- Алар койбойт, өзүм деле барган жокмун. "Карындаш" деген ырымды албай коюшкан, анан "Не керекти" кантип алсын? "Карындаш" буга караганда жеңил болчу.
- Ырларыңызда патриоттукка чакырып келесиз, негизи эле баланы патриоттуулукка кантип тарбиялаш керек деп ойлойсуз?
- Биринчиден, жүрөктөн акчаны жоготуш керек. Себеби, бала өсүп келе жатканда эле акчага үйрөнүп калса ойлойт да, "үй салам, машина алам, байыйм" деп, ошондуктан, балага, биринчиден, ушул сенин жериң, элиң деп үйрөтүш керек. Ыймандуу болуп намазыбызды окусак, ошол жакшы жолго алып барат.
Динара Чокоева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??