Кайрадан обологон
обондор
Учурунда эл арасында хит болуп, элдин жүрөгүнөн түнөк таап, уккан сайын уккуңу келтирген обондорду бүгүнкү күндө да жаш ырчыларыбыздын кайрадан жаңыдан жасалгалап ырдап жаткандары бар. Эмесе, ошол ырчылардан эски ырга токтолуп калганынын жөнүн жана авторлордун оюн угууну туура көрдүк.


"Дагы- дагы" 1994-жылы жазылган.
Сөзү, обону: Бактияр Токторовдуку
Бактияр Токторов: "Ырларың балаңдай эле болуп калат"
- Жакшы ырдаган мага жакты, эски ырлардын кайрадан жанданып ырдалганы жакшы да. Негизи, жазган ырларың балаңдай эле болуп калат, анан алар керекке жарап турса жакшы да. Фаридага өзүм уруксат берип, жазып бергем. Эмки жылы "Биз" тобунун 20 жылдыгы болот, ошого карата өзүм дагы эски ырларымды жаңыртып ырдасамбы деп жатам.


Фарида Карбозова: "Ушул ыр кыялымда жүрүп…"
- "Дагы-дагыга" чейин да, Бактияр Токторовдун "Сүйүүнүн кемеси" деген ырын ырдагам, мени эл ошол ыр менен тааныган болушу керек деп ойлойм да. Бактияр байкенин ырларын окуучулук кезимден бери жактырчумун. Ушул ыр кыялымда жүрүп, кудай буйруп ырдап калдым жана ийгилик жаратып жатат деп ойлойм. Бул ырга аранжировканы Бактияр байке өзү жасап берген.


"Таң сыры" 1970-жылдары жазылган.
Сөзү: Аскар Исаевдики
Обону: Сардарбек Жумалиевдики
Канат Култаев: "Жакында клип тарттырганы жатабыз"
- Негизи, бул абдан жакшы ыр, сөзү, обону абдан жакшы, ошондуктан, тандап алдык. Бизге көптөн бери жагып жүргөн. Сардарбек агайдын батасын алгандан кийин жазып, агайга угузуп, анан эфирге бергенбиз. Жакында ырга клип тарттырганы жатабыз.
Сардарбек Жумалиев: "Менин 80 жылдыгымда ырдап чыкты"
- Мирбек "Таң сырын" жакшы ырдаган, ырдын тоналдуулугуна үнү ылайык келет. Аранжировкасын да жакшы жасаган. Жакында болуп өткөн менин 80 жылдыгымда ырдап чыкты. Азыр ырчылар ырдагысы келген каалаган ырын авторунан сурап эле ырдай беришсе болот. Айрымдар автордон эч кандай уруксат албай эле ырдап жатышпайбы, бирок автордон бир ооз "ырдайын деп жатам, кандай дейсиз?" деп сурап койсо жакшы болмок. Мирбек менден сурап ырдады, ал өсүп келе жаткан бала, эл жакшы көрөт, жакшы кабыл алып жатат. Эми репертуарын кеңейтип, кошумча жакшы ырлардан ырдап чыкса жакшы эле болмок. Ал үчүн композитор, акын, обончулар менен иштешип, алардын көптөгөн ырлары бар, ошолордон тандап ырдаса, репертуары да бай болот эле, өзүнүн да өсүшүнө жакшы болмок.


"Сагындырба" 1987-жылы жазылган.
Сөзү: Тургунбай Эргешовдуку
Обону: Жаныш Кочкоровдуку
Эрлан Андашев: "Жаныш агайдан башында сураган эмесмин"
Кичинекей кезимде апамдын ырдаганын угуп, мен да жактырып ырдап жүрчүмүн. Чоңоюп ырчы болгонумдан кийин, жеңил рок стилинде элестетип жүрүп, ырдап калдым. Ырдын автору Жаныш агайдан башында сураган эмесмин, ыр жазылгандан кийин угузганбыз, угуп мактаган жакшы болуптур деп.
Жаныш Кочкоров: "Көпчүлүгү фольклорду кошпой коюп жатышат"
Бул ырды Эрлан жаңы аранжировка жасатып, замандын талабына ылайык кылып ырдап чыккан. Менден ырдап чыгалы деп уруксат алышкан. Ырларымды ырдап чыгалы деген ырчыларга "жакшы аранжировка жасаткыла, фольклорго жакын болсун" деп айтам, негизи, менин ырларым фольклорго жакын да. Көбү фольклорду кошпой коюп жатышат. Айнура Чыңгышбаева деген ырчы да сураганынан "фольклорго жакын болсун" деп айткам. Эрлан Андашев рок стилине салып ырдаптыр, эми алар жаштар да. Жакында Гүлбүбү Иманалиева да сурады. "Комуз, ооз комуз кошуп ырда",- деп макулдугумду бердим. Ырдай беришсин, ар ким өз үнү менен ырдайт.


"Өмүр" 1975-жылы жазылган.
Сөзү, обону: Асылбек Өзүбековдуку
Роза Шакирова: "Ушул ырды баары бир ырдап чыгам" деп…
Мага Асылбек Өзүбековдун бардык ырлары жагат. "Өмүрдү" мурда эле "Туңгуч" театрына киргенде угуп, жактырып,"ушул ырды баары бир ырдап чыгам" деп ойлоп койгом. Азыр ошол оюм ишке ашып турган убагы. Бул ырдын сөзү, обону абдан жагат. Ырга клип тарттырып да койдум.
Асылбек Өзүбеков: "Мен Розанын ал ырды ырдаганын уга элекмин"
Мен ал ырды Розанын ырдаганын уга элекмин, бирок уккандар: "Аске, жакшы ырдаптыр",- деп айтып жатышат. Өзүм ырдап чыгарын билгем, себеби, менден сураганынан: "Ырдай бер, силерди ырдасын деп жазганбыз, дагы башка ырлардын баарын ырдай бер"-десем, "Сиздин ырларыңыздын баарын ырдайм",- деп күлдү эле. Роза комуз менен бир кечеде ырдап олтурганын көрүп: "Үнүң жакшы экен, жүр, биз менен иште"-деп "Туңгуч" театрына өзүм ээрчитип келгем. "Туңгучтан" сахна эмне экенин үйрөндү, ар кандай чоң концерттерге катышты. Чындыгында, Кудай берген сонун үнү бар, таза. Эми ошол үндү баалап-барктап, жакшы ырларды тандап ырдаса мүмкүнчүлүгү абдан чоң.


"Бегимайдын ыры" 1980 -жылдары жазылган.
Сөзү: Раймаалыныкын - Дооронбек Садырбаев, Бегимайдыкын- Алмаш Чойбекова жазган.
Обону: Сардарбек Жумалиевдики
Гүлнур Асанова: "Нотасын агай ойноп берип…"
- Мен биринчи курста окуп жүргөндө Сардарбек агай сабак берчү. Ошондо "Бегимайдын ырынын" нотасын агай ойноп берип, мен ырдап жаздырганбыз. Агайга кийин угузсам, "жакшы болуптур" деп айткан. Андан кийин ошол жазылган боюнча эле клип тарттырып, телеге, радиолорго берип койгом.
Сардарбек Жумалиев: "Гүлнурга айтып койгула, эми мага бир угузуп койсун"
- Бул ырды Полотов менен Раймалиева ырдачу, азыр Гүлнур ырдап жатабы? Мен анын ырдаганын билбейт экемин. Ырдасын, мен уруксат берем, Гүлнурга айтып койгула, эми мага бир угузуп койсун. Рахмат, ырдап жатканына, кубанычтамын, мен ошолор ырдасын деп чыгаргам да. Негизи, бул ырга кээ бири Раймаалыга, кээси Бегимайга эле обон чыгарышкан, мен экөө бири-бирин сүйгөндөн кийин деп айкалыштырып экөөнө тең обон жазгам.


Динара Чокоева