п»ї

  Жашынган жылдыз "жарк" этсе…

Салкынай Воинова:
"Салкынай Воинова" деген кичинекей империя тургузгум келет"
- Салкынай эже, сахнадан алыстагандайсыз, ыр чөйрөсүнөн кетейин деген оюңуз бар го?
- Ыр чөйрөсүнөн алыс кетейин деген деле оюм жок. Болгону иш графигим абдан тыкыс болуп калды. Бала төрөп, үй иштери менен алек болуп жүрдүм. Бирок, жакында жаңы ыр жаздырдым. Ишим көп болгондуктан, көп нерселерге жетише да албай калып жатам. Анын үстүнө "Салкынай Воинова" деген аталыштагы үйлөнүү-үлпөт агенттигин ачып алгам. Үйлөнүү үлпөттөрүн өткөрөбүз. Сентябрда, буюрса, мени эстеген күйөрмандарымды сүйүнтүп жаңы ырымдын бет ачарын өткөрөм, мен тарткан 3 клип да чыгат. Мен режиссёрлук кылган, сценарийин өзүм жазган кино октябрь айларында чыгып калат. Монтажын да өзүм жасап жатам. Атам кино оператор болгондуктан, менин бала кезим аттуу-баштуу таланттуу актёрлордун, режиссёрлордун айланасында өткөн. Алардын сьемка аянтчасындагы сүйлөшүүлөрү абдан кызык болчу. Үйдөн дагы баарыбыз чогуу отурганда батыш кинолорунан тартып кыргыз кинолоруна чейин талкуулачубуз. Ал эми университеттен "Драматикалык искусство" сабагынан Шульгин Николай Григорьевич сабак берип, режиссёрлук искусствого үйрөткөн.
- Сиз тарта турган фильмдин аты эмне болот?
- "Бий ыргагында" ("В ритме танцы"). Актёрлор тажрыйбасы жок жаш балдар, кыздар болсо да, мыкты ойноп беришти. Башкы ролду Алина Жетигенованын кызы Азеля ойноду. Андан сырткары, мыкты бийчилер да катышышты. Менин университетим менен биргеликте чогуу тарттык.
- Далер уулуңуз кандай чоңоюп жатат?
- Далер акылдуу жигит болуп чоңоюп жатат. Адамдар менен бат тил табышып, абдан шайыр. Мен мурун кичинекей балдарды жакшы көрсөм деле, алар менен көп убакыт бирге отура алчу эмесмин. Кош бойлуу кезимде, "баламды кандай караар экем?" - деп коркчумун. Көрсө, эненин туюму башкача болот экен. Азыр болсо, Далер менен убактымдын баарын бирге өткөрөм.
- Экинчи чүрпөңөрдү качанкыга пландап жатасыздар?
- Сиңдим экөөбүздүн ортобуз 4 жыл. Жолдошум менен иниси экөөнүн да ортосунда 4 жыл айырма. Ошондуктан, уулубуз төрткө чыкканда экинчи балабызды пландайбыз деп жатабыз. Төрт жыл аралыгы абдан жакшы. Анткени, баарын биринчи балаңа бересиң. Көп келиндер жыл сайын биринин артынан бирин төрөп, улуу балдарына жакшы көңүл бурбай, жаңы төрөлгөн чүрпөсүнө көбүрөөк көңүл бурушат.
- Балага тарбия берүүнүн кандай түрүн колдоносуз, кээ бирлер сабайт, кай бирлери алдайт дегендей?
- Биз, жолдошум экөөбүз, Дубайга барып калдык. Ага чейин япондордун балага кандай тарбия берери жөнүндө маалыматыбыз бар болчу. Беш жашка чейин падышадай, бештен он алты жашка чейин кул, он алтыдан кийин дос. Бизде мындай жок болчу. Дубайда балдар өздөрү каалаган нерсени кылышат экен. Мисалы, дүкөндө бир нерсени талкалап жиберсе, ата-энелери да, дүкөнчү да эч нерсе дебейт. Биз да ошол жол менен тарбиялоону чечкенбиз. Биздин уул да абдан бош тарбияланып жатат. Көчөдөн кетип бараткан адамдар менен уялбай эле сүйлөшүп коё алат. Ага баарына уруксат берип жатабыз. Бирок, газ, токко барба, өрт чыгат деп катуу айтып коёбуз.
- Ассоль Молдакматова менен мамилеңиздер азыр кандай?
- Ассоль менен көптөн бери телефондон да сүйлөшө элекпиз. Абдан жолуккум келип жүрөт, убактымдын тардыгынан эле кезиге албай жатам.
- Агенттиктен башка дагы бизнес ачуу тууралуу ойлоруңуз барбы?
- Негизи, мен "Салкынай Воинова" деген кичинекей империя тургузгум келет. Буюрса кичинеден ошого бара жатабыз. Агенттиктен тышкары, кино, клип тарта турган аппаратураларым жана командам бар. Буюрса, алар менен жакшы иштешип кетем деген үмүттөмүн.
- Жолдошуңуз кайсы жагы менен сиздин жүрөгүңүздүн ээси болуп калды эле?
- Жолдошум экөөбүз беш жыл сүйлөшүп жүрдүк. Мен ачык эмес адам болсом, жолдошум, тескерисинче, шайыр болчу. Анан дагы абдан жоопкерчиликтүү. Ошол жагы менен мени арбап алды десем болот.
- Балаңызды чоң атасын тартып спортчу болушун каалайсызбы?
- Балам ар жагынан өнүккөн десем болот. Спортту жакшы көрөт, ошону менен катар эле музыканы да сүйөт. Чоң атасынын өзүнүн графиги бар, биринчи гимнастика, андан кийин сууда сүзүү ж.б. Мен баламды тенниске жана сууда сүзүүгө берсемби дейм. Атасы да менин оюма кошулат.
- Күлүп жүргөнүңүздү эле көрөбүз, кандай жаман жагыңыз бар?
- Жалкоом кармап калганда жаманмын. Жумушта абдан олуттуу адаммын. Мени менен иштеген балдар башында менин күлүп жүргөнүмдү, кино тартып жатканда: "Стоп, камера, мотор!" - дегенде менин сүрдүү жүзүмдү көрүшөт. Кээде мага таарынып калышат. Бир жолу "Мегаком" компаниясы менен концерт уюштурганда, артисттер менен чогуу иштешип калдык. Ал жакта концерттин директору болуп, уюштуруу иштерине өзүм жүгүрүп калдым. Концертте ар кандай нерселер болот эмеспи, ачуум менен биздин кээ бир ырчыларга да кыйкырып алгам. (Күлдү)
- Президенттик шайлоодогу үгүт иштеринде кайсы талапкерге ырдайын деп жатасыз?
- Мен шайлоодогу үгүт иштерине катышып көргөн эмесмин, катышпайм дагы. Акча үчүн эмес, жан дүйнөм үчүн гана ырдайм. Ыр менен көп каражат таппайсың. Тескерисинче, башка иштерден иштеп, ырга жумшаш керек. Кайнатам да саясатта аты чыгып калган адамдардын бири болгондуктан, үгүт иштерине катышкым келбейт.
- Негизи эле КРнын президенти катары кайсы талапкерди көрө аласыз?
- Мен саясатта чет адаммын, ошондуктан кайсы бир талапкердин атын атай албайм.
- Казан-аягы кагышпаган үй-бүлө болбойт эмеспи, сиздерде көбүнчө эмнеден улам уруш чыгат? Кызганычтанбы?
- Ар бир үй-бүлөдө боло турган эле күнүмдүк иштердин айынан уруш чыгат. Бирок, кудай сактасын, чоң уруш боло элек.
- Үй-бүлөдө майрамдарды, туулган күндөрдү кандай өткөрөсүздөр?
- Өзүбүздүн жакшы көргөн жайыбыз бар. Ал шаардан четирээк жерде жайгашкан. Туулган күндөрдү ошол жактан барып тособуз. А үй-биз үчүн эс ала турган жай.


Төлөбүбү Касымалиева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??