п»ї
 Таанышуу жарыясы


Залкар Бакиров:
"Бир көлөмдө жүрүү үчүн диета кармайм"
- Спорттун сырдуу дүйнөсүнө кандайча аралашып калдыңыз?
- 1997-жылы атайын Спорт мектебине барып, ошондон улам ушул дүйнөгө келип калгам. Анан кызыгуум башталды. Күнүгө машыгуучу залга бара баштадым.
- Ушул кесип аркылуу келечектеги үй-бүлөңүзгө жетиштүү каражат топтой аласызбы?
- Мен азыр башка иштер менен да алек болуп жүрөм. Эми багамын деп да, бага албаймын деп да айта албайм, колуман келишинче аракет кыламын.
- Кандай мол ийгиликтерди багынта алдыңыз?
- Ар кандай ийгиликтерге жетиштим десем болот. Жаштар арасында өткөрүлгөн Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган мелдеште 2005-жылы Кыргызстандын чемпиону болдум. Ал үч жылда бир өткөрүлүүчү мелдештердин бири болуп эсептелинет.
- Өзүңүздү бир көлөмдө сакташ үчүн атайын диета кармайсызбы?
- Кээ бирөөлөр колуңа кол кап кийип алып эле көчөдө жүрүш керек деп ойлошот. Жок, андай эмес, тескерисинче, убагында тамактануу керек. Анан да атайын билим алып, окуу зарыл. Биз үчүн өтө чоң жеңиш бул салмак деп коёт, ошол боюнча мелдешебиз. Ошондуктан, дайыма бир көлөмдө жүрүүгө аракет кыламын.
- Канчалык деңгээлде күчтүүсүз?
- Өзүмдү бул жашоодо күчтүүмүн деп эсептей албайм. Анткени, жашоо кыйын, бирок жашаш оңой эмес дегендей. Дайыма күчтүү болууга аракет кылам жана ошого умтуламын.
- Беттешке чыкканда кандай ырым-жырымдарды колдоносуз?
- Беттешүүгө чыгарда абдан катуу даярдыктан өтөбүз. Ал өзүңдүн даярдыгыңа жараша болот. Мисалы, жогорку деңгээлде бир оюнга даяр болсон, анда сен өзүңө ишенип чыгасың. Эгер начар болсоң, кандай кылсам деп ойлонуп каласың. Ошондуктан, машыгуу залына барып даярданып турам. Ырым-жырымга көп деле ишене бербейм.
- Канча жолу утулгансыз?
- Мен ушул жашка чейин эки жүздөн ашык беттеш өткөрдүм. Ошонун жыйырмасында гана жеңишти багынта алдым. Бул да болсо мен үчүн чоң жетишкендик деп ойлойм.
- Утулган балбан менен кайрадан беттешип, күчүңүздү сынап көрдүңүзбү?
- Ооба, кайрадан беттешкем. Казакстандын дүйнөлүк чемпионатындагы Азия оюндарында Турцияда өткөн мелдеште жеңилип калгам. Кийин беттешке чыккам, бирок жыйынтыгы кайра эле анын жеңиши менен аяктаган.
- Эр жигит мекен үчүн жанын кыюуга да даяр дешет. Ушундай күчтүү сезим сиздин жан дүйнөңүздү да ыроолойбу?
- Өзүм кыргызмын деп күйгөн жигитмин. Мисалы, чет мамлекеттерге чыкканда Кыргызстандын намысын коргоп бараткандан кийин кыргыздын улуттук кийимдерин кийип барам жана да жеңиш менен кайтсам деп тилейм.
- Келечек муун спортчу болууга кызыгышат. Анткени, аларга мамлекет машина, үй берет. Мамлекет тарабынан сизге ушундай колдоо болдубу?
- Жок, эми аларды олимпиаданын чемпиондоруна берет да. Мен андай чоң жеңиштерди багынта алган жокмун.
- Сүйүктүүңүз барбы?
- Ал жөнүндө ойлоно элекмин, азыр жумушум көп, ошолорду бүтүрөйүн.


Жылдыз
Абдыкерим кызы



  Керемет кечтеги сырдашуу

"Чагылган", "Сагынуу", "Кыштак четинде", "Таарындым сага бул ирет", "Биз экөөбүз" аттуу элдик ырларды созолонто ырдаган ырчы Гүлнара Өмүрзакова эже менен маек курдук.
Чиновниктердин тоюн шаңга бөлөгөн ырчы Гүлнара Өмүрзакова
- Ырчылардын көбүнүн өзүнүн кесиби башка болот. Сиздин өзүңүздүн кесибиңиз эмне?
- Өзүмдүн кесибим-ырчылык. Бирок, ырчылык боюнча билимим жок. Мектепти бүтүп эле турмушка чыккам. Кандай окууда окубагын, турмуш шартыңа байланыштуу ал окууң калып кетет. Бирде оор, бирде жеңил, балалуу болуп атып окууга болгон ынтызарың калбай калат экен. Окуганга жараша турмуш курбай туруп окуп алса жакшы.
- Фольклор, эстрада, опера өз-өзүнчө болуп бөлүнүп, бири-бирин теңсинбегенин көп угуп калабыз. Фольклор ырчысы катары биздин азыркы эстраданын ырчыларына болгон көз карашыңыз кандай?
- Азыркы эстрада чөйрөсүндөгүлөр деле ырды сүйгөн адамдар болушу керек деп ойлойм. Бирок, эстрада ичиндегилер дагы профессионал жана сүйүүчү болуп экиге бөлүнүп атпайбы. Бирин айтсам, экинчиси таарынып калышы мүмкүн. Азыр ар бири колунан келген аракетин жумшап, нан таап жеп, чыгармачылыкка басым коюп жатышат. Чын-чынына келгенде убакыт, тарых таразалап, кимдин-ким экени электен эленип эле чыгып келет. Бирок, эстрада жаатында дагы чыныгы профессионал, жандуу үн менен ырдаган ырчылар бар. А сүйүүчүлөр аранжировканын жардамы менен гана үнүн жаап турган жасалма ырчылар толуп кетти.
- Чыгармачыл адамдардын кимиси менен катышыңыз бар?
- Чыгармачыл инсандар менен сыймын. Асел эжелер менен көрүшкөндө саламыбыз түз. Айбек Карымов менен деле буга чейин жакшы болчумун. Айбек кыялынан табат экен. Гүланда менен мамилем түз. Ар бир адам жакшы кылса да, жаман кылса да өзү үчүн кылат деп ойлойм. Алтынай Нарбаева, Бактыгүл Бокоева менен эң жакшы мамиледемин. Чыгармачыл чөйрөбүз дагы, үй-бүлөлүк деңгээлде дагы бир туугандай болуп калганбыз.
- Алтынай эже жөнүндө сөз козгоп калганыңыздан улам бир суроо туулуп атат. "Кимибизден" деген ырды Алтынай эжеге сиз бериптирсиз. Мүмкүн, ал ырды өзүңүз ырдап чыксаңыз, андан дагы хит болмок?
- Балким, Алтынай эжеге ошол ырды берип, ырдын багын ачкандырмын? Бул менин Алтынай эженин чыгармачылыгына кошкон салымым болсо керек. Эжеге ыраазымын. Эч качан бул ырды мен ырдап чыкканымдан улам, же ырды таап алганыман улам дебейт. Дайыма радиодонбу, же теле аркылуу болобу, дайыма: "Гүлнара аркылуу алгам, ыр жаатында чыгармачылык жан дүйнөмө чоң салымын кошкон Гүлнара", - деп эле айтып келе жатат. Балким, мен ырдасам андан да жакшы болмок. Мунун баары буйрук да.
- Ал ырды Алтынай эже сизден өзү сурады беле, же сиз сунуштагансызбы?
- Мен бир кечеде ырдап калганымды көрүп калды. Жолдошум дагы ырчы, музыкант, аккордеонду мыкты ойногон жигит. Ошол жерден эле: "Мага булл ырды бер, ырдап турайын",- деп калды. Мен азыр бул жерде ырдай албайм десем, эртеси үйүмө чоң кызыл магнитофонун көтөрүп алып келиптир. Сөзүн колго жазып бердим. Обонун магнитофонуна жаздырып, ырдап бергеним боюнча үйүнө барып үйрөнүп, ырдап кетти. Бул ырды 1995-жылдан баштап ырдачумун. Сөзү Д. Садырбаевдики, обону Ж.Кочкоровдуку. 1995-жылдан бери бул ырды менин аткаруумда дагы көпчүлүк билет. Бир адамдын аткаруусу менен бир адамдыкы эч качан шайкеш келбейт. Аткаруучулуктан көп нерсе көз каранды. Ким ал ырды аткарып, көйнөк кийгизип алса, ошол ырчы ырдын ээси деп ойлойм.
- Ак сөөктөрдүн тойлоруна көбүнчө фольклордук ырчыларды чакырып калышпадыбы. Сиздин да убагында Бакиевдердин тойлоруна көп эле барып жүргөнүңүздү билебиз.
- Ооба, алардын тоюна барып эле жүрдүм. Мен өзү мактанганды сүйбөгөн адаммын. Ак сөөктөрдүн тоюна өтө көп барсам дагы, аларды "ак сөөк", же болбосо "көк сөөк" деп бөлбөйм. Адамзаты бул дүйнөгө бирдей төрөлгөн. Ак сөөккө да, жөнөкөйлөргө деле бирдей эле барам. Бир жерге барып:"Мен булардын тоюна барып ырдагам", - деп эч качан мактанбайм. Алар да бир күнү ак сөөк болсо, бир күнү бизге окшогон карапайым адам болуп калышат.
- Сиз ырдап атканда отурган адамдар ырахат алып, айрыкча, Курманбек Бакиев сизди көпкө ырдатчу экен...
- Курманбек Салиевич 1995-жылы Жалал-Абадда губернатор болуп турду. Ошол убактан баштап алардын үй-бүлөсү менен тыгыз байланышта болдум. Же Сузактын кызы болгонум үчүн көтөрмөлөчү беле, же талантыма карап көтөрмөлөчүбү, билбейм. Бирок, үй-бүлөсү менен баалап-барктап менин үнүмдү угуп жүрүштү. Эл үчүн кандай президент болгонун билбейм, бирок талантты сыйлаган киши экенин билем. Бир эле мени эмес, өнөр чөйрөсүндөгү адамдардын баарына колунан келишинче жардамын берип эле келген. Аны жумурай-журт деле билсе керек.
- Чыгармачыл адамды чыгармачыл адам эле түшүнбөсө, башка кесиптин ээлери түшүнбөйт эмеспи. Жолдошуңуз да музыкант экен, кайсы жагын аяктады эле?
- Күрөңкеевди бүткөн, контрабасист, Ниязаалы Борош уулунун чөбөрөсү. Эң чоң музыкант, аккордеонист, ырчы, ошол эле учурда актёр да болуп кетет. "Эркектер" деген тасмада Эрик аттуу физик мугалимдин ролун аткарган. Адам жылкы мүнөз болобуз да. Жакшыны да, жаманды да көтөрө албайбыз. Кээде ошол адамга турмушка чыкканыма кубансам, кээде түшүнбөстүк болуп капа болуп кеткенде: "Кудай ай, сага эмнеге турмушка чыктым экен?"- деп кетем. А башка адамга турмушка чыксам тагдырым кандай болот эле, чыгармачыл чөйрөдө жүрөт белем, жүрбөйт белем, анын өзү табышмак.
Төлөбүбү
Касымалиева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??