п»ї

  Крим дүйнө

Колумбиялык "наркобарон" Эскобар Пабло
Кылмышкер деп жалпысынан айтылганы менен алар да ич ара ар кандай ат менен бөлүнөт эмеспи. "Пахан", "общяк", "авторитет", деги койчу... Көп кримавторитеттердин тарыхын барактап көрсөң, аларда да көп трагедия жатат. Ушунчалык таш боор болуп туруп, кайра колунда жок адамдарга боор ооруп жардам кылып келген, бай адамдардан тартып алып, аны кайра таратып кедейлердин сообуна калып келген, колумбиялык, дүйнөгө өзүнүн наркобизнеси менен таанымал болгон Эскобар Пабло жөнүндө.

Мектептен эле марихуана менен алаксыган Пабло
Эскобар 1-декабрда 1949-жылы Медельин шаарына 40 км жетпеген кыштакта туулган. Эскобар үч бир туугандын кичүүсү болгон. Ата-энеси кедей, колунда жок адамдардын катарына кирген. Пабло кичинесинде эле колумбиялык баатыр, авторитет, "бандитос" жөнүндө угууну жакшы көргөн. Алардын колунда бар бардар жашагандарды тоноп, колунда жокторго жардам бергендери тууралуу окуяларды кызыгуу менен укканды жакшы көргөн Пабло, ошондо эле кийин бойго жеткенде "бандитос" болом деп чечип койгон. Кичинекей, күнөөсүз жаш баланын кыялы он жылдан кийин ажыдаарга айланат деп ким ойлоптур? 1961-жылы Паблонун үй-бүлөсү түштүккө Энвигадого көчүп кетишет. Пабло ошол жактагы мектептердин биринде окуп калат. Бирок 16 жаштагы Пабло марихуана менен алаксып, мектепти такыр унутканынан, аны окуудан чыгарып салышат. Ошол жаштан баштап Пабло ар кандай кылмыштарды кылып баштайт. Ал өзүнүн көп убактысын кедейлер жашаган чөйрөдө өткөрүүчү болгон, себеби, ошол жер кылмыш жасаганга ыңгайлуу деп көрчү. Пабло биринчи жолу мүрзөдөгү эстелик белгилерин уурдап, жазууларын өчүрүп, кайра сатып акча кылган.
Башка кылмыштан тажаган Пабло киши уурдаганга өтөт
Кийин өзү курактуу балдарды чогултуп бир топ түзүп алып, чоң кылмыштарга катыша баштайт. Кымбат баалуу унааларды уурдап, бөлүкчөлөргө бөлүп кайра сатып жиберчү. Кийин Паблого башка ой келет, ал ачык эле байлардан ири суммадагы акча сурачу болгон, ал эми акча бербейбиз деп каршы болгондордун унаалары уурдалып кетчү. Паблонун ар бир жасаган кылмышы жылдан-жылга оор боло берген. Унаа уурдоо, бирөөгө салык салуудан тажаган Пабло киши уурдаганга өтөт. Ал биринчи колумбиялык бай адамды уурдап кетет. Бирок эч кандай жыйынтык чыгара албай, акыры өлтүрүп тынган. Диего Эчеварио Колумбиянын бай адамдарынын катарына кирген, бирок ал кедейлердин бирден бир жек көргөн адамы болгондуктан, Пабло уурдап, ачык эле аны өлтүргөнү тууралуу айткан. Медельин шаарынын кедейлери Диегонун өлгөнүн чоң кубаныч менен майрамдашкан.
Наша өндүрүп чыгаруучу лабораториясы болгон
1976-жылы март айында Пабло өзүнүн жанында жүргөн 15 жаштагы дос кызына үйлөнөт. Энео Виехо Паблого бир уул, бир кыз төрөп берет. Пабло акырындык менен Американы да наша менен камсыз кыла баштайт. Колумбияда Паблонун аброю ушунчалык күчтүү болуп, анын уруксаты жок бир да наша сыртка чыгарылган эмес. Пабло наша менен иштегендердин ар биринен 35% алып, алардын коопсуздугун камсыз кылып турчу. Анын атайын наша өндүрүп чыгаруучу лабораториясы болгон. Паблонун эң күчтүү кокаин өндүрүүчү империясы болгон, мындай империя дүйнөдөгү бир дагы наша сатуучуларда болгон эмес. Пабло саясатчыдан баштап орган кызматкерлерин, соттордон бери сатып алган. Ал бир гана талап койгон менин айтканымды аткарасың же өлөсүң. 30 жаштагы Экобар дүйнөдөгү миллиардерлердин катарына кошулган.
Зулум болсо да, кедейлерден жардамын аяган эмес
Анын 34 эс алуучу орду, 500 гектар жери, 40 түрдөгү авто унаасы болгон. Эскобардын эс алуу жайында 20 жасалма көл, 6 бассейни жана өтө чоң эмес аэропорту болгон. Ал акчасын кайда короторун билбей зоопаркка чейин салдырган. Анын зоопаркында дүйнө жүзүнөн алынып келген жаныбарлардын көп түрү бар болчу. Кедейлерге жардам бергенди жакшы көргөн Пабло аларга үй салып берип, жолдорун ондоп, спорттук стадиондорду ачып берген. Паблодон эмнеге мындай кыласың деп сураганда, мен кичине кезимде кедейлерди караган ушунчалык аянычтуу болчу деп жооп берген. Канчалык кылмышы көп болсо да Паблонун мойнуна эч нерсе иле алышкан эмес, ал кайра бийликке ат салышып Колумбиянын президенти болууну каалаган. Бирок бул тилеги ишке ашкан эмес. Өзүнүн бизнесин алдыга жылдыруу үчүн бардык күчүн жумшаган кримавторитет бийликке келип закондуу түрдө иш кылгысы келген.




Көлдүн кызыл түскө айланышы акыр замандын белгисиби?
Американын Техас штатындагы көлдөрдүн бири акыркы жумалардын ичинде кандуу кызыл өңгө айланып кеткен. Улуттук Сан-Анджело паркындагы көл акыркы күндөрү күтүүсүздөн соолуп, миңдеген балыктар өлүп калган. Өзгөчө күтүүсүздөн көлдүн өңү кан сыяктуу өңгө айланып кетиши, дагы бир ирет ислам дининдегилерди акыр замандын жакындашы жөнүндө сүйлөөгө муктаж кылды.
Индиянын дин кызматкери Пол Бигли YouTube видео берүүсүндө көлдүн кызарып кетиши боюнча ыйык Иоанна Богослованын осуятындагы апокалипсис жөнүндөгү жорумдарына далил боло алат деп жарыялаган.
Атайын адистер апокалипсистин далилдерин туура эмес деп сооротууда. Көлдүн өңү кызарып кеткенине эч кандай акыр замандын тиешеси жок. Көлдүн өңүнүн бузулушу бул-сууга бактерия кирип кеткенине байланыштуу болгон деп чечүүдө. Chromatiaceae деген бактерия сууда пайда болгондо суудагы аба жок болуп, суунун өңүн бузуп жиберет деген маалымат берилген. Бул тууралуу адистер болгону көлдөн балык кармоо сезону бүттү, акыр замандын келиши эмес деп айтышкан.
Так маалыматтарга таянсак, Техас штатынын 75%ын кургактык каптап, көлдөрдүн көбү соолуп баратканы маалым болгон. Жайдын ысык аптабында ушул жылы эки жолу гана жаан-чачын болуп өткөн. Адистердин айтымына караганда, эгер көлдөрдү,суунун агымын калыбына келтире албаса, балыктар үчүн, дегеле штат үчүн чоң коркунуч туудурат дешүүдө.
Азыркы мезгилде Сан-Анджело улуттук паркындагы көл болгону бир метр тереңдикте болуп калган. Соолубай турган кездеги бул көлдө балыктардын жүздөн ашык түрү болгон.
Баса белгилеп кетсек, акыр заман жөнүндө буга чейин канча жолу айтылып келген. 21-май 2011-жылы акыр заман болот деп 89 жаштагы Гарольд айтып, миллиондогон адамдар акыр заман келет деп даярданышкандары да болгон. Бирок ал күндөн аман- эсен өтүп кетип, 23-май күнү өзүнүн жаңылып алганын айтып, акыр заман эми 2011-жылы 21-октябрда саат 18:00дө ар бир саат жебеси жылган сайын акыр заман болот деп айткан. Иса пайгамбардын китебинде акыр заман жакындаганда суулар соолуп, балыктар өлүп, канаттуулар жок болуп кетет деп жазылган. Балким, көлдүн, орозо башталган айда кызыл түскө өзгөрүшү акыр замандын кандайдыр бир белгисидир, же жөн эле америкалык окумуштуулар айткандай, сууда бактерия пайда болуп, кандайдыр бир себептерден улам өзгөрүп кеткен.

Алия Ибраева







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??