п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Достум, билгениңен биле элегиң көп!
АЙТМАТОВДУН АЙЫМДАРЫ
Жанызак басма
(АДАБИЙ ЧАЛЫШ МАЕК-РОМАН)

(Башы өткөн санда)
- Менин көзүмчө Мар эчтеке деп убада берген эмес, эч кандай спектаклди обещать эткен эмес.
- Анан тоого жөн эле чыгып эле, жөн эле кайра келдиңерби?
- Обычный сөздөрдү сүйлөшүп отурдук. Тамашалаштык, кайра келдик да, вот и все.
- А мейли, эчтеке эмес, биерде дагы бир маселе да: Жаныштын айтымында, Таттыбүбү Имашты өлгүдөй сүйчү эле дейт. Кийин Имаш Жамийлага үйлөнүп, Оштон кайра келерде: булар менин өлүмүмө келатат деп айткан имиш...
- Иийе, Имашты өлгүдөй сүйчү, Имаш туура эмес эле кылды да, бекер эле кетип калды ошоякка. Эми жер жамандап барбасын: көпчүлүк себебине, бузулуп кеткенине, ичип кеткенине Имаш күнөөлүү...
- Эми, Имашты да түшүнсө болот да, жанагыдай болуп жатса, боюнда келсе.. Анан аны сүйгөнү менен, башкалар менен жүрө койгонун токтотпосо...
- Имашпы?
- Жок, Имаш эмес, тиги, Таттыбүбү эже өзүчү. Она позволяла себе слегка пофлиртовать с другими, деп орусчаласак тагыраак болор..
- Не знаю...
- ... и поэтому Имаш агайды деле бир жагынан түшүнсө...
- Билбеймин, мен ал жагын көргөн жокмун, фактысын кармаганым жок да...
- Эми биерде бир-эки опурталдуу жери бар да: бири Маниязовдун айтымында. А киши ошо кезде сахнанын чоңу болгонбу, айтор. Бир жолу "Ромео менен Джульеттаны" коюп жатканда көшөгө ачылбай калып, режиссёр аны келип урушкан окшобойбу. Ошондо Маниязов айтыптыр, сигнал жок болсо кантип ачмак элем, деп. Анан барсак дейт, Таттыбүбү менен Имаш экөө кызуу, мушташып жатыптыр имиш...
- Мен анысын сенден биринчи угуп атышым, экөөнүн тытышканын. .
- Анан элдин оозуна ушундай ушактардын кирип кетишине не себеп?
.- Эми, ушунун баарын жазып мине кереги бар? Токточу, ушулардын баарын угуп отуруп жүрөгүм да ооручу болду. Учурунда, театрда аны имне гана кылышкан жок: андай басасың, деп собранияга салышты,.. чачыңды кырктың, деп да талкуулашты,.. коридордо кетип баратып: "атаңдын оозун урайын ЦК" деп койсо да собранияга салышты, мына Даркүл эженин көзү туру. Эми түштөн кийин анын баарынын эмне кереги бар? Ошонун баарын убагында жакшы сөз менен айтпайбы, кыйын экен. Аксакалдар: кой айланып кетейин, кой, мындайың жарабайт, деп теске салса болбойт беле?
- Ошенткенде бой жеткен адам өзүн токтото алмак беле?
- Токтото алмак, токтотмок..
- Тигилер азгырып атса: жүр, бас, тигинт-минт деп...
- Эми, өзү аябай эрке кыз болчу. Особенно жанагы "Уркуядан" кийин муну тимеле мына минтишпедиби, алаканга салып көтөрүшпөдүбү коньяктарын алып келе берип. Ну правильно, эркелейт, учат, жаш болчу. Ошондо бир, жыйырма экилерде болчу. Ошондо ким эркелебейт?! Ай, жыйырма эки эмес, элүүгө чыкканча токтоно албай жүрүшпөйбү. Ошондо аксакал катары акылын айткандын ордуна: "сулуу экен!" - дешип... Сулуусу абдан сулуу болчу, мен мындай кыздарды дегеле көргөн эмесмин, көрбөймүн да... Эгер таптакыр эле болбой баратса мени чакырып айтсын, жолдошторун, мына Нурканды чакырып айтсын: Жаркын, Нуркан, мынабуну кандай дейсиңер силер, моминтип атат, деп. Анан жөндөн жөн эле собранияга сала берип... Таттыбүбү бир жолу айтканы эсте калыптыр: кудай айланайын, бир жолу собрания менсиз өттү! деп. Бир собрания Таттыбүбүсүз өтчү эмес да! А "Фудзиямада" эмне болду?! Жанагы Ажыбекова ойногон ролду мына менин көзүмчө сураган - бербей коюшпадыбы! А "Отеллодочу?".. Жанагы, Герштейн беле, ошол режиссёр койгон. Ай Таттыбүбү, сахнага барчы, чыкпачы! - десем: Сейдакматова туалетке да чыкпай туруп албадыбы, дебедиби. Сахнадан чыкчы эмес да, Таттыбүбү кирип кетет, деп. Не дейсиң, айнанайын ай, ким күйбөйт анан?
- Бу го, здоровая конкуренция дейт, атаандаштык жакшы го, негизи. А балким, Жамал эженин да таланты күч чыгар, аны да түшүнүү...
- Мен анын таланты күч деп айталбайм а кезде. Бирок ал башкалар жеткен даражага өзүнүн зор эмгеги менен жетти, талыкпас мээнети менен жетчү да. Таттыбүбүгө анын баарын табият өзү берип койбоду беле...
- Эми, бул эки чебердин бир мезгилде чыгып калганы Ротару менен Пугачевадай эле болуп калды шекилдүү. Же эркектерден Моцарт менен Сальерини айтышат го... Бул экөөнүн мамилеси жөнүндө да кыргыз арасында толгон-токой ушак-айыңдар жүрөт...
- Анысын мен билбейм, бирок Таня больницага жатып калбады беле, ошондо кымызга кошуп арак берген имиш, деген сөздөр айтылып жүрдү. А кезде Жамал өзү да айтып калган, Таттыбүбүгө баргам, деп.
- Мамилеси келишпесе эмнеге барыптыр?
- Анысын билбейм. Мени Сабира эже жибербей койгон, сен жакшы жолдошусуң деп. Үйүнө сакайып келгенде барып көрөсүң, деген. Жамал өзү оозунан чыгып кетти, мен Таттыбүбүгө кымыз алпаргам, деп; А берки сөздүн чын-төгүнүн билбейм, айталбайм. ..
- Деги, кептин чынынан келсек, мен биерде "Айтматовдун айымдары" деген документал-ушак бирдеме жазып жүрөм. Ошо, Чыңгыз Айтматовдун төшөгүндө жолуккан кыргыздын жаркын аялдары жөнүндө, алардын мамилеси жөнүндө катары менен келейин дейм. "Ак бата" журналына, мынакей, Чыңгыз агабыздын биринчи аялы, Керез жеңебиздин интервьюсу чыгыптыр, көрдүңүзбү? Редактордун уруксаты менен биринчи ошол маекти жиберем. Анан Чыңгыз акенин турмушунда жолуккан экинчи бир таланттуу кызыбыз, айтылуу эжебиз Бүбүсара Бейшеналиева жөнүндө бир-эки киши айтып берди, аны жаздым. Мындан кийин Чыңгыз байкебиздин турмушунда жолуккан үчүнчү таланттуу кызыбыз, мына сиздин курбуңуз, Таттыбүбү эжебиз экен, ал жөнүндө китеби чыккан Жаныш Кулманбетовдон бирди-жарым маалыматтарды тактадык. Эми сизге келип отурам, айткандарыңызды чиймелеп коёюн деп... Булардан кийин Чыңгыз акенин бүгүнкү аялы, Мариям жеңебиз тууралуу да уруш-чатак менен, кагынып-силкинип болсо да бирин-экин кишиден айтканын уктук, Болот аке Шамшиевдин: "төпөштөйм!" деген маанидеги орусчалаган богооз сөзүнө да чыдашка туура келди. Ушинтип, Залкар акебиздин турмушундагы төрт ургаачынын баянын окурмандын өзүнө коёлу деп жатабыз, салыштырып окусун, талдап-териштирип алар. Биздин милдет, маалыматты тагыраак жана толугураак бериш. Эми, мени менен сүйлөшкөндөрдүн сөзүндө ушагы да, чыны да болушу мүмкүн. Баягы, бир япон киносу бар эмес беле, "Расемон" деген - бир окуяны үч киши үч башка кылып айтат го - бу жазганыбыз да ошол сыяктуу эле кеп. Ал эми чындыктын төркүнүн окурман өзү өз деңгээлине жараша түшүнүп алар. Биерде документалдык тактык Залкар жазуучунун олуттуу биографы, залкар бийчи эжебиздин астейдил сынчысы, таланты ташкындаган ажарлуу кызыбыздын Жаныш сыяктуу акыйкат талдоочусу, Мариям жеңе сыяктуу максатына бек кыздарыбыздын чыгармачыл курбулары тактап-толуктап жазып чыгышар, биерде мен козгой турган маселе таптакыр башкада.

(Уландысы кийинки санда)





Айгүл ШАРШЕН
Бакыттын жылмайышы
(Башы өткөн санда)
- Айла-анайын десе, түстүүдөн түңүлбө деген, Марат жакшы жигит, бактылуу болгула, балам, - деп кары кемпир жоолук салды. Баары Мирсаидди Марат дешет экен, ошентип биз мындан ары Мирсаидди Марат деп улантабыз.
- Бактылуу болсун, айланайын, жаштар азыр окуп-чокуп жүрүп эле өз теңин таап калбадыбы?
- Ооба десең, кыз бечара ыргыткан таш тура, пешенесине буйруган жердин бүлөсү болот экен.
- Анан эмне, кыздын барар жери күйөө деп ошон үчүн айтат да, туулуп-өскөн жерин, алчаңдатып баккан ата-энесин таштап, бөтөн жер, бөлөк элге бүлө болуп, өз элин табат, - дешип жабыраган аялдар дасторкон четинде чайдан ууртап коюп, узун сөзгө киришти. Бул убакыттар, бул мүнөттөр Калыс үчүн кылымга айлангансып, Мараттын өзүнө ачууланып бир нече сааттан кийин эле үйдөн жетелеп чыгарып койгонун элестетип жатты. Бир убакта топурашып Мараттын классташтары келди аялдары менен, ал кезде кемпир-кесек башка бөлмөгө чыгып кеткен.
- Бактылуу болгула, - деп үч аяшы жоолук салып, бетинен өпкөн соң төрдөн орун алышты.
- Аяш, кабагыңыз капалуудай, неге минтип отурасыз, кыздар үчүн бул күн кандай гана бактылуу күн болорун сезе элек окшойсуз? - деди классташтарынын бири.
- Ошону айтсаң, кыз деген аттан бир аз сааттан кийин эле келин деген атка өтөсүңөр, бул кыздар үчүн чоң майрам болсо керек? - деп бири аны кубаттады. Алардын сөзү Калыстын жүрөгүнө жүзүнчү мык каккандай эле болуп катуу тийип жатты.
- Койчу ай, уялтпагылачы аяшты, - деди аялы аны тыйып. - Тим эле өзүңөрдү укмуш сезесиңер, кыз байкушту ушинтип кордобогула да.
- Кордосок алып жүрөт белек, ошол түнүңөр үчүн силерди өмүр бою колубузга көтөрүп жүрөбүз го? - деди Калыбек дегени.
- Кой, андан көрө эки жашка бак-таалай каалап койбойлубу!
- Туура, Марат менен Калыстын кармашкан колдору бөлүнбөй, түбөлүк бирге бактылуу өмүр сүрүшсүн!
- Рахмат, достор, мен жер жүзүн кыдырбасам да, Кыргызстанды кыдырып Калысты издеп таптым, - деп Марат жүзүнөн бакыттын нуру төгүлө бактысына ыраазы болуп теңтуштарын карады.
- Ийе, Марат, курбусу деле суктанарлык экен, кетирбей эле алып калбайлыбы? - деди бойдок досу Эмилбек.
- Койсоңорчу, конок кызга тийишпегиле.
- Эмне экен, курбусуна жакын түшкөндү жактырайт бекен, элдей эле эки көз, эки каш, бир мурунум, бир оозум бар, кызга ылайык эмесминби? - деп Эмилбек купшуңдай Нуржанатты карап койду.
- Кечигип калдыңыздар го, болбосо дароо макул болмокмун, - деди Нуржанат ага жооп кыла күлүмсүрөй. - Жигитим бар эле, шашылыш болбогондо күйөө жолдош кылып ала келмекмин, - деди Эмилбекти жактырбаганын билдире. Анткени, ал мурду куш тумшук, тиштери бир аз орсок келип, көздөрү бүтүгүй жигит экен. Ошондон улам: "Ушул менин күйөөм болуп калабы, тезирээк эле кетсем экен, жакшынакай неме болсо үндөбөй калып калмакмын", - деп оюнда коркуп кетти.
- Күйөөгө тийе элек болсоң болду, чоң кыз, кыздын барар жери күйөө деп киргизип алсак кандай болот? - деп ого бетер тийишип калды Эмилбек. Ошентип түн бир оокумга чейин эчкинин эти бышканча шаракташып отуруп, анан кетишти. Марат ээндеп калган келинчегинин жанына келип отурду.
- Калыс, бактылуусуңбу, жаным?
- Аябай, бирок сага ушул кезге чейин бир нерсени айта албай келдим, - деди Калыс муңая. - Менин сөзүмдү укчу…
- Бүгүн менин чексиз бактылуу болуп турган кезим.
- Мир…
- Сүйлөбө, мен сени сүйөм.
- Мир.
- Сен меникисиң, жаным, бүгүн башка сөздү кой, мен сенин жанымда отурганыңа, үлпүлдөгөн жоолук жарашып көшөгөдө жүрөк толкутуп мени күтүп жатканыңа ыраазымын! - деп колдорунан кармай чалкасынан кызды жыгып, үстүнө коомай жатты. - Сен меникисиң, Калыс, - деп шыбырады. Ошол убакта эшик ачылып, бирөөнүн келе жаткан дабышы угулду. - Жеңем келе жатат, экөөбүзгө төшөк салат, - деп өөп коюп өйдө болду Марат.
- Тура койгула, салт боюнча төшөк салып берейин, - деп Шааркан жеңеси күлүмсүрөй кирип келди. - Көрүндүк алайын.
- Көрүндүк сизден айлансын, жеңе, - деп Марат күлө караганда Калыстын жети өмүрү жерге кирип, көзүн ала кача жер карады. Марат анысын уялып жаткандай кабыл алды.
- Бактылуу болгула, биринчи түн экөөңөрдү ылайым ажырагыс кылсын, - деп коюп Шааркан чыгып кетти. Марат жарыкты өчүрүп келип, Калысты кучагына кысып:
- Алтыным, ушул күндү кандай гана күтпөдүм дейсиң. Өзүм каалаган адамым менен рахатка бөлөнүп жашоонун алгачкы кадамын бирге таштасам деген асыл максаттарымдын бири болчу, - деп адегенде кумарлана өөп алды. Анан кийимин чечип жатып, кыздын калч-калч эте титирегенин көрүп, - Калыс, сен эмне, коркуп жатасыңбы? - деп сурады.
- Жо-ок, - деп зорго шыбырады Калыс. Үн катпай калтырагы күчөгөндөн күчөп бүрүшө баштаганда Марат аны коё берип, өзү чечинди да, жанына жатып, аста кучактап моюн-башынан өпкүлөп жоошутмак болду. Ал ушул азыр кыздын эмнеге коркуп турганын сезген жок, эч нерсе көрө элек неме коркуп жатса керек деп ойлоп, сылап-сыйпап эркектин колуна денесин көндүрмөк болду оюнда. Бирок Калыстын алдында чоң жоопкерчилик турганын, ага эмне деп жооп берерин билбей ушул саатта өзүн бир кезде өлтүрүп койбогонуна, чымындай жанын эбак кыйбаганына өкүнүп жатканын сезбеди. Бир кезде Марат аста гана өз милдетин өтөөгө киришти, көзүн жумуп алган кыз айтарга жооп издеп жатты. Беш мүнөткө жетпей эле Марат чалкасынан түшүп жатып калды, үндөгөн жок. Аялдын амалы кырк эшекке жүк деген сөз бекер жерден айтылган эмес го, анын суроо берерин билип турду, солк этпеди, бүткөн бою сенек болуп калган өңдүү жата берди.
- Калыс, - деди Марат бир топтон кийин.
- Ийи.
- Эмнеге кыз эмессиң?
- Ошондой…
- Эмнеге ошондой, бул мени шылдыңдаганыңбы?
- Шылдыңдабай эле.
- Анан эмнеге жооп бербейсиң?
- Эмне деп жооп бермек элем, - деп Калыс ийиндерин солкулдата ыйлай баштады. - Мени ушундай абалда каласың дешкен.
- Ким?
- Врачтар.
- Түшүнбөдүм.
- Кээде кыздар кыздыгы жок төрөлүп калат экен, бирок андай чанда болот…







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??