Кумир менен баарлашуу

Иса Өмүркулов:
"Апам үчүн сулуумун"
Убакыт-учкан куш дегендей, 2 жыл мурда кичинекей, болтойгон бала бүгүнкү күндө минтип узун бойлуу жигит болуп сахнага кайрылып келип күйөрмандары менен баарлашып кетти.

Венера:- Сизди быйыл юристтикке тапшырды деп уктук. Эмне үчүн аны тандап алдыңыз?
- Анткени, менин үй-бүлөмдө чоң апам,байкелерим-юристтер. Эми аларга карап тандап деле алган жокмун. Бул кесип мага аябай жагат. Негизи, ырдап эле жүрө бербестен, бир кесиптин ээси болуп коюш керек. 40тан ашкандан кийин өз кесибим боюнча кетейин деген оюм бар. Бул стабилдүү иш да.
Жылдызай: - Кустанайга барып жемиштүү ийгилик менен кайттың. Ошол туурасында айтып кетсең?
- Бул боюнча башынан айтып кетейин. 12-апрелден 20-апрелге чейин Кустанай шаарында эл аралык конкурс өттү. Ал жакка Болгариядан, Россиядан, Казакстандан, Латвиядан, кыскасы, СНГнын мамлекеттери катышышты. Биринчи орунду Болгария, мен экинчини, үчүнчүнү болсо Белоруссия алды. Эмнегедир өтө толкунданып сахнага чыгып, ырдап баштаганда ичим ооруп, тердеп чыктым. Анткени, конкурсанттардын баары таланттуу экен. Анан ал жактан 1-2-3- орунду алгандарга Алматыда өткөн "Боз торгой" конкурсуна чакыруу беришти. Ал жакка, тилекке каршы, бара албай калдым. Анткени, мектепте мамлекеттик экзамендерди тапшырып жүрдүм.
Жылдызай: - Азыр шаарда Гу Чин Пёлор, узун чачтуу балдар, аябай көбөйүп кетпедиби. Сиз аны туураган эмессиз го?
- 2009-жылы бул корей киносун эч ким көрө электе, мен көргөм. Анан чачымды өстүрө баштадым. Кийинчерээк ал кино популярдуу болгондон кийин, көчөгө чыксам баарынын чачтары узун, окшош болуп кеткенинен, мен кырктырып салдым. Дагы жайында ысып, жүдөйт экенсиң. Аны чач үтүктөгүч менен дайыма эртең менен үтүктөп, бат-бат жуучу элем. Азыр бир айда бир башымды жууйм. Тамаша.
- Бош убактыңда кантип эс аласың?
- Чынын айтсам, уктайм. Футбол ойноп, бассейнге барып турам. Биз жер үйдө жашайбыз да. Ошондуктан, үй жумуштары аябай көп. Жакында эле үйдүн жанындагы бактарды кыркып, эшикке от жакканга даярдап койдум. Мисалы, майрамдарда эшикке боорсок жасайбыз да. Эми от жакканга отунубуз бар.
- Ырчылардын кимисин баалайсың?
- Биринчиден, мен Атай Огонбаевдин ырларын жактырып көп ырдап жүрөм. "Жаштарга" деген ырын жана айтып өткөндөй, Казакстанда өткөн конкурста ырдап чыккам. Бул ыр мага ийгилик алып келди десем болот жана бардыгына жакты.
Алина: - Акыркы "Сүйүү жазы" деген ырыңыздын сөзү, обону кимге таандык?
- Обону Мирбек Атабековго,сөзү Кыялбек Урманбетовго таандык. Өзүңүздөр байкагандай эле, ал ырымда үнүм өзгөрүп, ырдоо стилим алмашты. Буйруса, эл жакшы кабыл алып жатат.
Венера: - Анда, ал ырыңды ырдап бербейсиңби?
- Албетте, сиздердин коштооңуздар менен жаңы чыгармамды аткарып берейин.(Ырдап берди).
Венера: - Мен бул ырды радиодон уккам, бирок сен экениңди билген эмесмин. Ал эми ырды аябай жактыргам. Үнүң таанылгыс болуп өзгөргөн го. Азаматсың, жакшы ыр экен.
- Көп жерлерге барып жаңы ырымды аткарып берейин деп эле аткарсам, бул сенин ырың беле деп аябай таң калышат. Чындап эле үнүм өзгөргөн.
Жылдызай: - Продюсериң менен канча жылга келишим түздүң?
- Учурда продюсерим -Асыл Апасова. Аны менен мурункудай келишим түзгөн жокпуз. Болгону жакшы сүйлөшүп алдык. Мен жаңы сахнага чыгып жүргөндө Асыл эже мага көп жардам берип, эң биринчи жеке концертимди өткөзүп берген. Асыл эжеге ыраазычылык билдирем.
Алина: - Биринчи "Апакем" деген ырыңдагы клипте атаң болуп аткарган актёр чыныгы жашоодо дагы атаңбы?
- Жок, ал актёр-Марат Козукеев. Ал байкени клип тарткан режиссёрлор: "Клип жакшы болуш үчүн актёр ойнош керек жана сага окшош экен",- деп өзүлөрү табышкан. Андан тышкары, экинчи "Алгачкы сүйүү" деген ырымдын клибинде дагы ошол байке ойногон.
Айкөкүл: - Сага кандай кыздар жагат?
- Эми сүрөттөп айтып бере албайм. Бир көрүп жактырып калсам, анан айта алам, ушундай кыз жакты деп.. Кыскасы, жакшы кыздар жагат.
Венера: - Табышмак айтайын, табасыңбы?
- 1 чоң атасы, 2 атасы,2 баласы жана 1 небереси бар. Бардыгы биригип канча адам?
- Азыр ойлонуп көрөйүнчү. 6 адам. Жок, 3 адам болот экен.
- Туура, эми түшүндүрүп бер?
- 2 атанын бирөөсү чоң ата болот. Анан 2 баланын бирөөсү 1 атанын баласы. Анан анын бир баласы болуп калды. Ошондо 3 болду.
Айназик: - Сахналаш адамдардын кимиси менен доссуз?
- Эң жакшы байкелерим Ислам Акматов жана Омар менен сүйлөшүп турабыз. Негизи, азыркы ырчылардын көбү менден улуу да. Анан аларга дос катары эмес, ага-инидей мамиле кылам. Алар менен барып футбол ойнойм. Ал эми теңтуш ырчылардын ичинен Курмангазы уулу Нурсултан менен мамилем жакшы.
- Азыр Орозо маалы. Негизи эле намаз окуйсуңбу?
- Мен намаз окубайм. Бирок окуюн деген тилегим,ниетим бар. Жума сайын ырчы байкелер менен жума намазга барып турабыз. Буйруган бир күнү 5 убак намаз окуйм.
Айкөкүл: - Кудайга ишенесизби?
- Албетте, кудайга ишенип, тиленип турам. Мисалы, конкурстарга барганда: Алла, жардам бере көр,- деп тиленип чыгам.
Жылдызай: - Кыргызча так сүйлөй албайт экенсиз. Үйрөнөйүн деп жатасызбы?
- Орусча окугандыгымдан так кыргызча сүйлөй албай жатам. Учурда кыргызча газеталарды окуп үйрөнөйүн деп аракет кылып жатам.
- Өзүңдү патриотмун деп эсептейсиңби?
- Эсептейм. Себеби, Кыргызстандан чет жактарга барганда кыргызча ырларды ырдап, желегибизди желбиреткенде жан дүйнөң башкача болуп толкунданасың.
Алина: - Ырчылыгыңызга ким колдоо көрсөткөн жана жардам берип келет?
- Биринчи апам мени колдогон жана колдоп жатат. Апама ыраазычылык билдирем. Анын жардамы менен көптөгөн ийгиликтерге жетиштим. Эртең менен тургузуп: "Иса, мындай кыл.Тигил жакка бар",- деп мени туура жолго салып турат. Ырларымдын баарын апама арнайм. Азыр Асыл эже дагы апама кошулуп жардам берип жатат.
- Өзүңүздү сулуумун деп эсептейсизби?
- Ай-ий, кызыктуу суроо го. (Күлдү) Апам үчүн сулуумун. Бирок кичине арыктагым келип жүрөт. Тамаша.
Айкөкүл: - Кайсыл аспаптарда ойной аласың?
- Фортепьянодо ойной алам. 7 жыл мектепте сабак алгам. Азыр гитара үйрөнүп жатам. Анткени, 2-3 жылда, буйруса, баары жандуу ырдап калышат. Ошондуктан, өзүм обон жазганга аракет кылып, аранжировкасын дагы өзүм жасайын деп үйрөнүп жатам.
- Учурда канча ырың, канча клибиң бар?
- 10 клип, 25 ырым бар.
Келсин
Мурадил кызы