п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Ай, кошуна, барсыңбы?

Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык
Сени жакын досуңдан да, тууганыңдан да мыкты билген инсан кошунаң эмеспи. Кошунаңдан жаап-жашыра турган сырың да болбой калат тура. Себеби, сени түшүнгөн адамың жалгыз гана кошунаң экен.


Куудул Борончу Кудайбергеновдун кошунасы Ашимов Рысбек: "Бизде "а бу" деп саламдашса, "а шу" деп алик алат"
- Куйкум сөздүү куудул менен кошуна туруш кандай экен?
- Борончу экөөбүз бир гана кошуна эмес, теңтуш да болуп кетебиз. Экөөбүздүн үйлөрүбүз башка болгону менен, чатырыбыз бир. Мен Баткендин Лейлегиненмин да. Мени анча-мынча сатираларына да кошуп жүрөт. Бизде Баткенде "а бу" деп саламдашса, "а шу" деп алик алып коёт да, ошону сатирасына алып чыккан. Бир жолу келинчегим Канышай электрик келсе, кайда жашынарын билбей, диванга кирейин дейт. Мындай көлөмү менен батпай коюп, аябай убараланыптыр. Ошону да сатирасына кошуп коюптур.
- Борончу агай Меккеге барып келгенден кийин кандай өзгөрүлдү?
- Мен баса белгилеп айта алам, айырмачылыгы жок. Мурун деле азыркысындай адамгерчиликтүү, мыкты жигит болчу. Борончу ажыга барып келсе, эмне үчүн аны Борончу ажы деп аташпайт. Ажылык да титул сыяктуу да. Бизге Меккеден замзамдын суусун алып келиптир. Кичинекей кумуранын сувенирин белекке берди. "Атам экөөбүзгө бир катын" демекчи, кошуна болгон соң орок-балка ортодо.


Ырчы Бурул Алимованын кошунасы Лира: "Жаркылдап күлүп жүрөт"
Бурул менен кошуна турганыбызга 8 жыл болуптур. Мына азыркы күнгө чейин байланышып турабыз. Адамгерчилигин абдан баалайм. Өзү баласаак болгондуктан, балдарына үйрүлүп түшүп, башкача мээрим төгүп турат. Эки баласын аталуулардан кем кылбай, аларга таалим-тарбия берип, акыл-эстүү кылып багып чоңойтуп жатат. Мен тааныгандан бери дайым жаркылдап күлүп жүргөнүн билем . Душманына да жамандык каалабайт, аябай көңүлчөөк.
"Салатыбыз ачып кетип…"
Кошуналар чогулуп чай ичмейинче тамагыбыздан аш өтпөйт эмеспи. Айрыкча, Бурул дасторконун дүйүм тамакка толтуруп, мени конокко көп чакырып калат. Чогулганда ар кандай теманы талкуулап сүйлөшөбүз. Бурулдун апасы кызына сеп берип калды. Төркүндөрүн тосуп алыш үчүн түнү бою даярдык көрдүк. Жайдын күнү болчу. Түн бир оокумга чейин жасаган фунчозабыз ачып кетиптир. Кайненесинин ачуусу келип аябай жаман болду.


НТС каналынын жаңылыктар чыгарылышынын алып баруучусу Алтынбек Бедиловдун кошунасы Асхат Алагозов: "Алтынбек экөөбүз кыздардан качып кетчүбүз…"
- Алтынбек менен кандайча таанышсыздар?
- Алтынбек досум менен Ишенаалы Арабаев атындагы Университетке тапшырып жүрүп абитуриент кезде таанышкам. Окууга ийгиликтүү өткөн соң, аудиторияда ремонт кылып, 31-августта эгемендиктин 10 жылдыгына карата Спартак стадионуна маршировкага даярданып чогуу жүрүп калдык. Ошондон бери окууну бүтсөк да, достугубуз андан бешбетер чыңалып, азыркыга чейин үй-бүлөлүк карым-катыштабыз.
- Ар кимде бар ар кыял, ал кыялды ким тыяр демекчи, кошунаңыз кайсы сапатынан арылса дейсиз?
- Кошунадан да жакын досум болуп калды. Жаман сапатына караганда жакшы сапаттары көбүрөөк. Досумдун жакпаган мүнөзү кээде өзүнө ишенбеген учурлары кездешет, ошол сапатынан арылса мыкты болмок.
- Адаш жолу ар башка, аяш жолу бир башка дешет экен. Аяшыңыз менен тамашалашып сүйлөшкөн кезде досуңуз кызганбайбы?
- Аяшым Венера менен тамашалашып сүйлөшө беремин. Алтынбектин кызганыч отуна малынганын кезиктире элекмин. Досум кызгангандын ордуна кайра менин сөзүмдү коштоп коёт.
- Кандайча кошуна болуп калдыңыздар?
- Экөөбүз тең үйдөн барып келип окучубуз. Жатаканада жашагыбыз келип, негизи эле студенттик жашоонун даамын таткыбыз келчү. Ошентип, жатаканада сырттан келип жашаган учурларыбыз болгон. Отуруштарга барып жатар конок болуп калчу элек. Жатаканага барганда коңшу бөлмөдө жатып калып: "Эй, кошуна, окууга кеттикпи?"-дечүбүз.
- Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат дейт. Үй-тиричилигине кандай эле?
- Чарба жагын да мыкты өздөштүргөн. Чогуу дос балдар ашар кылганда, чебер колдору, устачылык өнөрү менен бизди таң калтырган болчу. Бир гана кара жумуштун гана майын чыгарбастан, ыр дүйнөсүнө да жакын. Той-топурларда Бек Борбиевдин "Дос деген сендей дос болот" деген ырын созолонтуп ырдап калат. Менин досум ар тараптуу инсан экенин ушул жерде да тастыктап койду.
- Жигит болсоң шок бол, шок болбосоң жок бол дегенчелик, бойдокчулук кезде да кыз жандабаган учурлар болбой койбостур?
- Биздин университетте кыздар басымдуулук кылат эмеспи, кечелерде да жалаң кыздар. Анан отуруш кызуусуна батып баратканда, Алтынбек экөөбүз эшикке чыгып келели деп качып кетчүбүз. Себеби, кыздардын арасынан айрымдарын таарынтып албайлы дечүбүз. Ошол отурушта бир да бала жок, жетөө тең кыз экен. Анан экөөбүз баарына кантип жетишет элек деп качып кетүүнү ойлогонбуз да. Болбосо, чындыгында, айлаңды алты кетирген айымдар амалдуу болушат го.
- Жаштык-мастык кездер да өткөндүр?
- Негизи, Алтынбек өңдүү-түстүү болгондуктанбы, айтор, кыздар артынан көп чуркачу. Бирок ал кыздарды көрсө эле бетине кызыл жүгүрүп, алардан уялып калчу. Бир кыз менен сүйлөшүп калды. "Дос, мен уялып сүйлөй албай калбайын, сен жанымда караан болчу",- деп мени ээрчитип алар эле. Досумдун сөзүн кыя албай, жактырган кызына чогуу барып жүрдүк.
- Азыркы келинчегине да чогуу барчу белеңиздер?
- Жок, келинчеги менен өзү эрдик кылып таанышкан экен. Эми жыл өткөн сайын тажрыйба алып, такшалып калат эмеспизби.









кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??