п»ї

К.Осмонов Н.Танаев менен А.Акаевди Кыргызстанга алып келеби?
"Баракелде" сайтына телефон аркылуу окурмандан суроо келип түшкөн. Анын айтымында, Орусиянын Санкт-Петербург шаарында мындан эки ай мурда президенттин кызматына талапкер Курманбек Осмонов мурдагы премьер-министр Н.Танаев жана экс-президент А.Акаев менен ресторандардын биринде жолугуп, берки экөө Кыргызстанга келүү үчүн талапкерге акчалай жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдириптир. "Ошондой эле Н.Танаев К.Осмоновго: "Сен сөзсүз президент болосуң, эң башкысы, өлсөм, сөөгүм Кыргызстанга коюлгандай болсун",- деп айтыптыр. Мындай кептердин канчалык деңгээлде чын-төгүнү бар?" - деген окурмандын суроосуна Курманбек Осмонов бул маалымат эч кандай чындыкка жатпаганын, Орусияга барбаганын билдирди.


Э. Каптагаев марафондун арты менен капчыгын калыңдатайын деген го?
11-август күнү К.Тыныстанов менен Ж.Абдрахмановдун мааракесине жана райондун 80 жылдыгына, баатыр Нурдөөлөттүн эстелигин тургузууга карата марафон өтөт. Элден эшиткен маалыматтарга караганда ал марафондун артында Э.Каптагаев турат имиш жана райаким Н.Насирдиновго буйрук берип Ысык-Көлдөгү пансионаттардын ээлеринен мажбурлап акча чогултуп атат", - деген имиштер чуулгандай тарап кеткен. А райаким Н.Насирдинов өз сөзүндө эч кандай мажбурлоосу жок эле ар ким өзүнүн колунан чыккан акчаны берип аткандыгын, Э.Каптагаев марафондун артында турбайт, Нурдөөлөт баатыр анын чоң аталары эмес экенин айтып жатат. Кимисине ишенериңди да билбейсиң. Эми баарын убакыт көрсөтөт эмеспи…


Юлия Тимошенко камакка алынды
Жума күнү "газ ишин" караган сот Родион Киреев мурунку премьер-министр Юлия Тимошенкону абакта камоого чечим чыгарып, саясатчы айым сот залынан кармалды. Камалар алдында интернет баракчасында мындай билдирүү жарыялады: "Мени камакка алуу планын ишке ашыруу боюнча билдирүү жасагым келет. Бул саясий оппонентти жоготуу экени түшүнүктүү", - деп билдирген. Мамлекеттик айыптоо Тимошенко 2009-жылы өкмөттү жетектеп турганда Орусиядан газ сатып алуу боюнча кол койгон келишимде өлкө казынасына 190 миллион доллар чыгаша алып келген деген кине тагууда. Украин президентинин маалымат катчысы Дарка Чепак Виктор Янукович мурдагы премьер-министрдин камалышына эч кандай тиешеси жоктугун билдирип, сот ишине кийлигишпей тургандыгын айтты.


Редакциябызга Мелис Эшимкановдун дарегине ушундай кат келиптир
Осмонакун Ибраимов "келесообу", же Мелис Эшимкановбу?
Мелис Эшимканов саясий бир гезитке интервью берип, өзүнүн илгерки "түштүк картасы" деп элди түндүк-түштүккө бөлгөнүн кайра мактаныптыр. Анын маегинде: "Мен элди экиге бөлөйүн деген ойдо эмес, түндүк-түштүк деген оору бизде бар, ошону Акаев билсин дегем. Түштүктүн келесоо балдарын жанына алып, мамлекеттик катчы кылды, премьер кылды", - деп жүрөт. Эшимканов мырза чындап эле трайбалист, регионалист, болбосо өзүнүн кызыкчылыгы үчүн куштун кош канатындай бир тууган элди эки анжы ойдо калтырып, эски жараны (өзү айткан ооруну) тырмайт беле? Эгерде намысы болсо, ошол түштүктүн Бакиевге окшогон бир келесоо баласынын артын жалап, түндүктүн мыкты жигиттерин ошого алмаштырат беле? Негизинен, түштүктө эл көбүрөөк эмеспи. Анан көп элден келесоолор деле көбүрөөк чыгышы мүмкүн. Мелис Эшимканов түштүктүн чыныгы келесоосуна жолугуп калса ит эле болбойбу... Ойлоп сүйлөбөгөн онтобой ооруга жолугат болуп, башыңыз кан жалабайбы? Ошол убактагы "келесоо" мамкатчы О.Ибраимов менен, келесоо премьер-министр К.Жумалиев менен кучакташып жүргөн учуруңуз эстен чыгып, эми артынан суу куя баштадыңызбы? Кыргыз элине илим жаатында оңой эмес Эмгек сиңирген илимдин докторлору, профессорлор О.Ибраимов менен К.Жумалиев "келесообу", же саясатты көчө деңгээлинде кабыл алып, алакандай кыргызды алтыга бөлгөн интриган Мелис Эшимканов "келесообу?!"
Оштук окурман


Бир бүркүм маалымат
Борбордук шайлоо комиссиясы расмий каттаган президенттикке талапкерлердин арасында сегиз жумушсуз бар.8-августта кезектеги жумушсуз талапкер катталды. Ал - 1962-жылы туулган Жумабек Исаев болду. Буга чейин расмий каттоодон өткөн убактылуу жумушу жок талапкерлер - Муканбайжан Айманбаев, Оомат Казакбаев, Асида Иманалиева, Дамира Токтосунова, Темиркул Өмүралиев, Жылдызбек Стамбаев, Тургунбек Нарикеев болгон.
Бишкек четиндеги Ак-Жар конушунун тургундары бүгүн нааразылыкка чыгып, конуштун жанындагы чоң жолду тосуп турушат. Чогулгандар өкмөттөн жер тилкелери боюнча чечим чыгарып, электр зымдарын чоюп берүүнү талап кылышты.

P.S. Маалымат интернет булактарынан алынды




Көркөм өнөр илимдеринин кандидаты Жороев Нурлан:
"Керамика өнөрүн өркүндөтүшүм шарт…"
Керамик кесибин тутунгандар чанда кездешет. Түйшүктүү ишти талап кылгандыктанбы, айтор, мындай өнөрдү алып жүргөндөр саналуу экен. Анда эмесе, ушул өнөрдүн эгедери менен маекке кулак төшөңүздөр.

- Кол өнөрчүлүк талантыңыз кантип жанданган?
1982-1990-жылга чейин Баткен шаарынан Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепти аяктап, Фрунзедеги №4 интернат-мектепте окуп калдым. 1993-1998 жылдар ичи Тургунбай Садыков атындагы Сүрөт Академиясында окудум. Керамика бөлүмүндө Ажиев Сапар деген бала экөөбүз эле окуганбыз. Турмуштун татаалдыгынан Сапар кесибин уланта албай калды. Жеке ишкер болуп кетти. Бирок жылдар өтсө да талант ташты да жарып чыгат деп коёт го. Чыгармачыл ишине качандыр бир кайрылат деген ойдомун. Мектептин директору, чоң дизайнерлеринин бири- Ибрагим Бакиров, Эшболот Токтогонов, Нурдинов Самат, Теңизбаева Бегайым аттуу эжей-агайларыбыз билим берди. Ал эми Жээнбай Артыкбаев Академиядагы жетекчим болчу. Учурда Т. Садыков атындагы Улуттук Көркөм Сүрөт Академиясында Көркөм керамика кафедрасынын ага окутуучусу болуп эмгектенем.
- Алгачкы сүрөттөрүңүз барбы?
- Мен мектепте окуп жүргөнүмдө эле дубал газеталарды кооздоп сүрөт тартып берчүмүн. Азыр ойлоп көрсөм, бала кезден эле археологияга кызыкчу экем. Кой кайтарып жүргөндө жерди казып, ар кандай формадагы таштарды чогулта берчүмүн. Аларды боёп, кооздоп алып короого кыдырата тизип койчумун.
- Кол өнөрчүлүктү чет жактарга да таанытасыздарбы?
- Биринчи курста окуп жүргөндө Алматыга практикага барып келгенбиз. Республикалык деңгээлдеги симпозиумдарга катышкам. 2009-жылы өткөн бүткүл дүйнөлүк фестивалга катышкам. Молдованын Кишинев шаарына барып, Кыргызстандын атынан доклад окугам. СНГ боюнча илимпоздор чогулуптур. Андан соң Бакуга бардым. Ал жерде бүт түрк тилдүү өлкөлөрдүн өкүлдөрү чогулушуптур. Мен Кыргызстандан координатор болуп шайландым. Биздин максат кыргыз керамикасын даңазалоо. Ошону менен катар керамика өнөрүн өркүндөтүүбүз шарт.
- Кол өнөрчүлүктү илимий жактан изилдедиңизби?
- Мен ушул керамика боюнча илимий ишимди жазарда ар кандай булактарга кайрылсам, керамика боюнча маалымат аз экен. Атайын тарыхчылар менен биргеликте тарыхый жерлерге барып келдик. Көрсө, Кыргызстандын дээрлик көп жеринде керамикадан жасалган идиш-аяктардын, карапалардын калдыктарын кезиктирүүгө болот экен. Менин илимий жетекчим-Кыргыз Эл сүрөтчүсү Тургунбай Садыков.
- Устаттан шакирт өтөт демекчи, сиздин устатыңыз ким?
- Менин устатым-ыраматылык Таалай Чекилов эле. Белгилүү музыкант Адил Чекиловдун бир тууганы. Устатым тууралуу "Чопо бала" аттуу даректүү фильм тартышкан. Ушул өнөрдүн чыныгы устасы деп ошол чопо менен кошо жуурулушкан инсанды эсептейм.
- Ар бир өнөрпоздун башкага коошпогон өзүнүн стили болот экен?
- Мен бир ишти баштаарда жан дүйнөм менен берилип жасайм. Бүт дитиң менен жан үрөп иштесең, мээнетиң таттуу болору анык. Ошол ишиңден ырахат алып, маңызын чыгара кылдаттык менен жасашың керек. Ошондо гана бере турган образыңдын жыйынтыгы чыгат.
- Чопого өмүр берген устаттын жеке жашоосу кандай болду экен?
- Жеке жашоом жалгыздыкта өмүр сүрүп келемин. Кудайым бир жагынан берсе, бир жагынан аксатат экен. Ушул чопо илимин казып жүрүп, жеке жашоомду унутка калтырып коюпмун.


Динара Асылбекова







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??