п»ї
 Таанышуу жарыясы


Өмүрбек агасынын "өнөрүн" үйрөнгөн, кыздан жолу жок Жоомарт Сапарбаев
Жоомарт Сапарбаев
- Жыландын териси кооз, тили уу дегендей, биздин саясатта кимдин сырты кооз да, тили уу?
- Баарыныкы эле ошондой болсо керек.
- Ала карганы атынан чакырат, сизди келинчегиңиз атыңыздан чакырабы, же эркелетип "жаным" деп чакырабы?
- Ар кандай. Кээ бирде "жаным" деп чакырса, кээде атымды айтат.
- Кесиптештериңиздин кимиси менен саунага же мончого көп барасыз?
- Чынын айтсам, кесиптештерим менен сауна, мончо деген жайларга барбайм. Андай жайларга досторум менен барганды жактырам. Өзүм мончого барганды жаман көрөм. Балык уулаганы көп барам. Кесиптештерим менен сыймын.
- Сиз мончодо жуунуп жатканда, кийимдериңизди бирөөлөр уурдап кетсе, абалдан кантип чыкмаксыз?
- Сүргүнү оронуп алып чыкмакмын да. Андан башка эмне кылмак элем? А эгер баарын уурдап кетишсе, досторума чалып, "эски-уску кийимдериңен алып келип берчи?" - деп, башыман өткөн окуяны түшүндүрмөкмүн.
- Азга алкыш айтпаган, көпкө көңүлү тойбойт, А биздин саясатчылар эмне үчүн акчага тойбойт?
- Саясатчылар деп эле баарын бир топко коё берген болбойт. Алардын арасында биринчи максатта акчаны койбогондору да бар. Максаты акча болгондор, өздөрүнүн мүнөзүнөн, адамдык сапаттарынан жана өзүнүн баалуулуктарынан болсо керек. Кээ бирөө үчүн баалуулук бул жүз доллардагы Бенжамин Франклин, кай бирлер үчүн баалуулук мамлекет болсо, кээ бири үчүн - азаттык. Мен үчүн эң башкы баалуулук - акча эмес. Менин максаттарым башка.
- Биттеп көрдүңүз беле?
- Кичинекейимде биттегеним эсимде бар. Мен айылда өскөн баламын. Анан айылда билесиңер, битинен бүргөсүнө чейин болуп кетиши мүмкүн.
- Көзү жымыңдаган кыздарды көргөндө оюңузга эң биринчи эмне келет?
- Бул кыз эмнеге жалжактап күлүп атат? - деп ойлойм да. Андан башка ой деле келбейт болчу.
- Сизге окшош сулуу мырзалар көбүнчө кыздардан жолдуу болушат, сиз кандай кыздардан жолдуусуз?
- Биринчиден, сулуу дегениңерге рахмат. Экинчиден, мага кыздар тийишкени эсимде жок. Кызмат, акча сураган кыздар келбейт. Кыздардан жолум жок десем да болот.
- Канча кыз сүйүүсүн арнады эле?
- Университетте окуп жүргөндө болгондур, азыр эсимде жок.
- Кечээки эле окуялар эсиңизден чыкса, кесиптешиңиз Өмүрбек Чиркешовичтин баралына барганда кантесиз?
- Эске маанилүү гана окуяларды калтырып, мааниси жокторду мээден чыгарып салган эле жакшы го.
- Сиздин көңүлүңүздү кандай кыздар бура алат?
- Кичи пейил, момун, оор басырыктуу, сүйлөй турган жерде сүйлөгөн кыздар көңүлүмдү бура алат. Ал эми сырткы келбети боюнча менин оюмду мындай кыздар бура алат деген так критерий жок. Жылдыздуу болсо, мага жагып калышы мүмкүн.
- Аганы көрүп ини өсөт эмеспи, сиз да Өмүрбек Чиркешовичтин өнөрлөрүнөн үйрөнүп жатсаңыз керек?
- Албетте, мен үчүн улуу саясатчылар менен иштешүү окуу жай болуп атат.
- Кандай өнөрүн сиңирип алдыңыз?
- Өмүрбек Чиркешовичтин туруктуулугун сиңирип алдым десем болот.
- Жакшы, интернетке чыккан "өнөрүн" сиңирген жоксузбу деги?
- Интернетке эмнеси чыкты эле? Мен билбейт экенмин, көргөн эмесмин. (Күлдү)
- Атка жаталак жарашпайт эмеспи, сиз үй иштерине келгенде жаталаксызбы, же иштермансызбы?
- Үйдүн кичүүсү болгондуктан, короо-жай, сарай, мал жана үйдүн ичиндеги иштердин баарын жасай алам. Идиш-аяк жууйм, байпагым жыртылып калса жамай алам, тамак жасайм, мал сугарып, мал бага алам.
- Баарын өзүңүз кыла алат экенсиз, анда аялды эмнеге алдыңыз?
- Кокуй, анан аял албай жүрө беремби? Дагы чыгасыңар да, анан "кыз теке" деп. Тамаша, аялымды сүйүп алдым.
- Эби бар иш бүтүрөт, кеби бар сөз бүтүрөт. А сиз көбүнчө эмне бүтүрөсүз?
- Экөөнү тең жарым-жартылай бүтүрөм. Негизи, сөз жагынан да, иш жагынан да баланс кармаганга аракет кылам.
- Арык толсом дейт, семиз болсом дейт, сиз кандай болсом дейсиз, президентпи?
- Ар бир кишиде президент болсом деген кыял болуш керек. Бирок, мен ал жөнүндө ойлонбоптурмун. Саясатка аттанып аткандан кийин, өзүңдүн идеяларыңды ишке ашырыш үчүн бийликке умтулушуң керек. Ар бир эле саясатчынын кыялында андай нерсе бар. Анан:"Жок, мен президент болгум келбейт", - деп митайымдык кылгандарга кошулбайм.
- Канча жан сакчы менен жүрөсүз?
- Бир сакчым бар. Анын аты-Жоомарт Сапарбаев.
- Өзүңүзгө катуу ишенет окшойсуз? Спорттун кайсы түрү менен машыгасыз?
- Кудайды карасаңар боло, мага жан сакчынын эмне кереги бар? Бир нерсе болсо бат чуркайм, качып кете алам. Футбол ойнойм, ошон үчүн бат чуркайм.
- Аскар, Курманбек агаларыңыздан качканды катуу үйрөнгөн окшойсуз анда?
- Антип качкандан кудай сактасын.
- Депутат болбосоңуз, депутаттардын бири:"Мага жан сакчы болуп берчи?" - деп суранса, ага иштемек белеңиз?
- Жок, жан сакчы болуш үчүн атайын адистик болуш керек. Анан кулагы сынган бирөөнү алып жан сакчы дей бергенге болбойт. Менин адистигим башка болгондуктан, кимдир бирөөнүн жан сакчысы боло албайт элем.
- Ким үчүн соттошууга даярсыз?
- Бирөө үчүн соттошкум келбейт. Идея үчүн соттошууга даярмын, жана идея үчүн соттошуп, түрмөгө да отуруп келгенбиз.
- Канча жашыңызда чылым чектиңиз эле?
- Экинчи курста, жыйырма жашымда чылым чегип көргөм. Ал адатым азыркыга чейин калбай, жабышып алып кетпей атат балээ басып.
- А арактын даамын качан таткансыз?
- Аракты да студент кезде, 3-курста татып көрдүм. Бирок, аракка эмес, сырага жакынмын.
- Бир күндө канча жолу сөгүнөсүз?
- Ал маанайга жараша болот. Оң бутуман туруп калсам, аз эле сөгүнөм. Сол бутуман туруп калган күндөрү оозуман чыгып кетет.
- Аял кишини канча жолу ашата сөккөнсүз?
- Жакында эле машина менен кетип баратып, аял кишинин айдаганын билесиз да, экинчи тилкеден кетип атып бурулуш жок эле кайрылды эле, сүзүп ала жаздап, оозуман чыгып кетти. Сөгүнүп алып, өзүм да уялып калдым.
- Жеке айдоочуңуз да жок окшойт?
- Жеке айдоочум эмес, өзүмдүн машинам жок. Кээде иштер чыгып калса, жардамчымдын машинасын алып кыйын болуп айдап жүрө берем .
- Орозо кармадыңызбы?
- Жок, бузуп аламбы деп корком. Азырынча даяр эмесмин.
- "Бийлик колдун кири" дегендей, азыр кызмат орундары бат-баттан эле алмаштырылып жатпайбы. Эгер азыркы кызматыңыздан бошотуп, сизге жакпаган кызматты сунуштаса, иштей бересизби?
- Жок, буга чейин деле Бакиевдин убагында Максимдин кишилери канча кызмат сунуш кылды, баарынан баш тарткам. Менин өзүмдүн идеяларым, туткан тутумум бар. Ошолор менен акырын кыбырап келе жатам.
- Саясатчылардын арасында эрежесиз эр күрөш боюнча мелдеш өтсө, беттешүүгө ким менен чыкмак элеңиз?
- Билбейм, бул суроо оюма да келбептир. Эгер спорт түрүндө болсо, мүмкүн, баары менен бир сыйра мушташып чыкмакмын.
- Кесиптештериңиздин кимиси менен көп сырдашасыз?
- Чогуу иштешип келе жаткан агаларым бар. Дүйшөн Чотонов менен көп сырларымды бөлүшөм. Партиялаш, кесиптеш жана ага катары да жакынбыз.
- БОМЖ сизге салам берсе, алик алып колун кармайсызбы?
- Албетте, алик алам. Менин деле колум кир болуп калышы мүмкүн да. БОМЖдун колубу, чоңдун колубу эмне айырмасы бар? Өтүп баратып, акча сураганда саламдашкандар көп эле болгон. Тыйының болсо бересиң, болбосо саламыңды берип кетесиң. Мусулман адамга, албетте, кол сунуш керек, текеберленип басып кеткен болбойт.
- Сүйүү төшөккө сүйрөйбү же?..
- Сиз кайсы сүйүүнү айтып жатасыз, билбейм. Бирок, чыныгы сүйүү болсо көшөгөгө сүйрөйт. Үйлөнүүгө алып барат. А сиз айтып аткан сүйүү болсо ар кандай боло берет. Кээ бирлердики машинада деле болот.
- А сиз машинага сүйрөп көрдүңүз беле?
- Жаш кезимде бир жолу болгон.
- Ашканада тамак жеп жатсаңыз, маңдайыңызда бирөө жиниңизге тийип, уруш баштаса, кайсы идишти курал катары колдонмок элеңиз?
- Колумда эмне болсо ошону колдонмокмун. Бычак болсо бычак, же вилка, аларга кол тийбей калса үстөл менен урмакмын.
- Маегиңизге рахмат!

Төлөбүбү Касымалиева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??