п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Бектер кетет, бел калат

Өткөн саныбызда "Бакиевдер Бишкекке келип туулган күн өткөрүп, жыргап кетти", - деген редакциябызга кат келген эле. Ал тууралуу кийинки саныбызда кененирээк маалымат бермекчибиз деген элек. "Бакиевдин карындашы" аталган, Бакиевдер менен жакшы ымалада болуп, алардын укугун коргоп жүргөн укук коргоочу айым Бүбүайша Арстанбековага "Курманбек Бакиев чын эле Бишкекке келдиби?" - деген жана башка ага тиешелүү суроолор менен кайрылдык.

Бүбүайша Арстанбекова:
"Бакиев Бишкекке келген эмес"
- Сизди Курманбек Бакиевдин карындашы деп жүрүшөт. Кандайча карындашы болосуз?
- Курманбек Бакиев менен бир туугандык эч кандай жакындыгым жок. Болгону 2001-жылы ал киши премьер-министр болуп турган убагында миграция боюнча маселени биринчи биздин "Акыйкат жолу" коомдук бирикмеси көтөрүп чыкты. 2001-жылы премьер-министрдин алдында ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Ошондогу жумушчу топтун жетекчиси Курманбек Салиевич болгон. Эч ким Акаевдин убагында миграция маселесин көтөрө алган эмес. Курманбек Салиевич аркылуу Акаевге кирип, ийри олтуруп, түз кеңешип, жумушчу топ түзүлүп калды. Ошондон баштап сыйлап калгам. Өзүнүн да бир тууган катары айткан сөзү бар: "Карындашым, биз жети эркекпиз, сен менин карындашым болот экенсиң. Бул маселени туура көтөрдүң, бир тууган болуп жүрөлү", - деген. Ошондон кийин Бүбүайша Арстанбекова Курманбек Бакиевдин карындашы деп калышкан. Депутаттар деле карындашы деп жүрүштү. Бир ата, бир энеден төрөлбөй туруп, бир тууган болуп калат экенсиң. Бирок, карындаш деген сөздү өзүмдүн жеке кызыкчылыгыма пайдалансам, азыр миллионер, министр болуп отурмакмын, мен анткен жокмун. Ошондо деле Акаевдин СНБсы, номери жок машиналары аңдып, куралчандары пистолетин чекеме такаган. Азыркы бийликте деле такалып атат. Бирок, мен таза боюнча калдым.
- Азыр Бакиевдер менен байланышып турасызбы?
- Укук коргоо боюнча Санжардын апасы, Акматтын аялы менен байланышып, сот качан болот деп, сотко катышып турам. Андан сырткары, адвокаттары аркылуу анча-мынча салам дубасы болсо, мага айтып коюшат.
- Өткөндө редакцияга Курманжан псевдоними менен бир окурман: "Бакиевдер Бишкектеги кафелердин бирине келип, туулган күнүн өткөрүп тойлоп кетти",- деген кат жазыптыр. Чын-төгүнүн сизден уксак?
- Жок, келген эмес. Бирок туулган күндөрүн өткөрүүгө укугу бар.
- Укук коргоочу катары айтсаңыз, президент бир жыл ичинде кандай жакшы иштерди кыла алды деп ойлойсуз?
- Бир жылдын ичинде жакшы иштен эч кандай дайын жок. Өзүңөр көрдүңөр го, бир жылдын ичинде Кыргызстанда кымбатчылык он эсе өстү. Болгону, Бакиев баштап койгон жумуштардын ачылыш аземине гана катышып, эл-жерди кыдырып жүрөт. Бакиев биринчи куруп бүтүп, ачылыш аземине жетише албай кеткен Камбар ата-2 ГЭСине барып кнопка басты. Эгемендүүлүк майрамынын алдында өзүн-өзү элге президент катары иш бүтүрүп жатат деп жарыя кылды. Курулуп бүтүп калган обьектилер, жолдор-бардыгы Бакиевдин шаарды оңдоо боюнча долбоорлорунун уландысын ачып, жетим балдар үйүнө барып, айласы кеткенде белек таратып атат. Ушунчалык бети жоктугуна таң калам. "Президентте бийлик жок",-дейт. Президентте эмнеге бийлик жок? Күч структурасынын баары президентте болсо, сотту президент дайындаса, прокуратуралар, УКК, ИИМ президентте болсо, негизги бийлик президентте да. А жооп бере турган мезгилде: "Парламент жооп берет, бизде парламенттик башкаруу",-деп калат экен. Мисалы, ШОСко жана башка эл аралык жыйындарга парламенттик өлкө болгондон кийин парламенттин төрагасы да катышуусу керек, бизде баарына президент катышат.
- "Камчыбек Ташиев президент болсо агасын чакырат экен, Курманбек Бакиев Кыргызстанга келет",- деген сөздөрдүн канчалык чындыгы бар?
- Мен Ташиев менен сүйлөшүп көргөн эмесмин. Саясий жагынан алганда, ким президент болбосун Бакиевди чакырыш керек. Бакиев кылган иши үчүн эл алдында жооп берүүсү зарыл. Сот алдында ак болсо акталыш керек, ак эмеспи жазасын алыш керек.
- "Апрель окуясында Курманбек Бакиев өзүнүн айылы Тейитте канча күн жатты, эмне үчүн кармап келе алышкан жок? Камчыбек Ташиев качырып жиберген",- деген сөздөрдүн канчалык чындыгы бар?
- Камчыбек Ташиев качырбай эле Р. Отунбаева баш болгон убактылуу өкмөт мүчөлөрү бийликти кайра тартып алып коёт деп коркушуп, өздөрү качырышкан. Мен 14-апрелде Бакиевдердин жанында Тейитте болдум. Отунбаева Бакиевдерди кармап келесиң деп Артур Медетбеков деген генералды жөнөтөт. (НДПК партиясынын төрагасы) аны жөнөтөрдүн алдында Роза Исаковна УККнын орун басары деп декрет чыгарып койдум дейт. Артур Медетбеков:"Сиз чыгарган декретти бериңиз, Бакиевге мен УККнын орун басарымын деп көрсөтүп, анан сүйлөшөйүн"- десе, Отунбаева: "Декретти келгенде аласың, сени министрдин орун басары кылам", - деп оозеки убадасын берип, алдайт. Генерал барып кармайын десе, бул жактан "кармагыла" деген буйрук болуш керек экен. Генерал барып Бакиев менен сүйлөшөт. Бакиев: "Менин бир гана өтүнүчүм бар, коопсуздугумду камсыз кылгыла, мен барып, элдин алдында жооп берем, качып кетейин деген ниетим жок", - дейт. Тейит айылында 4-5 саат вертолет менен айланып, автоматтар менен ошол жакта турушат. Максаты-Бакиевди алып келүү. Берген буйрукту аткарам деп ошол жерден дагы Отунбаевага чалат. "Карма деп буйрук бербейсизби, алып баралы"- десе, Отунбаева: "Мен убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен сүйлөштүм. Ал келсе бийликти кайра тартып алат, "жашыл коридор" берип, эптеп жок кылгыла", - дейт. Бакиевди Роза өзү эле качырган. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, Роза, Алмаз Атамбаев, Текебаев, Сариев, Бекназаровдор ж.б. чогулуп отуруп: "Бакиев келсе, бийликти алып алат, муну жок кылыш керек",-деп качырып туруп, издөө жарыялап коюшту. Мындай артисттик дүйнөдө болгон эмес. Роза Отунбаеванын артыкчылыгы ушунда: саткын да, алдамчы да, артист да боло алат. Ата-Бейиттеги антын унутуп, суудан кургак чыгып кетем деп ойлоп атат.
- Бакиевдин жакындарынын бири деп УКК курчап алды деп жүрдүңүз эле, алардын аягы тыйылдыбы?
- Эми УКК курчап алмак түгүл, мени текшербегени калган жок. Менин ишканаларым, байлыгым, эч нерсем жок үчүн аман калдым. Эгерде байлыгың болсо эле кылмыш ишин козгойт экен. Менден ала турган эч нерсеси жок да. Экинчиден, укук коргоочу катары өз укугумду эл аралык деңгээлде коргой алам. Үчүнчүдөн, Акаевдин да, Бакиевдин да бийлигинде болгон эмесмин, мамлекеттик кызматта иштеген эмесмин, бир да адамга зыяным жок. Бирок, УККнын кылган аракеттеринен жыйынтык чыккан жок. Азыр аягы тыйылып, кээ бирөөлөрү сый- урмат менен мамиле кылып калышат. Телефонум такай тыңшоодо турат. Алардын уяты жок болсо уга берсин. Мен эмне коомго, же болбосо мамлекетке каршы иш жасап жатыптырмынбы?
- Акаев качты, Бакиев кармаган жок, Бакиев качты, Отунбаева кармаган жок. Мындан улам Отунбаева да артын ойлоп, мен качсам мени да кармабасын деген планы деп түшүнсөк болобу?
- Отунбаеванын качып кетүүсү толук мүмкүн. Анын орду ООНго да белгилүү, интернет булактарына деле Англияда хан сарайы бар деп чыкпадыбы. Андан сырткары, балдар-кыздары, бир туугандарынын баары чет өлкөдө. Буга жаңылык деле эмес. Качып барып жер таппай, Бакиевдерге окшоп алактап калбайт. Мунуку баары даяр. Качып кетүү ниети сокур адамга деле белгилүү. Бирок өзү айткандай, Курманжан датка болсо, качпай туруп мыйзам алдында, элдин алдында жана жараткан Алла тааланын алдында, Кыргызстандагы мыкаачылык менен адам өлтүрүүлөргө жол бергендиги жана бийликти тартып алуу үчүн элди мыйзамга каршы үгүттөп, президент өзүн-өзү коргоого болгон укугунан пайдаланып атарын билип туруп, мамлекеттик коргоого алынган обьектинин алдына, адамдарды өлүмгө алып баргандыгы үчүн жана бийликти куралдуу күч менен басып алгандыгы үчүн жооп бериш керек. Ал эми бийликке баргандан кийин көз көрүнө эле түндүк-түштүк деп экиге бөлүп жарууга кылган аракети үчүн жооп берүүсү зарыл. Эгерде ак болсо анда күнөөлүүлөрдү таап, мыйзам чегинде жазалап, өзүнүн канчалык деңгээлде ак экенин көрсөтүшү абзел.
Төлөбүбү Касымалиева







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??