Күүгүмдөгү сырдашуу

Актриса, телережиссёр Гүлсина Чотонова:
"Метаморфоза"-психологиялык тасма
- Сизди кинорежиссёр Геннадий Базаровдун "Карагыз" тасмасынан улам таанышат. Ушул тасмага кантип тартылып калдыңыз?
- Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство Институтун бүтүргөм. Мен окууну аяктаган маалда СССР кыйрап, кино керемети солгундап калган маалы эле. Теледе "Арноо концерти" долбоорунун режиссёру кызматын аркалап калдым. Бир күнү буфетте отурсам, Геннадий Садырович: "Тасмада роль аткаргың келеби?-деп сурап калды. Ойлонбостон макулдугумду бердим. Ошентип, баш каарман Карагызды аткарып калдым. КРнын Эл артисттери А. Темирова, Н. Мамбетова жана М. Алышбаевдер менен чогуу тасмага тартылуу мен үчүн сыймык болду. Эң башкысы, улуу инсандар менен баарлашуу чоң мектеп болот экен. 2004-жылы Ялтада өткөн бүткүл дүйнөлүк кинофорумда 50 мамлекеттин ичинен "Карагыз" тасмасы Гран-прини утуп алды.
- "Метаморфоза" тасмасы да оор го. Сизди дайыма татаал каармандардан гана учуратып келебиз, себеби эмнеде?
- "Метаморфоза" - психологиялык тасма. Автордук фильм болгондуктан, Геннадий Садырович өзүнүн турмуштук көз карашын кенен ачып берген да. Балким, мен ошол каарманга төп келеттирмин. Байлыкка манчыркап, көөп кеткен обу жок бай аялдын образын жараткам. Ошол убактагы аттуу-баштуу инсандарыбыздын да көзү өтүп кетти го. Заманыбыздын ойку-кайкы учурун чагылдырган болсо керек.
- "Исход" да көйгөйлүү турмуштан алынган тасма. Сиз оор каармандарды мыкты ачып бергениңизден улам тартылаттырсыз?
- "Исход" тасмасында ата-энеси жок эки кыздын тагдыры көрсөтүлгөн. Кыскача мазмуну сиңдисин окутмак үчүн эжеси Россияга барып иштеп акча таап келмек болот. Эжеси келгичекти сиңдисин кылмышкерлер зордуктап коюшат. Сиңдиси намысына чыдабай өзүн-өзү өлтүрүп алат. Эжеси Россиядан келип, кылмышкерлерди өлтүрүп өч алат. Мен канчалык деңгээлде ачып бергенимди киносынчылар, эл баалайт чыгар. Мен жараткан ар бир каармандын жашоосун жан дүйнөмө жакын кабыл алмай жайым бар.
- Чыныгы актёр режиссёр боло алат, ал эми мыкты режиссёр актёр боло албайт дегенге көз карашыңыз?
- Тасма тартууда өтө кылдат жана жоопкерчиликтүү мамиле жасашыбыз керек экен. Кыргыз керемети аталган тасмалардан кийин азыркы маалда тартылып жаткан тасмалар көңүл жубатарлык эмес. Арасында мыкты тартылып жаткан кыскаметраждуу фильмдер бар. Дүйнө таанымы такыр башка балдардан мыкты деп аталган тасмаларды күтсөк болчудай. Ал эми мен өзүмдү кинорежиссёр катары эсептебейм. Жакшыдыр-жамандыр телережиссёр катары 15 жылдай тажрыйба топтодум. Азыркы тартылган тасма сүйүүнү, достукту даңазалайт. Анын дагы бир режиссёру - Кенжебек Бердалиев. Тасманын директору-Элмара Турсуналиева. Башкы ролдордо Азат Болотбек жана Азиз Жетигенов. 2011-жылдын модели деп таанылган Асел Капарова аттуу кызыбыз да башкы ролдо. Сүйүү үч бурчтугун чагылдырган мелодрама жанрындагы тасма.
- Жолдошуңуз да чыгармачыл инсанбы?
- Үсөн агайдын "Сулуулар да бактылуу болгусу келет" деген чакан аңгемесин кайрадан жолдошум киносценарийге ылайыктап жазып чыкты. Менин чыгармачылыгымды түшүнүп, мага колдоо көрсөткөн түгөйүм акын-Акылбек Табышев.
- Кантип таанышып калдыңыздар?
- Биз достор аркылуу таанышып, жылдызыбыз келишип, бирге түтүн булатып калдык. Бир кыз, бир уулубуз бар.
- Чыгармачылыктын казанында кантип бирге кайнап жатасыздар?
- Мен кадырлап-сыйлаган Бөкөнбай Боркееевдин жакшы сөзү бар. "Чыгармачылык карама-каршылыкта гана курчуйт",-деген. Анын сыңарындай эле экөөбүз бири-бирибизге атаандашып иштеп келе жатабыз.
- Келиндин келгендегиси эсинен кетпейт экен?
- Мен Жумгалдын келинимин. Мени сүйлөшүп эле колдон алып кетишкен. Элмара досум кыздын курбусу катары барсын десем, абдан зарыл жумушу чыгып, көзүнө жаш алып, бара албай жатканына өкүнүп турган. Кант шаарынан узатып жатып, Ильич Шамбетов: "Элмара, бул жакты карасаң"-деп алаксытышып, машинага кыйкырткан бойдон салып кете беришти. Кийин Кубакынын көпүрөсүнөн өткөндө: "Эми ишиңе кете бер"- дешсе, элдин баары бир топ күлүп: "Эми каалаган жериңе кете бер!"-дешкен. Ошентип, жакын курбум менин эң маанилүү көз ирмемдеримде күбө болду.
- Кайнененин камырынан деп коюшат. Кайсы жактарын окшоштурасыз?
- Кайненем да мага окшоп кара тору киши. Ал дагы кишиге катуу айта албаган жумшак адам.
- Азыр эмне үчүн кыргыз керемети аталган союз маалындагыдай тасмалар тартылбай жатат деп ойлойсуз?
- Себеби, ал убакта баары бир-бирине төп келишип тургандыгында. Кыраакы режиссёрлорубуз: Т. Океев, Г. Базаров, Д. Садырбаев, Б. Шамшиев, мыкты сценаристтер: Ч. Айтматов, М. Гапаров, Э. Борбиев, театрдын корифейлери: С. Чокморов, М. Рыскулов, С. Жумадылов, Б. Кыдыкеева, Д. Күйүкова, С. Күмүшалиева, А. Жангорозова, Т. Турсунбаева сыяктуу таланттарыбыздан улам ал тасмалар классикага айланганын ким танат? Мына ошондогу муун ушундай түбөлүктүү тасмаларга сугарылгандыгы үчүн азыркы тасмаларды жан дүйнөсүнө кабыл албай жатышат да. Анан ошол нерсе азыркы режиссёрлорду тынчсыздандырып жатышат деп ойлойм.
- Бала кездеги эстен кеткис окуя?
- Мен кичинекей кезимди эстесем эле атам эсиме түшөт. Менин балалыгым Аксы районунун Сыны деген айылында өткөн. Сыны сындуу, сырты сулуу жер экен деп коюшат. Уламыштарда айтылгандай, 7 пайгамбар каапырлардын куугунунан качып келе жатып, алар мына жетип, ажал аларда душмандын колуна түшпөй, жети чокуга айланыптыр. 6 чокусу бийик, көктү тиреп турат. Анын баарынан бөксө чоку жаратканга кайрылган экен. Менден бөлөктөрү бийик болуп турса, мен жалгызмын!- деп арман кылса, Жараткан:-Бирок сенин чокуңда эч кимде жок ала булуттан ак топу кышы-жайы, күн-түн дебей турат. Бул сенин чен жеткис айырмаң болот!-дейт. Ошондон бери баарын таң калтырып, көпкөк асманда томуктай булут жок мезгилде дагы, ал чокудан ак булуттан топу кетпейт. Ал чокунун учунда кайсы жыл мезгили болбосун томуктай аппак бир булут турат. Ошондон бери атам айткан уламыш эч эсимден кетпейт.