п»ї
 Таанышуу жарыясы


Бейшен Абдрашитов:
"Эгиз кыздын бирөөсү Зуурага ашык болгом"
Бүгүнкү күндө бакыйган жылдыздардын арасында төбөсү көрүнүп, чыгармачыл чөйрөдө өзүнүн ордун тапкан, ары жаш, ары таланттуу, кубулжута үн созгон, шахматты эң жакшы ойногон "Жаңы ысымдын" бүгүнкү коногу биздин кызыктуу соболубузга кызыктуу жооп берген учурдун таанылып келе жаткан ырчы жигити Бейшен болмокчу.

- Саламатсызбы, биздин редакциябызга кош келипсиз. Канча жашыңыздан баштан ырдап баштадыңыз эле?
- Мектепте эле ырдап жүрчүмүн. Өзүм атайын музыкалык окуу жайга барып билим алган эмесмин. Таланттуу адам элге таанымал болот деп ойлойм. Ошондуктан, ырчылык-жүрөгүмдү өйүгөн тубаса талантым.
- Үй-бүлөңүздө чыгармачыл адамдар барбы?
- Жок, бардыгы эле башка кесип менен алектенишет. Анткени менен жакшы ырларды сүйүп угушат. Өзүм беш бир тууганмын, мен ортончусу боломун. Эң улуусу эжем, андан кийин акем, анан эки иним бар. Атам, тилекке каршы, 2004-жылы каза болгон. Апам болсо менин жасаган ийгилигиме кубанып, азыр үйдө.
- Сүйүү жаатына кайрыла кетсек. Жүрөгүңүздө байыр алган адам барбы?
- Албетте, сүйүү деген ыйык сезим. Аны баалай билиш керек деп ойлойм, жөн эле бирөөнү сүйүү болбойт да. Негизи, балалык таттуу махабатка кабылгам десем болот. Мектепте окуп жүргөндө эгиз кыздын бирөөсү Зуурага ашык болгом, ага кат жазып дегендей, эми ал кез өтүп кетти дечи. "Жүрөк бирди, көңүл миңди сүйөт" деп айтып коёт го. Жүрөгүмдүн ээсине жакында жолугам деген үмүттөмүн.
- Учурдагы ийгилигиңиз?
- Эми чоң ийгиликтин баары алдыда. Жакында эле эки композициям жазылып бүттү. Биринчи ырымды өзүмдүн Шарапат деген аяш энем жазып берген. Ырга шыктуу жаным бир- эки сөзүн өзүм кошком. А экинчи чыгармамды болсо "Миң кыял" радиосунда иштеген Замир Казакбаев байкем жазып берген. Андан тышкары, продюссер Канат Култаев менин учурдагы ийгилигиме көмөктөштү десем да болот. Себеп дегенде, өзүнүн ар кандай баалуу кеңештерин мага айтып, сахнанын жашоосу менен тааныштырып, даам таткызды десем болот. Ошону менен катар Эдил Маматов ырларыма аранжировка жасап берди. Өзүм жаңы клип тартып бүттүм, учурда сыналгылардан кетип жаткан убагы.
- Мектепте кандай окуучу элеңиз. Ырчылар жалкоо болот дейт го?
- Мектепте баары мени баалачу, абдан жакшы окудум. Көптөгөн кароо сынактарга активдүү катышчумун. Ал тургай мектебимде президент да болуп иштедим. Ленин атабыз айткандай, мектепте: "Окуу, окуу жана окуу",- деп жүрдүм.
- Өзүңүзгө кандай эс алуу жагат?
- Тоого чыгып, тоо койнунда эс алган абдан жагат. Табияттын кооздугуна суктанып таза абада дем алып... Андан тышкары, көлгө барып суу жээгинде эс алгандан рахат алам.
- Вокал боюнча сабак алдыңыз беле, же үнүңүздү жумуртка ичип сактайсызбы?
- Жок. Атайын вокалдан сабак алган жокмун. Буюрса, анын баары келечекте. Жумуртка деле ичпейм, ага таптакыр ишенбейм, ырчылык кудай берген талант го дейм.
- Ушул кесиптин артынан бизнес кыласызбы?
- Андай эмес. Мен шоу-дүйнөгө акча тапканы эмес, кыргыз эстрадасына жаңы ийгиликтерди жаратсам деп баш багып калдым. Эми акча деле керек дечи, бирок мен үчүн эң башкысы-жакшы чыгармалардын аткаруучусу болуу.
- Алдыдагы пландарыңыз?
- Чыгармачылыгымды жаңыдан баштадым, эми артты карай чегинбеймин. Алдыга гана умтулуу. Азыр өзүм дагы ыр жазып жатам, аларды жогорку деңгээлде даярдап, обон жаздырсамбы деген алдыда жакшы пландарым бар. Андан тышкары, жакынкы арада Асия эжеден сабак алайын деген оюм бар. Жаным Айзат экөөбүз "Кара көз" деген дуэт жаздык. Клиптин идеясы Замир Казакбаевге таандык. Жакынкы арада Ысык-Көл жергесине барып клип тартып келсекпи деген пландарым бар.
- Спорт менен машыгасызбы?
- Спорт менен машыкпайм деле, колум бошогондо машыгуучу залга барып турам. Бирок, шахмат ойнойм, бул деле спорттун бир түрүнө кирет да. Кыргызстан боюнча шахмат оюндарына катышып, көп жетишкендиктерге жетишкем.
- Кайсы ырчынын талантына таазим кыласыз?
- Балалык кезден баштап эле Бек Борбиевдин ырларын угуп, ошону менен тарбияландым. Ар кандай той, кечелерде, мектепте ошонун ырын ырдачумун. Андан сырткары Гүлнур Сатылганова, Сыймык Бейшекеевдердин талантын баалайм, алар-өчпөгөн жылдыздар. Буюрса, мен дагы ошолордун катарын толуктайм.
Жылдыз Абдыкерим кызы










кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??