п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Жылдыздар деле сиздей жан

Өктөм
Сапарбек уулу:
"Келинчегимди ала качам деп эки саат күттүрүп койгом"
- Кандайсыз, Өктөм байке, орозо кармап жатасызбы?
- Жакшы рахмат, буйруса, кармап жатабыз.
- Сөздү алгач келинчегиңиз менен таанышуудан баштасак, кандайча таанышып калдыңыздар эле?
- Келинчегим менен да чыгармачылык тааныштырган. 20 жашымда үйлөнгөм, анда келинчегим 18 жашта болчу. Мен Баткенде аранжировка жасап иштечүмүн, анан кыздардан турган топ түзөбүз деп кастинг жарыялаганбыз, ошол жактан тандан алынган кыз болчу. Таанышып, сүйлөшүп жүрдүк, кийин мамилебиз жакшы болуп кетип баш кошуп алганбыз.
- Гастролдорго келинчегиңиз сиз менен кошо барабы?
- Жок, барбайт. Менин жумушума көп кийлигишпейт, гастролдоп кеткенде ээрчип же кызганбайт. Бири-бирибизге ишенип, түшүнүшүп калганбыз. Өзү жогорку билимдүү,бирок иштебейт үйдө эле. Менин жумушум үйдө болгондуктан мага чай дайындап, бала карайт дегендей.
- Үйдө чырды ким баштайт?
- Эми андайлар ар бир эле үйдө кездешет да. Мен негизи өзүм чырдан алысмын, ызы-чууну көп жактырбагандан кийин, эми баары бир казан-аяк кагышат да. Кээде түшүнбөстүктөр болуп кеткенде, келинчегим экөөбүз тең кимибизден күнөө кеткен болсо, ошонубуз күнөөбүздү мойнубузга алабыз. Жаңы үйлөнгөндө түшүнбөстүктөр көп эле болчу, катуу урушкан күндөр да болгон. Азыр көп деле урушпайбыз, урушсак дагы бир-эки сөз менен. Кыскасы, азыр бири-бирибизге көнүп калганбыз жана түшүнүү менен мамиле кылабыз.
- Бай болгуңуз келеби?
- Мен азыр баймын, негизи. Ата-энем, бир туугандарым, бала-чакам бүт түгөлбүз, досторум, жакын адамдарым жанымда оорубай жакшы жүрүшөт-ошол менин байлыгым. Алар менен өзүмдү баймын деп эсептейм. Ал эми материалдык байлыкты иштеп, аракет кылып тапса болот. Аябай эле миллионер болом деп умтулган жокмун, кудайга шүгүр эле өзүмө жетерлик байлыгым бар.
- Бирөөнүн аялы бирөөгө кыз көрүнөт эмеспи, сизге да досуңуздун аялы кыз көрүнүп кетип, аяшыңызды жактырып калган учурлар болду беле?
- Аяшымды жактырып калгандан кудай сактасын, андай башымдан өтө элек жана болбой эле койсун. Эми адамга кылган мамилесин, тамакты жакшы жасаганын жактырып калышым мүмкүн. Сүйүп калуу дегенден кудай сактасын.
- Досторуңуз сиздин келинчегиңизди жактырып калса эмне кыласыз?
- Андайдан да тобо кылдым. Кудай сактасын, эми билбейм, эгер болсо кандай болот, элестете да албайм.
- Келинчегиңиз кайындарына даттанган күндөрү болду беле?
- Жок, андайдан кудай сактасын. Болгон эмес, болбой эле койсун.
- Кимиңиздер баласааксыздар?
- Үйдө келинчегим баласаак, мен үйдө балама олуттуу мамиле кылам.
- Үйлөнгөн күнүңүздүн биринчи күнү эсиңиздеби? Кандай сезим калтырды эле?
- Ооба, эсимде, биз ала качуу деген ыкма менен үйлөнгөнбүз. Менин чоң атам, чоң апамдар үйлөн дегенинен үйлөнгөм. "Биз карып калдык, балам, үйлөнбөйсүңбү?"- деген суранычын аткарып келинчегимди ала качып алгам. Үйлөнөр алдында келинчегиме айтып, экөөбүз алдын ала даярданып алганбыз. План боюнча мен аны эртеси күнү саат бирде үйүнө барып сигнал бермекмин, ал чыкмак болчу, анан мен алып кетмекмин. Анан мен саат бирге баралбай калгам. Бажыдан өтүш керек болчу, менин паспортум жоголуп кетип ошого справка алам деп кечигип калгам. Саат үчтө бошоп барсам, ал мени эки сааттан бери сумкасын көтөрүп күтүп туруптур. Анан машинага отуруп, мени урушту: "Саат бирде келем деген адам үчкө чейин жоголобу?"- деп. Үйгө келгенче күлүп жакшы эле келе жатканбыз, анан көчөдө кошуналарымдын арасында кичине кадырбаркым бар да, алар кандай кызга үйлөнөт деп баары кол чаап карап турушкан экен. Ошолорду көрүп жаман болуп кетти окшойт, келинчегим ыйлап жиберген. Өзүм дагы калтырап, башкача сезим калтырган. Эсимде кадимкидей башкача сезимдер болгон, толкунданып эми сөз менен айталбайм.
- Канча балдызыңыз бар? Жезде деп кулагыңызды чойду беле?
- Бир кайнеже, бир балдызым бар. Жезде деп кулагымды чойгону азыркыга чейин эсимде. Кызыктай сезимдер болгон уялуу дегендей. Балдыздарым кулагымды чоюп жатса, элдер карап турса, уялып кызыктай эле болгом. Ырымын кылат го акча берип, ошону калтырап бере албай жаман болгом.
- Келинчегиңиздин кайсы жасаган тамагын тамшануу менен жейсиз?
- Дымдама деген тамак бар го, ошону аябай жакшы жасачу эле. Анан быйыл негедир өзгөрүп кетти, башкача жасай баштады го. Балким, башка тамакты жасаганды үйрөнүп, ошол жакка ооп кетти окшойт. Башка дагы палоо, лагманды да жакшы жасачу. Анан азыр окшошпой жатат. Эми көңүл койсо жакшы эле жасайт болуш керек, жасап эле жүргөн тамагы да.
- Аранжировка жасаганды кимден үйрөндүңүз эле?
- Мен, негизи, экинчи класста окуп жүргөндө пианино үйрөнгөм, ошону өнүктүрүп ар кандай инструменттерде ойноп жүрүп, кийин музыкалык окуу жайга тапшырдым Оштогу. Ошол жакта окуп жүрүп тилек кылчу элем. Кудай буйруса, ошол тилегиме жеттим. Аракет кылып чоң эмгектин арты менен үйрөндүм десем болот.
- Аранжировка жасап бер деп кайсы ырчылар сизге көп кайрылат?
- Көп эле ырчылар кайрылат, тиги же бул деп айталбайм, эми бардыгы эле кайрылышат.
- Өзүңүздүн ырыңызга да аранжировка жасайсызбы?
- Өтүкчүнүн өтүгү жок дегендей, ырчыларга көп жасайм дагы, өзүмө келгенде жасай албай калам, убактым жок же жазгым келбей ушундай болуп калат. Бирок өзүмдү кыйнап жазсам, бир саатта эле жазып коём. Кээде аранжировка жасаган досторум бар, ошолорго барып кеңеш сурайм. Мен өзүмө жасадым, карап көргүлөчү деп.
- Өзүңүз ыр жазып көрдүңүз беле?
- Сөз жазбайм, ал эми обонун, аранжировка өзүм жасайм, сөздү Алтынбек Алымов деген байке менен иштешем, ырларымдын сөздөрү Алтынбек байкеге таандык. Ырчылар сөзү обону, өзүмдүкү десе өздөрүнө башкача угулат окшойт.Сөзү кимдики, обону кимдики экенин тактап айтып кетсе, өздөрүнө эле жакшы болмок. Ошондой эле сөз жазган колумдан келбейт, обон жазам, аранжировка жасайм.
- Башка ырчылардай болуп сахнага эмне үчүн көп чыкпайсыз?
- Сахнадан кичине алаксып кеткенимдин себеби, азыр өзүмө там салып жатам. Өмүрүмдө биринчи жолу там салган кандай экенин практика жүзүндө көрүп жатам, кыйын экен. Жигиттин бир парзы деп коёт экен го, ошол парзымдан кутулам деп кыйналып жаткан учурум. Ошол себептен улам чыгармачылыгым менен кошо алып кеткен бир аз кыйын болуп жатат. Эми меники негизги жумуш аранжировка болгондон кийин, үйдө элемин, студиям үйдө.


Алиса Сапарбекова








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??