п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Достум, билгениңен биле элегиң көп!
АЙТМАТОВДУН АЙЫМДАРЫ
Жанызак басма
(АДАБИЙ ЧАЛЫШ МАЕК-РОМАН)

(Башы өткөн санда)
Китепчемин түзүлүшү да ошондой: мынакей Керез жеңенин портрети, мына Бүбүсаранын бир аз аянычтуу баяны, мына Таттыбүбүнүн таржымалы, акырында жаңы жеңебиз тууралуу сараң маалымат. Ушулардын баары залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун сынагынан өткөндөр. Ушундай "ургаачы жолду" басып өткөн Чыкемин портретин окурман өзү тартсын Сейит мисал. Ошо Сейит мисал ыйлагысы келсе ыйласын, жок түшүнгүсү келсе, анда түшүнүүгө аракеттенсин...
Дегинкиси, залкар адам бирөөгө үңүлө карап калса, андай кишиден буйтап кетиш да оңой эмес, туурабы?
- Чын жүрөгү менен, чын ниети менен көңүл бурса го мейли дечи..
- Жо-о, антпесе деле. Жанагы жылан бар го, бака байкушту арбап алган - ошол сыяктуу тикчийип карап туруп алса, берки байкуш кайда качмак эле?! Мына, соңку жылдары кыргыздын дагы бир белдүү жазуучусунун эрки бошураак ургаачысын да азганактай "арбап" салыптыр имиш, эми жанагы жазуучубуз же үйгө батпайт, же Чүйгө батпайт.. Кашайып билип калыптыр да ал кургур. Билбесе да бир жөн эле, көңүлү ток жүрө бермек... Эми, бир аз айланып келдик, сизге дагы бир суроо: кандай жагдайда, кайсы моментте Чыкемин асыл ою ишке ашпай калды дейсиз? Эмне үчүн а киши Таттыбүбү менен мамилесин үздү? Мына, мисалы, муну ар ким ар кандай түшүндүрөт: Даркүл эженин айтымында, а киши да бирөөдөн уккан окшойт, бир жолкусунда Чыңгыз Таттыбүбүнүн үйүнө келсе, ал ылжып мас экен, ошондон кийин Чыңгыздын көңүлү биротоло иренжип, келбей турган болуптур биротоло. А башка бирөө айтат, бир жолу өзү барам деп туруп атайын телефон чалып, келсе үйүндө эки жигит, кош келин болуп төртөө вино ичип отурган болот, ошондон чыгып кеткен бойдон кайрылбай кетиптир имиш. Ар ким ар кандай айтат. Мына сиз, эң жакын курбусу катары уккандырсыз да эмне болгонун. Обычно ургаачылар ич күптүсүн эң жакын көргөн курбусуна айтат го, турмуштагы андай олуттуу нерселер айтылбай койбойт да. Менимче сиз алиги шакектен башка...
- Жоо, шакек эмес, билерик..,
- Ийе, билерик демекчи, ушул айыңдарга айкындуураак бир нерсе киргизип берсеңиз...
- Эми ал мындай болгон. Таттыбүбү ал, Чыңгыз Айтматов келгенде ылжып мас дегени, бул туура эмес. Андай болгон эмес. Тиги неме жакта туугандары бар, Чаек жакта. Имаштын жолдош баласы бар Айдар деген. Ошол келинчеги экөө, дагы бир киши бар. Ошол төртөөбүз отурганбыз дейт. Мен Таттыбүбү менен күнүгө телефондон сүйлөшүп турчумун да. Нормальный эле отурганбыз дейт. Конечно, стол үстүндө шампанский бар эле дейт, Айдар апкелген экен..
- Ким Айдар деген?
- Айдар... ошол, Таттыбүбүлөрдүн туугандары болот, анан Гуля...
- Гуля деген ким?
- Айдардын аялы!.. Анан дагы бирөө, жолдош баласынын шоферубу, же жолдош баласыбы, билбейм, Таня айтты, шоферу деп. Келсе Чыңгыз келиптир да. Келип анан, ке... көрдү да тиги кишилерди, ойлоду окшойт Таттыбүбүгө келген экен деп. Ушундай залкар киши: болуптур анда, Таня, мен башка күнү келем, деп айтты дейт. Башка эчтеке дебептир да, башка күнү келем деп, ошону менен ошондон кийин звонить эткен жок, Жаркын, деди. Болгону эле ушул.
- Мунун баарын өзү айтты да?
- Ийе, өзү айткан.
- Эми мына, көрдүңүзбү Жаркын эже...
- Эми мына карабайсыңбы, ылжып мас экен, анан...
- Вот ушунун баары, сиз айтпай койсоңуз мен ошолорду жазмак экем да, көрдүңүзбү? Мага неме керек да, мага сөз керек. Мен журналист сыяктуу кишимин да, сөз менен оокат кылам. Сиз айтпай койсоңуз, мен башкалардын айтканын жазмакмын, дейт имишти..
- Эми ошону аныктап...
- Таня эже өзү айттыбы сизге?
- ... кечирип кой, ким эми ошондо ак ниети менен жакшы көрсө, болуптур шоферу келип калыптыр, эми кудай урган турбайбы, кишинин үйүнө киши келет да, туурабы?
- Туура, бирок кептин баары тиерде ичкиликтин тургандыгында болуп жатпайбы...
- Ичкиликти жаңы эле койгонбуз дейт. Жаңы эле коюп эле, шампанскийди Айдар алып келиптир дейт, Гуля экөө, аялы экөө алып келип, ошондо Таттыбүбү заслуга алды беле (ардак наам -Ж), билбейм иши кылып, поздравить этип жаңы эле койгондо эшик шылдырап калып ачсам дейт, ошо Чыңгыз экен дейт. Анан көрүп эле эчтеке... ну он же акылдуу киши да. Анан чыгып алып болуптур анда, мен эмкиде звонить этейин деп эле чыгып кетти дейт. Ошондон кийин звонить эткен жок дейт.
- Анан Таня эже бир эпизодго өзү да капа болуп жүрдү дейт го, баягы, экөө Москвага барышканда...
- Экөө бирге барышыптырбы? Мен анысын уккан эмес экемин...
- ... ошондо, барчы нары атамдай болбой, деп койгон турбайбы, бирок кийин ага карабай эле Чыкем... Биринчи кезекте сулуулукка тан берген дейт го а киши, иэ?
- Ийе, сулуулугуна, сулуулугуна. Ошону, эгерде Таттыбүбүнүн талантын баалаган, ушуну сактай турган киши болсо Чыңгыз сактап калмак...
- Сактап калмак дейсизби?
- ...сактап калмак. Бирок эмне деп айтарымды билбейм.
- Бирок менимче, Таня эже деле байкамаксанга салбай, бир аз көңүл бурса... Ошондо как раз Имаш экөө ажырашкан турбайбы...
- Ажырашып кеткен, ийе...
- Колу деле бош, жолу деле бош эле бир жагынан...
- Эми Таня ойлогон жок да Чыңгыз мага сөз айтат деп. Мына күн батып баратат го - ал ойлогон жок. Танянын оюна келген жок андай сөз...
- Анан эмне деп ойлоду дейсиз? Ал жөн эле жатып жүрөт, ал жөн эле келип жүрөт деп ойлоду дейсизби?
- Жөн эле келип жүрөт деп... Ал айтты, киного түшүрөм деп келип жүрөт деди. Режиссёрлор келет экен, ошолор менен тааныштырып коёт элем деп. Бир ойлогон жок, ушул Чыңгыз Айтматов мага сөз айтат, деп. Ойлогон жок! Оюна да келген жок!
- Мындай да: ошол экөөнүн сүйлөшүп жүргөн убактысы канчага созулду дейсиз: бир ай, эки ай...
- Аны билбейт экем... Болжол менен да билбейм.
- Жанагы шакек., ии-ий, билерик бергенден баштап, алиги, үйдөн чыгып кеткенге чейин канчага созулду дейсиз?
- Болжолдоп да айталбайм мен аны. Мен баламды жаңы төрөп, жумушка да чыккан эмесмин анда, үч-төрт жыл үйдө отуруп калдым. Ошондо катташпай калгам да...
- Бир айбы-ы, эки айбы, бир жылбы?
- Анысын билбейт экемин...
- Мага абдан керек болуп атат да...
- Точно биле албайт экемин...
- Мисалы, эң кеминде эки ай болушу мүмкүнбү?
- (көпкө ойлонуп калды) Болжолу андан да көбүрөөк болду го. Бу деген, фильмге түшкөндөн баштап эле, баягы "Кызыл алмага" түшкөндөн эле башталган... Режиссёрлор келе баштады, ошо Чыңгыз аркылуу таанышып. Көп эле созулду окшойт алардын байланышы, анын кандай мамилелери болгонун... мен аны көрбөгөндөн кийин... Же укпасам, же өзү айтып бербесе...
- Жоо, сиз уккандырсыз да...
- Өзү ошону гана айтып берди.




Айгүл ШАРШЕН

Бакыттын жылмайышы

(Башы өткөн санда)
- Калп! - Марат башын өйдө көтөрүп Калыстын жүзүнө үңүлдү. Терезеден түшкөн айдын жарыгында ачуулуу көздөрү даана көрүндү. - Ушинтип жооп берип кутулам деп, эчтеке айткың келген эмес го, мени ишенет деп турасыңбы?
- Ишенбесең врачтардан сурап көр.
- Баары бир ишенбейм. Мен сени эч кимдин колу тийбеген таза кыз деп ойлодум эле, ал тилегим таш капты. Эми эртең жеңелериме эмне деп жооп берем, эмнеге бир ооз чындыкты айткан жоксуң?
- Сени катуу сүйөм, ошондуктан сени жоготуп аламбы деп корктум, түшүнөт деп ойлодум, - деп Калыс көз жашын көлдөтүп жатты.
- Сүйгөн киши аяйт, мени кандай акыбалга калтырганыңды билесиңби? Эркек колу тийбеген акактай таза кыз алдым деп, жүзүм жарык болуп турганда мени өлтүрдүң, азыр сени жетелеп чыгып койсом да жарашмак, - деп оор улутунуп алып кийинип, сыртка чыгып кетти. Калыс буркурап ыйлап жатты, анын үнү төрт дубалдын ортосуна камалып, эч ким уккан жок, төшөккө башын катып алып, солкулдап ыйлай берди. Канча убакыт өткөнүн ким билсин бир убакта Марат кирип, ордуна жатты. Бул жолу ал Калысты имере кучактагандын ордуна улам үшкүрүнө үнсүз жатты да, ары карап кетти.
- Менин сени сүйөрүмө ишенбесең өзүң бил, Мир. Сенден айрылуудан корккон элем, мени түшүнөт деп ойлогом, жаңылган экенмин, мени кечир. Эч кимге көрүнбөй кетип калайын, кош бол, - деген Калыс ыйлап отуруп кийимин кийип, сумкасын илинген жерден алды да, босогого жеткенде Маратты бир карап алып каалганы акырын ачып, сыртка чыкты. Кайда барып, кандай кетерин билбей дарбазасын ачып, көчөгө чыкты. Кыбыр эткен жан жок, анда-санда ар кай жактан арсылдап үргөн иттердин үнү угулганы менен айыл ичи тыптынч. Саамга эки жагын карап туруп, анан башы оогон жакка жөнөгөндө артынан чыккан Марат аны кармап калды.
- Кайда барасың, эртең жарыкта кет, - деп жетелеп үйгө алып кирди. - Кеткенде кайда барасың, айтчы, тигил үйдө Нуржанат уктап жатат, ага эмне деп айтам? Өз каалоосу менен келип, кайра качып кетиптир дейинби, же сени кетирип туруп, Нуржанатка үйлөнүп алайынбы?
- Өз каалаганыңды жаса, Мир.
- Сен антип мени күйгүзбө, сени сүйгөмүн ырас, жанымдан артык сүйөм, билсең. Неге, неге таза эмессиң?! - деп үнүн пас чыгара жер муштап алды. - Сен менден бир нерсени жашырып жатасың.
- Жашырган жокмун, - деп Калыс баятан бери ыйлай берип көз жашы соолугандай мелтейе үн катты.
- Ай уш-шу!
- Менин кеткеним дурустур…
- Менден айрылгың келбей абийириң булганганын жашырганың кайсы, мен сени кет деп кубалай элекмин. Илгери алганы кыз болбой калса сабап төркүнүнө жеткирген, жеңесин алып жаткан, уктуңбу салтты, сенин эч кимиң болбосо кантем, ыя? - Марат жиндене жер муштагылап жатты.
- Эмне кыл дейсиң?
- Эртең жоопту өзүм берем, сен жашап жүргөнбүз деп айтасың, уктуңбу мени?
- Эмнеге, андан көрө ачык айт, болбосо кетип калайын, арманымды жүрөгүмө катып, өмүр бою өз тагдырымдын азабын өзүм тартып жүрүп өтөрмүн…
- Болду, - деди Марат жумшара, - мен түшүнөм сени, элге ачыгын айтышыбыз керек, болбосо шейшепти бир нерсе…
- Мир, мени кечир, врачтардан укканымды сага айтышым керек болчу, балким экөөбүз тең чогуу барсак сен ишенет белең.
- Ишендим, - деп Марат ойлуу отуруп калды. Жанараак Калыстын калтырап-титирегенин эстеп: "Балким ошондойдур, коркуп калтырап жатпадыбы, кыз эмес төрөлгөнү чын болсо керек. Баары бир сурап көрүшүм керек, оболу бүгүнкү түнгө жооп таап алайынчы", - деди да, терезеден лезвия алып келди. Үстүңкү жуурканды силкип таштап, бүрүшүп отурган Калысты колунан тартып тургузуп, өзүнүн бармагын тилип, канын шейшепке тамчылатып, ары жылды.
- Бул эмне кылганың? - деп Калыс аны таңдана карады.
- Салт деген салт, эртең менен жеңелерим кирет, ошондо экөөбүздүн берген жообубуз ушул болот, - деген Марат Калысты колтуктап келип төшөккө жаткырды. Бардык ишти ичине катып, эртең менен күлүп-жайнап туруп келди. Жүрөк түбүндөгү өкүнүчүн сыртка чыгарбады.
- Келиниңиз эркек тууду, жеңе, - деп аңгыча эле Шааркандын үнү чыкканда Калыстын башы жерге кире түшүп, жүрөгү миң жеринен тилингендей зырп этип алды. "Кудай ай, эмне кылып койдум, эртеби-кечпи чындыгы билинип калса Мир мени өлтүрөт го, ансыз дагы кебез менен мууздап тирүүлөй өлтүрдү", - деп ойлонуп алды.
- Болсун, айланайын, болсун, сүйүнчүңө бир кой ал, садага, - деп Мараттын апасы Давлеткан алдастай кубанычтан маңдайы жарыла үйгө кирди. - Айланайын, кудай бак-дөөлөт берсин, ылайым бактылуу болгула, - деп келип, Калыстын бетинен өөп, кубана дасторкон жайдырды. - Келиндин келген күнкүсү дейт, келиним ачка болуп калбасын, тамак бергиле.
- Ооба, ошентейин, түсү ийгиден түңүлбө дегендей келиниң өңдүү-түстүү экен, бактылуу эле болушсун. Экөө эгиз козудай болуп дегеле жарашып калат экен, Марат өзү дагы сүрөттөй бала да, айланайын, - деп Давлеттин абысыны Аксейил дасторкон четинде жетине албай кобурап отурду.
- Ооба, ооба десең, Маратка өз айлыбыздан кыз жакпай анан ушу келинди алып келди да, - деди коңшусу Саадат. Анткени, Давлет экөө абдан ынак коңшу, үч-төрт жаш кичүү кызын келин кылып алам дегенде Марат болбой койгон эле. - Жаштар ошентип өз билгенин жасап калбадыбы?
- Мейли, өз билгенин жасаса дагы өзүнө жакканын алып келди, келиним өзүмө жакты, кагылайын, - деди Давлеткан чечекейи чеч боло жадырап-жайнап. Ошол убакта Калыс: "Ушундай ак пейил адамдарга таза бойдон неге келбедим, убалым уктатпасын, Эрмекбай, мени жарыкка чыгаргандан көрө өлтүрүп койбойт белең, ата деген ат урсун", - деп ичтен сыздап, атасын каргап-шилеп жатты. Марат эшикте ары-бери басып ойлонуп туруп, өз намысын коргоого өзүнө-өзү сөз берди. "Мен Калысты өзүм сүйдүм, кыздыгы мага миң күндөп туруп бермек беле, бактылуу болсок болду", - деген чечимге келди акыры.
- Уул, сен шаардан чүрөктөй кыз алып келип, жеңемди кубанычка бөлөдүң, - деп Шааркан күлө тамашалап калды. - Эмнеге эле үйлөнбөйт десе сүйгөн кызың сулуу турбайбы, тиги Гүлзар бечарага кыйын болду го, сени күтүп, жуучуларга макул болбой жатты эле.
- Койчу, жеңе, мен ага сөз берген эмесмин.
- Баары бир жүрөк дегенди башкаруу кыйын да.

(Уландысы кийинки санда)








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??