п»ї

  Обон почта

ОП-180-01. Салам, "Аси" сериалындагы Демир жөнүндө маалымат берип коюңуздарчы? 0773362ххх
Мурат Йылдырым
Мурат 1979-жылы 13-апрелде Коняда (Турция) жарык дүйнөгө келген. Энеси араб тилинен котормочу болсо, атасы театр жаатында эмгектенген. Орто окуу жайын аяктагандан кийин, Стамбулдагы Йылдыз Техникалык Университетинин "Машина куруу" бөлүмүнө тапшырган. Бирок студент кезинде өз кесиби менен алектенбестен, атасынын жолун улап, театрларда роль жаратып келген. Андан тышкары, музыканын түрлөрүн үйрөнүп жана актёрдук чеберчиликтен сабак алган. Биринчи жолу 1999-жылы "Мы должны остаться вместе" деген тасмада актёрдук чыйыр жолун баштаган экен. Бирок ал тасма Муратка популярдуулук алып келген эмес. 2006-жылы гана "Ураган" тасмасынан кийин элдин оозуна алынып, көптөгөн режиссёрлордун көңүл чордонуна түшөт. Талантын баалаган режиссёрлордун бири "Аси" сериалындагы башкы ролду сунуштаган. Ага эч ойлонбостон макул болгон. Ал эми жеке жашоосу боюнча так маалыматтар жок. Бирок, учурда бойдок.
ОП-180-02. Салам, "Обон". Мен жаңы силерге кошулдум. 96 Айжамал
ОП-180-03. Баарыңарга салам. 0777258ххх
ОП-180-04. Досуңа эч качан кас келбегин. Башкаларга эч качан пас бербегин. Кыйын күндө жакын дос бол. Башка күндө акын дос бол. (Аржун 527)
ОП-180-05. Азамат уулу Калдыбай орто мектебинде окуган 96-жылкыларга чоң салам. Еliza 96
ОП-180-06. Менин жанушкам Илимге менден сагынычтуу ысык салам. Венка
ОП-180-07. Нарындыктарга чоң салам. Венера деген кыздан.
ОП-180-08. "Обонушкага" сагынычтуу салам. Силер-суперсиңер. Ишиңерге ийгилик. 0779122ххх
ОП-180-09. Кадамжай районунун Алга айылынын бүтүрүүчүлөрүнө салам. (Аржун)527
ОП-180-10. Чыңгыз Мырзаев, качан эфирге келесиз? Мен сизди укмуш сагындым го. Сизге ийгилик, жакшы эс алып келиңиз. Айжамал 94
ОП-180-11. Жигиттер, эмне үчүн кыздарды алдайсыңар? Аялзаты-сенин энең, сенин эжең, сенин карындашың, сенин келечектеги жубайың. Кыздардын убалына калып отурбагыла. Ойлонгула, жигиттер. Айжамал 94, 0773419ххх
ОП-180-12. Салам, "Обон". Жапалактык Кабылов Нургазы 87, кандайсың? Дайым аман бол, бактылуу бол. Айжамал 94
ОП-180-13. Алыстан соккон шамал шуудурап. Жийделик жолу моокум кандырат. Кадамжайым, сагындым сени. Барайын десем алыстамын эми. Гүльчаман
ОП-180-14. Кызарып уясына күн да батты. Эс алып үйдөгүлөр уктап жатты. Сагынып … 0773419ххх
ОП-180-15. Салам, "Обон". Мага Гарвард университети жөнүндө жана ал жакта окуу үчүн канча акча кетери жөнүндө айтып коёсуңарбы? Рахмат. Айжан
Гарвард университети дүйнө жүзү боюнча таанымал, престиждүү жана тарыхта калган университеттердин бири болуп эсептелет. Ал Кембридж шаарында, Массачусетс штатында жайгашып, 1636-жылы 8-сентябрда курулган. Бирок 1939-жылдан баштап студенттерди кабыл алышып, ага министр Джон Гарварддын ысымын ыйгарышкан. Ошондуктан, Джон ал жакка болгон байлыгын мурас катары калтырган. Башында колледж болуп ачылып, 19-кылымда гана университетке айланган. Учурда университетте 9 факультет бар. Ал жакка мурда жогорку окуу жайды бүткөн студенттер билимин жогорулатыш үчүн кайрадан тапшырышса болот. Бирок тартип, талап катуу болгондуктан, былтыр экзамен тапшырган студенттердин 9 гана %ын кабыл алышкан. 2005-жылы 13 миң аспирант жана 7 миң студент окуп жатканы изилденген. Алардан тышкары, 3 миң профессор эмгектенишет. Бул жактан билим алуу үчүн студенттерге жылына 50 000 $ керектелет экен. Бирок ар кандай конкурстарды жеңип чыгып, же мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бекер окууга мүмкүнчүлүк бар.
ОП-180-16. Салам, "Обонтай" жана супер СМСчилерге чоң салам. Ак кууну атпа, махабатты сатпа. Мен сени сүйөм. Эч кимге айтпа. Амантур, мен сени сүйөм. 0779276ххх
ОП-180-17. Орозонун ыйык күндөрү кут болсун. Жараткан дилибизге ыйман, үйүбүзгө ырыскы берсин. Айдай
ОП-180-18. Махабаттын майданынан сүрдөнөм. Эл күлсө да мен алардай күлбөгөм. Элесиңди унутарда кездештик. Сени көрүп кышында да гүлдөгөм. 0779763ххх
ОП-180-19. Мен кыргыз элимдин рамазан айы менен жана Орозо кармагандардын баарына салам. Кыргыз элим, Орозоңор кабыл болсун! Тогуз-Торо районуна чоң салам. 0779276ххх
ОП-180-20. Салам, "Обончулар". Кристина Орбакайте жөнүндө маалымат берип коюңуздарчы? Мен ал адамды кумир тутам. Айназик
Орбакайте Кристина Эдмундовна 1971-жылы 25-майда Москва шаарында төрөлгөн. Апасы белгилүү ырчы Алла Пугачёва, атасы Миколас Эдмунтас Орбакас Литвиялык цирктин артисти жана таанымал режиссёр болгон. Кристинанын балалык чагы атасы туулуп-өскөн жери Литвияда өткөн. Ал жакта кичинекей кыз англиялык мектептен билим алып, сабактан тышкары ырдоо жана роялда ойноо менен өткөрчү. Ошондой күндөрдүн биринде бир спектаклден балет бийлеп жаткан кызды көрүп калып, апсын балет мектебине алып барганга көндүрөт. Макул болгон апасы алып барганда, кыздын жөндөмдүүлүгүн байкашып, эч токтоосуз кабыл алышкан. Өз каалоосу менен кирген кичинекей Кристина ал жакты бат эле өздөштүрүп, бирок бир жылдан кийин таштап койгон. 7 жашка чыкканда "Веселые нотки" теле берүүдөн биринчи "Солнышко смеется" деген ыры менен элдин көзүнө көрүнгөн. Ошол эле жылы бардык жагынан өзүн сынап көргүсү келип, "Чучело" тасмасында башкы ролду дагы жаратканга жетишкен. Ал эми жеке жашоосун 16 жашында баштаган. 1990-жылы өгөй атасынын сөзүн укпастан, орустун таанымал ырчысы Владимир Пресняков менен баш кошот. Кийинки жылы Никита аттуу уулду болушат. Учурда жеке жашоосу токтоп турган чагы.
ОП-180-21. Салам, "Обонушка". Ала-Букалык досторум Ая, Неля жана бөлөм Айкага супер салам. 0773618172
ОП-180-22. Асипа, Акылбек, Гүлкайыр, Адилет, Нуртилек-силерге чоң салам. 0779621ххх
ОП-180-23. Салам, "Обон". Мен сүйгөнүм Куштарга салам жолдойм. Мен аны аябай сүйөм. 0558891ххх
ОП-180-24. Салам, "Обон"гезити. Мени Бегимай Эсенгулова менен тааныштырып коюңуздарчы, сураныч. Учурда Питер шаарындамын. Атым Нурзат.
"Обондон" жооп: Урматтуу Нурзат, сиз башка шаарда болсоңуз, кантип тааныштырмак элек? Бул жакка келгениңизде сөзсүз тааныштырабыз.
ОП-180-25. Мен алтындан кымбат болгон Кызыл-Булак айылында жашаган сүйүктүү досум Анарага чоң салам жолдойм. 0779163ххх
ОП-180-26. Кыргыз эли, сиздерди рамазан айы менен чын ниетим менен куттуктайм. Алия 95
ОП-180-27. Кызыл короз кырман чачар. Кыз албаган жигиттер теңге чачар. Теңгелери тешиктен ыргый качар,- деп жеп жутар эргулга жарамазан айтсаң да, бир нерсе ыроолоп бербейт дагы, сайрап тура бересиң (ак үйүң, көк үйүң жолдо болсун, ушул үйдө бир балаң молдо болсун)дейсиң, үйдөн эч кимге чыкпайт, кайта (үйүң-үйүң үй экен. Үйүң башы чүй экен. Ак сарайдан салынган, кайсыл байдын үйү экен?)деп сайрайсың, эч ким жок улай бересиң (жарамазан айта келдим эшигиңе, ак кочкордой уул берсин бешигиңе)деп акыясың, карап туруп ачууң келет (элдин эсебинен байып дырдыйганын кара, ушулар элдин эсебинен байыбай, өзү картошка айдап, мал багып акча тап деп койсо болот эле )деп кейийсиң, чыны азыр ар ким өзүн өзү башкарат. Өзүнө өзү закон чыгарат, демек, жетекчи чиновник же депутаттын эч кереги жок окшойт,- деп Илбирс.
ОП-180-28. Популярдуу орус ырчысы Нюша жөнүндө кыскача маалымат берип коёсуздарбы? Алия 95
Нюша- сахнадагы аты. Чыныгы жашоодогу аты болсо Анна Шурочкин. Ал 1990-жылы 15-августта музыканттардын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Владимир Шурочкин "Ласковый май" группасынын солисти болчу. Балалык чагында атасынын артынан ээрчип гастролдоп жүрүп, 5 жашында чоң сахнага чыккан. Биринчи ырын жаздырганда, атасы анын тубаса таланттуу экенин баалап, таң калган. Ал эми чоң чыйыр жолун, популярдуулукту СТС теле каналы уюштурган "СТС зажигает супер звезду" сынагынан кийин жеткен. Ал убакта атасы ага жардам бербей калган. Анткени, кызынын өз алдынча болушун каалаган жана кызына толугу менен ишенген. Ишеничин актаган Нюша 2008-жылы "Жаңы толкун -2008" сынагынан сегизинчи орунду алган. Бул атасы үчүн чоң жетишкендик эле. Учурда чыгармачылык менен гана алектенип, жеке жашоосун ойлоно элек.
ОП-180-29. Мирбек Атабеков, келе жаткан туулган күнүңүз менен! Алия 95
ОП-180-30. "Обон" газетасынын жалпы жамаатына ысык салам! 0778533ххх
ОП-180-31. Табышмак: Бул ааламга биринчи тоок жаралганбы, же жумурткабы? Жообун таппай жаттым эле. 0779019421, NurBaby 94
ОП-180-32. Саламатсыздарбы, "Обондун" жалпы жамааты. Ишиңиздерге ийгилик, биз дайым "Обон", жакшылыктын жарчысы менен! NurBaby 94kg
ОП-180-33. Мирлан, сиз кайдасыз? Сизди күткөн Фатима.
ОП-180-34. МАИ кызматкерине кармалып калган бир куудулга МАИчи тийише баштады. Кана тамашаңдан айтчы?- Тамаша айтсам эле таарынып калат экенсиңер.-Таарынбайм.-Точно таарынбайсыңбы? Ооба. Таарынсаң козёл болосуң - десе, таарынып калыптыр. Айбек
ОП-180-35. Мен сени сүйөм, Гузи. Таалай 97
ОП-180-36. Салам, "Обонушка". Мага Омардын логинин, же номерин жазып жибериңиздерчи. Ушул номерге. Менин атым Саадат.
"Обондон" жооп: Урматтуу Саадат, Омардын логини бизде жок.
ОП-180-37. Менин саламым Ак-Суу районунун Жылдыз айылында жашаган апама, Аман абама, Самат, Санжарга. Зымрат
ОП-180-38. "Обонушка". Сиздерди орозо айы менен куттуктайм. Ошондой эле Орозо кармап жаткан апамын орозосу кабыл бол сун. 0778039хх
ОП-180-39. Билбеймин, бир бейтааныш кызга арбалдым. Карап турам көздөрүңө арбалып, көздөрүңдө бир муңдуу сыр бардай сезилет. Алдымдан сен чыктың байкоосуздан, бир башкача жүрөгүмө чынжыр салып салгандай. Билбеймин азыр жөн гана жактыруубу, же жөн гана арзуубу? Ойлосом ойлоруман кетпей туруп алдың. Капкара көздөрүң кетпей койду көз алдыман. Же чын эле көңүлүм бурулганбы? Көңүлүм уйгу-туйгу, кеч киргенде жылдыз санайм, арасынан бир жылдызды сен деп атап коюп, ал жылдызга сырымды айтар элем. Таң атканда таалайыма ыраазы болсом дагы, сени ойлоп күн нуруна жылынып уктаар элем. Түшүмдө да сенин көрүп элесиңди, сүйлөшөмүн сени менен,ой бөлүшүп берекем (Ди ди)
ОП-180-40. Салам. Мен сени сүйөм, бирок аны бир гана мен билем, түшүнөм. Каныкей
ОП-180-41. Салам Улан байке, кыргыздын улуу тамагы кайсы? Алмаз
ОП-180-42. Сезимимди курчап алды бүт дүйнөң. Айланайын каралдым, кайсы күнү кандай жандын канынан жаралдың экен? Жүрөгүмдү махабаттын отуна сайып коюп, капкара көздөрүңө зар кылып, алтыным, махабаттан тапкан тагдырым элең. Сен үчүн күйүп-жанып турган жүрөгүмдүн түбүн өрттөп кете бердиң, берекем. 0773575ххх
ОП-180-43. Салам, "Обонушка". Бөкөнбаев айылында жашаган Миярбек деген жигитке салам. 0779637ххх
ОП-180-44. Оштук Нурик, номериңди жоготуп алдым, мага чалып койчу. Калыс, 0779389472
ОП-180-45. И. Мирбек, Омар, Айдин тууралуу жазгылачы, суранам. Мен аларды сүйөм. Айбийке
"Обондон" жооп: Булар тууралуу өткөн сандарыбызда маалымат бергенбиз.
ОП-180-46. Энелер, силер дайыма бактыбызга бар болгула. Мен түнү-күнү жараткандан суранам. Наргиза
ОП-180-47. А. Салахидинова өзбек эмеспи, өмүр баянын толук жазып коёсуздарбы. 0773939ххх
Туулган жылы-1984-жыл, 2-октябрь
Туулган жери - Бишкек шаары
Бою - 170 см
Салмагы - 61 кг
Фобиясы - жалгыздык
Бирөөгө бат ишенет жана өтө шайыр кыз. Бул сулуу ырчы айымыбызды жакшы билгендер "сен өтө эле ак көңүлсүң, колу ачыктыктын да чеги болот" деп көп айтышат. Бирок бат жини келип, ачуусу дагы тез таркап кетет.
ОП-180-48. Асманда жылт эткенди жылдыз деп бил. Калпак кийген жигитти кыргыз деп бил. Наргиза
ОП-180-49. Бекмолдо айылында жашап жаткан бир туугандарыма ысык салам. Чиня
ОП-180-50. Жаштык кездин баары гүл болот, кыз-жигитте сүйүшүүлөр көп болот. Адашпай сүйгөнүңдү тандасаң, ак сүйүүмдү бир өзүңө арнасам. Алгач сүйгөн жигитиң менен бактылуу болуп түбөлүккө жашасаң, көздөрүң карагаттай тиктегенде өзүмдү карегиңден көрөр элем. Жалындуу илебиңе чыдай албай, жалбарып маңдайыңыздан өбөр элем. Ыр жазуу айтса оңой, көрсө кыйын, адамдын ички сырын ачуу кыйын. Чын сүйүү жүрөгүңдөн орун алса, аттиң ай, ал сүйүүнү айтуу кыйын. Сүйүү деген кээде сени сүйүнтөт, сүйүү деген кээде сени күйүнтөт. Мына бүгүн күндөр өтүп баратат. Сизди көрбөй күндө жаңы таң атат. Алоолонуп күйүп турган махабат, күндө жаңы кайгырууну жаратат. Кыз дегенге кыйын тура бул дүйнөдө, сүйүүсүн билдире албай сүйгөнүнө мен дагы ошол заттын бирөөсүмүн не кылам ошол күнгө түшкөнүмө. Гүлзар 96
ОП-180-51. Кыргызстандын КГБсы бир малчыны жакалайт.Сиз президентке шек келтирдиңиз! Кантип? Мен аны өмүрүмдө көргөн эмесмин! Сиз кечээ аялыңызга элдин көзүнчө "тезек тербей куруп кет!" деп айттыңыз. Анарбек
ОП-180-52. Сүйүү отун жандырган карегиңди сүйөм деп кызыл гүлдү бергениңди түбөлүккө эч бир унутпасмын. Туулган күнүмдү куттуктап келдиң, менин куттуу үйүмө. Жанаша олтурдуң туулган күнүмдө. Биринчи жолу сүйөмүн деп сөз айттың. Ошол түн эң бактылуу түнүм менин. Гүлзар 96
ОП-180-53. Менин саламым Казарман айылында жашап жаткан алтындай болгон апам Жаңылга. Күмүшай
ОП-180-54. Байгазактагы досум Айсулууга салам. Майрам
ОП-180-55. Окуучулук курак эң сонун убак. Эртең менен барсаң сабак, түштө келсең тамак. Окуучулук убакты сагындым, силерди дагы. Саадат, Гүлмайрам, Элгиза, бактылуу болгула ар дайым. Гүлгакы
ОП-180-56. Салам, "Обон" гезити. Сиздер аркылуу 2 жыл мурун Табигат сырдуу Алтынай деген кыз менен таанышкан элем. Бирок номерин жоготуп алдым. Алтынай, байланыш. Нурзат
ОП-180-57. Ош областынын Араван айылында жашаган Бегалиге чоң салам жолдойм. Сени унута албай жатам. Сени сүйгөн Диана 96.
ОП-180-58. Мен Красноярскийде иштеп жаткан апама чоң салам жолдойм. Апа сизди аябай сагындым жана сизди абдан жакшы көрөм. Кызыңыз Диля
ОП-180-59. Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районундагы Шыдыр айылында жашаган досум Көчкөнбаева Анараны, аяшым Исамидинди издейм. 0554-91-92-90го байланыш. Досуң Бактыгүл
ОП-180-60. Бой жеткен кызы бар байкелер, ыйманыңарды сактагыла, жаш кыздарга кол салбай, алар да бирөөлөрдүн эркетайы. 0778205ххх
ОП-180-61. Учурда заман бузулуп бара жатпай эле, адамдар бузулуп бара жатышат. Зарина
ОП-180-62. Бардык Таластыктарга салам айтам. Өзгөчө Neхt.fm радиосунун супер ди-джейлерине. Кубулжуган үнүңөр өчпөсүн. Сыйлап, жакшы көрүп Эсентур.
ОП-180-63. Асыл, бактылуу бол. Бакыт сенден кетпесин. Кайгы-капа сени кууп жетпесин. Келечегиң күндөй болуп ачылсын, күндүн нуру сага тынбай чачылсын. Алина
ОП-180-64. Өткөндө жигитим менен урушуп кеттим. Бирок аны менен жарашарыма көзүм жетет деп айткан элем. Чындап эле экөөбүз бири-бирибизсиз жашай албагандыктан, кайра жараштык. Биз бири-бирибиз үчүн жаралганбыз. Биз эгиз жүрөк экенбиз. Мен абдан кубанычтамын жана бактылуумун. Мен мени сүйөм. Сүйгөнүң
ОП-180-65. Саламым бардык кыйын, кайраттуу, кыргыз калкыма. Мен силер бар, бармын. Силер менен өмүр бою сыймыктанам. Каныкей
ОП-180-66. Салам, "Обон" жана СМСчилер! Туткан орозоңор кабыл болсун. Силерге ийгилик, калемиңер курчуй берсин. Каролина 95
ОП-180-67. Убакыт учкан куштай зымырайт. Биздин өмүр суудай болуп агып кетет. Жаратканга шүгүр кыл сен дайыма. Намаз окуу бул дүйнөгө бир келерин унутпа. Наргиза
ОП-180-68. Кызыл-Кыялык Сапура, Азиза, Гулшайыр, Бегимайга чоң салам! 0779510ххх
ОП-180-69. Тогуз-Торолуктарга салам айтам. Өзгөчө Табылгылыктарга чоң салам айтам. Атым Айчүрөк. Менин эң жакшы көргөн досум Эркинбек кызы Нуркызга салам. 0770 192ххх
ОП-180-70. Азиз Жетигенов тууралуу маалымат берип коюңуздарчы. 0770192ххх
"Обондон" жооп: Албетте, эмки сандарыбызда Азиз жөнүндө кененирээк чоң интервью тартуулайбыз.
ОП-180-71. Салам, достор, мен силерди жакшы көрөм. Атым Айчүрөк.
ОП-180-72. Бишкек шаарындагы Адикуга ысык салам деп Куштарбек. Дагы Казарман айылына салам. Мен Элмираны түбөлүк жакшы көрөм. 0778047ххх
ОП-180-73. Салам. Жигитим Азатка жана балдарым Айбек, Айдайга сагынычтуу салам. Мен силерди сагындым, силер менен бактылуумун, аман болгула. Самара
ОП-180-74. Аташ, мен сени чексиз сүйөм, жаным. Менден капа болбочу. Базар-Коргонго келдиңби? Мен, Таңсулуу
ОП-180-75. Салам, "Обонушка". Кара-Булуң айылында жашаган апам Гүльфина, атам Алмазга салам жана иним Кубаттын туулган күнү менен куттуктайм Айзада
ОП-180-76. Базар-Коргон районундагы Шыдырдагы 93төргө салам. Таңсулуу, Салтанат
ОП-180-77. Эх, жаным, сени менен бир жүздөшсөк, эки дүйнө бактылуу болот элем. Алтыным, мени кыйнабачы, сени сагынып жашап келем. Сени эстесем жүрөгүмдөн жаш тамат. Кайрылып келчи, садагам. Айжамал 94, 0773419444
ОП-180-78. Салам, "Обон". Сага абдан чоң салам. СМСчилерге да чоң салам, бар болгула. Жамал
ОП-180-79. Бул дүйнөгө адам баласы эмне үчүн келет? Анткени, ал адам бирөөнү сүйүш керек. Ал адам бирөөнү түбөлүккө сүйүп калса, анда ошол адам менен түбөлүк өмүр сүрүш керек. Касиет 95
ОП-180-80. Кайда жүрсөң ойлойм сени дайыма. Жашайсың жүрөгүмдүн түп тамырында. Сенин кара көздөрүң, балдай ширин сөздөрүң. Сакталуу менин сыр сандыгымда. Касиет 95
ОП-180-81. Салам, Кара-кол. "Обонго" ийгилик. Тима
ОП-180-82. Кара-Суулук Байбагышов Адылбек Жалиевичти издеп келем. Билгендер болсо дарегин бергилечи. 0779043ххх
ОП-180-83. Апа, туулган күнүңүз менен. Сизге каалаарыбыз арчадай узун өмүр, чың ден соолук, ишиңизге ийгилик, ар дайым биздин бактыбызга бар болгула. Нурэл, Айпери.
ОП-180-84. Мен, Кызжибек. Мен бир баланы аябай сүйүп калдым. Ал баладан аябай уялам, мен ага жагамбы, билбеймин. Мага ансыз жашоо жок деп эсептейм. Же кийин башкасын сүйүп каламбы? Аны көргөндө жүрөгүм зырп этип кетет. Мага жардам бергилечи күтөмүн. 0779973237
ОП-180-85. Анекдот: Эркектер, силерди жаздын келиши, гамаштын чечилиши менен куттуктайм! Айбек
ОП-180-86. Анекдот: Кыргызстандын бийлиги маршруткадай. Жаштарга такыр орун жок. Айбек
ОП-180-87. Замир Мырза, аялың менен бактылуу бол. Чыгармачылыгыңды токтотпостон, талпынып аракет кылып жүрө бер. Үй бүлөлүк ынтымак каалайм. Айым
ОП-180-88. Бабник 94, сени менен дос болсом болобу? 0556156656, күтөм
ОП-180-89. Салам, "Обонушка". Мен Сузак районундагы Кара-Дарыя айылынын тургундарына салам жолдойм. Чаңгыр -Таш мектебинде окуган 96-жылкылар, силер-суперсиңер. Окууңарга ийгилик. Эркетай Айка
ОП-180-90. Күлүмсүрөп жүргөн элесиңди көрүп, караган көздөрүңө арбалгам. Азыркыга чейин мен сени сүйүп келем. Бирок мен сени мененмин. Айназик
ОП-180-91. Келечек жаңы конушундагы № 87 орто мектебинин 9-в классынын бүтүрүүчүлөрүнө чоң салам. Классташтарым, силерди, окуучулук күндөрүмдү сагындым. Дайыма бар болгула. Каролина 95
ОП-180-92. Анекдот: Манас Бердибековго куудулдардын бири чуркап келип: Уф-ф, сизди издеп жүрүп чумом чыгып кетпедиби. Деги кайда жүрөсүз?- дейт. Анда куудул кебелбей туруп: Ошол чумоңдун чыгып кеткени жакшы болуптур. Эмесе, дагы эле чумо болуп жүрө бермексиң,- деген экен. Айбек
ОП-180-93. Салам, Кыргызстандыктар! Алга, кыргыз элим! Чамда Аксы эли,- деп Аксы кызы Жыпара 95.
ОП-180-94. Гүлзар, Наргиза, Айнура, кандайсыңар? Не жок болуп кеттиңер? Кабарлашып тургула! Баарыңарга салют. Эркетай Айка, Кара-Дарыя
ОП-180-95. Сүйбөскө мажбурланып артка барам. Билгизбей махабатка күйүп жанам. Сүйбөймүн кош эми деген менен, жүрөгүм сен деп турса кантип танам? Сени сүйүп калганыма өкүнөм, Нурик. Билем сен сүйгөндө, мен сүйө албадым. Эми мен сени сүйүп калдым. Жүрөгүмдү бүт ээледиң. Аттиң ай, кечиккен махабатым келгениңде кучагыма алалбадым. Сени чындап сүйүп калган Фарид.
ОП-180-96. Сынынын жалпы 95терине классташыңар Жыпардан супер салам. Ар дайым бар болгула. Мен силерди сагындым. 0779640ххх
ОП-180-97. Мирбек Атабеков, туулган күнүң кут болсун. Мен сени сүйөм. Эркетай Айка
ОП-180-98. Жаным, мен сени сагындым, бирок сен мендик эмессиң. Мендик болгон күндө дагы, мен сендик болбой калмак экенмин. Эми тагдыр ушундай экен. Өкүнгөндө айла жок. Камила
ОП-180-99. Кара түстөгү Мерседес S 500 (дипломат) үлгүсүндөгү Vip салондуу машина тойдо айдап кызмат кылууга даяр. Эгерде кааласаңыздар, 0556-18-18-84 номерине чалыңыздар.
ОП-180-100. Сокулук районунун жашоочусу Улукбек кызы Айтурганды 15-август 3 жашка толушу менен куттуктайм! Ага чың ден соолук, бактылуу балалык, узун өмүр каалайбыз деп таенеси Ираида, таятасы Каныбек, таежелери Акзира, Венера, тайкеси Адилет.
ОП-180-101. Анекдот: "Титаник" кинотасмасынан. Жек чөгүп баратып сүйлөп жатат: -Роуз, оо, Роуз? Оу, Роуз, Кыргызстан сенин колуңда.-Ишениңиз мага Курманбек Салиевич. Анарбек
ОП-180-102. "Кудайберген" базары тараптан 12 сот. жер участогу менен чоң үй сатылат. Баасы келишим түрдө. Байланыш телефондору: 0777158583






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??