п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Атактуунун аяшы

"Аяш жолу бир башка, адаш жолу ар башка"
"Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши" дегендей, ошол баатырлардын аяштары алардын жанына барып биздей эле пенде тура дешет чыгар. Бул жолкусунда таанымал инсандардын жакын досунун келинчектерин кепке тарттык.


Максат Тасмаевдин аяшы Сүйүмкан Эмилбаева:
"Балдарыбыз "Мык аяш атабыз" дешет"
Максат менен жолдошум Масал экөө классташ. Ошол мектептеги бойдон дос болуп келе жатышат. Аяшым ак көңүл, досунда бир маселе болуп калса, ичкен ашын жерге коюп, колдон келишинче жардамын аябайт.
Куудулдук жааттан да, ырчылык өнөрүн көбүрөөк баалайм. Отуруштарда ырдын пири Рыспайдын ырларын мыкты чеберчиликте аткарат. Эки жылдан бери намаз окуп, келинчеги Гүлбарчын менен даватка чыгып жүрүшөт. Аяшым сахнада куудул болгону менен жашоодо абдан токтоо жигит. Бирок, тубаса куудулдук таланты да өзгөчө. Себеби, сахнага чыккан турган-турпатын көрүшкөндө эле элдин боору эзилет. Чындыгында, чыныгы куудул ооз ача электе эле эл жабыла күлөт эмеспи.Ошондуктан, Максатты "Мык" аттуу сатирасынан улам таанып калышпадыбы. Балдарыбыз да атын билбей: "Мык аяш атабыз келе жатат",-деп калышат. Максат жаңы жылда жоро-жолдоштордун үйлөрүн кыдырып, Аяз Ата болуп балдарыбызга белек бергенди салтка айлантып алган.





Санжар Бердибековдун аяшы Элиза Курбаналиева:
"Санжар ыр кесе сунганда, биринчи жана акыркы жолу ырдагам"
Санжар-биз гана эмес, эл сыймыктанган инсан. Эң жакын аяшым болот. Санжар менен жолдошум Тынар бир чети тууган да болуп кетишет. Санжар аяшым мени тамашалай "жеңе" деп калат. Мага чымчып сүйлөп:"Жеңенин бир саны кайниники го, качан саныңыздан карматасыз?"-десе, мен да жөн турамбы: "Тынар гастролго кетсин",-деп тим болом. Тынардын мүнөзү жакшы, ушундай сөздөр болсо да элчилеп мени такыр кызганбайт. Себеби, досторуна, эң негизгиси, мага ишенет деп ойлойм. Санжардын мүнөзү абдан шайыр, капа болуп жүргөнүн такыр көргөн эмесмин. Ар бир сүйлөгөндө күлдүрүп сүйлөйт. Тынар экөө Санжардын баласы Боди, биздин кызыбыз Агеманы кудалап койсокпу деп да тамашалап калышат. Санжар биз менен куда болгонун элестетип: "Карыганда биз минтип калабыз деп туурап берсе, күлө берип жыгылып калыппыз. Аяшым адамдарды өзүндөй кылып туураган жактан алдына эч кимди чыгара элек. Бир жолу мага ыр кесе сунуп калды, өмүрүмдө биринчи жана акыркы жолу Г. Сатылганованын "Арзуу" аттуу ырын ырдагам. Себеби, Тынар менин ырдаганымды такыр жактырбайт. Мен ырдап жатканымда эшикке чыгып кетип, бир маалда келсе дагы эле ырдап жатсам ачуусу келген Тынар: "Мынча созулдуң, дагы эле ырдап бүтө элексиңби?"-деген.


Рысбек Жабировдун аяшы Гүлшан Алымбаева:
"Рысбек келгенде "тантана" башталат…"
Рысбек, негизи, уюштуруучулук жактан таланттуу эмеспи, биздин отурушту да уштуруу жагы анын мойнунда. Аяшымсыз тойдун көркү жоктой сезиле берет. Ал келгенде шатыра-шатман күлкүлөр жаңырып, отуруштун "көзүрү" келгендей сезимге дуушар болобуз. Алгач суз отурсак, Рысбек келгенде "тантана" башталат. Бир гана бизде эмес, бардык жоролор отурганда "интим сүйлөшүүлөр" болсо керек. Рысбек ар бир сөздү ошондой жакка ыктай берет. Кытайга бир иштер менен барып, кур келбестен бизге кытай күзгүсүн алып келиптир. Тамашалай, бир жагы менен бетиңерди каранасыңар, экинчи жагы менен… десе боорубуз эзилгиче күлдүк. Рысбек менен дагы бир аяшыбыз бир магазинге кире албай уяла беришиптир да, үчүнчү күн дегенде ушунча болду арманда калбай кирип кетели деп магазинге баш бакса,ал "Секс шоп" экен. "Күзгүнүн ордуна ошол магазинден белек алып келбейсиңби?"-деп айтсам, "Заказ берсең, эмки барганда сөзсүз ала келем"- деп, кайра мени сөзгө жыккан. Бир жолу Ысык-Көлгө барганда келинчеги Элмира экөөбүз көлгө түшүп жатсак, Рысбек өзү чабак ура албайт экен да, Элмира чөгүп кетеби дедиби, айтор, "жээкке чык" деп ачуусу келип кыйкырып жатат. Элмира суудан чыгып: "Мен эмне чөгүп кетмек белем?"- деп катуу таарынган. Мен Рысбектин асыл жарына ушунчалык күйүмдүүлүгүн баалагам.


КРнын Эмгек сиңирген артисти Эгемберди Бекболиев жана актриса Салкынай Осмонованын аяштары
Жуманазарова Айтжан: "Кошуна жүрүп, жакын дос болуп кеттик"
- Чыгармачыл инсандар менен кандайча таанышып калдыңыздар?
- Бул чыгармачыл инсандар менен кошуна болуп жашап жатканыбызга 10 жылдын жүзү болду. Кыргыздын ар бир макалы жөнү жок айтылбайт. Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык деп өзү эле айтылып турбайбы. Себеби, кошунаң бара-бара жакын досуң катары болуп калат экен. Ээрчишип алып той-топурларга, театрга, концерттерге барып калабыз. Жакында эле неберебиз Нурсултандын сүннөт тою болуп өттү. Ошондо да аяштарыбыз конокторго баш-көз болуп, аларды тейлеп отурушту. Ал эми туугандарыбыз, тескерисинче, конок болушту.
- Өзгөчө мүнөздөрүн айта кетсеңиз?
- Айсалкын ачык-айрым, бала кыял, сүйлөбөгөн адамды сүйлөтүп жиберер мүнөзү бар. Биз жаңыдан көчүп келгенде азыркы турган үйүбүз жапыз там болчу. Бир күнү Дордойдон кокусунан жолугуп калдык. Эмне үчүн биздин үйгө келбейсиң?- дедим. Көрсө, Айсалкын бизди издеп келип, кепедей үйдө жашабайт деп ойлоптур да. Биз ошо кепеде турабыз-десем, күлдү. Оозго сала бергендей кепедей үйүбүз кийинчерээк эки кабаттуу үйгө айланды да калды.
Жолдошбеков Эркинбек:
- Аяштарыңыздар менен сырдашкан учурлар болобу?
- Алыскы тууганың сенин кайгыңды-кубанычыңды, барчылыгыңды-жокчулугуңду көп биле бербейт тура. Бул аяштарыбыз менен ийгилигибизди алдын-ала айтып пландаштырып иш кылабыз. Чыгармачыл инсандар болгон соң, жакшылыктарын тең бөлүшүп турабыз. Түпкүлүгү, чоң аталары таластык болгондон кийин, Эгем аке, Айсалкын жеңе деп атаймын. Отуруштарда жеңемен ырдап берүүсүн сурасак, образга кирип, берилип алып ырдап берет. Эгемберди акеми кимдер тааныбайт? Элге аттын кашкасындай таанымал актёр, режиссёр, киноактёр эмеспи. "Жаш кезимде мен да ырдап калчумун"- дейт, жеңем ырдагандан улам ырдабай калыптыр го.
- Эгемберди агайдын мүнөзү мактоого татырлык дешет?
- Эгемберди акемдин мүнөзү толкубаган көл сыяктуу. Текеберчилиги жок, ушундай жөнөкөй инсан. Акем: "Ой, досум, театрга баргыла. Биздин спектаклдин прьемерасын көргүлө, баа бергиле, сын көз-карашыңарды айткыла",-деп калчу. Адам баласынын өмүрү аккан суудай да. Неберелерим: "Өмүрүңдө кандай адамдар менен катар отуруп чай ичтиң эле?"-деп сурап калса, кыргызда жакшы сөз бар го: "Досуңду айтчы, ким экенин айтайын",-деген. Анын сыңарындай, мындай инсандар менен катар дагы Эл артисти, Эмгек сиңирген артисттер менен чай ичишип калабыз. Менимче, жаман адам менен түбөлүк болгончо, жакшы адам менен бир чай кайнам болсо да баарлашыш абзел.










кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??