п»ї

А. Бекна-заровдун жинине ким тийди?
А.Бекназаров президенттик шайлоодон кийин саясаттан кетерин билдирди. Кыргызстандын келечеги үчүн кам санагандар чогулуп тандем түзөрүн да кошумчалай кетти.
Азыр буту менен басып, тили менен сүйлөгөндөрдүн баары эле бири-бирине чоң болуп калбадыбы. Шайлоо башталарда эле баары кыргыз эли үчүн күйгөн, патриот болуп чыга келишет. Ошондой күйгөн, кыргыз элинин түндүк-түштүк болуп экиге бөлүнүүсүнө жол бербегендердин катарын Азимбек Бекназаров да толуктап отурат. Анын жеке пикиринде азыркы саясатчылар кыргыз элин экиге бөлүүдө. А. Бекназаров: "Шайлоо алдында чоң курултай өткөрүп, Кыргызстандын келечеги үчүн кам санагандар чогулуп, тандем түзүү маселесин талкуулайм. Президенттик шайлоодон соң, мамлекеттик кызматта иштебеймин, саясаттан кетемин. Мен чарчадым, эми кандидаттык диссертациямды жактап, илим менен алектенемин", - деди ал.

Р. Жээнбековду ур-токмокко алышып…
Ак үйдүн жанында бүгүн өтүп жаткан сот системасына каршы митингде Р.Жээнбековго кол салуу болду.
Эл депутаттарды, бийлик адамдарын ур-токмокко алгандын ыгын мыкты эле өздөштүрүп алды окшойт. 15-августта Ак үйдүн алдындагы митингчилер Равшан Жээнбековду ур-токмокко алды деген маалымат тарап кетти. Журналисттер аталган маалыматтын чын-төгүнүн билүү максатында, депутаттын өзүнө кайрылганда төмөнкүчө жооп берди. "Чынын айтыш керек, эл тарабынан нааразычылык болду. Бирок, кол салуу болуп, ар кандай ур-токмокко алды деген маалымат жалган. Андай болгон жок, бардыгы жакшы. Ар кимдин ар кандай көз карашы, позициясы бар, алар да айтканга укуктуу. Калыевди бошотууга кол койгон 60 депутаттын арасында мен дагы бар болчумун, аны танбайм. Мен эл менен жолугуп, ал жерде 15 мүнөттөй турдум. Анан таластыктарга жолугуп, бир чечимге келип, тарап кеттик", - деп билдирди депутат Равшан Жээнбеков .

Атамбаевдин жардамчысы кимдин жинине тийип атат?
Премьер-министр Алмабек Атамбаевдин жардамчысы Икрам баткендиктердин кыжырына тийип, кадр саясатына кийлигип атканы тууралуу кептер таралууда.
Премьер-министр Алмаз Атамбаев дин жардамчысы Икрам аттуу жигит Баткендин кайсы бир шаарына мэрди шайлайм деп, 10 миң доллар алганы боюнча айың-кеп тарады. Бул боюнча Баткендин жергиликтүү тургундары нааразылык иретинде билдиришүүдө. Алдыдагы президенттик шайлоого эмитеден эле даярданып, Атамбаевге добуш топтоп жүргөн вазири Икрамдын кылган кылыктарына жол болсун. Икрам Алмазбек агасына таянып алып, ал жактагы кадр саясатына да кийлигишип, билген намазын окуп атыптыр. Адамды билгиң келсе, бийлик бер да, байлык бер. Баарыбызды көрүп турган кудай дагы, адамга жараша бийлик берет экен да. Кокустан Атамбаевдин ордун берип койсо, Икрам акабыз Кыргызстандын кашасын чыгармак экен.


Бабановдун контрабандасы Баткендиктердин кыжырына тийип атат
Бабановдун контрабандасына жини келген Лейлектин эли "Бабанов кетсин!" лозунгу менен чыгышты.
Лейлек районунун Кайрагач чек арасында 300дөн ашуун жергиликтүү эл ГУБОП тун кызматкерлерин ур-токмокко алышып, катуу каршылык жасашты. Көрсө, аталган чек ара постунан 37 тонналык бензовоздор өтүп баратканда ГУБОП тун кызматкерлери 1700 доллардан "шапкесин" алышканы, кайра эле ошолор бензовоздорду карматышканы маалым болду. Ошол эле маалда "Республика" партиясына таандык 4 бензовоз Тажикстан тарапка эч тоскоолсуз гана өтүп кетип, элдин кыжырдануусун ого бетер күчөттү. Ушундан улам чогулган эл: " Бабанов кетсин! Шадиев кетсин!"-деген лозунгдар менен чыгышты. Учурда Баткендин эли Адахан Мадумаровдон үмүттөнүп, президенттик шайлоодо ага добуш беришерин айтып жатышат.


"Шарбон" ишканасынын 31 пайызы К. Бакиевдин кудасына таандык
Кара-Кечедеги "Шарбон" ишканасынын 36%ы "Мээрим" фондуна, 31%ы Бакиевдин кудасына таандык. Бул тууралуу, "Айкөл Ала-Тоо" коомдук уюмунун башкармалыгынын мүчөсү Ормон Мусабеков билдирди.
Ким бийликке келсе эле анын туугандары, таяке-жээн, бөлөлөрү, кудасы, кошунасы пайда боло калат эмеспи. Бакиев да бийликте турганда Бакиевдин кудай кошкон кудалары да куру жалак калбаптыр. Жөн отурбай, Кара-Кеченин "Шаброн" ишканасынын бир четин кемирип отуруптур да.
"Биз жергиликтүү элдин билдирүү катын алганбыз. Алар кендин пайдасын азганакай кишилер көрүп жаткандыгына нааразы болууда. Кайрылууга Жумгал райондук кеңешинин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары да кол коюшкан. Кен казган ишкананын 36%ы "Мээрим" фондуна, 31%ы Марат Бакиевдин кайнатасына, калган бөлүгү К. Сабировго тиешелүү экендигин айтып, кенди улутташтырып, элдин мүдөөсүн аткаруу керек ",- деди уюмдун өкүлү Ормон Мусабеков.




  Тилсиз жоо

Чүй облусунда 400
гектар аянттын кургак чөбү күйүп кеткен
Өрт-тилсиз жоо дегендей, тилсиз жоо баарын кыйратып кетти. Чүй облусунун 400 гектар жеринин кургак чөбү күйүп кетти.
14-август күнү саат 10-11 чамасында Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Гавриловка айыл округундагы деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте жайгашкан Жыламыш жайлоосунда өрт чыккан. Ал жакта азыр болжол менен 100 гектар кургак чөп күйүп кеткен. Ал эми ошол эле күнү Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айыл округундагы Таш-Мойнок айылында тоодон саат 22:30да өрт чыккан. Болжол менен 300 гектар кургак чөп күйгөн, өрттү өчүрүүгө Кой-Таштан 20 жоокер, Аламүдүн райондук куткаруу кызматынан 3 куткаруучу, Аламүдүн өрткө каршы бөлүгүнөн 7 кызматкер жана айылдан 10 адам катышкан. Саат 00:55те өрт толук өчүрүлдү. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.





  Спорт

Ажобуз сууда сүзүү боюнча
республикалык мелдешке
катышты
Президентибиз Роза Отунбаева 15-августта сууга сүзүү боюнча президенттин кубогуна болгон республикалык мелдештин салтанаттуу ачылышына катышты. Бул мелдеш Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына арналууда.
Мамлекет башчы республикада сууга сүзүү боюнча спорттун бул түрүн өнүктүрүүдө туруктуу салт калыптанып калгандыгын белгиледи. Бирок, азыркы учурда бул багытта алып барылып жаткан иштердин активдүүлүгү начар болууда. "Бизде сууга сүзүү менен машыгыш үчүн жакшы шарттар түзүлө элек, ошондуктан, жаңы спорттук имараттарды курууга мезгил жетти деп эсептейм. Себеби, сууга сүзүү - бул спорт гана эмес, ар бир адамдын жашоосуна жана ден соолугуна зарыл нерсе, ошондуктан, сууга сүзүүнү массалык спорттун түрүнө айландыруу керек", - деди Роза Отунбаева. Президент спортчуларга Индонезияда сентябрда боло турган Азиянын чемпионатында жана 2012-жылы Лондондо өтө турган Олимпиада оюндарында чоң ийгиликтерди жаратуусун каалады.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??